Аллах Куранда адамдарды белгилүү бир табиятта жаратканын «Демек, сен жүзүңдү Аллахты жалгыз деп билген (бир ханиф) динге, Аллахтын ошол табиятына бур; (Аллах) адамдарды ушул негизде жараткан.» (Рум Сүрөсү, 30) аяты аркылуу кабар берген. Адамдардын бул табияты Аллахка кул болууга жана Аллахка ишенүүгө таянган. Адам чексиз каалоо жана муктаждыктарын өз башынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, сөзсүз түрдө Аллахка моюн сунууга жана Ага кайрылууга муктаж.
Эгер адам ушул табиятына ылайык жашаса, чыныгы ишенимге, бейпилдикке, бакытка жана кутулууга жетет. Өзүнүн табиятын танып, Аллахтан жүз бурганда болсо, кыйынчылыкка, коркууга, тынчсызданууга жана азапка толо бир өмүр сүрөт.
Адамдарга тиешелүү бул эреже коомдорго да тиешелүү. Эгер бир коом Аллахка ыйман кылган (ишенген) адамдардан турса, адилеттүү, бейпил, бактылуу жана акылдуу бир коом болот. Албетте, мунун тескериси да бар. Эгер бир коом Аллахтан кабарсыз болсо, ал коомдун абалы да түп-тамырынан бузук, чирик жана примитивдүү болот.
Аллахтан жүз бурган элдер анализ кылынганда, бул оңой эле байкалат. Динсиз көз-караштан келип чыккан эң негизги натыйжалардын бири – бул адеп-ахлак түшүнүгүнүн жоголушу жана коомдун бүтүндөй бузулушу. Диний жана адеп-ахлактык чектерди билбеген жана адам каалоолорун канааттандырууга гана таянган бир маданият негизи чыныгы бир зулумдук системасына айланат. Мындай системада жыныстык бузукулуктан баңгизат колдонууга чейин ар кандай бузукулуктар күчөтүлөт. Адамдарды сүйүүнү билбеген, эгоист, сабатсыз, ойлоно албаган жана акылын колдоно албаган коомдор пайда болот.
Өз каалоолорун канааттандыруу үчүн гана жашаган адамдардан турган бир коомдо бейпилдик, сүйүү жана тынчтыктын орношу, албетте, мүмкүн эмес. Адам мамилелери кызыкчылыкка таянат. Укмуш бир ишенимсиздик орнойт. Адамдын чын ниеттүү, чынчыл, ишенимдүү, жакшы мүнөздүү болушуна эч кандай себеп жок болот, жана көз бойомочулук кылып, калп айтып, чыккынчылык кылып кетишине да эч бир жолтоо болбойт. Себеби мындай коомдогу адамдар Аллахты «артында унутулуп коюлган бир нерсе» (Худ Сүрөсү, 92) катары көргөн жана натыйжада Аллахтан коркууну билбеген кишилер болушат. Ал турсун, андай кишилер Аллахтын кудуретин билбегени үчүн кыяматтан жана сурак күнүнөн да кабарсыз болушат. Эч бири өлгөндөн кийин Аллахтын алдына чыгып дүйнө жашоосунда жасаган бүт кылмыштарынын сурагын берээрин жана натыйжада түбөлүк тозокто калышы мүмкүн экенин да ойлонушпайт. Же ойлонушса да, «Бул алардын: «Биз отко саналуу күндөрдөн башка эч салынбайбыз» дегени себептүү. Алардын мындай дооматтары аларды диндери жөнүндө жаңылыштыкка түшүргөн.» (Али Имран Сүрөсү, 24) аятында айтылгандай, «күнөөлөрүбүздүн жазасын тартып» бейишке киребиз деп ойлошот. Натыйжада дүйнөдөгү өмүрлөрүн мүмкүн болушунча каалоолорун канааттандырууга аракеттенип өткөрүшөт.
Ошондуктан көп коомдордо бүгүнкүдөй адеп-ахлактык бузулуу жана руханий кризис келип чыгат. Өздөрүнүн туура эмес логикасы боюнча минтип ойлошот; «дүйнөгө бир эле жолу келдим, 50-60 жыл жашап өлүп кетем, демек жашоодо жыргап жашайын.» Мындай туура эмес логикага таянган системада болсо ар түрдүү адилетсиздик, сойкулук, уурулук, кылмыш, уятсыздыктар келип чыгышы мүмкүн. Ар кандай кылмыштар жасалып, адам өлтүрүлүп, алдамчылык жасала алат. Себеби ар бир адам өз каалоолорун канааттандыруудан башка эч нерсени ойлобойт. Ким болсо да –үй-бүлөсү, достору да кошо- ал үчүн экинчи орунда турат. Коомдогу башка адамдарга болсо эч маани бербейт.
Көбүнчөсү кызыкчылык мамилелерине гана таянган коомдордо адамдардын бир-бирине ишенбеши коомдун да, адамдардын да бейпил боло албашына; адамдардын бир-биринен дайыма күмөн санап, тынчсызданып жашашына себеп болот. Мындай коомдо кимдин, качан, кандай алдамчылык кылып кетээри белгисиз болгондуктан, адамдар өтө коркуп, тынчсызданып жашашат. Мындай ишенимсиздик менен күмөн саноолор болсо өтө бактысыз жашашына себеп болот. Бүт адеп-ахлактык баалуулуктар тебеленген мындай коомдо Аллахтан коркпогондуктан, адамдардын үй-бүлөгө, намыс жана ариет түшүнүктөрүнө көз-карашы да өтө үрөй учурарлык болот.
Мындан тышкары, андай коомдордо адамдар арасында урмат жана сүйүү да болбойт. Коомдогу кишилердин бир-бирин сыйлашына эч бир себеп болбойт. Бир адамдан бир кызыкчылык күтсө гана ага сый мамиле жасайт. Болгондо да өздөрүнүн караңгы түшүнүгү боюнча бул кылганы туура болот. Себеби «жаныбардан эволюциялашып пайда болгонбуз, рухтарыбыз өлгөндө жок болот» деген туура эмес түшүнүктөр өмүр бою аң-сезимдерине сиңирилген. Маймылдан келип чыккан, топурактын астында чирип жок боло турган жана балким эч качан көрбөй турган бир денеге сый көрсөтүүнүн болсо мааниси жок дешет. Алардын туура эмес логикасы боюнча, «кандай болгондо да башка адамдар да алардай өлүп топурактын астына кирет, денеси чирип жок болот жана руху да бүтүндөй жок болот; демек эмне үчүн башка адамдарга жакшылык кылып, алар үчүн жан аябастык кылып кыйналышы керек...» Ооба, чындап эле Аллахка жана натыйжада акыретке ишенбеген бүт адамдардын түпкү оюнда ушундай пикирлер жатат. Ошондуктан Аллахка ишенбеген коомдордо эч качан бейпилдик, бакыт, ишенимдүүлүк орнобойт.
Аллахка ишеним болушу керек, себеби Аллах бар жана Аны жокко чыгарган Анын алдында өтө чоң кылмыш кылган болот. Аллахка ишенбеген коомдорду чирик дешибиздин себеби болсо, андай коомдор түп-тамырынан туура эмес көз-карашта болушат. Туура эмес көз-караштары жаман натыйжаларга алып келет. Аллахты жокко чыгарып эң чоң катачылыкты кетирген бир коом эң жаман жыйынтыктарга туш болот. Ал жыйынтыктар ал коомдун канчалык чоң жаңылыштыкта экенин көрсөткөнү үчүн маанилүү.
Мындай коомдордун орток өзгөчөлүгү, массалык алдануу ичинде болушат. «Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат...» (Энъам Сүрөсү, 116) аятынан да көрүнүп тургандай, коомдогу кишилердин көпчүлүгүнүн окшош болушу бир «үйүр» психологиясын пайда кылып, ансыз да бар болгон ыймансыздыкты ан сайын күчөтөт. Аллахтан жана акыреттен кабарсыз жашаган мындай коомдорду Аллах Куранда «караңгы (жахилия)» коом деп атайт. Себеби коомдогу кишилер физика, тарых, биология же башка илимдер менен алектенишсе да, Аллахтын кудурети менен улуулугун тааный ала турган акыл жана абийирлери болбойт. Жана бул мааниде караңгы (сабатсыз) болушат.
Караңгы коомдун адамдары Аллахка моюн сунбагандыктан Анын жолунан башка жолдорго түшүшөт. Өздөрү сыяктуу алсыз кулдар болгон адамдарды ээрчип, ал адамдарды өрнөк алып, ал адамдардын ойлорун абсолюттук туурадай көрүшөт. Жана натыйжада караңгы коом барган сайын өзүн өзү сокур кылган, өзүн өзү акыл менен абийирден алыстаткан жабык бир системаны пайда кылат. Башында да айтып өткөндөй, бул системанын эң белгилүү өзгөчөлүгү, бул адамдар динсиздик пропагандаларынын негизинде жашашат.
Аллах Куранда мындай жашоонун бош жана чирик бир негизги таянаарын, аягында кулаарын ачык бир мисал менен баян кылат:
«Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт.» (Тообо Сүрөсү, 109)
Бирок бул жерде унутпаш керек болгон бир жагдай бар; ар бир коом, ар бир адам караңгы системанын мындай пропагандаларынан, жашоо формасынан жана философиясынан кутулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Себеби Аллах аларга аларды эскерткен, аларга Аллахтын жана акыреттин бар экенин, жашоолорунун чыныгы максатын кабар берген элчилерди жана элчилер менен бирге адамдардын абийириндеги ар бир суроого жооп берген акыйкат китептерди жөнөтөт. Бул Аллахтын башынан бери уланып келген мыйзамы. Бүгүнкү күндө да туура жолду көрсөткөн, караңгылыктан жарыкка чыгарган акыйкат китеп катары Куран – бүт адамдардын жол башчысы. Андан соң гана адамдар тандоосуна жараша жооп алышат. Ал китепти адамдарга алып келген элчи мындай чакырык жасаган:
Айткын: «Эй адамдар, күмөнсүз силерге Раббиңерден акыйкат келди. Ким хидаят тапса (туура жолго түшсө), ал өзү үчүн гана хидаят табат. Ким адашса, ал да өз зыянына адашат. Мен силердин үстүңөрдө бир өкүл (жооптуу) эмесмин.» |