Жыйынтык: Адам Аллах Тарабынан Жаратылган

Бул китепти окуп жатканда балким кээде буттарыңызды кыймылдатып денеңиздеги булчуң менен сөөктөрдүн кантип ортоктошуп иштээрин түшүнүүгө аракет кылгандырсыз. Кээде тамакты оозуңузда чайнап жатканда оюңузга жегендериңизди сиңирүүгө даярдык көрүлүп жатканы келгендир, жатканда жүрөгүңүздүн үнүн угуп, сиздин да запастагы бир генераторуңуз бар экенин ойлонгондурсуз. Балким гезитиңизди окуп жатканда колуңуздагы булчуңдар эсиңизге келгендир жана аны барактап жатканда манжаларыңыздын кыймылдарын изилдегендирсиз...

Бул жерде негизгиси китепти окуп жатканда сезгендериңиздин, ошол учурдагы ойлоруңуздун унутулуп калбай, кийин да сизге таасир тийгизиши зарыл. Жана бул китеп аркылуу алган терең ой жүгүртүү ыкмаларын ар кандай окуяда колдонушуңуз маанилүү. Себеби бул китептин жазылуу максаты – адам денеси жөнүндө биологиялык маалыматтарды берүү жана аны окурманга кызыктуу салыштыруулар, мисалдар менен түшүндүрүү эмес. Китептеги салыштыруулар аркылуу, көңүл бура турган түшүндүрмөлөр аркылуу, терең маалыматтар аркылуу ар бир адамдын өз денесинде дайыма болуп жаткан кереметтүү кубулуштарга болгон туура эмес көз-карашын жоюу максат кылынган. Ал кубулуштарды «катардагы, кадимки нерседей көрүү» сыяктуу туура эмес көз-карашты жоюу үчүн, мындан тышкары, окурманды ойлонууга багыттай турган суроолор узатылган. Ал суроолор жөнүндө ойлонуп, тереңдөө болсо ар бир адамдын өз колунда. Китепте колдонулган мындай ыкмалардын баары маанилүү, себеби ушул кезге чейин эволюция сценарийлерин илимий чындыктардай кабыл алган адамдарга таасир берген «кокустук жомогун» ушундай ыкмалар менен гана жок кылууга болот. Эволюционисттердин логикасыздыктары илимий жактан бүт адамдар түшүнө ала турган бир тил менен түшүндүрүп берилгенде эволюция теориясынын илим маскасын кийип алган апачык бир көз бойомочулук экени даана көрүнүүдө.

Эволюция сыйкырын жок кылуу апачык көрүнүп турган жаратылуу акыйкатын адамдардын көрүшүнө себепчи болот. Китепте терең баяндалгандай, Аллах адамды кемчиликсиз жараткан жана муну аяттарында кабар берген.

Денебиз биз үчүн бир немат-жакшылык катары 24 саат бою эч тынымсыз иштөөдө. Бирок унутпаңыз! Адамдагы керемет аттуу бул китепте окугандарыңыздын баары бир эле сиздин денеңизде эмес, апаңыздын, атаңыздын, кыз же эркек бир тууганыңыздын, балдарыңыздын, жубайыңыздын, туугандарыңыздын, коңшуларыңыздын, кыскасы, айланаңыздагы жана дүйнөдөгү бүт адамдардын денесинде да болуп жатат. Тарыхта жашап өткөн адамдардын денелеринде да бул системалар толугу менен бар эле. Келечекте жашагандарда да Аллахтын каалоосу менен болот.

Бул бүт ааламдардын Рабби Аллахтын жаратуусу... Аллахтын кудурети чексиз.

Акылы менен абийирин колдоно алган адамдар бул апачык чындыкты көрүп, Раббилерин ыраазы кылуу үчүн гана өмүр сүрүшөт.