Күрөшкө Даярдык

body of human

The human body has been prepared for situations where it needs to be stronger and more resistant. External stimuli reaching the brain membrane and the lower region produce stress when they exceed a particular level (1).
This activates the anterior pituitary (2),
the thyroid gland (3),
and the adrenal glands (4).
Nerves from the brain to the eyes, facial muscles, interior and exterior veins in the skull and the pharynx (5,6,7);
nerves leading to the throat, heart and intestines (8);
nerves that regulate the functioning of the heart, the veins, the secretion of adrenalin and intestinal movements (9,10,11,12,13);
and those leading to the intestines and bladder (14) cause this to affect the entire body.

Кээ бир учурларда адам денеси күчтүүрөөк жана чыдамкайыраак болуп, кадимки шарттарга караганда жогорураак кубаттуулук көрсөтүшү керек болот. Мисалы, бир коркунучка кабылганда, адам өзүн коргонуп же эртерээк качышы керек болгон учурларда.

Мындай өзгөчө кырдаалдарда дене даяр болушу үчүн, албетте, эң башта жүрөк ылдамыраак согуп, көбүрөөк кан айдашы керек болот.

Мындай жагдайлар үчүн да керектүү чара көрүлүп, адам денесинин ичине дагы бир система орнотулган. Адреналин аттуу бир гормон кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралганда бөйрөк үстүндөгү бездерден чыгарылат. Ал гормон молекуласы –анын көлөмүн эске алганда- өтө узун жол жүрүп, жүрөк клеткаларына жетет. Гормон жүрөк клеткаларына «ылдамыраак жыйрылуу» буйругун берет (Гормондук система бөлүмүн караңыз). Бөйрөк үстүндө жайгашкан жана бул гормонду чыгарган клеткалар жүрөк клеткаларын таанып, жүрөк клеткаларынын кайсы тилди түшүнөөрүн билишет. Ошондой эле, дененин күчтүүрөөк болушу керек экенин, ал үчүн жүрөктүн батыраак согушу керек экенин да билип, түшүнүшөт. Жүрөк клеткалары болсо ал буйрукка моюн сунуп, ылдамыраак согуп башташат. Ошентип өзгөчө кырдаалда адам денеси керектүү кошумча кан менен камсыз кылынат.

Жүрөктүн Иштешинде Сөзсүз Талап Кылынган Шарттар

no evolution

The heart and the technology it possesses astonish scientists. It is Allah, the praiseworthy, Who creates our hearts, with their extraordinary features that cannot be explained in terms of any evolutionary mechanism.

Бул жерге чейин жүрөктө курулган электрондук система долбоорунан сөз кылдык. Бирок бул система иштей алышы үчүн электрдик сигналдар болушу шарт. Электрдик сигналдарды чыгаруу үчүн кандагы натрий, калий жана кальций иондору белгилүү деңгээлде болушу керек. Бул заттардын кандагы деңгээлинин бөйрөк, ичеги, ашказан, өпкө сыяктуу органдар тарабынан жөнгө салынаарын эске алсак, бул системанын эч качан эволюция деген ойдон чыгарылган бир механизм натыйжасында пайда болбошун көрөбүз.

Жүрөктүн буга чейин каралган өзгөчөлүктөрүн эске алып бир гипотеза жасайлы. Адамзат жүрөккө окшош бир аппарат жасай алды дейли. 70 жыл бою бир секунда да эс албай иштеген, өз электрдик зарядын өзү өндүргөн, кароону жана тетиктерди алмаштырууну талап кылбаган, электрондук бир система аркылуу иштөө ылдамдыгын жана күчүн автоматтык түрдө жөнгө салган кемчиликсиз бир насосту жасай алышты дейли. Албетте, мындай ийгиликке технология, илим-билим, пландоо жана көпкө созулган эмгектенүүлөр натыйжасында гана жетүүгө болот. Эч ким мындай аппаратты кокустан пайда болот деп ойлобойт. Себеби бул акылга сыйбайт.

Бирок бул жерде кызыктай бир чындык бар. Жүрөктү кокустан пайда болгон деп ойлоо мындай насосту же кандайдыр бир технологиялык продуктту –мисалы бир телевизорду- кокустан пайда болгон деп ойлоодон алда канча логикасыз жана акылдан алыс болот.

Эң биринчиден, жүрөктө адам жасаган бир аппараттан алда канча жогору бир технология бар. Бирок эң негизгиси –канчалык мүмкүн эмес болсо да- жүрөктүн кокустан пайда болушунан эч майнап чыкпайт. Жүрөк менен бирге миңдеген километр узундуктагы кан тамырлары, тамырлардагы кан суюктугу, ал канды тазалоочу бөйрөктөр, канга кычкылтек берип көмүр кычкыл газын алган өпкөлөр, канга азык берүүчү тамак сиңирүү системасы, ал азыктарды кайра иштетүүчү боорлор, жүрөктүн иштешин жөнгө салуучу нерв системасы, денени бүтүндөй башкара турган мээ, денени кармап туруучу скелет системасы, жүрөктүн иштешине жардамчы боло турган гормоналдык система жана ушул сыяктуу миңдеген бөлүктөр да бир учурда, бир гана кокустук менен пайда болушу керек. Болгондо да, бул айтылгандардын ар бири –кокустан пайда болбой турган- өзгөчө бир план, долбоорго ээ. Ошондуктан бир эволюция процесси натыйжасында кокустан жүрөктүн пайда болушу кокустан бир телевизордун же кандайдыр бир башка технологиялык каражаттын пайда болушуна салыштыргыс даражада ыктымалсыз.

Бул жерде апачык бир чындык бар. Жүрөк чогуу иштеген бүт системалары жана бөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан жаратылган.

Кан Тамырлары

blood vessels

1. Veins
2. Artery
3. Capillary between small artery and blood vessel
4. True blood vessels

Connections have been established with every point in the body by the veins and arteries entering and leaving the heart.

Адам денесинин ар бир чекитин чоң-майда миллиарддаган түтүк каптап турат. Тамыр деп аталган бул түтүк системасын тегиз бир жерге жайдык деп элестетсек, анын жалпы узундугунун бир адамда болжол менен 100 миң километр (96500 км) экенин көрөбүз.24 Тамыр системасы ушунчалык комплекстүү болгондуктан, дененин керектүү бүт чекитине керектүү түтүктөр тартылган. Түтүктөр эч жерде түйүлбөйт, керексиз тараптарга ачылбайт, өлүү аймактары жок, денени баштан аяк кыдырып, кайра баштапкы чекитине кайтып келишет.

Кандайдыр бир имаратта түтүк системасын төшөө үчүн бир план талап кылынат. Адам денесиндеги түтүк системасынын планы болсо адамзат жасаган эч бир планга салыштыргыс даражада укмуштуу.

Болгондо да, адам денесинде болжол менен 100 миң км узундукта тамыр төшөлсө, орто көлөмдөгү бир имаратта бир канча километр узундукта гана түтүк төшөлөт. Атайын ээритмелерден жасалган ал түтүктөр бир канча он жыл ичинде ар кандай көйгөйлөрдү туудурат. Туташкан жерлери ажырайт, кээ бир түтүктөр акырындап чирийт, кээ бир дубалдарда түтүктөрдөн улам нымдуулук пайда болот. Бүт мындай маселелер имарат кыймылдабай, түтүк системасы да өз ордунда бекем турганына карабастан келип чыгат.

Ден-соолугу чың бир адамдын денесиндеги түтүк системасы болсо өз кызматын өмүр бою аткарат. Кароону да, тетиктерин алмаштырууну да талап кылбайт. Болгондо да, адам денеси бир имараттай кыймылсыз эмес. Адам кыймылдап, басып, чуркайт, отуруп, турат; жана тамырлар да тынымсыз керилип чоюлат. Бирок тамырлар ушунчалык керемет жаратылгандыктан, эгер адам өз ден-соолугун буза турган кыймыл-аракеттерди жасабаса, эч кандай көйгөй туудурбайт.

Адам Денесиндеги Теңдешсиз Долбоор

blood flows

1. Brain

2. Lung

3. Heart

Thanks to the heart, the blood flows through the entire body, as far as the lungs.

Эч бир тамыры жок бир адам денеси бар деп элестетели. Жана бир инженерге ал дененин ичине төшөлө турган тамырлардын планын түзүү талабын койолу. Ал планда боордун тереңинен сөөк кыртыштарынын ичине, көз кабактарынан бөйрөктөргө чейин ар бир клеткага тартылчу түтүктөр эске алынышы керек. Мындан тышкары, ар бир органдын функциясына жараша тамырдын жоондугу жана өзгөчөлүктөрү да аныкталышы зарыл. Бир адамдын мындай планды өзү жалгыз жасай албашы анык. Бирок дүйнөдөгү бүт адамдар чогулса да майнап чыкпайт. Алардын баарынын өмүрү да, акылы да чексиз комбинациялуу кан айлануу желесинин планын долбоорлоого жетпейт. Миллиарддаган адамдар чогулуп долбоорлой албай турган керемет бир планды сокур кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтуу болсо, албетте, мүмкүн эмес. Бир этабында да кокустукка орун болбогон бул система адамдын Аллах тарабынан жаратылганын апачык көз алдыбызга тартуулайт.

Сапар Башталды...

Жүрөк-тамыр системасынын негизги максаты – бул денедеги клеткаларга иш-аракеттерине керектүү заттарды жеткирүү жана калдык заттарды клеткалардан алып кетүү. Бойго жеткен бир адамдын жүрөгү бир күндө 9 миң литр канды 100 миң километрге жакын узундуктагы тамыр түтүгүн басып өтө тургандай кылып насостойт.25

Эми боюбузду бир клеткачалык деп элестетели жана кан клеткалары менен чогуу кан айлануу системасында бир сапарга чыгалы;

Баштапкы чекитиңиз жүрөктүн сол үстүңкү насосу, б.а. сол дүлөйчө болот. Сиз турган бөлмө кычкылтекке бай таза канга толо. Айланаңызда кычкылтек алып бараткан миллиондогон эритроциттер бар. Ылдый жагыңызда жүрөктүн сол карынчасына ачыла турган жабык бир эшик турат. Ал төмөн көздөй гана ачыла турган бир тараптуу бир эшик.

Дүлөйчөнүн бир кезде кысылышы натыйжасында эшик төмөн көздөй ачылат. Сиз ичинде турган кан суюктугу астыңкы тараптагы бөлмөгө толот. Эми өтө күчтүү бир насосто, б.а. сол карынчадасыз. Үстүңүздөгү эшик келген тарабыңызга кайра кайтпашыңыз үчүн жабылат.

Сол карынча канды дененин эң алыскы чекиттерине жеткире ала турганчалык күчтүү бир насос. Ал насостун чыгуу тарабында да аорта тамырларына ачылган бир багыттуу дагы бир эшик бар. Ал эшиктин кызматы болсо ал жерден айдалган кандын жүрөккө кайра келишине жол бербөө.

Анан сол карынча да өтө катуу кысылып, ал эшик сыртты көздөй ачылат. Сиз ичинде турган кан өтө чоң ылдамдык менен денедеги эң чоң артерия болгон аортаны көздөй айдалат.

Аорта тамырынын капталдарына жакындаганда өтө кызык бир нерсени көрөсүз. Тамырдын ички бети жылмаланган сыяктуу. Мындай жылмаланган жана майлуу үстүңкү бет сүрүлүүнү азайтып, кандын эч кыйынчылыксыз агышын камсыз кылат.

Бул жерде сапарыбызды бир саамга токтотуп, аортага жана артерияга тереңирээк токтололу.

Эң Күчтүү Тамыр

embryo

Above, the stages in the embryonic cells forming the veins. Dispersed embryo cells in the mother’s stomach (1). The cells begin to combine and arrange themselves side by side (2,3). The cells constitute veins by adhering tightly to one another, like a wall (4). This wall made up by the cells is strong that no blood can leak out of it. Almighty Allah gives the cells constituting the embryo the command to join together and He inspires their behavior in them.

Жүрөктөн кыртыштарга (ткань) кан жеткирчү тамырлар артерия, кыртыштардан жүрөккө кан алып келчү тамырлар болсо вена деп аталат. Артериялар көбүнчө дененин кыртыштарынын астында, тереңде болот. Бирок кээ бир жерлерде, мисалы колдун билегинде, чыкыйларда, моюнда жана кызыл ашыктын сырткы тарабында үстүңкү бетке жакын жайгашкан. Бул аймактарда ар бир жүрөк соккон сайын кандын артериялардын капталына басым менен уруп, өтүп жатканын сезүүгө болот.

Тамырдын эң ички бети тегиз бир жер жасоо үчүн жабыштырылган ар кандай формадагы таманташтарга (брусчатка) окшошот. Бирок анда колдонулган материал –таш эмес, клеткалар.

Бул жерде бир аз көңүл койолу. Клеткалар жандуу нерселер. Бир топ жандуу клетка таманташтардын тыкандык менен төшөлүшү сыяктуу катар орнотулуп, тегиз бир бет жасалган. Ал бет 360 градус айланып бир түтүктү пайда кылган. Ушуга окшогон миллиондогон түтүктөр белгилүү бир тартипте биригип, тамыр системасын түзгөн.

Бул кантип болгон?

Эң биринчиден клеткалар таманташтар сыяктуу жалпак жана бир-бирине бириге ала турган формаларда болушу керек. Миллиарддаган клетканы мындай өзгөчө формада кылып кайсы күч жасаган?

Андан соң ал клеткалар –эне курсагында кезде- таманташ сыяктуу тизилиши керек. Миллиарддаган клетканы тегиз, жылмакай кылып ким тизген?

Өрүлгөн дубалда бир эле клетка кем болсо, ал жерден сыртка кан сызылып чыгат. Ал дубалды кемчиликсиз кылып ким өргөн?

Бул суроолордун жообу, албетте, «кокустук» эмес.

Мындан тышкары, бул жерде бир заводдун куйма калыбынан чыккан металл бир түтүк жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бул жерде айтылып жаткан нерсе – жандуу клеткалардын биригишинен келип чыккан жандуу бир «түтүк». Ал кичинекей жандыктар өмүрлөрүн эмне үчүн бир түтүктүн бөлүгү болууга арнашкан? Аларга мындай тизилүүнү, бул милдетти ким берген?

Бул суроонун жообу да «кокустук» эмес. Бирок эволюционисттер эч качан мындай детальдарды ойлонушпайт. Аныгыраагы, бул чындыктарды көрмөксөн болушат жана алар жөнүндө ойлонууну да каалашпайт. Эволюционисттер тамыр кыртыштарын баяндаган, ичинде латынча терминдер толтура болгон сөздөрдү сүйлөп, китептерди жазышы мүмкүн. Бирок ал клеткалар кантип белгилүү бир тартипте бириккен деген суроого эч качан жооп бере алышпайт. Себеби алардын бере турган жалгыз жообу – кокустук.

Мынчалык жараксыз бир жооптун адамды канчалык уят кылаарын билишкендиктен, «эволюциялык процессте бул клеткалар чогулуп, тамырларды пайда кылышкан» деген сыяктуу негизи эч логикасыз сөздөр менен мындан кутулууга аракет кылышат.

Эгер бул сөздү айткан эволюционист кишини адамдар илимпоз катары тааныса, илимий булактардан алыс болгон адамдарда төмөнкүдөй бир пикир пайда болуп калат. Бул сөздү бир илимпоз айтып жатса, сөзсүз артында илимий кээ бир чындыктар бар, бирок адамдар түшүнбөгөнү үчүн илимпоз буга кыскача эле токтолду деп ойлойт.

Бирок эволюционисттердин тамырлар кантип пайда болгон деген суроого бере турган жообу жок. Бул эле эмес, буга окшогон миңдеген суроого бере турган жообу да жок. Мындай темаларга кирүүдөн качынып, булардан тоголок сүйлөмдөр менен кутулууга аракет кылышат.

Кыскасы, эч бир эволюционист адам денесиндеги тамыр желесинин кантип пайда болгонун түшүндүрө албайт. Муну оңой эле текшерип көрсөңүз болот. Кандайдыр бир эволюционистке тамыр системасынын жана тамырдын структурасынын кемчиликсиздигин, клеткалардын канчалык гармониялуу тизилгенин айтып бериңиз. Андан соң бул эң башында кантип пайда болгон деген суроону узатыңыз. Бере турган жалгыз жообу бар: «кокустуктар натыйжасында» деген.

Чындыгында болсо, бул суроонун бир гана туура жообу бар; тамырларды, тамырлардын ичиндеги канды, ал канды насостогон жүрөктү жана адам денесиндеги башка миллиондогон системаны ааламдардын Рабби Аллах жараткан.

Тамырлардагы Ийкемдүүлүк Деңгээли

Артериялардын түзүлүшүндөгү атайын, пландуу жаратылуу бир эле клеткалардын укмуштуу тизилишинде эмес. Бул клеткалар түзгөн катмардын сыртында булчуңдан дагы бир катмар бар. Ал жердеги булчуң клеткалары өтө ийкемдүү. Ийкемдүү жипчелер жүрөк соккон учурдагы кан басымына тамырлардын чыдамкайлыгын жогорулатат. Мындан тышкары, тамырларга ийкемдүүлүк тартуулап, кандын тамыр ичинде агышын камсыз кылат.

Эгер кан жогору басым менен жүрөктөн ийкемсиз бир тамыр системасына насостолгондо, жүрөккө да көп жүк түшмөк жана артериялардын ичинде кан басымы да өтө жогору болмок. Бул детальдар Аллахтын теңдешсиз жаратуусунун дагы бир көрсөткүчү.

Сапар Уланууда

Артериянын түзүлүшүн карап чыккан соң сапарыбызга кайра кайталы. Аорта артериясынан соң тамырлар эки багытты көздөй созулат. Жогору көздөй кеткен кан мээ менен колдордун, төмөн көздөй кеткен кан дененин калган бөлүгүнүн муктаждыгын канааттандырат. Сапарыңызды дененин төмөн тарабын көздөй уланттыңыз дейли.

Бул жолдо боорго, ашказанга, ичке ичегиге, жоон ичегиге, бөйрөктөргө жана буттарга барчу көптөгөн бутактар бар. Барган сайын сиз ичинде бараткан тамырдын көптөгөн бутактарга бөлүнүп, барган сайын тарайып баратканын көрөсүз. Ал сансыз бутактар дененин эң четтерине чейин кан жеткирген кичине жолдор. Ал жолдордун бирине кирип алга жүргөнүңүздө тамырдын өтө ичкергенин байкайсыз. Эми артериялардын эмес, капиллярлардын ичинде болосуз (капиллярлардын диаметри 0,006 мм).

capillary

1. Heart
2. Capillary Vessel

3. Artery
4. Vein

One can obtain a better idea of the volume taken up by the blood vessels in the body, shown magnified in the above picture, by means of a comparison. If all the vessels were laid out flat, that area would cover 6,000 square meters (7,176 square yards). The diagram at left shows the interconnections between and structures of the heart, arteries, veins and blood vessels.

Белгилүү убактан соң тамыр ушунчалык тарайып, анын туурасы бир эритроцит клеткасы кыйынчылык менен өтө турганчалык болуп калат. Сапардын бул жерлеринде айланаңыздагы клеткаларда өтө ылдам бир алмашуунун жүрүп жатканын көрөсүз. Эритроцит клеткалары узун жолдон алып келген жүктөрүн тапшырып башташат. Алып келген кычкылтек молекуласын кычкылтек керек болгон клеткаларга берип, клеткалар чыгарган көмүр кычкыл газын алышат. Ошол сыяктуу, кан алып келген азык молекулаларын да бул аймакта муктаждыгы бар клеткалар алышат. Бул клетка үчүн өтө маанилүү бир алмашуу. Эми кайтуу убактысы келген болот.

Кычкылтектеринен айрылган эритроциттерди түсү ачык кызылдан коюу кызылга айланат. Алга жылган сайын тамырлар кайра кеңейип баштайт. Башка капиллярлардан келген көмүр кычкыл газын алып бараткан эритроциттер да сапарга кошулат жана кан көлөмү көбөйөт. Эми капиллярлардан чыгып, жолуңузду веналарда улантасыз.

Денедеги Дагы Бир Долбоор Керемети: Вена

cross section

1. Fibrocollagenous tissue
2. Middle layer (tunica media)
3. Outer layer (tunica adventitia)

5. Endothelium
4. Valve
6. inner layer (tunica intima)

The cross-section to the side shows the very detailed creation in the arteries. It is evident that such a detailed creation could never come into existence by chance.

Кан артерияларда жүрөктүн насостоо басымы натыйжасында жол жүрөт. Бирок капиллярларда ал басымдын таасири азайат. Венага келгенде болсо эми жүрөктүн насостоо күчүнүн таасири өтө азайган болот.

Андай болсо кан артка кантип кайтып келет?

Кандагы сапарыңызды элестетели жана сиз ичинде турган вена бутта жайгашкан дейли. Алдыңызда жүрөккө жеткенге чейин өтө узун бир жол бар. Буттар, карын жана көкүрөк бөлүгүнөн өтүп, жогору көздөй узун жолдо тырмышып, сизди тынымсыз төмөн көздөй тартып турган жердин тартылуу күчүн жеңишиңиз керек болот. Бул үчүн күн сайын миңдеген литр суюктук төмөндөн жогору (буттардан жүрөктү) көздөй жыла ала турган бир система керек.

Веналар дененин ичинде атайын бир пландоо менен орнотулган. Бул тамырдын айланасы скелет булчуңдары менен оролгон. Веналар ошол булчуңдардын энергияларынан пайдаланышат. Мисалы, ар бир кадам таштаганыңызда жыйрылган бутуңуздун булчуңдары ошол эле учурда канды да жогору көздөй түртөт. Мына ушул пландоо натыйжасында веналардын өзүнүн насостоо системалары бар.

Бут менен жүрөктүн арасындагы 1,5 метрдик сапардын аягына келгенде дагы бир маселе туулат. Негизги вена дененин ортосуна келгенде айланасында скелет булчуңдары жок болот. Бул жерде дем алуу булчуңдары веналарга көмөк көрсөтөт. Өпкөнүн астында жайгашкан негизги вена биз ар дем алган сайын кысылат. Натыйжада кеңейген көкүрөктүн терс басымы кандын жүрөктү көздөй кайтышына шарт түзөт.

pumping system

1. Direction of blood flow in the vein
4. Valvelet (open)

3. Skeletal muscle
2. Valvelet (closed)

The arteries have their own unique pumping systems. As the skeletal muscles contract and put pressure on the arteries, valves in the contracting region are forced open, and the blood heads directly to the heart.

Бирок веналарда дагы бир касиет бар; ал денедеги кемчиликсиз долбоордун эң сонун мисалдарынан. Веналардын ичине көптөгөн капкакчалар орнотулган. Ал капкактар жүрөктү көздөй гана ачылат. Натыйжада кан жердин тартылуу күчүнүн таасири менен артты көздөй кете албайт. Агым жүрөктү көздөй гана болот. Эми ойлонолу.

Венанын ичине көп санда кичинекей капкакча орнотулган. Ал капкакчалардын ар бири өтө өзгөчө бир план менен жасалган. Ар биринин –кайра эле эттен жасалган- шарнирлери бар жана алар капкактын бир тарапты көздөй ачылышына мүмкүндүк бере тургандай кылып долбоорлонгон. Бул жерде чыныгы бир инженерия керемети бар. Эми бул кемчиликсиз системанын кантип курулганын ойлонолу. Жер жүзүнүн эң узун түтүк линиясынын курулушунда иштеген жумушчулар үч негизги кызматты аркалашат. Ал жумушчулар бир тараптан бир инженер, экинчи тараптан бир жумушчу жана үчүнчү тараптан бир курулуш материалы кызматын аткарышат.

Бул түтүктүн курулуш планы жана долбоорлору клеткалардын ядролорундагы маалымат банкында (ДНКларында) жазылган. Ар бир клетка ал долбоорду бир инженердей болуп окуйт. Клетканын бир курулуш долбоорун окуп, чечмелеши, албетте, улуу бир керемет. Адамдар көп жылын илимий эмгектенүүгө арнаган инженерлерге, профессорлорго урмат көрсөтүп, суктанышат, бирок өз клеткаларынын андан бир топ комплекстүү план, долбоорлорду окуп, чечмелеп, турмушка ашыра алаарын билишпейт же билмексен болушат.

contraction

Movement of the skeletal muscles as the blood moves through the arteries 1) At rest. 2) The muscles contract, compress the arteries and force the blood towards the heart. The valve beneath prevents any back-flow. 3) The muscles relax and the arteries widen and fill with the blood below. The valve above prevents any back-flow.

Клеткалар окуп, чечмелеген планга жараша түтүк курулушунун каеринде кызмат кылышы керектигин билишет. Ошондой эле, ал курулушта иштеген миллиарддаган клетканын арасынан кайсылары менен чогулушу керек экенин да билишет. Өз ордун тапканда болсо бир жумушчудай иштеп башташат жана түтүктүн өздөрүнө түшкөн бөлүгүн курушат. Бирок колдонгон материалы – сырттан алынган бир материал эмес, өздөрү. Ал курулушта иштеген ар бир клетка өмүрүнүн калган бөлүгүн түтүктүн кичинекей бир бөлүгү болууга арнайт.

Курулган тамырлардын ички бетинде эч бир одур-бодур болбойт. Бир мрамор устасы төшөп, жылмалаган мрамор бир бет сыяктуу тамырлардын ички бети жылмакай жана одур-бодурсуз. Бир айырма – ал беттердин таманташтары мрамор плиткалар эмес, жандуу нерселер.

Ал курулуш уланып жатканда кээ бир клеткалар болсо окуган планга ылайык башка бир чечим алышат. Ал клеткалар тамырдын ичинде бир капкак жасоону чечишет. Миңдеген клеткалар чогулуп бир капкакты пайда кылып, тамырдын ички бетине карманышат. Кээ бир клеткалар болсо –кайра эле ар бири өз ордун колундагы долбоорго карап аныктап- ал капкактын шарнирин түзүшөт. Ал шарнирдин бир багытты көздөй ачылышы да клеткалардын долбоорду чечмелей алуу жана курулуштук жөндөмү натыйжасында болот. Ал клеткалар ал түтүктөн бир суюктуктун агаарын, ал суюктуктун кайсы багытты көздөй агышы керек экенин, жана ал агым үзгүлтүксүз болушу үчүн кандай чара көрүү керек экенин билишет жана ошого жараша иш-аракет кылышат.

Ал капкактан бир канча миллиметр алдыда дагы бир дал ушундай керемет жасалат. Ал жердеги башка клеткалар да ушундай аң-сезим менен дагы бир капкак жасашат. Мурдакы капкакты жасаган клеткалар менен сүйлөшүп алгандай болуп, ошол багытты көздөй ачылчу бир капкак курушат. Эгер ал капкактардын кээ бирлерин жасаган клеткалар башкача чечим алым, капкактардын кээ бирлерин терс багытта ачыла тургандай кылып курганда, анда кан тамырларда ага албай калмак жана адам заматта көз жуммак. Бирок мындай болбойт. Венаны бойлой жасалган миңдеген капкактын ар бири бир-бирден башкаларга туура келе тургандай жасалат.

Бул системаны улуу кудуреттүү Аллахтын жаратканы; клеткалардын жогоруда айтылган акылдуулук, аң-сезим жана жан аябастыгын аларды жараткан Раббибиздин каалоосу менен гана жасаары талашсыз бир чындык. Ошол сыяктуу, клеткалардын ядросуна жер жүзүнүн эң узун түтүк линиясынын жана денедеги миңдеген башка системанын долбоорун жайгаштырган, клеткаларга ал долбоорлорду окуу, чечмелөө жана ошого жараша курулуш жасоо жөндөмүн берген – ааламдардын Рабби Аллах.

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

Жүрөккө Кайтуу

Тамырлардын ичинде адам денесин бойлой жасаган сапарыбызга кайра кайталы. Жогоруда терең каралган веналардагы бир багыттуу кичинекей капкакчалардын көмөгү менен жүрөктү көздөй жолубузду улантабыз. Сапарыбыз башталгандан болжол менен 40 секундадан соң жүрөккө кайра кайтып келебиз.

Жүрөктүн сол үстүңкү бөлмөсүндө башталган сапарыбыздын биринчи бөлүгү жүрөктүн оң үстүңкү бөлмөсүндө аяктайт. Тунук кызыл бир кандын ичинде жолго чыгып, коюу өңдүү бир кан деңизи ичинде сапарыбыздын биринчи бөлүгү бүтөт. Эми башка бир сапарга чыгуу убактысы келген болот. Көмүр кычкыл газын алып келген кан тазаланышы керек.

Оң дүлөйчөнүн кысылышы натыйжасында дүлөйчөнүн астындагы капкак ачылып, биз ичинде турган коюу кызыл кан оң карынчага толот. Андан соң ал капкак жабылып, кандын дүлөйчөгө кайра кайтышынын жолу тосулат.

Оң карынчанын ичинде өтө кыска убакыт турабыз. Оң карынчанын кысылышы менен башка бир капкак ачылып, кан өпкөлөрдү көздөй тебилет. Артыбызда калган капкак жүрөккө кайра кайтышыбызга жол бербей турган акыркы коопсуздук системасы. Көмүр кычкыл газын алып бараткан кандын ичинде өпкөлөрдү көздөй тездик менен сапар тартабыз.

Жүрөктөн өпкөлөрдү көздөй болгон сапар кыска убакытка созулат жана ошондуктан «кичине айлануу» деп аталат. Өпкөгө жеткенде айланабыздагы кан клеткалары алып келген көмүр кычкыл газын берип –көмүр кычкыл газды ташууда да комплекстүү көптөгөн химиялык процесстер ишке ашат- кычкылтек алып башташат. Ал жерде укмуш бир ылдамдыкта алмашуу жүрөт.

Өпкөдөн ар бир минутада 56.000.000.000.000.000.000.000, б.а. 56x1021 (56 септильон) кычкылтек атому клеткаларга жеткирилет.26 Бир даана кычкылтек атому эритроцитке өтүшү үчүн да көптөгөн микро система чогуулай иштейт. Ар бир бөлүк үстүңкү бөлүккө толук шайкеш келет жана бул кычкылтек-көмүр кычкыл газы алмашуусунун бир секунда да үзгүлтүккө учурабастан иштешине шарт түзөт.

Укмуш чоң ылдамдыкта жүргөн мындай алмашуудан соң айланабыздагы эритроциттер кычкылтектүү болуп калышат. Андан соң ал клеткалар менен бирге өпкө венасынын ичинде жүрөктү көздөй сапар тартабыз. Аягында сапарыбыз башталган жерге, сол дүлөйчөгө жетебиз. Кычкылтекке бай таза кан денеде жаңы бир турга даяр болот.

Агымды Башкарган Компьютер

Кан айлануу системасынын өтө кызыктуу жана маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Кан айлануу системасы жөнөкөй бир түтүк системасы сыяктуу суюктукту өткөрүп эле койбойт. Керек учурларда кайсы органга канчалык кан барышы керектигин да жөнгө салат.

Бул өтө таң калыштуу бир маалымат. Бир түтүк системасы ичинде агып жаткан суюктуктун эң башта кайсы органга барышы керек экенин белгилеп, өзүндө керектүү жөнгө салууларды жасайт. Кээде тарайып, кээде кеңейип кан барышы керек болгон даректи өзгөртө алат.

Мисал катары мээнин кан муктаждыгын алсак болот. Мээ денедеги бүт процесстерди башкаргандыктан, үзгүлтүксүз канга муктаж болгон бир орган. Мээге кандай баага турса да кан жиберилиши керек. Адамдын бир жери канаганда башка бүт органдарга кандын барышы токтосо да, көптөгөн нервдер мээге кан жиберүү үчүн ишке киришип, тамырлардын диаметрлери ошого жараша жөнгө салынат. Кээ бир органдарга барчу тамырлар убактылуу иштеп чыгарылып, кан агымы мээге барчу тамырларга бурулат.

Бир эволюционист Сьюзан Шифельбейн (Susan Schiefelbein) The Incredible Machine аттуу китебинде тамыр системасын алдыңкы бир компьютерге төмөнкүдөй салыштырат:

Жүрөк жана кан тамырлары дененин муктаждыктарын камсыздоо үчүн кандын агымын ылдамдатуу же жайлатуудан башка иштерди да жасашат. Кызыл дарыяны ар кайсы кыртышка, ар кандай басымда жана ар кандай ишти жасоо үчүн жеткирет. Кан тамак жегенде ашказаныбызга, сүзгөндө өпкөлөрүбүз менен булчуңдарыбызга, окуганда мээбизге чогулат. Зат алмашуунун мындай өзгөрүп турчу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тамыр системасы бир компьютердей ийгиликтүү маалымат жыйнап, анан эч бир компьютер жасай албаган иштерди жасайт.27

Компьютер системаларына салыштырылган бул система, албетте, эволюция теориясы айткан сокур кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгон.

Бир-Бири Менен Тыгыз Байланыштуу Кереметтер

Аллах адамды ушундай бир чеберчилик менен жараткан, адам денесиндеги ар бир система башка система менен байланышта. Бир системанын ишинин бузулушу башка системанын ишине да терс таасир берет. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн бир эле кан айлануу системасынын башка системалар менен болгон байланышын карайлы.

* Тамак сиңирүү системасы сиңирген азыктар дене клеткаларына кан аркылуу жеткирилет. Демек кан айлануу менен тамак сиңирүү системалары бир учурда жаратылган болушу шарт.

* Гормоналдык бездер чыгарган кабарлар тиешелүү органдарга кан аркылуу жеткирилет. Кан айлануу жана гормоналдык системалар бир учурда жаратылган болушу керек.

* Кандагы көмүр кычкыл газы дем алуу системасы тарабынан тазаланат. Кан айлануу жана дем алуу системалары бир учурда жаратылган болушу зарыл.

* Кан бөйрөктөрдө тынымсыз тазаланып турушу керек. Демек кан айлануу жана бөлүп чыгаруу системалары бир учурда жаратылган болушу шарт.

* Скелет булчуңдары жыйрылбаса, кан веналарда алга жыла албайт. Кан айлануу жана булчуң системасы бир учурда жаратылган болушу керек.

* Кан клеткалары жилик чучугунда өндүрүлөт. Демек, кан айлануу жана скелет системалары бир учурда жаратылган болушу зарыл.

Бул мисалдар башка системалардын кан айлануу системасына болгон таасирлери менен байланыштуу мисалдар. Буга окшогон көптөгөн мисалдарды чыгарууга болот. Бирок унутпаш керек болгон өтө маанилүү дагы бир жагдай бар. Кан айлануу системасы башка бүт системалардагы органдарды азыктандырат. Мисалы, тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрү болгон тил, шилекей бездери, кызыл өңгөч, ашказан, ичегилер, боор жана башка органдар кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Гормоналдык системадагы гормоналдык бездер кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Бөлүп чыгаруу системасынын мүчөлөрү, мисалы бөйрөктөр кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Дем алуу системасынын мүчөлөрү, мисалы өпкөлөр кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Булчуң системасын түзгөн булчуңдар скелет системасын түзгөн сөөктөр, баары кан аркылуу азыктанышат.

Кан айлануу системасысыз денедеги органдардын эч бири азыктана албайт жана жашай албайт. Бүт мындай байланыштар жана өз ара тыгыз байланыштуу системалар эволюция теориясынын жараксыздыгынын эң негизги далилдеринен. Адам денесиндеги системалар бир-бири менен кемчиликсиз бир шайкештик жана кызматташтык ичинде. Ал системалар бир ишке жарашы үчүн баары бир учурда бар болушу шарт. Бул болсо бизди кайра ошол эле чындыкка алып барат. Адам денеси бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан бир учурда жаратылган.

Булактар

24- Lionel Bender, Science Facts, Human Body, Crescent Books, New York, New Jersey, 1992. s.32

25- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s. 53

26- Regina Avraham, The Circulatory System, The Encylopedia of Health, s.43

27- Susan Schiefelbein, The Incredible Machine, Washington, D.C., National Geographic Society,1986

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү: Адам Денесинде Кыска Бир Сапар
  • Денедеги Транспорттук Тармак: Кан Айлануу Системасы
  • Дененин Мотору: Жүрөк
  • Күрөшкө Даярдык
  • Денедеги Майдалагыч Механизм: Тамак Сиңирүү Системасы
  • Ашказандагы Кылдат Долбоор
  • Денебиздин Ичиндеги Көз-Карандысыз Завод: Боор
  • Денедеги Тазалоочу Жабдыктар: Бөлүп Чыгаруу Системасы
  • Бөйрөктөр Денедеги Суюктук Тең Салмактуулугун Кантип Жөнгө Салат?
  • Денебиздеги Керемет Байланыш: Гормоналдык Система
  • Ичибиздеги Кондиционер: Дем Алуу Системасы
  • Бекем Бир Курулуш: Скелет Системасы
  • Денедеги Күч Трибуналары: Булчуң Системасы
  • Жыйынтык: Адам Аллах Тарабынан Жаратылган
  • Кошумча Бөлүм: Эволюция Жаңылыштыгы