Эң кичинесинен эң чоңуна чейин денедеги миллиардаган процесстердин баары кычкылтек аркылуу алынган энергия менен ишке ашат. Бизге керектүү кычкылтекти денебизге дем алуу системабыз берет.
Дем алып чыгаруу процесси автоматтык түрдө (өзүнөн-өзү) жүрөт. Адам ушунчалык маанилүү процесс жүрүп жатканда эч эмгек коротпойт, чечим албайт жана эч кийлигишпейт. Төрөлгөндөн баштап бул керемет система иштеп баштайт жана эч катасыз иштейт. Жаңы төрөлгөн ар бир наристеде –ал эч нерсе түшүнө электе- өмүр бою эч тынымсыз иштей турган дем алуу машинасынын кнопкасы басылат.
Дем алуу бир эле аба жутуу эмес. Абадагы кычкылтекти колдонуп денеде энергия чыгаруу үчүн жасалган процесстер тизмегинин баарына берилген ат. Алдыда дем алуу процессинин кантип жүрөөрү жана, ошондой эле, дем алуу системасын түзгөн бөлүктөрдүн жалпы түзүлүшү да каралмакчы.
In the mother’s womb, babies are nourished by the oxygen they receive through the umbilical cord. Their bodily structures during that period have been created in such a way as to allow them to obtain oxygen without using their lungs. Gradually, however, their lungs grow, along with the other organs. The baby is unable to breathe while floating in the special amniotic fluid in the womb, but when it emerges, it starts using its lungs and breathing normally. All the preparations are readied for the baby before it is even born. All the organs it will require in the outside world are prepared for it while still in the womb. It is Allah Who creates human beings. This vital transition in the human body takes place smoothly thanks to the perfect system created by Allah. |
Эсиңизде калган жыттарды бир эстеп көрүңүз. Жаңы бышкан нандын, бакчадагы шилбилердин, жаңы орулган чөптөрдүн, жаандан кийинки топурактын, сонун болуп бышкан шишкебектин, жаңы үзүлгөн кулпунайдын, шабдалынын, петрушканын, колдонгон самыныңыздын, шампунуңуздун жытын жана ушуга окшогон дагы көптөгөн жытты сезе алганыңыз үчүн мурдуңуздагы сезгич түзүлүшкө карыздарсыз.
Көп адамдар бир күндө канчалык көп жыт сезээрин жана ал жыттар аркылуу оюнда буюмдардын элесинин калыптанып жатканын эч ойлонбойт. Негизи жеген тамагыңыздын даамын да жыт алуу сезимиңиз сездирет. Жыт буюмдарды таануудагы негизги факторлордун бири.
Сиз ар бир дем алган сайын заттардын жыттары да мурундан ичкери кирет. Адамдын мурду бир жытты 1 секундадан да азыраак убакыт ичинде анализ кылат жана болжол менен 3000 түрдүү жытты бир-биринен айырмалай ала турган укмуш кубаттуулукка ээ.60
Мурундун үстүңкү бөлүгүндө көп санда нерв клеткасын камтыган жана жыт эпителийи деп аталган эки кичинекей аймак болот. Ал аймактар жыт сезүү кызматын аткарат. Жыт болсо абада молекулалар абалында учуп жүрөт. Дем алып жатканда абадагы кычкылтек менен бирге бул молекулалар да мурунга кирет. Аба менен кирген «жыт молекулалары» жыт эпителийиндеги кабылдагычтарга жеткенде, ал жердеги клеткаларды стимулдайт. Натыйжада ал клетка мээге бир электрдик сигнал жөнөтөт. Мээ жыт молекуласын эмес, ага келген электрдик сигналды гана «окуйт». Электрдик сигналдын мээ тарабынан чечмеленишин адам жыт катары сезет.
Мурун сонун жыттуу гүлдөрдүн же табит ача турган тамактардын жыттарын сездиргенден тышкары да өтө маанилүү функциялары бар бир органыбыз. Дем алган абабыз аркылуу абадан келген кычкылтек менен аны денебиздин бүт клеткаларына жеткирген кан арасындагы негизги байланыш жолдорунун бири. Кыскасы, мурун бир жагынан жыт сезүү органы, экинчи жагынан болсо дем алуу каналдарынын башталышы катары өтө маанилүү. Эки бөлүктөн турган мурундун ичинде «түкчөлөр» жана былжыр деп аталган бир секреция бар. Аба мурундан ичкери киргенде ошолорго жолугат жана ошол замат анализге алынат. Абадагы молекулалар бөлүп алып анализделет жана мээге жиберилип жыттын эмнелиги аныкталат, анан ошого жараша реакция берилет. Бул процесстердин баары 30 секундага созулган өтө кыска убакыт ичинде ишке ашат.
1. Brain | A. Detailed cross-section of nasal epithelium |
It is not enough for the air we breathe to be cleaned of harmful substances. If it is to be used, it must also be warmed and moistened. The folds in the nasal passages possess the ideal system for warming air. Air caught in them is heated by the very fine blood vessels on the nose’s inner surface.The cool, dusty air you breathe in is thus warmed, filtered, cleaned and moistened before it ever reaches your lungs. Were that not so, and the air you breathe reached your lungs in its original chilling, drying state, you would also be exposed to serious infections in the lower parts of the lungs, since the air is full of bacteria. The superior creation in the nose protects you from that danger, however. |
Мурундун ичинде аэродинамикалык жактан да кемчиликсиз долбоор бар. Аба ичкери киргенде түздөн-түз кекиртекке кетпейт. Мурун, бир кондиционердей, өзгөчө фильтр системалары менен сырттан келген булганган, ысык, муздак же нымдуу абаны өпкөлөргө ылайыктуу абалга алып келет. Мурундагы атайын ийилген форма натыйжасында аба ал жерде бир тур айланып чыгат. Натыйжада мурундун капталындагы түкчөлөр менен тамыр торуна көбүрөөк тийет. Мына ушул ийилген система натыйжасында мурун күнүнө 15 м3 абаны сүзүп (фильтрлеп), тазалап, нымдантып, жылытат. Бул болжол менен бир бөлмөнүн ичиндеги абага барабар.
Бирок бул жерде булганган аба дегенде ойго чаң аба эле келбеши керек. Аба менен бирге кирген чаңдан тышкары бактерия, чаңчалар ж.б. ушул сыяктуу болжол менен 20 миллиард чоочун заттын денеге киришине мурундагы өзгөчө система аркылуу бөгөт коюлат.
Breathing takes place automatically. A person makes no effort to carry out this vitally important function, seldom makes any decisions regarding it and needs not intervene in it in any way. This miraculous system goes into operation from the moment you are born, and works without ever stopping. |
Эволюционист, медицина инженери Джон Ленихан (John Lenihan) Human Engineering аттуу китебинде дем алуу системасын кондиционерге салыштырып, денедеги кемчиликсиз долбоорду төмөнкүдөй сүрөттөйт:
Мурун тешиктеринин артындагы аймак аналитик химиктер түшүндүрө албаган укмуш сезгич бир аныктоочу (детектордук) система менен бириккен дүйнөнүн эң мыкты кондиционер системасына ээ.61
Чаңдары менен ар кандай зыяндуу бактерияларын мурундагы кондиционер системасына калтырган аба бул процесстен соң ар бир мурун тешигинде үчтөн жайгашкан ийилген түзүлүштөрдүн үстүнөн өтөт. Мурундагы түкчөлөргө илинип калган чоочун заттар эми бул жердеги былжырдын антибактериалдык таасири менен нейтралдаштырылат. Аба бул ийилген жерлерге урунганда багытын өзгөртүп, мурундун капталдарын сүзөт. Ал жерди сүзгөндө былжыл суюктугу ичинде кармалат. Дем алынган абанын чоочун заттардан тазаланышы өтө масштабдуу жана өтө кылдат. Кичинекей да ката кетирүүгө, унутуп коюуга же аттап кетүүгө жол берилбейт. Себеби бир бактериянын же зыяндуу бир заттын өпкөдөй назик бир органга өтүшү адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок ошого карабастан зыяндуу заттардын мурундан өтүп кетүү ыктымалдыгына карата дагы бир коргоочу механизм коюлган. Мурундан өтө алган заттар бар болсо, алар дем алуу каналдарында кармалышат.
Мурундун ичинде тазаланып, температурасы ылайыкташтырылган аба өпкөлөрүңүзгө баруу үчүн даяр болот. Өпкөлөргө кекиртек (трахея) аркылуу барат.
Абанын дем алуу системасындагы сапарын улантуудан мурда бир жагдайга токтоло кетүү туура болот. Дем алган абабызды тазалоочу системаны бир кондиционерге салыштырдык. Болгондо да, тазалап эле койбой, температурасын да ылайыкташтырган, кош системалуу бир кондиционер. Адам денесиндеги бул кондиционер кантип пайда болгон? Кантип денебизге жайгашып калган? Кантип ар бир адамда кемчиликсиз бойдон пайда болууда?
Бул суроолордун жообун берүү үчүн дагы бир суроо узаталы: бир кондиционер кокустан пайда болушу мүмкүнбү? Бир-бири менен шайкеш иштеген кондиционер тетиктери; абаны сүзүүчү фильтрлер, нымдаштыруучу механизмдер, муздак абаны жылытып, ысык абаны муздатуучу бир система кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүнбү? Бир бөлмөгө кондиционерди түзгөн бүт заттарды, ал тургай, бир кондиционердин бүт тетиктерин коюп койдук дейли. 10 жыл, 100 жыл, 1000 жыл, ал тургай, 1 миллион жылдан соң ал бөлмөгө кайра киргенибизде тетиктер өзүнөн-өзү биригип, иштеген бир кондиционер пайда болуп калышы мүмкүнбү? Убакыт ичинде бир кондиционердин өзүнөн-өзү пайда болушу мындай турсун, ал заттардын дат басып, эскирип, бузулуп калаары анык.
Кандайдыр бир техникалык шайман пайда болушу үчүн бир долбоорчу болушу керек жана ал долбоорчу бүт тетиктерди белгилүү тартипте бириктириши, ал үчүн өтө көп эмгектениши зарыл. Муну ар бир акылы бар адам кабыл алат. Денебиздеги кондиционерди да функциялары жагынан караганыбызда биз билген кондиционерлерден эч кандай айырмасы жок. Болгондо да, курамындагы элементтери жагынан бул кондиционер башкалардан өтө жогору. «Дүйнөнүн тууроого мүмкүн эмес эң мыкты кондиционер системасы» деп сыпатталган мурундагы долбоор – албетте, Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин бир чыгармасы. Аллах адамды жашашы үчүн керектүү эң кемчиликсиз система менен бирге жараткан. Аллах бүт нерсени кемчиликсиз жана өрнөксүз жаратуучу.
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
In The Respiratory Passages, Tiny Hairs are Able To Find Directions Impeccably | ||||
As you breathe air, you actually inhale a great many harmful substances. Yet these have no effect on you, since they are caught and neutralized at specific security checkpoints before ever reaching your lungs.
The surfaces of all respiratory passages, from the nose to the bronchia, are covered in a layer of mucus, that moisturizes the passages and thus traps tiny particles breathed in with the air, preventing them from entering the lungs. However, foreign bodies trapped in the mucus must be expelled or they will gradually accumulate in the respiratory passages. To effect that, another security mechanism in your body goes into operation. Pointed whips or flagella known as cilia cover the surfaces of the respiratory passages. There are 200 of these cilia on every cell on the surfaces of the respiratory passage. The cilia in this region beat 10-20 times a second, setting up a constant motion in the direction of the pharynx. They thus permit the mucus containing foreign bodies to move always towards the pharynx at a speed of 1 centimeter (0.4 inch) per minute. Cilia above in the nose, knowing that the mucus in this region must now proceed downwards, set up a whipping motion in the exact opposite direction, thus permitting the dust-laden mucus to reach the pharynx. In this way, the entrance to the respiratory system is purified of foreign bodies. As these examples show, the tiny cilia have no eyes, ears, brains, yet can identify the location of the pharynx, which is proportionately thousands of kilometers away from them. In addition, they know that foreign bodies allowed to proceed to the lungs will harm the body, and they all move together, in coordination, in the proper direction to prevent this happening. These tiny hairs, no longer than 1/2 millionth of a meter, have the kind of working mechanisms scientists have been unable to unravel fully despite all their various experiments and long years of research. It has been working flawlessly ever since the first human came to be. Since they act under the inspiration of Allah, Who created them, they possess a perfect functioning that no chain of coincidences could ever have created. |
1. Middle Pharynx | 3. Esophagus |
The upper respiratory passages in the nose |
Алгач мурунда тазаланган аба дем алуунун кийинки этабында дененин ичинде жол жүрүп, бир аз төмөнгө түшөт. Абанын мурундан кийин өтө турган жери – бул кекиртек.
Микроскоп менен анализ кылганда кекиртектин ар секунда өзүн-өзү тазалап өпкөлөрдү коргоп тураарын көрөбүз. Кекиртектер шакектер абалындагы бир формага ээ жана ички бөлүгү килем сыяктуу кыймылдуу түкчөлөр менен капталган. Ал түкчөлөр тынымсыз өпкөгө тескери багытта, б.а. оозду көздөй камчы сымал кыймылдап турат. Натыйжада түкчөлөрдүн бетине түшкөн майда бөлүкчөлөр тамакты көздөй жылып, өпкөдөн алыстатылат. Тамак жакта тамак түтүгү менен бириккен кекиртек ичиндеги калдык бөлүкчөлөр менен кээ бир бактерияларды тамак түтүгүнө өткөрөт. Тамакта чогулган бөлүкчөлөр жутуу рефлексин баштатат. Натыйжада калдык заттар менен өпкөдө оору пайда кылышы мүмкүн болгон бактериялардын баары жутулуп, ашказанга өткөрүлөт жана ашказан кислотасында майдаланып жок кылынат. Эрте менен ойгонгондо тамактын толуп калышынын жана үндүн өзгөрүп калышынын себеби да – түнү бою кекиртектин өзүн тазалоо процессинде чогулган чоочун заттар менен бактериялар.
Өпкөлөрдү коргоочу камсыздандыруу системалары булар менен эле чектелбейт. Кокустан кекиртекке тамак же ным бөлүкчөлөрү чуркап кетсе да, алар башка бир коопсуздук каражаты, жөтөл деп аталган аба соккусу аркылуу чыгарылат. Бир жөтөлдүн абаны түртүшү саатына 960 километрге чейин жете алат.62
Кекиртек тамактан өпкөлөргө чейин созулган, узундугу болжол менен 30 см болгон бир түтүк. Бул түтүк дайыма ачык болушу керек. Антпесе аба өпкөлөргө жетпей калып, адам дем ала албай өлөт. Моюндай кыймылдуу бир аймактан өткөн жана эттен жасалган бул ийкемдүү түтүктү дайыма ачык кармоо чындыгында өтө оор. Бирок кекиртектин кереметтүү долбоору натыйжасында бул кыйынчылык жоюлган. Кекиртек С тамгасы формасындагы кемирчектер менен кубатталган. Мына ошол кемирчектер кекиртектин жабылышына бөгөт болот.
1. Throat | 4. Bronchus | 6. Loose Tissue | 9. Epithelial Cells |
Above shown the tiny hairs in the respiratory passage as seen under an electron microscope, and at right, the general structure and a cross-section of the respiratory passage. |
Бул комплекстүү системанын кандайдыр бир бөлүгүнүн жок болушу денеде оңдолгус жабыркоолого себеп болот. Мисалы, генетикалык бир оору болгон Картагенер синдромунда системанын бүт мүчөлөрү толук бар болгону менен, кекиртекти каптаган түкчөлөр кыймылдабай калат. Бул кемчилик менен төрөлгөн наристелердин көпчүлүгү бат бат кайталана берген өпкө инфекциялары себебинен эч канча жашай албай көз жумушат.
Адам денесинин тереңинде көзгө көрүнбөгөн микро түкчөлөр адам ден-соолугу үчүн болгон күчү менен иштешет. Дем алуу түтүгүңүзгө кирген чаң менен чоочун заттарды «колдон колго өткөрүп» өпкөңүздөн алыстатууга аракет кылышат. Адам бар экенин да эч билбеген, бирок адам үчүн түнү-күнү кызмат кылган миллиондогон микро түкчөлөр – адам денесинин долбоорлонгонун, б.а. жаратылганын көрсөткөн бир далил.
The Mere Existence of The Microscopic Hairs That Cause The Cells To Act is Sufficient To Refute The Myth of Darwinisms | |||||
Darwinists would have us believe that all life came into being as the result of uncontrolled coincidences. But the thousands of details in the structure of the micro-hairs, whose sole function is to cleanse the esophagus refute this myth: Thanks to micro-hairs, certain cells act rather resembling eyelashes. For example, every fixed cell in the respiratory passage contains hundreds of such hairs.
These hairs all move at the same time, just like oarsmen in a scull, to move the cell forward. When one of these hairs is cut in cross-section, it is seen to consist of nine separate microscopic rods, called micro-tubes. Micro-tubes are made up of proteins known as tubulin. These micro-tubes, in turn, consist of two interconnected links. One of these links consists of 13 fibers, the other of nine. Each micro-tube has two extensions known as the inner and outer arms, which contain a protein called dynein—whose function is to set up a mechanical force and to serve as an engine between the cells. The molecules comprising the protein tubulin are laid out like bricks, forming a cylindrical pattern within the cell. The sequence of tubulin molecules is far more complex than that of bricks, however. In the middle of the micro-hairs are two more micro-tubes that stand alone and consist of 13 strands of tubulin. Each tubulin has 10 protrusions on its upper part and 10 indentations on the bottom. These have been created to be compatible with one another, and thus set up a very solid structure. The slightest defect in the very special creation of these protrusions and indentations will harm the structure of the cell. These components which we have just described in very general, simple terms give rise to the micro-hair. Their sole purpose is to cause just one of the trillions of cells in your body to move. Everyone who has ever lived has possessed just such a wide-ranging system in their respiratory cells. In addition, these hairs’ complex and numerous parts have further substructures. In short, Allah has installed an exceedingly systematic and complex mechanism inside an area that we can effectively refer to as taking up no space at all. It is absolutely impossible for cells to coincidentally install such a system in such an inconceivably tiny space. This is possible only by means of Allah’s superior and infinite intellect, knowledge and power. |
Кекиртектен өткөн кычкылтек кекиртектен экиге бөлүнгөн бронхтордон (коко) өтүп, өпкөлөргө жетет. Көкүрөктө бири оңго, экинчиси солго жайгаштырылган эки өпкө бар. Өпкө эң негизги органдардын бири. Денедеги башка органдар менен болгон байланыштарынан тышкары, өз ичинде да өтө комплекстүү бир долбоорго ээ.
Өпкөнүн түзүлүшүн тереңирээк кароодон мурда баарыбыз чогуу бир долбоордун кантип жасалаары жөнүндө ойлонолу.
Бир долбоордун биринчи этабы – бул белгилүү бир план түзүү. Андан соң ал планга ылайык белгилүү бөлүктөр чогултулат. Айланаңызды караганыңызда көптөгөн долбоорлонгон нерселерди көрөсүз. Бир сүрөттө долбоор бар, азыр колуңузда турган бул китептин сырткы бетинде, ички бетинин дизайнында, китептин ичинде баяндалган нерселердин бүтүндүгүндө да бир долбоор бар. Бул китепти түзгөн кагаздар да, кийген кийимдериңиз да, отурган креслоңуз да долбоорлонуп жасалган. Китептин бул жерге чейинки бөлүмдөрүндө далилдери менен көргөнүбүз сыяктуу адам денесинде да апачык бир долбоор бар.
Эми адам денеси менен байланыштуу сизден бир долбоор түзүү талап кылынды дейли.
«Кандагы көмүр кычкыл газын тазалап, ордуна кычкылтек бере турган бир аппарат» долбоорлошуңуз керек. Бирок ал аппарат адам денесине бата тургандай көлөмдө болушу шарт.
1. Cartilage | 3. Blood Vessels | |
The upper respiratory passages in the nose | ||
1. Lung with air sacs visible | 5. Windpipe |
Мындай бир аппаратты долбоорлой алуу үчүн алгач кан жана кычкылтек жөнүндө миңдеген маалыматты билишиңиз керек болот. Канда кычкылтектин кантип ташылаары, кычкылтек ташыган белоктордун молекулярдык түзүлүшү, кычкылтектин атомдук өзгөчөлүктөрү сыяктуу көптөгөн нерселерди билишиңиз керек. Бул маалыматтарсыз сизден талап кылынган аппараттын долбоорун эч качан түзө албайсыз.
Кан менен кычкылтек жөнүндө тереңирээк изилдөө жасасаңыз төмөнкүдөй жыйынтыкка барасыз; кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек менен орун алмашышы үчүн кан суюктугу менен аба мүмкүн болушунча эң кеңири аянтта бир-бирине түздөн-түз тийиши керек болот. Болжол менен 100 метр квадраттык аянт талап кылынат. Б.а. сиз долбоорлой турган аппарат кан менен абаны 100 метр квадраттык бир аянтта бир-бирине тийиштириши керек болот. Бирок ал аппарат ошол эле учурда бир адамдын денесине бата турганчалык кичинекей көлөмдө болушу зарыл. Албетте, мындай бир аппаратты долбоорлоо бийик акыл менен илимди талап кылат.
Жер жүзүнүн эң белгилүү долбоорлоо адистерин топтоп, долбоорлор жасап, жер жүзүнүн эң алдыңкы технологияларын колдонуп долбоорлогон аппаратты өндүрүүгө аракет кылышыңыз мүмкүн. Бирок канчалык аракет кылбаңыз, бул иш үчүн өпкөлөрүңүздөй кемчиликсиз долбоордогу бир аппаратты жасай албайсыз.
Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: өпкөлөрдө 100 метр квадраттык бир аянт адамдын көкүрөгүнүн ичине жайгаштырылып, пакеттелгидей кандай бир технология менен долбоор орун алган. Бул суроонун жообун билүү үчүн өпкөнүн кереметтүү өзгөчөлүктөрүн тереңирээк изилдөө жетиштүү болот.
1. Bronchus | |
Oxygen enters your body through the alveoli in your lungs. These delicate air sacs are surrounded by capillary vessels the width of a cell. |
Өпкөлөрдүн түзүлүшүн анализдегенде, кычкылтек менен көмүр кычкыл газын жолуктуруу үчүн долбоорлонгон кемчиликсиз бир түзүлүштү көрөсүз.
Өпкөнүн ичине ар бири төөнөгүчтүн учунан да кичинекейирээк 300 миллиондон ашык исиркек (альвеол) жайгаштырылган. Исиркектердин ар биринин диаметри 0,25 миллиметр. Ал исиркектердин жалпы беттик аянты эсептелгенде, укмуш бир сан келип чыгат. Бир адамдын өпкөсүнүн беттик аянты болжол менен 70-100 метр квадратка барабар. Мынчалык чоң аянттын ушунчалык кичинекей көлөмгө батырылганы өпкөлөрдөгү кемчиликсиз долбоорду көрсөтөт.
Сиз ар бир дем алган сайын ушул 300 миллион кичинекей исиркектин ичи абага толот. Бул исиркектердин ички бетинде капиллярлар орун алган. Шарлар абага толгондо капиллярлардын ичиндеги кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек атомдору менен орун алмашат.
Бирок бул исиркектердин ачылып жабылышы бир караганда көрүнгөндөй оңой эмес. Биринчи жолу үйлөнгөн шарды үйлөө канчалык оор болсо, кадимки шарттарда өтө тартылып турган альвеолдорду абага толтуруу да ошончолук оор болот. Бирок дем алып чыгарып жатканда эч кыйналбайбыз. Альвеолдорубуздун ачылып жабылганын сезбейбиз дагы. Себеби дем алуу системабызда эч кыйынчылыксыз дем алып чыгарышыбызга шарт түзгөн бир долбоор бар. Ар бир дем алганда альвеолдордун кыйынчылыксыз ачылып жабылышына шарт түзө турган бир системанын болбошу – адам үчүн өлүмгө себеп боло турганчалык олуттуу бир көйгөй.
Мүмкүн болгон эң мыкты долбоор кайра эле адамдын буйругуна берилген.
Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашык исиркектин айланасы сурфактант аттуу бир зат менен курчалган. Сурфактант заты исиркектердин ачылып жабылышына көмөкчү болуп, беттик чыңалуусун азайтат.63 Бул заттын дагы бир функциясы, дем чыгарып жатканда исиркектердин толук бошоп калышына бөгөт болот. Сурфактанттан улам эң күчтүү дем чыгарганда да өпкөлөрдө белгилүү көлөмдө аба калат. Натыйжада альвеолдун айланасында жүргөн кан дайыма абага тийип, дененин бүт клеткаларына үзгүлтүксүз кычкылтек жеткирет.
1. Alveolus | |
Components of the region where respiration takes place: |
Сурфактант альвеолдордун бетиндеги өзгөчө бир клетка тобу (II типтеги гранулдук пневмоциттер) тарабынан синтезделет. Дененин өпкөдөн башка эч жеринде кездешпеген ушул клеткалар себептүү эч кыйынчылыксыз дем алып чыгара алабыз.
Бул заттын маанилүү касиеттеринин бири, ал наристенин төрөлөөрүнө толук бир ай калганда чыгарылып баштайт. Окуянын кереметтүү тарабы мына ушул жерде башталат. Эне жатынында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болом деп ойлоп, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү альвеолдорго (исиркектерге) көмөкчү боло алаарын кайдан билиши мүмкүн? Бул заттын альвеолдордун беттик чыңалуусун төмөндөтөөрүн кайсы химия билими менен болжолдой алат? Бул заттын болбошу наристенин өтө кыска убакытта көз жумушуна себеп болот. Мындай даярдык көрүлбөгөн, б.а. сурфактант өндүрүшү жетишсиз болгон кээ бир учурларда, мисалы ара туулган наристелерде бул кычкылтек жетишсиздигине себеп болот.64
Адам денесинин бүт тарабында көрүлгөн мындай кылдат тең салмактуулук жандыктардын кемчиликсиз жаратылгандыгынын маанилүү бир мисалы. Чексиз кудуреттүү Аллах ар бир жандык үчүн теңдешсиз долбоорлор жараткан. Буларды изилдеп Раббисин таануу жолунда дагы бир кадам таштаган адамдын милдети болсо – Аллахтын улуулугун жакшылап түшүнө алуу жана Андан чындап коркуу.
Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын немат-жакшылыгын саноого аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар. Чынында, адам абдан заалым, абдан шүгүрсүз. (Ибрахим Сүрөсү, 34)
Without your ever being aware of it, there is a constant exchange of oxygen, carbon dioxide and water in your body. Around 1 trillion air molecules enter the body every time you inhale. |
Дем алуу процессин көп тараптан оттун күйүшүнө окшотсо болот. Бирок оттун күйүшүнө салыштырмалуу дем алуу жайыраак жана төмөнүрөөк температураларда ишке ашкан бир химиялык процесс.
Клеткаларыңыз кандагы кычкылтекти колдонуп азыктардагы көмүртекти «күйгүзөт» жана бул күйүү натыйжасында денеңизге керектүү энергия келип чыгат. Ошондуктан ар бир дем алганыңыздан кийинки кубулуштарды миллиарддаган кичинекей оттун ичиңизде күйүшү деп сүрөттөө жаңылыштык болбойт.
Адам денесиндеги клеткалардын ар бири дайыма кычкылтекке муктаж. Мисалы, азыр көзүңүздүн торчо катмарындагы миллиондогон клетканын эч тынымсыз кычкылтек менен азыктанышы натыйжасында бул китепти окуй алып жатасыз. Ошол сыяктуу, денедеги бүт булчуңдар, ал булчуңдарды түзгөн клеткалар көмүртек кошулмаларын «күйгүзүп», б.а. аларды кычкылтек менен реакцияга киргизип энергия алышы зарыл. Сиз ар бир дем алган сайын денеңизге 100 триллионго жакын аба молекуласы кирет. Анын болжол менен 21%ы, б.а. 21 триллиону кычкылтек молекуласы. Дем алуу системасы аркылуу денеңизге кирип, кан айланууга кошулган бул молекулалар, кан аркылуу дененин эң четтерине чейин жеткирилет. Жана ал жердеги көмүр кычкыл газы молекулалары менен орун алмашат. Биз жөн гана дем алып жатам деп ойлогонубузда, денебиздин тереңинде эч тынымсыз кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана суу алмашуусу жүрүп жаткан болот.
Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газын сыртка чыгарып, ордуна кычкылтек алуу. Бул процесстер дене кыртыштарынан өтө алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтек кандайдыр бир жол менен кыртыштарга жеткирилип, кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газы болсо кайра өпкөгө жеткирилиши керек. Мындай ташуу иши кантип жасалат?
1. Cell Released By The Surface | 5. Red Blood Cell |
The anatomical structure of the respiratory membrane is shown to the above left. Oxygen enters the capillary vessels in the bloodstream through the alveoli; carbon dioxide enters the alveoli from the blood. The alveoli are connected to one another by minute gaps. The picture to the right shows these gaps in detail. |
Кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын адам денесиндеги чарчаганды билбеген ташыгычтары – бул кандагы эритроциттер. Өпкөдө эритроциттер клеткалардан алып келген калдык затты, б.а. көмүр кычкыл газын альвеолдордун ичине чыгарып, альвеолдун ичиндеги кычкылтекти сорушат. Бул процесс атайын бир кабыкча аркылуу жүрөт. Ал кабыкчанын бир тарабын альвеолдун (исиркек) ичиндеги кычкылтектүү аба түзсө, экинчи тарапта туурасы ичинен бир гана эритроцит өтө ала турганчалык капилляр бутактар орун алган. Натыйжада кычкылтек молекуласы менен эритроциттер бир-бирине эч кыйынчылыксыз тийе алышат.
Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга жеткирилет. Гемоглобин молекуласы өзгөчө бир долбоордо жасалган. Өпкөдө кычкылтекке чиркешкен гемоглобин кан айлануу аркылуу дененин тереңин көздөй сапар тартат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет болот. Өзгөчө долбоордо жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленип, кычкылтек менен болгон химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин натыйжада жүгүн, б.а. кычкылтекти койо берет. Мына ошол кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет.
1. Alveolus | 2. Erythrocyte | 3. Capillary Vessel | 4. Body Cells |
The carrying of oxygen and carbon dioxide takes place in this way: |
Гемоглобиндин иши муну менен бүтпөйт. Гемоглобин ал жерден алып кетүү керек болгон көмүр кычкыл газын өпкөлөргө жеткирүүдө да өтө маанилүү роль ойнойт. Бул кубулушту кыскача төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:
Клетканын дем алышынан пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз ферментинин таасири аркылуу суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат менен суутек иондоруна бөлүнөт. Пайда болгон суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алып келинет. Жүрөктөн болсо өпкөгө жеткирилет. Өпкөлөрдө бир катар процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем чыгаруу учурунда сыртка чыгарылат.65
Гемоглобиндин түзүлүшүндө өзгөчө бир касиет бар. Гемоглобин кычкылтекти ташуу жөндөмүнөн тышкары, кычкылтекти керектүү учурда, керектүү жерге таштоо жөндөмүнө да ээ. Бул ийгиликтин сыры кычкылтек менен гемоглобиндин арасында курулган химиялык байланышта жашырылган. Гемоглобиндин бул касиетинин маанисин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй анализ кылуу туура болот:
-Эгер гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган байланыш бир азга алсызыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке улана алмак эмес жана кыртыштарга кычкылтек жеткириле алмак эмес. Бул жандыкты сөзсүз өлүмгө алып бармак.
-Тескерисинче гемоглобин менен кычкылтек арасындагы байланыш бир аз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин менен кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бир-биринен ажырай албай калмак. Анда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калып, жандыктар бир канча мүнөт ичинде өлүшмөк.
Бул эки жагдай гемоглобиндин өзгөчө бир план, долбоор менен жасалгандыгынын апачык бир далили. Адам денесинде кычкылтекти ташуу үчүн кемчиликсиз бир система жаратылган. Бул системанын ичиндеги ар бир майда-барат Аллахтын илиминин чексиздигин жана чексиз кудуретин бизге далилдейт. Ой жүгүрткөндө гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган молекулярдык байланыштын күчүнүн чоңдугу жөнүндө эле чексиз ыктымалдык бар экенин оңой эле түшүнүүгө болот. Бирок ошол чексиз ыктымалдыктын ичинен мүмкүн болгон эң ылайыктуу байланыш гемоглобин менен кычкылтек молекуласы арасында түзүлүүдө. Байланыштын күчү аз да, ашыкча да эмес. Дал талап кылынган чоңдукта. Мунун кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес. Бул апачык бир пландын, бир долбоордун натыйжасы.
Бул молекуланын өндүрүшүндө кандайдыр бир катачылыктын кетиши, дем алуу процессиндеги кандайдыр бир кемчилик, кандын насостолушунда кандайдыр бир маселенин жаралышы, кандын курамынын өзгөрүшү (бул үчүн бөйрөктө кичине эле көйгөй жаралышы жетиштүү болот), эң биринчиден өтө оор ооруларга, аягында болсо өлүмгө себеп болот. Демек бул улуу тартипти түзгөн бөлүктөрдүн эч биринин кокустуктар натыйжасында, өзүнөн-өзүн пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес. Баары бир учурда, бир денеде пайда болушу шарт. Болгондо да, бул адам денесиндеги бир клеткадагы кычкылтек ташуу процессине эмес, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин триллиондогон клеткасында бир-бирден ишке ашкан процесстерге тиешелүү.
Бул кемчиликсиз долбоор кимдин чыгармасы? Гемоглобин кычкылтек ташып баштаган жер – өпкөлөр. Бирок мындай комплекстүү түзүлүштөгү молекуланын өндүрүшү болсо толугу менен жилик чучугунун контролунда. Жилик чучугу клеткаларынын алардан өтө алыстагы бир органда болуп жаткан процесстерден кабардар болушу жана анын муктаждыгына карап иш кылууну чечиши мүмкүнбү? Албетте, бул акылга сыйбайт.
Дем алуу системасындагы ар бир детальда улуу жана теңдешсиз бир акылдын далилдери көрүнүүдө. Өтө комплекстүү жана ошончолук кемчиликсиз бул системаны эч качан кокустуктар менен келип чыккан дегенге болбойт. Мунун бир гана түшүндүрмөсү бар: жаратылуу. Аллах адамдарды азыркы дене түзүлүштөрү менен жоктон жараткан.
Ал асмандарды жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал «бол» деген күнү (бүт баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат. Суръа үйлөнгөн (чалынган) күнү мүлк Аныкы. Ал кайыпты жана күбө болунганды (көрүнгөндү) билүүчү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабардар. (Энъам Сүрөсү, 73)
Адам дем алып чыгарып жатканда денесинде болуп жаткандарды билбейт. Чуркаганда бат бат дем алып башташы, уктап жатканда жайлашы ал үчүн жөнөкөй эле окуялар болуп саналат. Бирок дем алып чыгаруунун абалга жараша өзүн жөнгө салышы өзүнчө бир керемет.
Өпкө бир аба насосу сыяктуу өмүр бою эч тынымсыз дененин ичине аба алып, анан аны сыртка айдайт. Бирок өпкө бүт башка органдар сыяктуу иштөө үчүн бир тышкы энергияга, күчкө муктаж. Бул күч көкүрөктүн астындагы диафрагма менен кабырга сөөктөрүнүн араларында жайгашкан булчуңдардан камсыз кылынат. Дем алганыбызда кабырга сөөктөрү сыртты жана жогоруну көздөй кыймылдайт. Өпкөнүн астындагы диафрагма булчуңу төмөн көздөй басылат. Өпкө кекиртектеги абаны төмөн көздөй тартат. Дем чыгарганда кабырга сөөктөрү ичти көздөй кайра тартылат. Кабырганын астындагы диафрагма булчуңу жогору көздөй кыймылдайт. Өпкө кысылганда майда альвеолдордогу аба сыртка чыкканга мажбурланат. Мажбурланган аба кекиртектен жогору көздөй чыгат.
Сиздин денеңиздеги бул иш-аракеттерге эч бир салымыңыз болбойт. Буйрук да бере албайсыз, кыймылдашы үчүн булчуңдарыңызга салым да кошо албайсыз. Булардын эч бирине муктаждык жок. Себеби өпкөңүзгө мындай энергия колдоосунун кантип көрсөтүлөөрү улуу бир акыл тарабынан жөнгө салынган.
Көкүрөктүн дем алуу системасында өтө маанилүү орду бар. Көкүрөктүн эң белгилүү өзгөчөлүгү – бул ички органдарыбызды, өзгөчө жүрөк менен өпкөлөрдү коргоо. Көкүрөктүн ийкемдүү болушу болсо дем алып чыгарууну жеңилдетүүчү өтө маанилүү бир өзгөчөлүк.
Дем алганыңызда көкүрөгүңүз кеңейет. Сөөктөн жасалган бул соот таң калыштуу ийкемдүүлүк жөндөмүнө ээ. Кадимки шарттарда баш сөөгү сыяктуу өтө катуу жана коргогуч бир калканга окшогон бул долбоор таң калыштуу даражада ийкемдүү. Бирок бул жерде унутпаш керек болгон жагдай, ал ийкемдүүлүк да өтө так жөнгө салынган. Эгер көкүрөк азыркы абалынан бир азга азыраак ийкемдүү болгондо, өпкөлөр кеңейе албай, адам эркин дем ала албай калмак. Бирок Аллах бул ийкемдүүлүктү ушунчалык ылайыктуу кылып жараткандыктан, ийкемдүүлүк аз да, көп да болбой, адам үчүн бир жакшылыкка айланган.
1. Windpipe 4. Inhalation | |||
Every time you breathe, the diaphragm and chest cavity move. A- Changes in the position of the diaphragm and the volume in the chest cavity during inhalation and exhalation B- Changes in the position of the chest cavity during inhalation and exhalation. Air fills the lungs when the volume of the chest cavity increases. |
Тышкы факторлорго карата көкүрөктүн болушу, сырттан келе турган чаңдарга карата кекиртекте жайгашкан түкчөлөр, абанын температурасын жөнгө салган жана микробдор менен согушкан мурун былжыры, беттик чыңалуунун жоюлушу үчүн сурфактант затынын чыгарылышы жана дагы көптөгөн майда-чүйдөлөр... Өпкөлөрдүн коопсуздугу үчүн денеде каралган системалар булар менен эле чектелбейт. Өпкөнүн сырткы бетинин башка органдар менен сүрүлүүсүнө бөгөт коюу үчүн дагы бир коргоо механизми бар.
Сырткы бети бир кабыкча катмары менен (плевра) капталган өпкө дем алып-чыгарып жатканда эч жери жабыркабайт. Ар бир өпкөнү өз-өзүнчө бир баштык сымал ороп турган плевра көкүрөк капталы менен диафрагманын ички бетин ороп турган башка бир кабыкчага тийип турат жана аралары жылмакай бир суюктук капталган. Натыйжада дем алып-чыгарууда эч качан өпкөнүн сырткы бети органдарга тийип сүрүлүүдөн улам жабыркабайт.66
Мындан тышкары, өпкөнү каптаган кабыкча менен көкүрөк капталын орогон кабыкча арасындагы терс басым өпкөнүн көкүрөккө вакуум менен жабышышына себеп болот. Натыйжада өпкө абада асылып турат жана өз салмагы астында эзилип калбайт. Өпкөдөгү вакуумдуу абал кандайдыр бир себептен –мисалы бир жол кырсыгында, көкүрөккө кирип кеткен сүйрү бир нерсе себебинен- бузулса, өпкөлөр бир шар сымал кичирейип, адам көз жумат.67 Бул система өпкөдөгү кереметтүү добоордун дагы бир көрсөткүчү.
a. O2 absorption | i. Cleansed blood is sent from the lungs to the heart and then distributed to the body l. CO2-laden blood goes from the tissues to the heart, and from there to the lungs. |
Respiration takes place with the control mechanism shown above.
Consider how many times you breathe each day. All these processes take place to perfection every time. Any confusion in the order or any deficiency would mean you could not receive oxygen. All these processes, described in brief and which take place without exception at every moment, happen by the leave of Allah. |
Дем алуу процессинин жыштыгы менен тереңдиги шартка жараша өзгөрөт. Мисалы, чуркаган же тепкичтен чыккан бир адам отурган бир адамга салыштырмалуу көбүрөөк жана ылдамыраак дем алып чыгарат. Себеби кыймылдап жатканда дене клеткалары көбүрөөк күч, энергия сарпташат. Ошондуктан триллиондогон клетка кадимкиге караганда көбүрөөк кычкылтек талап кылат. Кычкылтек муктаждыгынын өсүшү менен бирге алар чыгарган ашыкча көмүр кычкыл газын да эртерээк денеден чыгаруу керек болот. Эгер көбөйгөн кычкылтек талабы канааттандырылбаса, бүт дене клеткалары мындан жабыр тартышат. Мээ, жүрөк сыяктуу кычкылтек жетишсиздигине эч чыдай албаган аймактардагы клеткалар болсо өтө кыска убакытта толук өлүп калышат.
Көбүрөөк кычкылтек берип, кадимкиден көбүрөөк көмүр кычкыл газын чыгаруунун жалгыз чарасы – бул дем алууну ылдамдатуу. Дем алууну ылдамдатуунун жалгыз жолу болсо – өпкөлөрдү ылдамыраак иштетүү. Мындайда атайын бир система ишке кирип, тезинен өпкөнүн иштешин ылдамдатышы зарыл болот. Дем алуу системасы ушундай күтүүсүз муктаждыктар учурунда ишке кирише турган кереметтүү системага да ээ.
Дем алып чыгаруу процесси жүлүн жана мээдеги борборлор тарабынан контрольдонот. Диафрагма менен кабырга булчуңдарына барган нервдер алардын үзгүлтүксүз 4-5 секундада бир жыйрылышын камсыз кылат. Эгер нервдер үзүлсө, дем алып-чыгаруу да токтойт.
Дем алууга таасир берген дагы бир фактор болсо – бул кандагы CO2 көлөмү. Зат алмашуу ылдам жүргөн учурларда канда көмүр кычкыл газынын саны да көбөйөт. Натыйжада кандын кислоттуулугу жогорулап, кан pH'ы төмөндөйт. Бул нерв системасындагы дем алуу борборуна таасир берет. Ал борборлор нервдер аркылуу диафрагма менен көкүрөктү стимулдап, дем алып чыгаруу ылдамдайт. Бат бат кычкылтек алынып, көмүр кычкыл газы чыгарылат. Ушундайча кандагы көмүр кычкыл газы кадимки деңгээлге түшүрүлүп, кандын pH'ы жөнгө салынат.
Дем алуу муктаждыктан ашыкча жогорулап кеткенде болсо мээ сөңгөгү ишке киришип, керектүү жөнгө салууну жасайт. Мээ сөңгөгүнөн тышкары өпкөлөрдүн сырткы бетинде жайгашкан жана басымга карата өтө сезгич сенсорлор өпкө ашыкча чоюлганда, мээ сөңгөгүнө дем алуу тереңдигин азайтуу үчүн керектүү буйруктарды жөнөтүшөт.68
Көрүнүп тургандай, бул система бир-биринен бүт тараптан көз-каранды. Ошондуктан дем алуу борбору да, диафрагма жана башка мүчөлөр да бир учурда пайда болушу керек болгон бир бүтүндүн бөлүктөрү. Ушул себептен денеңизде дем алуу автоматтык түрдө көзөмөлдөнүшү үчүн бул системанын бүт мүчөлөрү толугу менен, чогуу болушу шарт. Б.а. баары бир учурда пайда болушу зарыл.
Эволюция теориясы боюнча, өпкөдөгү булардын баары башында жок эле жана бүт бул кемчиликсиз өзгөчөлүктөр убакыттын өтүшү менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон. Бирок мындай пикирди кабыл алууга болбойт; муну кабыл алуунун акылга да, илимге да туура келбеши анык. Себеби эң башта бир адам дем ала алышы үчүн өпкөдөгү –жогоруда терең каралган- өзгөчөлүктөрдүн баары бир учурда жана алгачкы адамдан баштап бар болушу шарт. Мисалы, кабырга сөөктөрү башка дене сөөктөрүнөн айырмаланып ийкемдүү болбогон, альвеолдор пайда болбогон, альвеолдордун айланасында сурфактант заты жок же айланасында коргоочу кабыкчасы болбогон бир өпкө эч бир ишке жарабайт. Эволюциянын кокустук механизминин денедеги кандайдыр бир органды пайда кылышы, ага өзгөчөлүктөр тартуулашы эч качан мүмкүн эмес. Он миллиондогон жыл, жүз миллиондогон жыл, ал тургай, триллиондогон жыл күтүлсө да, бул чындык өзгөрбөйт.
Адам денесиндеги майда-чүйдөлөрдүн баары Аллахтын бар экендигинин далилдеринен. Андагы бир-биринен көз-каранды системаны курган – жаратууда эч бир шериги жок Аллах. Аллах ар кандай жаратууну билүүчү жана кудурети күчтүү.
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук. (Аьраф Сүрөсү, 54)
Have You Ever Thought How Your Every Word is The Result of a Miraculous System? | ||||||||
The moment you wish to speak, a series of commands travels from your brain to your vocal cords, and from there to your tongue and the muscles in your jaw. That part of your brain containing the speech centers sends the needed instructions to all the muscles that play a role in the speech process. First of all, the lungs provide warm air, the raw material of speech. Air that enters through your windpipe to the lungs. The oxygen in the air mixes with the blood in the lungs, and carbon dioxide is emitted at the same time. Carbon-dioxide laden air returning from your lungs passes through your throat and between two twists of tissue known as the vocal cords, which move according to the effect of the minute cartilages to which they are attached. Before you begin speaking, your vocal cords are open and apart from each other. When you speak they come together and vibrate in the flow of air you breathe out.
The structure of your mouth and nose gives your voice its own particular quality. As you speak and form words, one after the other, your tongue rises toward and moves away from your palate, and your lips purse and relax. During this process, a great many muscles perform at unbelievable speed. In order for you to speak, each process must take place without any components going wrong. These processes occur at great speed and with extraordinary perfection, without you even being aware of them. This complex system of speech is one example of the matchless creation that the theory of evolution can never account for. The emergence of this speech cannot be explained in terms of “chance” evolution. On the contrary, it once again reveals that our bodies were created by an almighty Creator—in other words, Allah—and were given us as a blessing. Thanks to this system created for you by Allah, you are able to express the thoughts that come to your mind. Use this blessing to tell others of the greatness and might of Allah! |
60.John Farndon, Angela Koo, Human Body Fact Finder, p. 188.
61.John Lenihan, Human Engineering, New York: John Braziller, 1974, p. 94.
62.Discovery Channel, Human Machine, Breath of Life
63. Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, p. 202
64. Arthur C. Guyton and John E. Hall, Textbook of Medical Physiology, Guyton & Hall, 9th. edition, p. 541.
65.Biological Science: A Molecular Approach, Sixth Edition, p. 478.
66. Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, p. 204.
67.Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of the Human Body, p. 91.