Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, кан кокустуктар натыйжасында эч пайда болбой турган керемет бир суюктук, жана жаратуунун апачык далилдеринин бири. Бул жерде бир жагдайды кайра эске сала кетүү керек. Кандын өзү эле бир керемет, бирок кан өз башынча эч нерсеге жарабайт. Себеби кан суюктугу бир жандыкка пайда бериши үчүн ичинде айлана турган бир түтүк системасына муктаж. Бул түтүк жабдыгы – адам денесин орогон тамыр тору.
Кандын ал тамырлар ичинде айланышын жана дененин ар бир клеткасына өз убагында жетишин камсыз кыла турган түртүүчү күч, б.а. мотор да талап кылынат. Ал мотор болсо – «жүрөк».
An indefatigable pump in your body works nonstop, 24 hours a day. In order to meet the body’s needs, this pump works using its own electrical system, requiring it to produce enough energy in an hour to lift an average-size car about 1 meter (3.2 feet) off the ground. That extraordinary pump is your own heart. |
Жер жүзүнүн эң кемчиликсиз түзүлүштөгү насосу ушул учурда сол көкүрөгүңүздүн астында иштеп жатат. Жүрөк, кереметтүү долбоору жана эч тынымсыз согушу менен, 1 күндө денебиздеги бүт кандын 1000 жолу айланып чыгышын камсыз кылат.
Жүрөк тышкы көрүнүшү жагынан болжол менен муштумубуздай чоңдуктагы, эттен жасалган бир насос. Бирок кубаттуулугун караганда, дүйнөдөгү эң күчтүү, эң узун өмүрлүү жана эң өндүрүмдүү машина экенин көрөбүз. Мындай деп сыпаттоонун көптөгөн себептери бар. Эң биринчиден жүрөктүн иштеп жатканда колдонгон күчү өтө укмуш. Ал күчтүн урматында жүрөк канды 3 метр бийиктикке чейин чачырата алат. Жүрөктүн кубаттуулугун төмөнкүдөй бир мисал менен тагыраак көрсөтүүгө болот. Жүрөк бир сааттык убакыт аралыгында орто көлөмдөгү бир автомобильди жерден болжол менен бир метр жогору көтөрүүгө жете турганчалык энергия пайда кыла алат.16
Бирок жүрөктүн эң негизги касиети – бул эч тынымсыз иштей алышы. Жүрөк мүнөтүнө 70 жолу жана жылына болжол менен 37 миллион жолудан ашуун кыймылдаган бир булчуң. Бир адамдын орточо өмүрү бою болсо болжол менен 2,5 миллиард жолу согуп, болжол менен 300 миллион литр кан насостойт.17 Бул болсо 10 миң даана мунайзат танкерин толтура турган суюктук көлөмүнө тең. Жүрөк биз уктап жаткан кезде да саатына болжол менен 340 литр кан насостойт. Башкача айтканда, жүрөгүбүз бир машинанын багын саатына 9 жолу толтурат. Дене кыймылдаганда, мисалы, чуркаганда ылдамдыгын андан да жогорулатып, саатына болжол менен 2 миң 270 литр кан насостойт.18
Жүрөк ар бир соккондо белгилүү көлөмдө канды болгон күчү менен денеге насостойт. Бул булчуңдун күчүн бир аз элестетүү үчүн муштумуңузду секундасына бир жолудан канча убакыт бою ачып жума аласыз, текшерип көрүңүз. Кыска убакытта чарчап, уланта албай каласыз. Манжаларыңызды жана колуңузду кыймылдаткан булчуңдар бир канча мүнөт ичинде талып, ооруп баштайт. Ал эми жүрөк болсо бир мүнөт да эс албастан өмүр бою кысылып ачылат.
Жүрөктүн дагы бир касиети болсо – өзгөргөн шарттарга жараша керегинче кан насостошу. Кадимки шарттарда жүрөк мүнөтүнө орточо 70 жолу согот. Оор машыгуулар учурунда болсо булчуңдарыбызга көбүрөөк кычкылтек талап кылынат. Мындайда жүрөк иштөө ылдамдыгын мүнөтүнө 180 жолуга чейин жогорулатып, насостогон кан көлөмүн көбөйтөт. Айдаган канын 5 эсеге чыгара алат. Кадимки шарттарда мындай ылдамдыкта жана эч тынымсыз иштеген бир машина белгилүү убакыттан соң ашыкча, тең салмаксыз иштегени үчүн бузулат. Жүрөк болсо канчалаган жыл бою ритмин жоготпой иштей алат.
Blood cells moving in the veins |
Жүрөктүн жасаган ишин жакшыраак түшүнүү үчүн аны адам жасаган насосторго салыштыралы.
Эң биринчиден муну белгилей кетүү керек, жүрөк бир суюктукту башка тарапка насостоочу жөнөкөй бир насос эмес. Жүрөк бир учурда эки башка суюктукту эки башка багытка насостоочу өтө укмуш бир долбоорго ээ. Кадимки насостор сыяктуу бирдей ылдамдыкта да иштебейт. Өзгөргөн шарттарга жараша кандай ылдамдыкта иштеши керек экенин өзү жөнгө салат. Бул касиеттери эске алынганда, жүрөктү ичинде өтө алдыңкы бир компьютер жайгашкан өзгөчө долбоордогу бир насоско окшотсок болот.
Бир насос эки бөлүктөн турат. Күч чыгаруучу мотор жана мотор иштеткен механикалык бөлүк. Ал эми жүрөк болсо ичинен моторлуу бир долбоорго ээ. Мотор да, насос да жүрөктүн өзү.
Адам жасаган насостордун өмүрү эң көп 10-15 жылга жетет. Бул мөөнөт ичинде насос тынымсыз эмес, күндүн белгилүү убактарында иштейт. Тынымсыз иштеген насостордун өмүрү болсо кыскараак болот. Эки учурда тең насос кез кезде бузулуп, кароо талап кылат же кээ бир тетиктерин алмаштыруу керек болот. Ал эми жүрөк болсо күнүнө 24 саат, жалпысынан 70-80 жыл, кээде андан да көп мөөнөт бою тынымсыз иштейт. Ден-соолугу чың бир жүрөк бул убакыт ичинде эч кандай кароо талап кылбайт. Адам жасаган насостордогу сыяктуу оңдоо иштери же тетиктердин алмаштыруу да талап кылынбайт.
1. The external membrane of the heart. | 11- The left ventricle, |
Адам эне курсагында, бир эмбрион кезде эле жүрөгү согуп баштайт жана өмүр бою кызмат кылат. Өмүрүңүздүн ар бир саамында бул насос сиздин кабарыңызсыз, сиздин эркиңизден жана башкарууңуздан тышкары, сиз үчүн кан насостойт. Сиз бир канча айлык наристе кезиңизде да же башталгыч мектепте окуп жүргөн убакта түнкүсүн уктап жатканыңызда да ал насос иштеп жаткан. Азыр муну окуп жатканыңызда да бул кичинекей насос эч тынымсыз өз кызматын жасап жатат.
Жүрөктүн жалпы түзүлүшү тереңирээк изилденгенде, канчалык өзгөчө долбоордо экени заматта көрүнөт.
Жүрөк негизи эки башка насостон турган, татаал бир насос. Ал насостордон сол тараптагы насос таза канды денедеги орган менен кыртыштарды көздөй, оң тараптагы насос болсо калдыктарды алып келе жаткан канды өпкөлөрдү көздөй айдайт.
Ал насостор да астыңкы-үстүңкү болуп эки башка насостон турат. Насостордун кичинекейи дүлөйчө, чоңу болсо карынча деп аталат. Мисалы, таза кан жүрөктүн сол тарабына жеткенде, алгач үстүңкү тараптагы кичинекей насоско толот. Кан ал жерден астыңкы тараптагы чоң насоско айдалат. Чоң насос болсо канды дене органдарына жөнөтөт. Ушул эле иш-аракет жүрөктүн оң тарабындагы насостордо да жасалат.
1. Lungs | 5. Left Ventricle | |
Left | ||
The contraction of the atria and ventricles takes place in the exact opposite manner. In the working of the heart, details such as these are some of the proofs that this organ was created by a superior Intelligence. | ||
Bottom | ||
1. Aort | 4. Left Atrium | |
By contracting and expanding, the heart causes blood to flow through the body. As a result of the contraction of the atria and the opening of the valves in them, blood passes to the ventricles, and—as the ventricles contrac—from there to the arteries. The blood in the right atrium, returning from the body, contains less oxygen. The left atrium is full of oxygenated blood from the lungs. | ||
A. The half-moonshaped valvelets. | B. Arteries |
1) The blood entering the ventricles pushes open the half-moon-shaped valvelets. |
Ал насостордун арасында кандын агуу багытын көздөй ачылчу бир тараптуу капкакчалар бар. Кичине насос кысылганда ал капкактар ачылып, кан чоң насостун ичине толот. Чоң насос кысылганда ортодогу капкактар жабылып, кандын артты көздөй кайтып кетишинин алды алынат.
Ушул сыяктуу капкактар чоң насостун чыгуучу тарабында да бар. Чоң насос кысылганда ал капкактар ачылып, кан денени көздөй агат. Бирок насостоо иши токтоор замат капкактар жабылып, айдалган кандын жүрөккө кайра кайтышына жол берилбейт. Бул жөнөкөй, бирок өтө ишенимдүү бир чара. Ушул сыяктуу системалар учурда заманбап насостордо колдонулуп жатат.
Ушул капкактардын өзү эле жүрөктүн атайын пландалып жасалганын көрсөткөн бир далил. Жүрөктүн жүздөгөн кереметтүү касиеттерин бир тарапка коюп, бир эле «ушул капкактар кантип пайда болгон» деген суроо жөнүндө ойлонгондо, Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрөбүз. Эч бир кокустук кемчиликсиз түзүлүштөгү жүрөк мындай турсун, жүрөктүн бөлмөчөлөрүнүн арасындагы бир капкакчаны да пайда кыла албайт. Адам денесиндеги бул кемчиликсиз машинанын ар бир майда-бараты Аллахтын кудуретинин, күчүнүн жана бар экендигинин бир далили.
Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 74)
1. Valvelets open | 2. Valvelets closed | |
1) As the veins contract and the pressure of the blood inside them rises, the blood is pushed upwards and allows the half-moon shaped valves to open. |
1. Trabeculae | |
A cross-section of the heart wall. |
Өзүбүз билген, көрүп жүргөн машиналарды ойлонолу. Өтө жөнөкөй бир механизмдүү болсо да, ар кандай машина иштеп жатканда, машинаны түзгөн бөлүктөр арасында сөзсүз сүрүлүү күчү келип чыгат. Ал сүрүлүү жок кылынбаса, бөлүктөр эскирип, жабдык да жабыркайт. Ошондуктан кыймылдуу тетиктерди сөзсүз өз убагында майлап туруу керек болот.
Өмүр бою тынымсыз кысылып, чоюлган жүрөктө да ушундай эле коркунуч бар. Жүрөктүн ишин жеңилдетүү үчүн бир майлоо системасы керек. Бул система да жүрөктүн түзүлүшүндө бар. Жүрөктүн сырткы кабатында эки кабат кабыкчадан турган бир катмар (перикард) болот. Ошол кабыкчалардын арасы жылмакай бир суюктук менен капталган. Ал жылмакай суюктук жүрөктүн кыйынчылыксыз иштешин жана соккулардан корголушун камсыз кылат. Мындай майлоо системасы жүрөктөгү кемчиликсиз долбоордун майда-бараттарынын бирөөсү гана.
Денеде өтө маанилүү органдар башкаларынан өзгөчө коргоо астына алынган. Жүрөк да дененин эң көп корголушу керек болгон органдарынын бири. Жүрөккө келе турган бир сокку өмүргө коркунуч туудурат. Ошондуктан жүрөгүбүз дененин эң коопсуз жерине, көкүрөк көөдөнүнүн ичине жайгаштырылган. Көкүрөк көөдөнүн түзгөн сөөктөр жүрөктү ар кандай соккудан сооттой болуп коргойт.
1. Lungs | 2. Heart |
A) The heart’s links to the breastbone and ribs. |
1. Aorta |
The veins and arteries that surround and nourish the heart. |
Жүрөк булчуңу азык заттары менен кычкылтек өтпөй турганчалык калың жана тыгыз кыртыштуу болот. Ошондуктан өз ичинен өткөн кандан пайдалана албайт. Бирок жүрөк да бир орган жана башка органдар сыяктуу клеткалары канга муктаж. Ал тургай, жүрөк тынымсыз иштеген бир булчуң болгондуктан, башка бүт органдардан көбүрөөк кычкылтекке муктаж болот.
Жүрөктүн мындай муктаждыгы да өтө теңдешсиз бир долбоор аркылуу чечилген. Өпкөлөрдөн жүрөктүн сол бөлүгүнө келген кан денедеги эң таза жана эң кычкылтекке бай кан. Ал кандын денеге насостолгон аорта тамырларынан «коронардык артериялар» деп аталган эки тамыр чыгат. Ал тамырлар башка тамырлар сыяктуу денеге кетпейт, кайра жүрөккө кайтат. Ошентип эң кычкылтекке бай кан башка эч жерге барбай, түптүз жүрөккө жеткирилет.
Дагы бир долбоор (план) болсо коронардык тамырлардын төшөлүү планында бар. Ал тамырлар жүрөктү көздөй баратып, ортолорунан бир-бирине туташышкан. Ал байланыштар тамырлардын бирөөсүнүн тосулуп калышына карата көрүлгөн чара. Эгер тамырлардын бирөөсү тосулуп калса, кан башка тамырлардан жолун улантып, тосулган жерден өтүп, жүрөккө жетет. Мындай долбоор шаар пландоо адистери тарабынан ичүүчү суу тармактарын тартууда колдонулат. Түтүктөрдүн бирөөсүндө бир маселе туулганда, шаардын бир аймагы суусуз калбашы үчүн түтүктөр «тордук система» деп аталган ушул долбоорго ылайык тартылат.
Көрүнүп тургандай, жүрөктү азыктандырган тамырлардын араларындагы туташуу каналдарында да эч кокустукка орун бербей турган акыл жана пландоо бар.
Жүрөктүн түзүлүшүндөгү башка өзгөчөлүктөрүнө өтүүдөн мурда бир эскертүү жасоо туура болот. Бул жерге чейин айтылган касиеттерин эле караганыбызда жүрөктүн эволюционисттер айткандай акырындап, этап этабы менен пайда болушунун, болгондо да ал этаптардын кокустуктар натыйжасында ишке ашышынын мүмкүн эмес экенин заматта көрөбүз.
Жүрөктө бүт тарабынан кемчиликсиз бир долбоор бар. Бир эле жүрөктүн, ал тургай, жүрөк мындай турсун, жүрөктү түзгөн бөлүктөрдүн бирөөсүнүн дагы өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эмес. Болгондо да, жүрөктөй кемчиликсиз түзүлүштөгү бир органды –канчалык ыктымалсыз болсо да- өзүнөн-өзү пайда болгон десек дагы ал да эч бир ишке жарабайт. Себеби кан айлануу системасы жок, насостой турган каны жок бир жүрөк канчалык кемчиликсиз өзгөчөлүктөргө ээ болбосун, эч бир функция аткарбайт. Жана кайра эле эволюционист логика боюнча функциясы жок бир орган катары жок болот. Көрүнүп тургандай, бир эле мисал да эволюционист көз-караштардын ичинде олуттуу карама-каршылыктар бар экенин көрсөтүүдө.
Бир жүрөктү дененин сыртына чыгарып койсоңуз өз энергиясын түгөткөнгө чейин өз башынча иштей берет. Жүрөккө керектүү кан берилгенде, бүт нерв байланыштарынан айрылса да, бир канча саат бою сого берет.
Бул жерде кызыктуу бир жагдай бар. Ал жагдайды көрүү үчүн булчуңдардын кантип иштээрин кыскача эске салалы; бир булчуң иштеши үчүн мээден же жүлүндөн келе турган бир буйрук талап кылынат. Ал буйрук чындыгында нерв системасы аркылуу жиберилген бир электрдик сигнал. Жүрөктүн түзүлүшү толугу менен булчуң кыртышынан тургандыктан, мүнөтүнө болжол менен 70 жолу соккон жүрөккө мүнөтүнө 70 жолу электрдик сигнал жөнөтүлүшү керек.
Бирок жогоруда айтылгандай, бүт нервдик байланыштары үзүлгөн, дененин сыртына чыгарылган бир жүрөк белгилүү убакытка чейин согууну улантат. Бул «жүрөккө жыйрылуу буйруктары кайдан келет» деген суроо туудурат.
Бул жагдайды изилдеген илимпоздор өтө таң калыштуу нерсени көрүшкөн. Жүрөктүн ичинде өз электрдик зарядын өзү өндүргөн бир генератор бар. Адам денесиндеги эттен турган жүрөктө жайгашкан жана кайра эле эттен жасалган бир генератор...
Белгилүү болгондой, генератор электр энергиясы өчкөндө, ишке кирип энергия өндүрүүнү улантып, техникалардын жабыркашынын алдын алуучу бир жабдык. Адам денесиндеги эң маанилүү органдардын бири болгон жүрөк да кандайдыр бир себептен энергия келиши токтогон учурда жабыркабашы үчүн ушундай коргоого алынган. Жүрөктүн бир саамга токтошу денеде өтө маанилүү жабыркоолорго себеп болот, ал тургай, өлүмгө алып келет. Ошондуктан жүрөктү иштете турган электрдик система үзгүлтүксүз иштеши керек. Жүрөктүн электрдик системасын изилдеген илимпоздор андан да таң калыштуу нерселерди көрүштү. Жүрөктүн микро бир генератор менен эле эмес, өтө татаал байланыштары бар, программалуу жана системалуу электрондук шаймандар жыйындысы аркылуу иштээри аныкталды. Мындай электрондук контроль жана башкаруу системасы бөйрөктөрдөн мээге, артериялардан гормоналдык бездерге чейин көптөгөн факторлор менен кызматташып иштейт.
Илимпоздор жакында эле ачкан жүрөктөгү мындай кемчиликсиз долбоордун миллиондогон жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатканын унутпаш керек. Бүгүнкү күнгө чейин жашап өткөн он миллиарддаган адамдын бүт баарында бул система бар эле. Азыр дүйнөдө жашап жаткан миллиарддаган адамдын жүрөгү да ушул кемчиликсиз система менен иштеп жатат жана мындан кийин жашай турган адамдарда да бул система бар болот. Бул Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу.
Жүрөктүн оң дүлөйчөсүн жакшылап изилдегенде, жүрөктү электр энергиясы менен камсыз кылган ошол генераторду көрөбүз. Ал генератор S.A түйүнү деп аталган бир кесим кыртыш. Эс алып жаткан чоң бир адамдын жүрөгүндөгү генератор мүнөтүнө 72 жолу төмөн заряддагы электрдик сигнал чыгарат.19 Ал сигналдардын ар бири жер жүзүнүн эң кемчиликсиз насосун бир жолу иштетет.
Эми бул механизмдеги планга күбө болуу үчүн жүрөктүн бир секундадан азыраак убакытта болгон бир жолку согушун карайлы.
Генератордон (S.A түйүнүнөн) жиберилген энергия толкуну жүрөктүн кичине насосторун (дүлөйчөлөрдү) түзгөн кыртыштардын бетинен жайылат. Натыйжада булчуң жипчелери кыймылга келип, кичине насостор иштейт. Кан кичине насостордон жүрөктүн астыңкы тарабындагы чоң насосторго (карынчаларга) өтөт.
Бирок кадимки шарттарда абал такыр башкача болушу керек. Генератордон чыккан энергия алгач кичине, анан чоң насосторду кыймылдатат. Бирок электр толкуну өтө ылдам жүргөндүктөн, эки насос тең дээрлик бир учурда жыйрылып, жүрөктүн иштөө механизми толугу менен бузулат. Электр энергиясы алгач кичине насосторду кыймылдатып, анан бир саамга күтүп, анан чоң насосторду кыймылдата тургандай бир электрдик цикл курулушу керек. Ал ортодо электрдик сигнал жолго чыккан соң, кичине насостор өз жумушун бүткөнгө чейин бир жерде күтүп турушу керек. Курула турган электрдик система инженерия керемети болушу керек.
Генератордон чыккан электр заряды кичине насосторду кыймылдаткан соң, башка бир кыртыш түйүнүнө барат. A.V түйүнү деп аталган ал кыртыш электрдик зарядды секунданын 14төн бириндей кыска убакытка кармайт. Бул өтө кылдат белгиленген бир мөөнөт. Себеби бул мөөнөт бүткөндө кичине насостун да жумушу бүткөн болот. Андан соң электр заряды жолун улантып, секунданын 16дан бириндей кыска убакыт ичинде бүт карынча клеткаларын кыймылдатат. Өз кезеги келген чоң насос да натыйжада жыйрылып, канды айдайт. Бүт бул процесстер бир секундадан азыраак убакыт ичинде ишке ашат.20
1. Upper main veins | |
The energy wave that causes the heart to work is initiated by the S.A. node in the atrium and with the help of the coronary artery, passes to the A.V. node, and from there to the right and left fibers. A special electrical system in the heart allows these processes to take place. The force that permits a piece of tissue to produce electricity belongs to Allah, Who has no partners in His creation. |
When the main generator in the heart fails to work, the spare generator immediately goes into action. It is Allah Who created this protective system. |
Негизги генератордон чыккан электрдик заряддарды кыска убакытка токтоткон A.V түйүнүнүн дагы бир маанилүү кызматы бар. Бул түйүн негизги генератордо бир маселе пайда болгондо, анын ордуна өтүп, запастагы бир генератор кызматын аткарат. Запастагы генератор негизги күч булагындай күчтүү сигналдар чыгара албайт (мүнөтүнө 40-50 сигнал чыгарат), бирок чыгарган сигналдары жүрөктүн өз ишин улантышына жетиштүү болот. Негизги генератор кандайдыр бир себептен жабыр тартканда, запастагы генератор (A.V түйүнү) адам өмүрү үчүн өтө маанилүү жаңы бир кызмат аткарат. Негизги генератор кандайдыр бир себептен иштебей калган учурларда 20 жылдай жашаган адамдар болгон.21
Бул жерге чейин айтылгандарды түшүнүү үчүн окуган кишинин белгилүү бир түшүнүгү жана аң-сезими болушу керек. Бул текстти окуган адамдарда мындай түшүнүк, аң-сезим бар. Бирок көңүл бурулган болсо жүрөктүн бөлүктөрү өз кызматын аткарышы үчүн алардан да аң-сезим талап кылынат. Мисалы, запастагы генератор ишке киришиши үчүн адам денесинде болуп жаткан процесстерди түшүнүп, өзгөчө кырдаалды заматта байкап, керектүү системаны ишке киргизиши зарыл.
Биз түшүнүү үчүн аң-сезим талап кылынган бул процесстерди жүрөктүн кайсы бир жеринде жайгашкан бул бөлүктөр кантип жасашат? Жүрөктөгү нерв түйүндөрүн аң-сезими, акылы бар нерселер деп ойлоого болобу? Ал түйүндөр белгилүү секундаларды эсептешет, жана ал эсептерди эч тынымсыз жана катасыз жасашат деп айтканга болобу? Албетте, жүрөк иштеши үчүн талап кылынган комплекстүү процесстерди жүрөктөгү ал бөлүктөрдүн өз эрки менен жасай албашы анык. Себеби ал түйүндөр клеткалардын жыйындысы гана; ал жыйындынын өзүнчө бир чечим алуу механизминин, эркинин, эсептөө жөндөмүнүн болушу мүмкүн эмес.
Бир клетканын электрдик заряд өндүрө алышы да өзүнчө улуу бир керемет. Себеби ал өндүрүш миңдеген комплекстүү химиялык процесстер натыйжасында ишке ашат. Бул жерде ой жүгүртүү керек болгон өтө маанилүү суроолор туулат;
Бир клетка эмне үчүн электр энергиясын өндүрүү милдетин алгысы келет? Аны ага мажбурлаган кандай күч? Жүрөк жыйрылышы үчүн электрдик сигнал керек экенин, жыйрылта турган клеткалардын электрдик зарядсыз иштебей турганын бул клетка кайдан билет?
Болгондо да, клетканын электр зарядын өндүрүп коюшу эле жетиштүү болбойт. Эң башта электр энергиясын өндүрүүчү башка клеткалар да талап кылынат. Ал клеткалар туура катарда тизилиши керек. Тизилип коюшу да жетиштүү болбойт. Ал клеткалар сүйлөшүп алгандай болуп баары чогуу электр зарядын өндүрүшү керек. Мындан тышкары, ал өндүрүш белгилүү бир ритмде болушу зарыл. Ар бир клетканын колунда бир хронометр болушу керек жана ал клеткалар эч жаңылбай ар 0,83 секундада бир ишке киришиши шарт. Болгондо да, клеткалар ал өндүрүштү өмүр бою эч чарчабай улантышы зарыл. Ошондой эле, жүрөктү иштете турган электрдик заряддын көлөмүн так билип, аз же көп эмес, дал талап кылынган чоңдукта электр зарядын чыгарышы керек.
Жүрөктө чарчабай жыйрылган булчуң клеткалары да электрдик заряд келгенде иштей ала тургандай долбоорлонгон болушу зарыл. Аларга келген бир сигналга да жооп бербей койбой, мүнөтүнө 72 жолу чыгарылган сигналдын ар бирине жооп бериши керек.
Бул кереметтүү системанын иштешин түшүнүү үчүн да белгилүү бир түшүнүк, аң-сезим талап кылынат, демек бул системаны сокур кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтуу, албетте, акыл жана илимге туура келбейт. Мынчалык кемчиликсиз бир система аң-сезими жок кокустуктар аркылуу пайда боло албайт. Адамдын ичинде ушундай бир электрондук системанын курулган болушу анын Аллах тарабынан жаратылгандыгынын дагы бир апачык далили.
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? Силердин араңарда өлүмдү аныктоочу Бизбиз жана Биздин алдыбызга эч ким өтө албайт. (Вакыа Сүрөсү, 57-60)
Бул бөлүмдө жүрөктүн иштешин көзөмөлдөгөн өтө өзгөчө бир системаны карайбыз. Көкүрөгүңүздүн астында жайгашкан бир бөлүк эттин ичинде ал маалыматтын анализинин жана керектүү жөнгө салуулардын кантип автоматтык түрдө жасалаарын көрөбүз.
Бул жерде бир нерсени эске сала кетүү керек. Адам денесиндеги же башка жандыктардагы системаларды анализдеп жатканда ал системалар өзүнөн-өзү пайда болобу деген суроону өзүбүзгө узатышыбыз керек. Ар бир айтылган нерседе бул суроолорду санай берүү, албетте, мүмкүн болбойт. Бирок бул китеп болсун же адам денесин баян кылган башка бир китеп болсун, окурман бул өтө маанилүү суроону өзүнө-өзү тынымсыз узатышы керек. Себеби бул суроонун жообу адамдын Жаратуучубуз Аллахтын чексиз кудуретин жакшыраак түшүнүшүнө шарт түзөт.
Эми бул суроону тынбай узатып, жүрөктүн ритмин контрольдогон системаны карайлы.
Жүрөк белгилүү бир ритмде тынымсыз согот. Бул процессти бирдей ылдамдыкта жүрүп бараткан бир автомобильдин иштешине салыштырууга болот. Бирок белгилүү учурларда жүрөк ылдамдыгын ылдамдатышы же жайлатышы керек болот. Бул болсо бирдей ылдамдыкта бараткан машинаны газ педалына басып ылдамдатканга же тормоз педалына басып жайлатканга окшошот. Жүрөктүн ритмин төмөндөткөн тормоз педалы «тентиме нервдер (блуждающие нервы)», жүрөктүн ритмин ылдамдаткан газ педалы болсо «симпатикалык нервдер (симпатические нервы)».22 Тормоз педалын (тентиме нервдерди) ишке киргизген нерсе – бул ацетилхолин гормону.
Симпатикалык нервдер (денебизде биздин каалообузсуз иштеген жана ички органдардын иштешин жөнгө салган автономдуу нерв системасынын бөлүктөрү) тамырларды тарайтып кан басымын жогорулатат, мындан тышкары, бөйрөк үстү бездин маңыз аймагына сигнал жөнөтүп, ал жерден адреналин жана норадреналин (эпинефрин жана норэпинефрин) гормондорунун чыгышын камсыз кылат. Ал гормондор жүрөктүн иштешин жогорулатат. Тироид безинен (калкан безден) чыгарылган тироксин гормону болсо зат алмашууну жогорулатып, жүрөктүн иштешине таасир берет.23
Ал педалдар кантип басылат? Ылдамдоо же жайлоо чечими кантип алынат? Адам денесинин ичинде ушундай бир көзөмөл жана маалымат алмашуу системасы курулган; адам жасаган эч бир маалымат иштетүү тармагы бул системадай кемчиликсиз эмес. Бул системанын денеңиздин ичинде –азыр да- сиздин кабарыңызсыз иштеп жатышы бир Жаратуучубуз бар экендигинин бир далили. Эми ал педалдардын кантип басылаарын, ылдамдоо же жайлоо чечиминин кантип алынаарын –керектүү суроолорду өзүбүзгө өзүбүз узатып- карап чыгалы:
Күч талап кылган бир кыймыл-аракет жасаганыңызда артериялардын айланасындагы булчуңдар булганган кандын агымын ылдамдатат. Ошентип жүрөк менен оң дүлөйчөгө көбүрөөк кан барат. Натыйжада дүлөйчө булчуңдары чоюлат. Ал чоюлуу натыйжасында пайда болгон нерв сигналдары борбордук нерв системасы тарабынан жүлүнгө өткөрүлөт. Жүлүн ал маалыматтарды анализдеп, ошол замат жүрөккө бир буйрук жөнөтөт. Жүрөктүн газ педалы басылып, ритми ылдамдатылат. Ошентип булчуңдарга көбүрөөк таза кан жөнөтүлөт.
A. Special tissues in the body regulate events during the heart’s contraction. 1. Center in the spinal bulb 2. Spinal bulb 6. Vagus nerve 9. Parasympathetic impulse 13. Adrenal gland 16. Thyroid gland | |
The nervous system, the hormonal system and the organs attached to them - parts of the mechanism that regulates the heart’s functioning - all work together in great harmony. |
Эми өтө маанилүү суроону узаталы. Бул системаны кокустан пайда болгон деп айтуу акылга жана логикага туура келеби? Мындай сөздү айткан адам төмөнкү суроолорго эч качан жооп бере албайт:
-Булганган кандын көбөйгөнүн жана алар пайда кылган чыңалууну байкоочу кабылдагычтар жүрөктүн туура аймагына –булганган кан келчү оң дүлөйчөгө- кантип жайгаштырылган?
-Ал кабылдагычтар жибере турган маалыматты жүлүнгө жеткирчү телефон линиясы кантип пайда болгон?
-Ал маалыматты анализ кылган жана туура чечимди ала алган маалымат иштетүү борбору –жүлүн – кантип пайда болгон?
-Жүлүн ага келген кабардын булганган кан көбөйүп кетти деген мааниге келээрин кантип түшүнөт? Жүлүн ал маселени чечүү үчүн жүрөк батыраак согушу керек экенине кайсы аң-сезими менен чечим чыгарат?
-Мээнин буйругуна моюн сунуучу жана жүрөктүн ритмин ылдамдатуучу атайын механизм кантип пайда болгон?
-Ал системанын элементтери бир учурда, бир жолуда кантип чогулушкан?
Албетте, эч кандай кокустук мынчалык улуу бир тартипти пайда кыла албайт. Ал мындай турсун, ал тартипти түзгөн бөлүктөрдүн бир даанасын да пайда кыла албайт. Жогорудагы суроолордун жооптору эволюция теориясынын жараксыздыгын далилдөө менен бирге, бүт нерсени Аллахтын жараткандыгын апачык көрсөтөт.
Эми Аллах жараткан дагы бир коопсуздук механизмин карайлы жана Аллахтын чеберчилигине дагы бир жолу күбө бололу.
Жүрөктүн өзүнө зыян бере турганчалык бат согушуна жол бербөө үчүн да өзгөчө бир коопсуздук механизми талап кылынат. Жүрөктүн сол тарабынан чыккан аорта тамырынын ичинде кан басымын өлчөй турган кабылдагычтар бар. Жүрөктүн согушу ылдамдаганда аорта капталына урган кан басымы да жогорулайт. Кан басымы белгилүү бир чектен өткөндө, коопсуздук механизми ишке кирет. Басымдын жогорулаганын байкаган кабылдагычтар жүлүнгө сигналдар жөнөтөт. Жүлүн абалды анализдеп, жүрөккө жаңы бир буйрук жөнөтөт. Ага ылайык жүрөктүн ритмин жайлатуучу тормоз педалы басылып, кан басымы төмөндөтүлөт. Эми аортанын ичине орнотулган басым өлчөгүчтөр жана жүрөктүн тормоздоо механизми жөнүндө кайрадан ой жүгүртөлү;
Жүрөктүн ылдам согушунун адам денесине зыян тийгизээрин билген жана ага бир чара көргөн күч – аң-сезими жок, аңкоо кокустуктарбы?
Кан басымынын ашыкча жогорулашын өлчөөчү кабылдагычтар кокустан пайда болушканбы? Андан соң ал кабылдагычтар эң туура жерге –аорта тамырынын капталына- кокустан жайгашып калганбы?
Кабылдагычтар менен жүлүндүн арасындагы телефондук байланыш кокустан пайда болгонбу?
Кабылдагыч клеткалар басымдын жогорулаганын кантип түшүнүп, аны жүлүнгө кабар берүүнү кайсы акылы менен ойлоп түшүнүшөт?
Жүлүн ага келген маалыматтарды кайсы эрки, акылы менен анализ кылат? Өзгөчө кырдаал пайда болгонун кайсы аң-сезими менен түшүнөт?
Жүлүн клеткаларынын кээ бирлери эмне үчүн өздөрүн жүрөктүн согушун жөнгө салууга арнашкан? Мындай жоопкерчиликти эмне үчүн аркалашкан?
Бир жүлүн клеткасы жүрөккө буйрук жөнөтүү чечимин кантип чыгарат? Жөнөткөн буйругун кайсы тилде жөнөтөөрүн, жүрөк клеткаларынын кайсы тилди түшүнөөрүн кайдан билет?
Жүрөк клеткалары эмне үчүн жүлүн деп аталган башка бир кесим этке баш ийишет?
Бул суроолор адамдын акылында акырындап пайда болгон «көнүп калуу пардасын» ачууда өтө маанилүү суроолор. Себеби адамдар ошол «көнүп калуу пардасы» себебинен көз алдында турган кереметтерди көрүшпөйт.
Көп адамдар кээ бир учурларда жүрөгүнүн батыраак согуп жатканын байкашат. Көп кабаттуу имараттын тепкичтеринен бат баттан чыкканда, чуркаганда же толкунданганда жүрөк согууларынын ылдамдаганын, кийинчерээк жүрөктүн кайра мурдакы ритмине кайтканын ар бир адам сезе алат. Бирок эч ким мунун негизи канчалык чоң бир керемет экенин ойлонбойт. Жүрөгүнүн согуу ылдамдыгынын денесинин ичине орнотулган бир компьютер системасы тарабынан жөнгө салынаарын байкабайт. Мындай системанын бар экенин билсе да, ал темада көп ойлонгусу келбейт. Өзүнүн жана денесиндеги кереметтүү системалардын кантип пайда болгону жөнүндө ойлонбойт, ал тургай, ойлонуудан болушунча качат. Мындай темалар жөнүндө көп ойлонуу адамдын руханий абалын бузат деп ишенгендер да бар.
Бирок Аллах адамдардан «ойлонууну» талап кылат. Аллах адамдарга жараткан нерселери жөнүндө терең терең ойлонууга, ошентип Анын күч-кудуретин жакшыраак түшүнүүгө жана Андан көбүрөөк коркуп тартынууга буйруйт. Бир Куран аятында Аллах ыймандуулардын кандай болушу, Ал жараткан нерселер жөнүндө кантип ойлонушу жана ал ой жүгүртүү натыйжасында Аллахтан болгон коркуусунун кантип өсүшү керек экенин төмөнкүчө билдирген:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)
16- Regina Avraham, The Circulatory System, The Encylopedia of Health, s.13
17- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s.890
18- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, Michael Cavendish Books Limited, Londra, s. 70
19- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s.74
20- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s. 74-75
21- Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s. 74-75
22- Curtis&Barnes, Invitation to Biology, Worth Publishers, Inc., New York, 1985, s.415
23- Vander, Sherman, Luciano, İnsan Fizyolojisi, Bilimsel ve Teknik Yayınları Çeviri Vakfı, 1997, s.222-228