Адам денесиндеги процесстердин көп бөлүгү кан айлануу системасынын бир-бири менен байланыштуу жана өтө комплекстүү түзүлүшү натыйжасында ишке ашат. Кан айлануу системасы адам денесиндеги болжол менен 100 триллион клетканы бир-бирден кыдырып азыктандырган бир тамырлар тармагы. Бул бөлүмдө жүрөк, тамырлар жана кан сыяктуу дагы көптөгөн бөлүктөн турган бул комплекстүү системадагы ой жүгүртүү керек болгон темаларга токтолобуз.
Blood cells travel through the body by means of the veins and arteries. |
Бүт жандыктарда клеткаларга азык ташуу, калдыктарды денеден чыгаруу жана дем алуу газдарын клеткаларга жеткирүү сыяктуу муктаждыктар кан айлануу системасы аркылуу ташылган заттар менен камсыздалат. Адамдарда бул процесстердин баарын жасаган суюктук болсо – бул «кан». Бутуңуздун манжасынын учундагы бир тери клеткасынан көзүңүздөгү белгилүү бир кыртыштын клеткасына чейин денеңиздеги бүт клеткалар канга муктаж.
Кан денени бир транспорттук түйүн сыяктуу каптаган тамырлардын ичинен агып, адам денесинин ар бир чекитин зыярат кылган учу-кыйырсыз бир дарыяга окшошот. Ал дарыя денедеги сапары учурунда клеткаларга керектүү заттарды пакеттелген абалда ташыйт. Дарыя ташыган ал пакеттерди бир жүк пакеттерине салыштырсак, ал пакеттерде тамак-аш, суу жана кээ бир химиялык заттар болот. Эң зарыл пакет болсо – кычкылтек. Себеби клеткалар кычкылтек жетпей калса, кыска убакыт ичинде өлүшөт. Бирок денедеги кемчиликсиз система натыйжасында пакеттердин баары клеткаларга дал өз убактысында жеткирилип, дайыма туура даректерге тапшырылат.
Адам күнүмдүк жашоосунда денесиндеги бул дарыянын агымын эч сезбейт. Адам денеси ушунчалык керемет бир чеберчилик менен долбоорлонгондуктан, дененин бүт тарабын тамырлар курчап турса да, сырттан караганда ал тамырлар билинбейт. Себеби адам денесин каптаган калыңдыгы 2 мм болгон тери катмары тамырларды өтө кылдат жашырат.1 Бул катмар негизи ушунчалык ичке болгондуктан, теринин кичине эле чийилип кетиши кандын сыртка чыгышына себеп болот. Эгер тамырлар ичке жана кооз бир тери менен жашырылбаганда, албетте, дүйнөнүн эң сулуу адамы дагы жүзүнө карабай турган түрү суук болмок.
Кандын дененин ичинде өтө көп кызматтары бар. Калдыктар менен уулардын боорго жеткирилиши, иммундук коргонууга колдоо көрсөтүү, бир кондиционер сымал дененин температурасын жөнгө салуу жана азыктарды тиешелүү жерлерге жеткирүү сыяктуу көптөгөн өтө маанилүү кызматтарды кан аткарат. Дененин ичиндеги байланыштын дээрлик баары кан тарабынан камсыз кылынат.
All the vital processes in the body take place thanks to the circulatory system. You can see, hear, breathe, walk and stay alive thanks to the venous network shown above. |
Денеңизге керектүү ар кандай заттар кан аркылуу тиешелүү органдарга жеткирилет. Глюкоза, аминокислота, витамин, минерал сыяктуу азыктар жана эң негизгиси кычкылтек булардын кээ бирлери. Мындан тышкары, кан клеткалардын калдыктарын чогултуучу бир акыр-чикир чогулткуч сыяктуу. Денедеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин күнүмдүк жасаган иштеринин натыйжасында кээ бир калдыктар пайда болот. Көмүр кычкыл газы, заара (мочевина) сыяктуу денеге зыяндуу болгон мындай калдыктарды клеткалардан бөлүп, денеден сыртка чыгаруу да кан аркылуу жүрөт. Кан калдыктарды бөйрөктөргө жеткирип, ал заттар бөйрөктөрдө тазаланат. Клеткаларда чыгарылган уулуу көмүр кычкыл газы болсо кайра эле кан тарабынан өпкөгө жеткирилип, ал жерден денеден сыртка чыгарылат.
Бул процесстерди болсо аң-сезими жок кан клеткалары жасайт. Бирок ал клеткалар өтө акылмандык менен кандагы калдыктарды жана пайдалуу заттарды бир-биринен айырмалашат, жана кайсынысынын каерге калтырылаарын өтө жакшы билишет. Мисалы, эч качан уулуу газдарды бөйрөктөргө же калдык заттарды өпкөгө алып барышпайт. Же азыкка муктаж болгон бир органга калдыктарды алып барышпайт. Албетте, мындай жаңылыштык ал адамдын өлүмүнө да себеп боло турганчалык чоң бир ката болмок. Кан клеткаларынын эч адашпай, жаңылбай жана ката кетирбей, өтө акылмандык менен өз кызматтарын орундатышы алардын бирөө тарабынан башкарылып тураарын жана бирөө тарабынан уюштурулганын көрсөтөт. Муну адам өзү кылган эмес жана кылышы да мүмкүн эмес. Себеби адам бул процесстердин эч бирин билбей өмүр сүрөт. Бирок кан айлануу системасы ошондо да эч кемчиликсиз иштей берет.
Кан клеткалары мындай айырмалап, тандоо жана чечим алуу жөндөмдөрүнө кокустан жетип калган, аларды өз эрктери менен жасашат деп айтуу болсо эң логикасыз жана эң акылга сыйбас сөздөрдүн бири болот. Канга мындай касиеттерди берип, кемчиликсиз бир система жараткандын улуу кудуреттүү Аллах экендиги апачык бир чындык.
Blood cells moving in the veins |
One Single Instance is Sufficient To Comprehend The Nonsensical Nature of Darwinism! | |
A most illogical belief, Darwinism claims that millions of random events gave life to inanimate substances and gave rise to perfect structures that function quite flawlessly. The following example will be enough to see how nonsensical Darwinism truly is. Albumin, one of the carrying proteins in the blood, attaches to itself fats such as cholesterol, hormones, toxic bile and drugs such as penicillin. Moving through the bloodstream, it then deposits the toxins it has collected in the liver in order to be neutralized, and carries nutrients and hormones wherever these are required. Now ask yourself a few questions: How can a molecule such as albumin, made up of atoms, with no intelligence or consciousness, distinguish between fats and toxins, drugs and nutrients? Moreover, how is it able to recognize the liver, bile duct and stomach, never confusing one for the other, and can always deposit the substances it carries in exactly the right place and precisely the right proportions? If you are shown the waste products, drugs and nutrients carried in the blood, you will be unable to distinguish one from the other unless you have had medical training. Even then, you will definitely be unable to determine how much of each one should be deposited at each organ. The albumin molecule, a compound consisting of a few non-sentient atoms, knows things that the great majority of people cannot unless they have received medical training. And albumin has been performing its functions in all human beings flawlessly, for millions of years. No doubt, the way that a collection of atoms can exhibit such purposeful consciousness comes about through Allah’s infinite might and knowledge. |
An immune-system cell patrolling the blood vessels |
Кандын дагы бир кызматы болсо – бул оорулар менен күрөшкөн иммундук система клеткаларын ташуу. Денеге кирген вирус, бактерия сыяктуу чоочун заттар кандагы антитело жана лейкоцит деп аталган жоокерлер тарабынан жок кылынат. Мындан тышкары, иммундук система клеткалары кан дарыясында чалгын жүргүзүп, бүт денени көзөмөлдөп турушат. Ошондуктан денеге кирген чоочун бир зат чалгында жүргөн бул иммундук клеткалардын бири тарабынан заматта таанылат. (Денедеги коргонуу системасы жөнүндө караңыз: Харун Яхья Иммундук система керемети (Savunma Sistemi Mucizesi))
Кан, ошондой эле, дененин байланыш жолдорунун бирин да түзөт. Адам денесиндеги клеткалар арасында өтө укмуш бир байланыш системасы бар. Клеткалар бир-бири менен –ар бири аң-сезимдүү бир адамдай болуп- маалымат алмашып турушат. Клеткалар бир-бирине жөнөткөн кабарлар (гормондор) кан аркылуу жеткирилет. (Терең маалымат үчүн караңыз: Денебиздеги керемет байланыш: гормондук система бөлүмү)
Кан суюктугунун эң керемет касиеттеринин бири – бул «кандын уюу» механизми. Кандын уюшу натыйжасында жабыркаган бир тамырдагы кан жоготуусу минималдаштырылат. Кандын уюу механизминде кандын ичиндеги ондогон белок, фермент жана витаминдер белгилүү бир тартипте иш алып барат. Бул касиети жагынан кандын уюу механизми илимпоздор тарабынан кемчиликсиз бир пландоо жана долбоор мисалы деп айтылат (тереңирээк маалымат алдыда).
Кан ташыган эң маанилүү пакеттердин бири – бул «жылуулук». Канга толгон тамырлар бир имараттын жылуу суулуу батарея түтүктөрү сыяктуу жылуулукту бүт денеге таратышат. Бирок жылуулуктун булагы батареядагы сыяктуу бир казан эмес, денедеги бүт клеткалар болот. Кан аркылуу клеткалар чыгарган жылуулук денеге бирдей өлчөмдө таратылат.
Эгер денебиздин жылуулук таратуучу системасы болбогондо, бизге өтө кыйын болмок. Булчуң күчүбүз менен бир иш кылганда, мисалы чуркаганда буттарыбыз же бир жүктү көтөргөндө колдорубуз өтө ысып кетип, башка жерлерибиз болсо муздак болмок. Мындай тең салмаксыздык зат алмашууга чоң зыян тийгизмек. Ошондуктан жылуулуктун денеге бирдей өлчөмдө таратылышы өтө маанилүү.
1. The receptor and regulatory center in the hypothalamus | 5. Blood vessels contract, sweat glands are inactive, |
Various changes take place in your body depending on the pace of the actions you perform. When body temperature rises, for instance, the regulator in the brain (the hypothalamus) arranges for blood vessels to expand and for your sweat glands to go into operation (5). The body’s temperature immediately goes down. When the body loses heat, the same regulatory center acts in reverse, ensuring that blood vessels contract and that shivering takes place. (6) As a result of these measures, body temperature then rises. |
Ошол сыяктуу денебиздеги ашыкча температураны төмөндөтүү үчүн да тердөө механизми менен бирге кан да ишке киришет. Теринин астындагы кан тамырлары кеңейип, натыйжада кандагы жылуулукту сыртка чыгаруу оңойлошот. Ушул себептен оор жумуш кылганда тамырлар кеңейгени үчүн бетибиз кызарат. Кан денебиздин температурасын коргоодо да чоң роль ойнойт. Үшүгөнүбүздө терибиздин өңү кубарып калат. Себеби терибиздин астындагы кан тамырлары суук абада тарайат. Денебизде абага жакын аймактардагы кан ушундай жол менен азайтылып, дененин үшүшү минималдаштырылат.
Кан түзүлүшү жагынан дененин башка суюктуктарынан айырмалуу. Кан негизи бир мааниде кыртыш болуп саналат; сөөк же булчуң кыртышы сыяктуу. Бирок бир кыртышты түзгөн клеткалар бир-бирине бекем жабышып турса, кан кыртышын түзгөн клеткалар бир-бирине жабышпаган клеткалардан турат. Эритроцит, лейкоцит жана тромбоцит деп аталган кан клеткалары кан плазмасы ичинде эркин айланып жүрүшөт.
Кан 55%ы плазмадан, 45%ы болсо кан клеткаларынан турат. Плазманын 90-92%ы суу, калган бөлүгү болсо плазма белоктору, аминокислоталар, углеводдор, майлар, гормондор, заара (мочевина), заара кислотасы, сүт кислотасы, ферменттер, спирт, антителолор, натрий, калий, йод, темир, бикарбонат сыяктуу элементтерден турат. Кан клеткалары ушул комплекстүү суюктуктун ичинде сүзүп жүрүшөт.
1. Plasma |
When blood is examined under the microscope, many different kinds of cells can be seen (above). The large numbers of red blood cells give the blood its distinctive color. The blood assumes its bright red color when the red blood cells are loaded with oxygen. Otherwise, blood has a pinkish brown appearance. |
Адам денесиндеги болжол менен 25 триллион кичинекей кызыл клетка эч тынымсыз жүк ташыйт. Эритроцит аттуу бул клеткалар кан суюктугу ичинде бүт денени баштан аяк кыдырып, талапка жараша кычкылтек же көмүр кычкыл газын ташышат. Бирок бул жөнөкөй бир ташуу жумушу эмес. Эң биринчиден клетка бир затты ташый алышы үчүн ошого ыңгайлуу бир формада болушу керек. Мисалы, кычкылтек ташый турган клетка үчүн эң идеалдуу форма – бул клетканын жалпак болушу. Себеби жалпак форма клетканын беттик аймагын чоңойтуп, кычкылтекке тийүүнү оңойлотот. Чындыгында эле эритроцит клеткасынын формасы тоголок жана жалпак бир жаздыкка окшошуп кетет. Ошентип эритроциттер мүмкүн болушунча көп кычкылтек атомуна тийе ала турган формада болушат.
Кадимки шарттарда денеде секундасына болжол менен 2,5 миллион эритроцит өндүрүлөт.2 Эритроциттердин санынын тең салмакта сакталышы дене үчүн өтө маанилүү. Кандайдыр бир себептен, мисалы, дене температурасынын төмөндөшү менен бирге эритроциттердин санынын көбөйүшү маанилүү маселелерге жол ачат. Дененин температурасы ашыкча төмөндөгөндө, кан суюктугу азайганы менен эритроциттердин саны өзгөрбөйт. Бирдик көлөмгө туура келген эритроцит саны көбөйгөндө кандын агуучулугу (аккычтыгы) төмөндөйт. Бул тамырларда тыгынга себеп болуп, жүрөктүн иштешин кыйындатат. Ошондуктан эритроциттердин санынын белгилүү бир тең салмакта болушу адам өмүрү үчүн өтө маанилүү.
Денедеги ташуу процесси үчүн клетканын формасынын жалпак болушу эле жетиштүү эмес. Кычкылтекти ташып, бирок клеткага колдоно ала тургандай кылып суна албаган эритроциттердин эч мааниси калбайт. Себеби дене клеткалары кычкылтекти аларга жабыштыра турган атайын молекулаларга муктаж. Ал молекула кычкылтек менен үч өлчөмдүү эң идеалдуу абалда биригип, кычкылтекти коопсуз ташышы керек. Бирок кычкылтекке өтө бекем жабышпашы керек, кычкылтек бериле турган клеткага келгенде, кычкылтектен оңой эле ажырап кетиши зарыл. Кыскасы, кычкылтекти жеткирүү жана керектүү жерлерде колдоно алуу үчүн атайын бир долбоордо жасалган өзгөчө молекула талап кылынат. Бул молекула – эритроциттерге, натыйжада канга кызыл түсүн берген гемоглобин молекуласы. Гемоглобин эки түрдүү функцияны аткара алганы үчүн илимпоздор тарабынан «керемет бир молекула» деп сыпатталат.
Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырат жана ал жерден булчуңдарга өтөт. Бул кезде булчуңдар азыктарды күйгүзүп, көмүр кычкыл газын пайда кылат. Гемоглобин молекуласы булчуңдарга жеткенде мурдакыга тескери бир функция аткарып, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат. Бул өтө акылдуу жана дисциплиналуу бир иш-аракет.
1. Air sacs in the lung | 5. Carbon dioxide |
Hemoglobin is a molecule ideally created for carrying oxygen. |
Илимпоздор 1996-жылы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин молекулаларынын кычкылтекти ташуудан тышкары, өтө маанилүү дагы бир молекуланы алып жүрөөрүн аныкташты. Ал молекула – азот монооксиди (NO). Гемоглобиндин азот монооксидди алып жүрүшүнүн өтө маанилүү бир себеби бар. Гемоглобин азот монооксид газынын жардамы менен кыртышка канчалык кычкылтек берилээрин көзөмөлдөйт.3 Ошондуктан бул газдын гемоглобин тарабынан алып жүрүлүшү адам өмүрү жана ден-соолугу жагынан өтө маанилүү.
Гемоглобиндин кереметтүү молекула түзүлүшү жана функциялары илимпоздордун да көңүлүн бурган. Эволюционист Гордон Рэттрей Тейлор (Gordon Rattray Taylor) The Great Evolution Mystery (Улуу эволюция табышмагы) аттуу китебинде гемоглобин жөнүндө мындай деп жазган:
The hemoglobin molecule knows what to do, when and how, and acts under the inspiration of Allah.
Кандын пайда болушу өзүнчө эле бир сага (поэтикалык жомок) дастаны сыяктуу. Көпчүлүгү толук түшүнүксүз болгон жок дегенде 80 бөлүктөн турат. Эң маанилүү элемент болсо – гемоглобин. Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырып, ал жерден булчуңдарга өтөт. Ал жерде болсо мунун тескерисин жасайт, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат. Булчуңдар азыктарды күйгүзүп көмүр кычкыл газын пайда кылат. Бир машинанын бензинди күйгүзүп көмүртек монооксидин чыгарышы сыяктуу. Бул зат чындап керемет бир молекула болгондуктан, бир заматта кычкылтек менен биригүү тенденциясын көрсөтүп, бир канча секундадан соң бул тенденциясын жоготот. Бир заматта тандоосу көмүр кычкыл газына өзгөрөт. Бул болсо аны андан да маанилүү кылат. Кылган ишине ылайыкташкан мындан жакшыраак бир мисал жок.4
Тейлор да айткандай, гемоглобин молекуласы акылдуу бир жандыктай болуп керектүү жерде жана керектүү убакта керектүү тандоону жасай алат. Кычкылтекти ташуудан тышкары, гемоглобин кычкылтекке өтө муктаж бир булчуңдун жанынан өтүп баратканда ал кычкылтекти калтырышы керек экенин дароо түшүнөт, ошондой эле пайда болгон көмүр кычкыл газын алып, каерге калтырышы керек экенин да билет жана жаңы жүгүн көтөрүп алып өпкөлөрдү көздөй сапарга чыгат. Гемоглобин молекуласы эч качан кычкылтек менен көмүр кычкыл газын бир-бирине адаштырбайт жана дайыма туура дарекке барат.
Бир молекуланын ойлонуу, чечим алуу, тандоо жасоо сыяктуу мүнөздөрдү талап кылган мындай иш-аракеттерди жасашы, албетте, ойлондурат.
Бул молекуланын кереметтүү акылы натыйжасында бүт адамдар өмүр сүрүшүүдө. Адам денесинде саатына орточо 900 миллион эритроцит өндүрүлөт. Бир эле эритроцит клеткасында болсо болжол менен 300 миллион гемоглобин молекуласы болот. Бул молекулалардын баары бул процесстерди эч ката кетирбей жасоо өзгөчөлүгүнө ээ. Адам денесиндеги бүт гемоглобин молекулаларынын саны жана ал молекулалардын бүт баарынын бирдей жөндөмгө ээ экенин ойлогондо, мунун канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнөбүз.
Мындай тандоо жөндөмүнүн кокустан пайда боло албашы, кокустуктардын адам денесиндеги миллиарддаган гемоглобинге мындай өзгөчөлүк бере албашы акылдуу ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Гемоглобин молекуласын жараткан жана ар бир адамдын денесине бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге жайгаштырган – Аллах.
Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)
Эритроцит клеткаларынын формасы, жогоруда да айтылгандай, тоголок жана жалпак бир жаздыкка окшошот. Ал жалпак форма клетканын үстүңкү бетинин аймагын чоңойтот жана кычкылтекке тийүүнү оңойлотот. Кычкылтекти оңой ташуу үчүн бул эң идеалдуу форма. Бул форма бузулганда денеде өтө олуттуу оорулар келип чыгат. Орок клеткалуу анемия деп аталган оору түрүндө эритроциттерде «гемоглобин S» деп аталган анормалдуу гемоглобин тиби болот. Ал гемоглобин кычкылтексиз калган учурларда эритроцит ичинде узун кристаллдар формасында чөгөт. Ал кристаллдар болсо клетканы узартып бир орок сыяктуу формага келишине себеп болот. Эритроцит орокко окшоп калганда, кандан кыртыштарга кычкылтектин өтүшү кыйындашат. Бул кычкылтектин жетишсиздигине жана ороктошуунун көбөйүшүнө себеп болот. Белгилүү убактан соң эритроцит массасы азайып баштайт жана оору бир канча саат ичинде өтө кооптуу масштабга жетиши мүмкүн.5
Ушул сыяктуу оорулардан тышкаркы учурда дээрлик бүт адамдарда эритроциттердин формасы бирдей болот. Мындай форма натыйжасында ар бир адамдын денесиндеги кычкылтек керектүү жерлерге эч кыйынчылыксыз жеткирилет. Азыр жашап жаткан, мурда жашап өткөн жана келечекте жашай турган бүт адамдардын эритроциттеринин формасынын жалпак жана тоголок бир жаздык формасында болушун, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Аллах бүт нерсенин эң кемчиликсизин билүүчү, бүт нерсени эң майда-баратына чейин чара көрүп, жөнгө салуучу. Бүт ааламдардын Рабби Аллах өтө улук.
|
Эритроцит клеткалары бир тамчы канга 250 миллион даана бата турганчалык кичинекей көлөмдө болот. Бул эритроциттердин тамырларда оңой кыймылдашына негиз түзгөн бир артыкчылык. Бирок адам денесинде диаметри бир эритроцит клеткасынын диаметринен бир топ кичине капиллярлар бар. Бул бир караганда өтө чоң бир көйгөйдөй көрүнөт. Себеби эритроцит клеткасы диаметри андан алда канча кичине бир капиллярдан өтүшү керек болот. Бул оор процесс кантип ишке ашат?
Мына ушул жерде эритроциттердин ийкемдүү түзүлүшү ишке жарайт. Эритроциттер жалпак жана өтө ийкемдүү формасы натыйжасында эң тар тамырлардан да оңой эле өтө алат. Мындай ийкемдүүлүк эритроцит клеткасындагы дагы бир долбоор мисалы. Эгер эритроциттер мындай ийкемдүүлүгүн бир аз эле жоготсо, өтө олуттуу маселелер келип чыгат. Мисалы, кээ бир кант оорулууларынын көздөрүндөгү сезгич кыртыштар ийкемдүүлүгүн жоготкон эритроцит клеткалары тарабынан тосулуп калып, кийинки этапта бул сокурдукка себеп болот.6 Бир эле мисалдан көрүнүп тургандай, адам денесинин ар бир бөлүгүндөгү долбоор, план өтө кылдат жана кемчиликсиз бир тең салмактуулукта түзүлгөн.
Адам денесиндеги кайрадан пайдалануу системасы да кемчиликсиз курулган. Ар көз ирмем сайын өтө көп санда процесстер жүрүп турган денебизде тынымсыз зыяндуу калдыктар, өлүү клеткалар, денеге кирген жана иммундук система тарабынан талкаланган чоочун заттар жана дагы көптөгөн керексиз заттар айланып жүрөт. Бирок алардын эч бири денеге зыян тийгизбейт.
Себеби денеде ал заттарды сыртка чыгара турган же дененин ичинде керектүү процесстерде пайдалана турган системалар бар. Мисал катары тынымсыз жаңыланып туруучу эритроцит клеткаларын берүүгө болот. Бул клеткалардын өмүрү болжол менен 120-130 күн. Улгайган эритроциттер боордо, көк боордо жана жилик чучугунда өлүшөт. Өлгөн эритроциттердин ордуна тынымсыз жаңы эритроциттер өндүрүлөт. Ар бир секунда сайын 10 миллион эритроцит өлүп, ордуна күн сайын 200 миллиард жаңы клетка жасалат жана натыйжада дененин бүт эритроциттери болжол менен төрт айда бир толук жаңыланып турат.7
Өлгөн эритроциттердин ичиндеги темир молекуласы болсо денебиздеги «кайрадан пайдалануу» системасы аркылуу жаңы эритроциттердин өндүрүшүндө пайдалануу максатында сактап коюлат. Бул укмуш бир өндүрүштүк пландоо мисалы.8 Мындай пландоонун өзүнөн-өзү пайда боло албашы анык. Эритроциттерди мындай өзгөчөлүгү менен бирге жараткан – бул Аллах.
1. Erythrocytes 7. Iron passing to the blood from the spleen |
The illustration above shows how iron absorption occurs in the body. The constantly renewed red blood cells are an important source of iron. |
Бир тамчы кандын ичинде лейкоцит деп аталган болжол менен 400 миң микро аскер болот. Ал тургай, күчтүү бир коргонуу жасаш керек болгондо, кадимки шарттарда кандын ар бир миллиметр кубунда лейкоциттердин саны 7000-10000 болсо, бир заматта бул сан 30000ге чейин чыга алат.9 Бул аскерлердин милдети –денени микро душмандардан коргоо. Лейкоциттер денеге тиешесиз жандуу-жансыз бүт нерсени жок кылууга программаланган. Ошондуктан денеге кирген, бактерияларды, вирустарды жана коркунуч жарата турган ар кандай заттарды издеп, таап, артынан түшүшөт жана эң ыңгайлуу учурда жок кылышат.
Лейкоциттер кандагы башка клеткалардан түзүлүшү жагынан айырмаланышат. Мисалы, эритроциттерде ядро болбойт. Ал эми лейкоциттер болсо ядролуу болот жана ичинде бүт органеллдер бар. Мындан тышкары, лейкоциттер бир канча күн, ал тургай, бир инфекция учурунда бир канча саат жашашат. Мынчалык кыска өмүрлүү болушу бирок дененин корголушу жагынан өтө маанилүү. Себеби коргонуу жасаган, б.а. эскирген лейкоцит өлүп, ал өлүп жатканда ордуна заматта ден-соолугу чың жана коргонуу жөндөмү алда канча жогору болгон жаңысы өндүрүлөт.10
Лейкоциттер негизи бир типтеги клеткалардан турбайт. «Лейкоцит» ар кандай аскерлерден турган жана адам денеси үчүн согушкан жоокер клеткаларга берилген жалпы бир ысым. Мындай жоокерлер эки чоң топко бөлүнөт. Биринчи топ – душманга биринчи жолуккан жана кырчылдашып согушкан гранулоциттер. Экинчи топ болсо – душманга каршы атайын курал-жарактарды (антителолорду) өндүрүүчү лимфоциттер.
Лимфоциттердин кандагы башка клеткалардан айырмалуу бир өзгөчөлүгү бар. Кандын сыртында, кыртыштарда жашаган лимфоциттердин саны канда жашаган лимфоциттердин санына караганда өтө көп. Бул клеткалар кыртыштарда, дененин тереңинде база курушуп, кыртыштарды микробдордон коргошот. Андай болсо лимфоциттер кандын ичинде эмне себептен жүрүшөт?
Негизи лейкоциттер канды бир унаа катары колдонушат. Лейкоциттер кайгуулда жүргөн бир полиция бөлүгү сыяктуу дененин бүт тарабын кан менен бирге кыдырып, улгайган жана алсыз лейкоциттер чогулган кыртыштарды тездик менен бекемдешет. Мындай акылман жана ылдамдаткыч бир системанын эволюционисттер айткандай кокустан пайда болушу мүмкүн эмес.
Аң-сезими жок атомдордон турган бир клетканын тандоо жөндөмүнө ээ болуп, акылдуу жана аң-сезимдүү боло албашы, денени коргой турган касиеттерге өзүнөн-өзү жете албашы анык. Болгондо да бул кичинекей жандыктын башка клеткаларды коргоо үчүн согушушу өзүнчө бир укмуш. Көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон бир клетканын өз жанын сиз үчүн сайып коюшу жана денеңизде ушундай жан аябас миллиондогон клетканын болушу көз алдыңызда турган миллиондогон кереметтердин бири.
Лейкоциттердин кемчиликсиз түзүлүшү, жан аябастыгы, согушуу илими жана жөндөмү – алардын өз тандоосу эмес, Аллахтын аларды ошондой кылып жаратышынын бир натыйжасы. Мунун мындай эместигин далилдөөгө аракет кылгандардын аракетинен бүгүнкү күнгө чейин эч майнап чыккан жок жана мындан кийин да чыгышы мүмкүн эмес. Аллах Аны жокко чыгарууга аракет кылгандардын аракетин Нур Сүрөсүндө бир закымга салыштырып, мындай деген:
Каапырлар болсо; алардын амалдары (иштери) түптүз бир талаадагы закымга окшойт; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанында Аллахты табат. (Аллах болсо) Анын эсебин толугу менен берет. Аллах эсепти абдан так тутуучу. (Нур Сүрөсү, 39)
With their life spans and other features they possess for the body’s defense, leukocytes are clear evidence of creation. Various images of leukocutes can be seen in the pictures to the side. The yellow cells are lymphocytes, the small ones leokocytes. |
Адам денесине күн сайын көптөгөн микробдор кирет. Ал микробдор иммундук системанын алгачкы этабында жок кылынууга аракет кылынат. Бирок андан өтүп кеткен кээ бир микробдор менен чоочун заттар кан айлануу системасына кирип, өмүргө кооптуулук туудурушу мүмкүн. Мындай микробдор «антиген» деп аталат. Дене антигендерге каршы «антитело» аттуу заттарды өндүрүп, аларды жок кылууга же көбөйүшүнө жол бербөөгө аракет кылат. Антитело антигенге дал ачкычтын кулпуга туура келишиндей үч өлчөмдүү абалда жабышып антигенди нейтралдаштырат. Антитело менен антигендин ачкыч-кулпуга окшошушу бул системаны түшүнүү жагынан терең ойлонуу керек болгон бир мисал.
Табияттагы жүз миңдеген түрдүү антигенге иммундук клеткалар өз-өзүнчө антителолорду өндүрө алат. Бул жүз миңдеген кулпуга туура келчү ачкычты дене клеткаларынын заматта жасай алышы дегенди билдирет. Бул, албетте, бир керемет.
Бирок эң кызыгы лабораторияларда жасалып адам денесине киргизилген жасалма антигендерге да иммундук клеткалар антитело өндүрө алышууда. Дене клеткалары табияттагы кулпуларга туура келчү ачкыч өндүрө алган сыяктуу, табиятта эч жок жана лабораторияда жасалган кулпуларга да ачкыч өндүрө алышууда.
Дененин ичиндеги бир механизмдин тышкы дүйнө жөнүндө мынчалык таң калыштуу маалыматтарды билишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бир клетка кантип жүз миңдеген чоочун зат жөнүндө маалыматты билгени аз келгенсип, лабораторияда жасалма жол менен жасалган такыр башка бир заттын (антигендин) да маалыматын биле алат? Иммундук клеткалар денедеги антигендерди кандайдыр бир жол менен тааныйт деп кабыл алсак дагы, мурда эч жолукпаган бир антигенди да тааный алышы өтө таң калыштуу. Болгондо да, иммундук клеткалар денеге жаңы кирген чоочун затты ошол замат таанып, ага каршы колдонула турган күчтүү куралдарды –ылайыктуу антителону- тездик менен аныктап өндүрүү үчүн керектүү жөндөм жана акылга ээ. Таануу, чара көрүү сыяктуу акыл, илим жана аң-сезим талап кылган өзгөчөлүктөр менен жабдылган иммундук клеткаларды кокустан пайда болгон деп айтуу чоң бир акылсыздык болот. Эволюционисттер иммундук клеткалардын ар кандай чоочун затты аныктоо өзгөчөлүгүн өз теориялары менен түшүндүрө алышпайт жана өтө логикасыз, илимге сыйбаган сөздөр менен үстүртөн түшүндүрүп өтүп кетүүгө аракет кылышат.
Иммундук клеткалардын жасалма бир антигенди таанышы жөнүндөгү эволюционист илимпоздордон Али Демирсойдун сөздөрү буга мисал:
Бирок жыйырманчы кылымда жасалма жол менен синтезделген бир химиялык затка каршы антитело жасоо планын бир топ мурда эле иштеп чыгып койгон бир клетка көзү ачык деген мааниге келет.11
1. B Cells | 2. Antibodies |
B cells, a component of the immune system, contribute to the defense of the body by producing the antibodies that fight specific invaders. |
Профессор Демирсой ошол эле китебинде мунун бүгүнкү күнгө чейин эч бир жообу жок экенин болсо төмөнкүчө мойнуна алган:
Плазма клеткалары бул маалыматты кантип жана кандай жол менен алып, ага туура келе турган формадагы антителону өндүрө алышууда? Бүгүнкү күнгө чейин бул суроонун так бир жообу бериле алган жок.12
a. Antigen |
1) Immune cells immediately identify foreign cells that enter the body. At the same time they identify and produce the most effective weapons--antibodies--for use against the enemy. 2) Antibodies eliminate antigens by combining with them. In a very important way, the body’s cells create weapons tailored to the particular enemy. 3) As can be seen, antibodies lock onto antigens with a three-dimensional structure, much as a key fits into a lock, to eliminate the antigens. |
Демирсой бул сөзү менен клетканын бир катар кереметтүү өзгөчөлүктөргө ээ экенин кабыл алууда. Себеби «көзү ачык» сөзү кээ бир маалыматтарды алдын ала билген кишилер жөнүндө колдонулат. Бир клетканын бир нерсени билиши, болгондо да андан өтө алыстагы заттар жөнүндө маалыматтуу болушу кереметтүү бир өзгөчөлүк. Жансыз атомдордун жыйындысынан турган бир клетканын кокустан, өзүнөн-өзү күчтүү интуициялуу же өтө илим-билимдүү болуп калышы, албетте, мүмкүн эмес. Кокустан ошентип калган деп айтуу акылга да, логикага да туура келбейт.
Бирок эволюционисттер айла жоктон жандыктардын табиятынан бар болгон кереметтүү өзгөчөлүктөрүн кабыл алышат. Анткен менен, ал системалардын атайын жаратылганын кабыл албоо, тагыраак айтканда, Аллахтын бар экенин тануу үчүн анын себебин башка жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Ушул жерден баштап эволюционисттер илим менен эч байланышы жок, пропаганданы гана көздөгөн жана алсыздыктарын жаап-жашырууга аракет кылган түшүндүрмөлөрдү айтышат. «Бул бир эволюция керемети» же «бул клетка бир көзү ачыктай» деген сымал эволюциянын талисмандуу сөздөрү менен элди «гипноздоого» аракет кылышат.
Чындыгында болсо бул жерде кереметтүү бир жагдай бар. Адам денесиндеги көзгө көрүнбөгөн кичинекей жана дайыма жаңыланып турган клеткаларда табияттагы бүт душмандарын көрбөй туруп таануу, аныктоо жана жок кылуу жөндөмү менен жабдыктары бар. Мындай түзүлүштү кокустуктарга таңуулоо Аллахка ишенбөөнү өздөрүнө максат кылып алган кишилердин илимий, пикирдик алсыздыгын көрсөткөн маанилүү бир мисал.
Эволюционисттер бул клеткаларды ушундай кемчиликсиз функциялар жана өзгөчөлүктөр менен бирге пайда кылган механизм катары мутацияны көрсөтүшөт. Демирсой да Kalıtım ve Evrim (Тукум куучулук жана эволюция) аттуу китебинде жогорудагы сөздөрүн төмөнкүчө улантат: «Бул нерсенин (антителонун антигенди таанышынын) пайда болушу да кокустуктар натыйжасында келип чыккан мутациялар деп айтылууда.»
Жогорудагы сүйлөмдү терең анализ кылуу эволюционист илимпоздордун оюндарын түшүнүүгө жакшы негиз болот. Демирсой кээ бир чөйрөлөр бул нерсени мутациялар натыйжасында пайда болгон дешет деп жатат. Бул сүйлөмдү окуган жана биология жөнүндө терең маалыматы жок бир окурман болсо аны илимий жана далилденген бир чындыктай кабыл алышы мүмкүн. Чындыгында болсо «Бул нерсенин (антителонун антигенди таанышынын) пайда болушу да кокустуктар натыйжасында келип чыккан мутациялар деп айтылууда» деген сүйлөм – ичи бопбош, эч кандай илимий мааниси жок жана окурмандын оюн буруп, ынандыруу максатында гана түзүлгөн бир сүйлөм.
Мындай ынандырып, алдоо ыкмасы негизи дүйнө жөнүндө эч маалыматы жок, эс-тутумун толук жоготкон бир адамды сөз оюндары менен алдоого окшошот. Ал киши ичи өтө алдыңкы технология менен жабдылган бир бийик имараттын алдына алып келинип, бул имарат «жер титирөө» натыйжасында пайда болгон деп айтылса, албетте, ал киши –логикалык жактан буга эч ишенбесе да- ал учурда анын андай эмес экенин далилдей албайт. Бирок ошентсе да акылына таянып, абийирин уккан бир адам анын мүмкүн эмес экенин түшүнө алат.
Комплекстүү бир клетканы мутация менен пайда болгон деп айтуу да жогорудагы мисалдан эч айырмаланбайт. Баарынан мурда клетка бир бийик имараттан алда канча жогору бир технологияга ээ. Ал тургай, көптөгөн илимпоздор клетканы адамзат көргөн эң жогорку жана комплекстүү бир түзүлүш дешет. Экинчиси, клеткага андагы өзгөчөлүктөрдү тартуулаган деген мутациянын клеткага таасири бир жер титирөөнүн бийик имаратка болгон таасиринен алда канча кыйратуучу болот.
Мынчалык кыйратуучу бир фактордун жүз миңдеген түрдүү антиген үчүн жүз миңдеген түрдүү антитело жасай алган, адамдын эс-тутумунан жана мээсинен да жогорку жөндөмдүү бир клетканы кокустан пайда кылышы эч мүмкүн эмес.
Болгондо да, эволюция теориясы боюнча клетка бир даана мутация натыйжасында эмес, катары менен болгон көптөгөн мутациялар натыйжасында мындай өзгөчөлүктөргө жеткен. Бул болсо катары менен болгон бир канча жер титирөөнүн бир шаарды куруп коюшуна окшошот.
Илимий чындыктарга карама-каршы келип, канчалык ыктымалсыз болсо да, мутациялардын ар бири клеткага пайдалуу бир өзгөчөлүк тартуулаган деп кабыл алалы. Бирок бул да жетиштүү болбойт. Себеби иммундук клетканын андай өзгөчөлүктөргө жетүү үчүн миллиондогон жыл күтө турган убактысы жок. Анткени иммундук клетка өз милдетин жасай албаса, ал жандык сөзсүз өлөт. Иммундук клеткалар бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге жандыктын денесинде эң башынан баштап бар болушу керек.
Мындан тышкары, иммундук клеткалар жогорку бир өндүрүш жөндөмү менен эле чектелбейт. Иммундук системада ар кандай өзгөчөлүктөгү жана ар кандай кызмат аткарган көптөгөн клеткалар бар. Ал клеткалардын дисциплиналуу бир армиядай өз ара байланышы, тартиби, буйрук берүүчү-буйрук алуучу чынжыры сымал өзгөчөлүктөрү эске алынганда, эволюция теориясынын «баары кокустан пайда болгон» деген көз-карашынын илим тарабынан кантип кыйратылганын жакшыраак көрө алабыз.
Иммундук клеткалардын башка жандыктардын дене түзүлүшүн болжой алып, ошого жараша тактика белгилөө жөндөмү бүт майда-чүйдөсүнө чейин Аллах тарабынан жаратылган. Аллах өтө кудуреттүү.
«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)
| ||||||||||||||||||
Plasma constitutes an important part of the blood. The proteins and salts in plasma perform vitally important functions. Blood clotting, removal of toxins from the body, and the transportation of nutrients are just a few of the tasks that proteins perform. Plasma carries out the transportation-delivery function within the body, with never any confusion or error. These proteins exist in the plasma of all humans, performing exactly the same functions. It is of course Allah, the Lord of All, Who endows the proteins constituting the liquid plasma with their intelligence. |
Кан клеткалары (эритроциттер, лейкоциттер) ичинде сүзүп жүргөн суюктуктун аты – кан плазмасы. Кан плазмасы да жөнөкөй бир суюктук эмес, ичинде көптөгөн өзгөчө заттары бар, өзгөчө бир аралашма. Плазма – 90-92%ы суудан, 6-8%ы белоктон, мындан тышкары, ээриген туз, глюкоза, май жана аминокислота, көмүр кычкыл газы, азоттуу калдык жана гормондордон турган саргыч бир суюктук.
Плазма жеген тамактарыңыздан алынган азыктарды дененин ичине таратат. Клеткалар чыгарган калдык заттарды денеден сыртка чыгаруу үчүн тиешелүү органдарга жеткирет. Эгер плазма мындай ташып-жеткирүү кызматын аткарбаганда, жеген азыктарыбыз эч бир ишке жарамак эмес, кыртыштарга азык жетмек эмес жана чыгарылган калдык заттар натыйжасында дене кыска убакытта ууланып калмак.
Плазманын Башка Негизги Кызматтары;
- кан басымынын белгилүү бир деңгээлде кармалышын камсыз кылуу,
- денеде температуранын бирдей өлчөмдө таралышына көмөкчү болуу,
- кан менен башка кыртыштардын кислоталуулугун белгилүү деңгээлде кармоо.
Плазма белокторунун ар биринин ар кандай функциялары бар. Ал белоктордун үч негизги тобу төмөнкүлөр: альбумин, фибриноген жана глобулиндер.
Альбумин саны эң көп плазма белогу. Денеде кандайдыр бир мааниде ташыгыч кызматын аткарат. Альбуминдин эң негизги милдети болсо – капиллярлардан айланадагы кыртыштарга ашыкча суюктуктун өтүшүнө жол бербөө.13 Бул кызматтын маанисин түшүнүү үчүн азыктардын денеде кандай сапар кылаарын карап чыгуу туура болот. Азык заттар артериялардан керектүү кыртыштарга жетүү үчүн алгач кыртыш тосмосунан өтүшү керек. Кыртыш тосмосунун өтө майда тешикчелери бар. Анткен менен эч бир зат өзүнөн-өзү ал тосмодон өтө албайт. Алардын өтүшүндө кан басымы роль ойнойт. Бир электеги сыяктуу кандын суюк бөлүгү менен эң майда молекулалар басым натыйжасында тосмодон өтүшөт. Эгер мындай тоскоолдук болбогондо жана ал заттар кыртыштарга ашыкча санда өтүп кеткенде, денеде шишик пайда болмок. Альбумин канда көп санда болгондуктан, сууну бир губка сымал соруп алып, бул коркунучтун алдын алат. Бул система төмөнкүчө иштейт: суу жана ээриген заттардын көпчүлүгү капилляр тосмосунан оңой эле өтө алат. Бирок белоктор өтө алышпайт. Ошондуктан тамырдын ичинде калган альбумин сымал белоктор өтүү каналында бир басым пайда кылып, суюктукту сыртка чыгарбай кармап калат. Альбумин холестерол сыяктуу майларды, гормондорду жана өттөн чыккан уулуу сары билирубинди өзүнө жабыштырып кармап калат. Мындан тышкары, сымап, пенициллин жана башка кээ бир дарыларды да өткөрбөй кармап калат. Мындан башка ууларды боордо калтырып, азык заттарын жана гормондорду болсо дененин ичинде керектүү жерлерге жеткирет.14
Плазмадагы экинчи бир белок фибриноген болсо кандын уюшунда маанилүү бир роль ойнойт. Кандагы үчүнчү белок-глобулиндердин гаммалары дененин белгилүү бир инфекция менен эскертилиши натыйжасында пайда болгон коргоочу заттар-антителолор сыяктуу кызмат кылышат.
Булар кандагы белоктордун бир канчасы гана. Мындан тышкары кычкылтек, азот жана көмүр кычкыл газдары да плазмада ээриген абалда болушат. Кандагы катуу заттардын бири глюкоза болсо өтө маанилүү бир зат. Глюкоза мээнин күйүүчү майы катары колдонулат. Ошондуктан кандагы көлөмү гормондор аркылуу туруктуу сакталат. Эгер кандагы глюкоза көлөмү белгилүү бир деңгээлден төмөн түшүп кетсе, ашыкча дүүлүгүү, эстен тануу, булчуңдардын титирешине жана белгилүү убакыттан соң адамдын комага түшүп өлүшүнө себеп болот.
Адам жашоосунда өтө чоң роль ойногон кандагы бул заттардын ар бири атайын пландап жаратылган. Кылган иштерин жана жалпы өзгөчөлүктөрүн караганыбызда, муну апачык көрө алабыз.
Көрүнүп тургандай, кандагы заттардын баары бир-бири менен байланышта. Заттардын бир даанасынын болбошу же кадимки шартта талап кылынгандан башкача өзгөчөлүктө же санда болушу адам денесинде олуттуу маселелерди пайда кылат. Булардын баары адам үчүн өтө маанилүү болгон кандын бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан жаратылганын көрсөтүүдө.
1. Thrombocyte | 2. Red blood cell |
Throbocytes traveling widely dispersed through the blood. |
Адам денесинин дээрлик бүт тарабына миллиондогон түтүктөн турган бир жабдык –тамырлар- төшөлгөн. Бул түтүк жабдыгынын ичинде тынымсыз агып турчу бир кан дарыясы бар. Кээ кээде адам денесинин тилинип же кесилип кетиши натыйжасында теринин астындагы бул түтүктөрдүн ичинде аккан кан сыртка чыгат. Кадимки шарттарда денедеги бүт кан –түбү тешилип калган суу идишиндеги сыяктуу- ал тешиктен сыртка чыгып, кичинекей жараат да адамдын кан жоготуудан өлүмүнө себеп болушу керек эле. Бирок андай болбойт. Ал тешиктин айланасында кан уюп баштайт жана уюган кан тешикти бир пробка сымал тосуп калат. Бул түбү тешилген бир идиштин ичиндени суусу тышка чыкпашы үчүн тешикти жамап, аны тосуп калышына окшошот.
Бул, албетте, улуу бир керемет. Кандын мындай касиети дүйнөдөгү ар бир адамдын өмүрүн сактап калууда. Антпесе, кичинекей жараат да адамдардын өлүмүнө себеп болмок. Бирок адамдар көз алдында турган жана алардын өмүрүн коргогон бул керемет жөнүндө эч ойлонушпайт. Бул улуу керемет кантип ишке ашат? Кан кантип уюйт? Бул суроонун жообун изилдегенде апачык бир жаратуу кереметине жолугабыз.
Кандын уюу кубулушу машина жолдо бир кырсык болгондо шашылыш жетип келген жол кайгуулу менен тез жардамды эске салат.
1. Skin | 6. Scan formation |
Blood flowing in your capillaries immediately beneath the skin leaks out as the result of the slightest scratch or cut (top). Shortly afterward, blood around the cut begins to coagulate (middle picture). Fibrin with its soft structure begins to dry after stopping up the wound, and forms a hard shell to protect the wound until the healing process is complete (bottom). |
Дененин кандайдыр бир аймагы канаганда, биринчи жардам тромбоцит деп аталган кан бөлүкчөлөрүнөн келет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери канабасын, сөзсүз ал жерге жакын, кайгуулда жүргөн бир тромбоцит болот.
«Von Willebrand» аттуу бир белок болсо кырсык болгон жерди белгилеп, жардам чакырган бир жол полициясы сыяктуу, тромбоциттерди көргөндө жол тосуп, окуя болгон жерге токтотот.
Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит рация менен жардам сурагандай болуп, өзгөчө бир зат чыгарып, башкаларды окуя болгон жерге чакырат. Көзгө көрүнбөгөн бир клетка бир проблема пайда болгонун түшүнүп, башка механизмдер менен байланыш түзүүдө. Башкалар аларга келген кабарды түшүнүп, алардан талап кылынганды жасашат. Денеңиздин кичинекей бир чекитинде көзгө көрүнбөгөн нерселер бир-бири менен байланыш куруп, уюшкандык менен иш алып барышууда.
Ал ортодо денедеги 20га жакын фермент чогулуп, жарааттын бетинде тромбин деп аталган бир белок чыгарып башташат. Ал ферменттердин бир даанасынын болбошу системанын иштебешине жана адамдын өлүмүнө алып келет. Бирок баары пландалып, система кемчиликсиз курулган.
Тромбин ачык жараат болгон жерде гана өндүрүлөт. Бул окуя болгон жердеги тез жардамдын оорулуу үчүн керектүү дарыны ошол жерде жасашына окшошот. Болгондо да ал өндүрүш талап кылынган өлчөмдө гана болушу керек. Мындан тышкары, ал белоктун өндүрүшү өз убагында башталып, өз убагында токтотулушу зарыл. Баштоо жана токтотуу буйругун тромбинди өндүрүүчү ферменттер өз араларында беришет.
Ал белоктон жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн соң фибриноген аттуу жипчелер жасалат. Ал жипчелердин өтө маанилүү бир кызматы бар: кандын бетинде бир тор пайда кылышып, келген тромбоциттер ал торго илинип чогулат. Тромбоцит чогулган соң кандын сыртка агышы токтойт. Жараат толук айыкканда болсо уюган кан кайра ошол процесстер менен ажырайт.15
Эми бир саамга ойлонолу: бул жерде ферменттер, белоктор, жансыз, аң-сезими жок, сокур атомдордун ар кандай формада тизилишинен пайда болгон түзүлүштөр жөнүндө сөз болууда. Булардын ар бири дене жараат алган кезден баштап бир кызматты аркалап, тездик менен аккан канды токтотуу үчүн уюшушуп, дары өндүргөндөй керектүү белокторду өндүрүшүп, жардам үчүн башкаларга кабар жөнөтүшөт жана, беркилер болсо кабарды түшүнүп заматта окуя болгон жерге келип, ар бири өз кызматын толук жасайт.
Система эң майда-баратына чейин катасыз иштейт. Эгер бул өтө маанилүү системада бир кемчилик кетирилсе эмне болмок эле, ойлоп көрөлү: жараат болбосо да кан өзүнөн-өзү уюп баштаса же жарааттын айланасында пайда болгон жара бөлүнүп кетсе же кандын уюшунда кызмат кылчу белоктор арасындагы байланышта кемчиликтер кетирилсе... Булардын кандайдыр бирөөсү болчу болсо, жүрөк, өпкө же мээ сыяктуу өтө маанилүү органдарга барчу жолдордо тыгын (пробка), кан жоготуудан көз жумуу сыяктуу жагдайлар келип чыкмак.
Кандын уюшу дегенде көзгө көрүнгөн жарааттардагы жараларды эле ойлобош керек. Күн бою денебизде болуп турган, бирок көбүнчө биз сезбеген капиллярлардын тытылышын оңдоо үчүн да кан уюу системасы болушу шарт. Бутуңузду столдун бурчуна же салондун ортосундагы кичинекей столго уруп алганыңызда көп санда капиллярыңыз жабыркайт. Бул ички каноолорго себеп болот, бирок кан уюу системасы аркылуу каноо заматта токтотулуп, андан соң оңдоо иши башталат.
Left: Cells providing coagulation. Right: Fibrin threads imprisoning blood cells (during clotting). |
Кан уюу системасы болбогондо эмне болмок? Гемофилия деп аталган оору келип чыкмак. Гемофилия менен ооруган кишилер кичинекей соккудан да корголушу керек. Себеби өзгөчө оору күчөп кеткен кезде кичинекей каноону да токтотуу мүмкүн болбойт жана оорулуу кан жоготуудан көз жумат.
Каныбыздагы кан уюу өзгөчөлүгү сөзсүз болушу керек. Болгондо да өтө катуу контроль астына алынышы шарт. Жогоруда берилген маалыматтардан да апачык көрүнүп тургандай, мындай системанын жандыктын денесинде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ар бир майда-бараты өзүнчө план жана эсеп менен жасалган бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин бир көрсөткүчү. Бул системаны кокустан пайда болгон деп айтуу болсо дарвинисттердин канчалык логикасыз абалда калганын көрсөтөт.
Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)
The Magical Substance Thrombin |
Thrombin is a protein that coagulates the blood. However, although thrombin is present in the bloodstream it does not lead to clotting in the capillaries it moves through, thereby halting the normal flow of blood. So how does thrombin suddenly acquire its coagulating property in moments of need? Thrombin is widely present in the bloodstream but in the form of the inactive protein prothrombin. Since prothrombin is still inactive, it cannot enable the formation of the substance fibrin which is necessary for the clotting process by putting the fibrinogen into action. Living things are thus protected from deadly uncontrolled clotting. Consider that if only fibrinogen and prothrombin assumed duties in the blood clotting system, this could have deadly effects. In that case, when a person was injured, the prothrombin would roam aimlessly through the bloodstream, not affecting the fibrinogen, and the person concerned would die from loss of blood. Since prothrombin lacks the ability to turn fibrinogen into fibrin, there is a need for some mechanism to set prothrombin into action—and such a system actually does exist. During the clotting process, another protein called Stuart factor affects the prothrombin, converting it into the active thrombin. Thrombin in turn converts fibrinogen into fibrin, and blood clotting thus takes place. However, if the Stuart factor, prothrombin and fibrinogen were the only proteins to play a role in coagulation, the Stuart factor would immediately start working and the organism’s blood would solidify. For that reason Stuart factor is not present in the blood in an active form, but needs to be activated in order to start working. At this point, coagulation displays more striking properties. It is not enough for the active Stuart factor to set the prothrombin in motion. You can mix Stuart factor and prothrombin together in a test tube, but after it takes time thrombin to form, any individual will already have died of blood loss. Yet another protein, known as accelerin, is needed to set the Stuart factor in motion. When all of these come together, the accelerin and Stuart factor immediately act on the prothrombin, turning it into thrombin and halting the bleeding. To summarize, two separate proteins are needed to activate one proenzyme. Yet the processes involved in coagulation go still further. Initially, in fact, the accelerin is in the form of the inactive proaccelerin. So what activates the proaccelerin? Thrombin! As you will recall, however, thrombin is further along than proaccelerin in this chain reaction. This means that thrombin, which plays a role in the production of accelerin, is rather like a grandchild appearing before the birth of its own grandparent. Yet since the Stuart factor acts on the prothrombin at a very slow rate, there is always some thrombin in the bloodstream. (Michael Behe, Op cit., pp. 85-90.) All this is a rather superficial account of the coagulation process. Yet from this brief description, you can still see how blood clotting, which we encounter frequently in our daily lives—is actually exceedingly complex, a marvel of creation. This system functions by means of dozens of components working together, and could not function properly in the absence of any one of them. To suggest that it came into being by chance is a most illogical and irrational claim. Moreover, evolutionists claim that living things evolved in stages. But as you have seen, all proteins and enzymes in the clotting process depend on one another for clotting to occur. In the absence of any one, the others serve no purpose, and will even lead to the death of the body concerned. Therefore, the living organism will have no time to wait for all the components to be present, and will thus die. Whatever appearance it now displays, and whatever physical and chemical features it now possesses, it must have had them all since it first appeared. This is one of the proofs that Man was created by Allah in a single moment. Say: “Have you thought about your partner deities, those you call upon besides Allah? Show me what they have created of the earth; or do they have a partnership in the heavens? Have We given them a Book whose Clear Signs they follow? No indeed! The wrongdoers promise each other nothing but delusion.” (Surah Fatir:40) |
1- John Farndon ve Angela Koo, Human Body Factfinder, Miles Kelly Publishing Ltd., İngiltere, 1999, s. 63
2- Bilim ve Teknik Dergisi, Şubat 1998, sf.61
3- R. von Bredow, GEO, Kasım 1997
4- Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper&Row, Publishers, New York: s.108
5- Guyton and Hall, Text Book of Medical Physiology, 9. Basım, s.432
6- Bilim ve Teknik Dergisi, Şubat 1998, sf. 62
7- The Circulatory System, Regina Avraham, The Encylopedia of Health, Chelsea House Publishers, Bölüm 4, s. 49
8- Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, 10. Baskı, Meteksan A.Ş., Mart 1998, s.670-673
9- The Circulatory System, Regina Avraham, The Encylopedia of Health, s. 50
10- Arthur C. Guyton, Text Book of Medical Physiology, W.B. Saunders Company, 7th Edition, s. 75
11- Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1995, s. 420
12- Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, s. 416-420
13- Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, 1.st edition, W.B. Saunders Comp., Philadelphia, Pennsylvania, 1992, s.148
14- Bilim ve Teknik Dergisi, Şubat 1998,sf.66-67
15- Michael Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, s.79-97