Денедеги Тазалоочу Жабдыктар: Бөлүп Чыгаруу Системасы

Адам денесинде тынымсыз иштеген 100 триллион клетка бар. Клеткалардын иш-аракеттери натыйжасында калдык заттар пайда болот. Заара, заара кислотасы жана кератин заттарынан турган мындай калдыктар өтө уулуу болот. Эгер денеден чыгарылбаса, дене функциялары кыска убакытта бузулуп, адамды өлүмгө алып барат.

kidneys

B. Veins Between Lobules
C. Cross-Section of Kidney

1. Collector Duct
2. Veins Between Lobules
3. Medullary Pyramid
4. Artery Between Lobules
5. Kidney Artery
6. Kidney Veins
7. Urethra
8. Small Glass
9. Kidney Colon
10. Kidney Papilla
11. Big Glass
12. Kidney Sinus
13. Loop of Henle
14. Nephron
15. Bowman Capsule
16. Nephron
17. Bowman Capsule
18. Capillary Vein Mass
19. Vain
20. Artery
21. Collector Duct

The creation in the kidney could never have come about by chance. To the side is shown the detailed structure of just one of the more than 1 million nephrons in the kidney.

Мына ушул жерде адам денесиндеги дагы бир кемчиликсиз планды көрөбүз. Моторлордо пайдаланып бүткөн газды чыгаруу үчүн атайын системалар долбоорлонгон сыяктуу, дененин күнүмдүк иш-аракети натыйжасында келип чыккан зыяндуу заттарды чыгарып салуу үчүн да өзгөчө бир система жаратылган. Бул система – бөлүп чыгаруу системасы.

Клеткалар, уулуу калдыктарын дарыяларга чыгарып салган заводдор сыяктуу, ичтеринде пайда болгон калдыктарды кан плазмасына чыгарышат. Бул денени баштан аяк кыдырып чыккан кан дарыясынын 100 триллион заводдун калдыгы менен булганышы деген мааниге келет. Мындай булгануу адам өмүрү үчүн өтө зыяндуу. Ошондуктан өтө бат булганган кан эртерээк тазаланышы керек болот.

Бирок бул жерде маанилүү бир көйгөй бар. Булганган кандын ичинде заара, заара кислотасы сыяктуу заттардан тышкары, аминокислоталар, витаминдер, суу жана глюкоза сыяктуу денеге керектүү заттар да бар. Демек канды тазалай турган системанын жөнөкөй бир сүзүү (фильтрлөө) ишин жасашы жетиштүү болбойт. Ал система пайдалуу заттарды таанып кармап калып, зыяндуу заттарды гана бөлүп алып сыртка чыгара турган комплекстүү бир тазалагыч системадай иштеши зарыл.

Мындай сыпаттардагы бир объект, албетте, жер жүзүнүн эң кемчиликсиз жана эң алдыңкы технологиялуу тазалоочу объекти болот. Башында бизге мынчалык комплекстүү бир объектти өтө чоң аймакка курууга болот деген ой келиши мүмкүн. Бирок мындай теңдешсиз тазалоочу объект өтө кичинекей аймакка, артыңызда белиңиздин тушуна, сиз эне курсагында жаткан кезиңизде эле орнотулуп коюлган.

Бөйрөк деп аталган бир жуп органыңыз эч бир технология теңеле алгыс, укмуш жогорку бир тазалоочу объект кызматын аткарат.

Микро Электер (Чыпкалар): Бөйрөктөр

Кан Суюктугун Тазалоо Процесси Кантип Ишке Ашат?

Денеде айланган кан бөйрөктөрдө алгач электен өткөрүлөт. Электен өткөрүү үчүн бөйрөктөрдүн ичине майда майда көптөгөн фильтр орнотулган. Ал фильтрлердин саны менен функцияларын караганыбызда апачык бир жаратуу кереметин көрөбүз. Бир бөйрөктүн ичинде 1200000 даана фильтр бар. Ал микро фильтрлер нефрон деп аталат. Бир нефрон Боумен капсуласы (нефрондун учунда жайгашкан, жарым шар формасында, капиллярлардан турган бир түзүлүш), түйдөкчө, мальпиги органы жана бөйрөк тамырларынан турат.43 1200000 фильтрдин ар бири миңдеген микро тешиги бар, кереметтүү долбоордо жасалган.

Жүрөктөн чыккан кандын болжол менен төрттөн бири бөйрөк артериясы аркылуу бөйрөктөргө келет. Бул мүнөтүнө бир литрден ашык кан деген мааниге келет. Канды алып келген тамыр бөйрөккө кирээр замат сансыз майда тамырга бөлүнөт. Ал майда тамырлардын ар бири бир микро фильтрге уланган. Жүрөктүн басымы натыйжасында кан фильтрдин бетине катуу уруп, зыяндуу заттар менен суу фильтрдин аркы тарабына өтөт. Белоктор менен кан клеткалары ал фильтрден өтө албай турганчалык чоң болгондуктан, берки тарапта калышат. Натыйжада фильтрдин аркы тарабына өтпөгөн кан сүзүлүп, тазаланып калат.

Бул жерге чейин айтылган маалыматтар жөнүндө ойлонуу керек.

Муштумуңуздай көлөмдөгү бир эттин ичине 1 200 000 даана фильтр орнотулган. Ал фильтрлердин ар биринде бирдей кемчиликсиз долбоор бар. Мисалы, ар бир нефрондо түйдөкчө деп аталган (Боумен капсуласы ичиндеги капилляр түйдөгү) бир бөлүк бар. Ал бөлүктүн өзгөчөлүктөрүн кыскача карайлы.

kidney

1. Blood enters the nephron.

2. Uncleaned blood circulates in the glomerulus.

3. Small molecules are absorbed by the Bowman capsule membrane, leaving a filtered fluid.

4. The filtered fluid heads to the tubules.

5. The tubules’ walls absorb vitally important amino acids, glucose and salts.

6. These substances enter the capillary vessels to be re-absorbed by the tubule wall.

7. Unnecessary water and toxic substances in the blood are expelled from the tubule as urine.

8. Cleansed blood leaves to rejoin the bloodstream.

The detailed structure shown above exists in every one of the more than 1 million nephrons in the kidney. The blood in each nephron goes to the capillary vessel node, known as the glomerulus. The glomerulus lies inside the Bowman capsule, and between these two is a fine membrane. That membrane is the kidney filter. This flawless creation in the kidney belongs to Allah.

Боумен капсуласына кирген түйдөкчө ал жерде тамыр түйдөгүн түзүү үчүн көптөгөн капиллярларга бөлүнөт. Андан соң ал капиллярлар биригип, кайра артерия абалында капсуладан чыгат.

Денеде эки артерия арасындагы капилляр түйүнү ушул жерде эле бар. Түйдөкчө капиллярлары эки артериянын ортосунда жайгашкандыктан, кан басымы башка дене капиллярларынан айырмаланып бул жерде жогору болот. Бул аймакта кан басымынын жогору болушу атайын бир максатты көздөйт. Кан басымынын жогорулугу себебинен сүзүү (фильтрлөө) иши натыйжалуураак болот. Башка капиллярлардан айырмаланып бул аймактагы тамыр капталдары эки кабат болот. Бул аларды жогору басымга туруктуу кылат жана, ошондой эле, белок менен лейкоциттердин капиллярлардан сыртка чыгышына бөгөт болот.

Бүт мындай өзгөчөлүктөр натыйжасында түйдөкчө капиллярларынан суу менен сууда ээриген заттар гана Боумен капсуласына өтөт. Башка капиллярларда артка соруу болсо, бул жердеги капиллярларда артка соруу жок.

Бөйрөктөрдөгү планга бир мисал катары бөйрөк тамырларын да берүүгө болот. Фильтрлерге булганган канды алып келген, фильтрленген калдык заттарды алыстатып, калган таза канды кайра денеге жөнөткөн түтүктөр (тамырлар) 1200000 фильтрдин ар бири үчүн өз-өзүнчө төшөлгөн. Бөйрөктөрдөгү миллиондогон түтүктөн (тамырдан) турган бул жабдык эч катасыз пландалган. Тамырлардын баары керектүү жерлерге уланган. Бөйрөктөрдө тамырлардын кандай жолду басаары, каерлерге барып, кайсы жолдордон өтүп бөйрөктөн сыртка чыгаары жана заттарды каерге жеткирээрине чейин, бүт баары атайын пландуу жаратылган.

Бул жерде айтылгандар бөйрөктөрдөгү детальдуу түзүлүштүн өтө кичине бөлүгү. Бөйрөктөрдөгү бир эле процесс, чыгарылган бир эле зат жөнүндө жазылган канчалаган беттүү китептер, жасалган сансыз изилдөө жана эксперименттер бар. Ушул сыяктуу адам денесин изилдеген бүт эмгектер бир эле жыйынтыкка алып барат. Денебизди түзгөн мүчөлөрдүн баарынын толугу менен бар болушу шарт. Себеби биздин өмүр сүрүшүбүз денебиздин толук бойдон иштешинен көз-каранды. Бөлүп чыгаруу системасынын бир бөлүгү болгон бөйрөктөрдөгү артерия системасынын жогоруда айтылган өзгөчөлүгү болбосо, дененин тең салмактуулугу бузулуп, өлүмгө алып барат.

Бул жагдай адам денеси бүгүнкү абалына убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктар, мутациялар сыяктуу факторлор менен баскыч баскыч келип жеткен деген эволюционист көз-караштарды да жараксыз кылат. Кокустуктар менен мындай бир сценарий түзөлү. Кокустан бир капилляр пайда болуп, анан ал капилляр кайра эле кокустан пайда болгон башка капиллярлар менен биригип, дагы бир кокустук менен пайда болгон бөйрөктүн ичинде капсулаларды түзүп, анан кайра кокустан ал капиллярлар артерия абалында биригип жана кайра кокустан фильтрлөө ишин эң сонун жасай турган абалга келип калышы мүмкүнбү? Албетте, кокустуктардын кокустуктарды кубалашы менен уланган бир түшүндүрмөнүн жомок сымал бир сценарий экени, бир жандыктын бир системасынын да мындай жол менен пайда болбошу анык. Адам денесинде бүт баары кемчиликсиз бир план менен орду ордуна коюлган. Албетте, бул тартипти жараткан – бүт баарын билүүчү Аллах.

Болгондо да, бул жерге чейин айтылгандар бөйрөктөгү түзүлүштүн жана ал жердеги процесстердин биринчи этабы гана.

hormones

1. Departing artery
2. Glomerule
3. Distant, Folded Tubule
4. Incoming Artery

5. Bowman Capsule Basal Membrane
6. Bowman Gap
7. Bowman Capsule
8. Near Folded Tubule

Above, a glomerulus, one of the thousands of the small nodes in the capillary vessels, and Bowman capsules. To the side is shown a closer cross-section of a Bowman capsule.

The Kidneys, Capable of Distinguishing Glucose, Protein and Sodium are a Manifest Proof of Creation

Your two kidneys cleanse the blood coursing through your body throughout your life. Part of the substances filtered is sent back to the body, and the remainder expelled as serving no purpose. But how can the kidneys distinguish between protein, urea, sodium, glucose and other substances?

glomerulus

1. Glomerulus
2. Blood entering and departing the nephron

The fore-mentioned node-like body consisting of blood vessels in the kidneys, known as the glomerulus, filters the substances in the blood. In contrast to the body’s other blood vessels, these vessels are covered in three different layers. These three layers decide, with the greatest care, which substances are to be filtered out and expelled, and which are to be returned to the body. But what does a cell membrane measure—and by what mechanism does it identify all the substances in the fluid reaching it and decide which region they should go to? Blood reaching the kidneys contains a great mixture of substances, including glucose, bicarbonate, sodium, chloride, urea and keratin. As the kidney expels all, or part of these substances, it also sends all or another part back to the body. How can a piece of tissue decide which and how much of these substances to expel? The answer lies in the fact that it has been flawlessly created.

The glomerulus’ selectivity depends on the sizes and electrical charges of the substances in the fluid. This means that the glomerulus possesses the ability to identify the molecular weights of the sodium and glucose mixed up in the blood—and the proteins that have negative electrical charges. In this way proteins, of vital importance to the body, are not expelled but are reabsorbed into the body.

How can the glomerulus, made up of blood vessels, possess such superior ability, despite having received no training in chemistry, physics or biology? Yet glomerules perform their functions to the letter because they are inspired to do so by Allah, their Creator. None of the substances they filter is selected at random, or else it would be impossible for our bodies to survive in a healthy manner until these unconscious organs had located the right molecules.

Yet despite all this evidence, Darwinists are so blindly devoted to the theory of evolution that they are unable to consider these facts. For the sake of believing—and having others believe—that everything came into being by chance, they totally distance themselves from reason, logic and science.

Тазалоочу Жабдык Ишке Киришет

Бөйрөктөрдөгү микро фильтрлерде мүнөтүнө 125 см куб суюктук сүзүлүп, ал суюктук кан айлануудан фильтрдин экинчи тарабына өткөрүлөт. Бул болсо күнүнө 180 литр, б.а. болжол менен төрт машинанын бензин багын толтура турганчалык суюктуктун сүзүлүшү дегенди билдирет.44 60-70 килограмм салмагындагы бир адам денеси күнүнө 180 литр суюктук жоготууга, албетте, чыдай албайт. Болгондо да, ал суюктуктун ичинде уулуу заттардан тышкары, адам денесине керектүү аминокислоталар, витаминдер жана глюкоза сыяктуу өтө маанилүү заттар да бар. Ал заттарды жоготуу дененин өлүмүнө алып келет. Демек, сүзүлгөн суюктукту ошол бойдон денеден чыгарып салбай, пайдалуу заттарды зыяндуу заттардан бөлүп, кармап калуу жана денеге кайра берүү зарыл.

Микро фильтрлерде сүзүлгөн суюктуктун 99%ы бөйрөктөрдөгү тазалоочу жабдыктар тарабынан артка сорулуп, кайра кан айланууга аралашат. Ошондой эле, денеге керектүү заттар да кайра соруу учурунда бир-бирден кармалып, денеге кайра берилет. Натыйжада витаминдердин, аминокислоталардын же башка маанилүү заттардын заара аркылуу денеден чыгып кетишине жол берилбейт.

Тазалоочу Жабдыктардагы Технология

Кан жогоруда айтылгандай тазаланышы –пайдалуу заттар башында сүзүлгөн суюктуктун ичинен кайра соруп алынышы- үчүн бүт тараптан кемчиликсиз, көп функциялуу бир тазалагыч жабдык талап кылынат. Аллах көлөмү 10 сантиметр жана салмагы 100 грамм болгон бөйрөктүн ичине 1 миллиондон ашык микро тазалагыч жабдык орноткон.

Жүрөктөн бөйрөккө насостолгон кандын 1 миллиондон ашык микро фильтр тарабынан сүзүлөөрүн көрдүк. Ошол микро фильтрлердин арт жагына микро тазалагыч жабдыктар орнотулган. Ал жабдык узундугу 31 миллиметр болгон бир түтүкчөдөн гана турат. Бирок ал жөнөкөй бир түтүкчө эмес. Ал түтүкчө жер жүзүнүн эң укмуш тазалагыч жабдыктарынын бири. Адамзат учурдагы бүт технологиялык мүмкүнчүлүгү менен ушул кичинекей түтүкчөдөй бир тазалагыч машина жасай албоодо.

Бул түтүкчөнүн кантип иштээрин караардан мурун өтө маанилүү бир жагдайга токтолуу керек. Бул микро тазалагыч жабдыктын бою 31 миллиметр. Ал жабдыктардан бир бөйрөктө 1 миллиондон ашык бар экенин эске алсак, түтүкчөлөр бир-бирине уланганда 31 километрден узунураак бир түтүк линиясы келип чыгат.

Узундугу 31 километр болгон бир түтүк линиясынын көлөмү 10 сантиметр болгон бир кесим эттин ичине эч кемчиликсиз жайгаштырылганы Аллахтын адам денесиндеги миллиондогон жаратуу кереметтеринин бири. Микро фильтрдин экинчи тарабына өткөн жана ичинде зыяндуу заттардан тышкары маанилүү санда пайдалуу заттар да болгон сары түстөгү бөйрөк суюктугу узундугу 31 миллиметр болгон тазалагыч жабдыктын ичинде өтө маанилүү сапарын баштайт.

«Жандуу» Түтүк Линиясы

Бул жерде кайра токтолуу керек болгон өтө маанилүү дагы бир жагдай бар. Буга чейин «тазалагыч жабдык» же «түтүк линиясы» деп атап келген, узундугу 31 миллиметр болгон бул түтүкчө «жандуу». Тагыраагы, миллиондогон жандуу клетканын жыйындысынан турган бир клетка тобу. Ал түтүктү түзгөн клеткалар укмуш бир чечкиндүүлүк, акыл жана жоопкерчилик менен адам денеси үчүн өтө маанилүү бир милдетти аткарышат.

Клеткалар адам өмүрүнө керектүү заттарды зааранын ичинен тандап, кармашат. Андан соң ал заттарды –өтө көп энергия коротуп- түтүк линиясын ороп турган капиллярларга өткөрүшөт. Натыйжада өтө маанилүү заттар –глюкоза, аминокислоталар жана белоктор- кан айланууга кайра киргизилет. Аларды ташуу үчүн клеткаларга көмөкчү боло турган ташыгыч молекулалар да ал жерде даяр турушу керек. Бүт баары эч кемчиликсиз пландалып, жөнгө салынган.

Ушул жерде бир саамга ойлонуу керек. Клеткалар бул иштен эч кандай пайда алышпайт. Бирок клеткалар бир химиктей болуп керектүү молекулаларды айырмалап, бир ташуу фирмасынын жумушчуларындай түнү-күнү ал молекулаларды кан тамырына ташышат. Бир клетка заттардын арасынан кээ бирлерин тандашы үчүн колунда ал заттарды тааный турган маалыматы, акылы жана аң-сезими болушу керек.

Бирок бир клетканын аң-сезимдүү болушу да жетпейт. Бөйрөктөрдөгү миллиондогон клетка бир түтүктү пайда кыла тургандай биригип, ал клеткалардын баары акылдуулук менен, өтө гармониялуу иштеп башташы шарт. Албетте, бөйрөктөр иштеши үчүн бир түтүктүн пайда болушу да жетиштүү болбойт. Ал түтүктүн жанында башка бир клетка тобу да ошондой чечкиндүүлүк менен башка бир түтүк курушу зарыл. Ошондуктан бирдей чечкиндүүлүктөгү миллиарддаган клетканын өз-өзүнчө биригиши натыйжасында жалпысынан бир миллион бир-биринен көз-карандысыз түтүктөр пайда болушу керек. Ошол эле учурда дагы миллиарддаган клетка жалпысынан бир миллион фильтр пайда кыла тургандай абалда биригип, ал түтүктөрдүн кире беришине жайгашышы зарыл.

Эч бир клетканын аң-сезими жок экенин унутпаш керек. Эгер бир клетка тобу биригип, акыл, жоопкерчилик, аң-сезим жана шайкештикти талап кылган бир ишти жасап жатса, бул Аллахтын чексиз акылынын, теңдешсиз чеберчилигинин денебиздин бир бурчундагы кичинекей бир түтүктөгү чагылуусу. Мынчалык кереметтүү бир тартип кокустуктар менен эмес, улуу кудуреттүү Аллахтын «Бол» деши менен гана пайда боло алат.

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Бөйрөктөрдүн Тактыкты Талап Кылган Кызматтары

Бөйрөктөрдүн башка кызматтарын кароодон мурун ичибиздеги суу дүйнөсүнө бир көз чаптыруу туура болот. Адам денесинин катуу көрүнүшү чындыгында ички дүйнөдөгү суюктуктардын үстүндө турат. Жалпы салмагыбыздын 60%ын түзгөн суунун жарымынан көбү клеткалардын ичинде. Калганы болсо денебиздин бүт клеткаларын жууйт.

Клеткаларды ороп турган суунун белгилүү бир тыгыздыкта болушу шарт. Антпесе өтө кооптуу натыйжалар жаралышы мүмкүн. Клеткаларды ороп турган суунун маанисин төмөнкүдөй мисал менен көрсөтүүгө болот. Эгер бир тамчы кандагы клеткаларды крандагы сууга салсак, клеткалар шишип, жарылып кетет. Эгер крандагы суудан тыгызыраак бир ээритменин ичине салсак анда клеткалар тырышып калат.

Биринчи экспериментте кран суусу тыгызыраак болгон клетканын ичине кирип кетет. Экинчи экспериментте болсо клетканын ичиндеги суу тыгызыраак болгон сырткы чөйрөгө чыгып кетет. Дененин ичиндеги клеткаларда мындай абалдар жаралса, ал өлүмгө алып барат. Ошондуктан дененин ичиндеги суюктуктун дал талап кылынган тыгыздыкта болушу шарт.

kidneys

1. Liver Veins
2. Lower Main Artery
3. Adrenal Gland
4. Renal Artery
5. Aorta
6. Kidney
7. Womb
8. Urethra
9. Bladder

It is essential that each of the above components making up the excretory system for removing waste products from the body should exist fully formed. This is one of the proofs that the human body is created by Allah.

Бөйрөктөрдө бул тең салмактуулукту сактай турган атайын системалар бар. Бөйрөктөр канды сүзүп тазалоодон тышкары, ичибиздеги деңиз деп атоого боло турган суунун тыгыздыгын да жөнгө салуучу кереметтүү бир жуп орган. Бул орган кыртыштарыңыздагы суюктуктун көлөмүн жана ал суюктуктун тыгыздыгын билет жана ошого жараша денеңизде керектүү жөнгө салууларды жасайт.

Кыртыштардагы суунун көлөмү күнүмдүк жашоодо адамдын оюна да келбеген нерсе. Бирок бөйрөктөр –сиздин мындан кабарыңыз да жок кезде- суунун көлөмүн сиз үчүн жөнгө салып, тынымсыз сиз үчүн иштешет. Сиз үчүн кызмат кылган жүздөгөн системалар жана триллиондогон клеткаларыңыз сыяктуу...

Булактар

43.Wallace, Sanders, and Ferl, Biology, The Science of Life, Harper Collins Publisher Inc., p. 755

44.Solomon, Berg, Martin, and Villee, Biology, p. 994