Бул суроонун жообун изилдегенде, дагы бир жолу Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көрөбүз. Денедеги тең салмактуулуктарды коргоо үчүн адам денесинде өтө татаал жана укмуш пландалган бир система иштейт.
Эгер тердөө же белгилүү убакытка суу ичпөө себебинен кандайдыр бир көлөмдө суу жоготсок, кандагы суунун үлүшү азайат. Кан мээде баратканда гипоталамус деген аймактагы атайын сенсорлор ишке кирип, гормоналдык системанын чоң шефи болгон «гипофиз безине» бир сигнал жөнөтөт. Сигналды алып, денеде суунун азайганын түшүнгөн «шеф» бөйрөктөргө атайын бир кабар (антидиуретикалык гормон-ADH) жөнөтөт. Ал кабар түтүкчөлөрдөгү клеткаларга «денеде суу тартыш болуп жатат, ашыкча сууну кайра алгыла» деген буйрук берет. Түтүкчөлөр заарадан көбүрөөк суу соруп, канга аралаштырат жана натыйжада денедеги кризис чечилет.45
Эгер керегинен ашыкча суу ичсек, анда да кайра эле ушул чынжыр менен байланыш түзүлөт. Бирок бул жолу түтүкчөлөрдөгү клеткаларга «денеде ашыкча суу бар, керексиз суу соро бербегиле» деген буйрук жетет.
Мээнин астында жайгашкан гипофиз безин түзгөн клеткалардын жасаган иши жөнүндө кайрадан ойлонолу. Ал жердеги клеткалар өздөрүнөн өтө алыста жайгашкан бөйрөк клеткаларына атайын бир кабар жөнөтүшөт. Бөйрөк клеткалары болсо аларга келген буйрукка толук моюн сунушат. Андан соң бөйрөк клеткалары заара суюктугунун ичинен суу молекулаларын бир-бирден тандап, ал аралашманын ичинен таптаза сууну алып денеге берет. Мээ клеткалары менен бөйрөк клеткалары арасында бир байланыштын болушу, бөйрөк клеткаларынын заара суюктугун тазалап ичинен таптаза сууну алышы, албетте, акылдын бир көрсөткүчү. Жер жүзүндөгү бүт жандыктардын пайда болушун жөнөкөй кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясын бир эле ушул система тамырынан кыйратууга жетиштүү. Себеби бөлүп чыгаруу системасы иштеши үчүн бир-биринен көз-карандысыз көптөгөн бөлүктөр бир учурда пайда болуп, алардын баары бир-бири менен гармонияда иштеши зарыл.
Мисалы, бул системада гипофиз безинен бөйрөктөргө буйрук алып барган «антидиуретикалык гормон» жок болсо, өтө олуттуу бир оору пайда болот. Бул ооруда күнүмдүк заара чыгаруу 1,5 литр болушу керек болсо, 25-30 литрге чыгып, өлүмгө себеп болчу натыйжаларды жаратат.
The Maintenance of The Water Balance in Our Bodies |
There is a great difference between the amount of water lost by a body doing some sort of work and the same body at rest. The amount of water filtered by the kidneys must therefore change. Yet it’s not the kidneys that stipulate this level. Again, the pituitary stimulates the kidneys by secreting the anti-diuretic hormone (ADH) in accordance with the body’s needs. The moment kidney cells receive this command, they slow down their blood-filtering process, and even begin to retrieve water molecules from the filtered-out liquid waste. There is another method the pituitary applies to regulate the water level in the blood. The ADH gland secretes slows the salivary glands’ production of saliva. The individual then feels thirsty, and is impelled to drink water. To ensure that we drink something, first and foremost, the pituitary gland has to know the importance of water. It must also know that when a person’s mouth feels dry, that body needs to replenish the water in its bloodstream. The pituitary must also know how to halt the working of the salivary glands. Every second of every day, the pituitary glands inside the heads of all the world’s billions of people determine how much water they need to drink, and oblige them to do so. This system alone is proof of how helpless human beings, and that they were created. Humans are helpless because using their own intellects, they cannot tell when the water level in their bodies has fallen. Were it not for that small piece of tissue that gives rise to feelings of thirst, people would not realize that their bodies needed water, and most of them would fail even to think of drinking before they fainted from dehydration. Human beings were created because no coincidence can install a small but exceedingly conscious organ in the brain that when necessary, can exert psychological pressure and oblige a person to take a drink. It is Allah Who has created human beings with the need to drink liquids and Who has taken all precautions to ensure they do so. |
What If You were Never Thirsty? |
There are systems that can perceive even the smallest changes in the level of water that take place in the body over the course of a day. Heading the list of these known as the hypothalamus, which is no larger than a pea in size and lies in a region of the brain. Immediately beneath the hypothalamus, the 1-centimeter (0.4-inch) pituitary gland secretes the hormone ADH, which journeys through the bloodstream and eventually reaches the kidneys. The kidneys contain special receptors that are compatible with this hormone in the same way as a key fits a lock. As soon as the ADH hormones reach these receptors, the kidneys immediately move to conserve water, and water excretion is reduced to a minimal level. If the kidney cells did not understand the pituitary hormone’s command to reduce water consumption, then we would have to drink 15 to 20 liters (4 to 5 gallons) of water a day in order not to die of thirst. Since this water would have to be constantly expelled from our bodies, we would be unable to sleep or sit down for very long. Yet even such an inefficient system wouldn’t be enough to keep us alive. We need to feel our need to drink water, and how much. To that end, Allah has created human beings together with the capacity to feel thirsty. Imagine that you never felt thirsty. Shortly after birth, you would die from lack of water. Since you had no feelings of thirst, you would be unaware that we were dehydrated and headed for death. The fact is, however, that people knows from birth that they need to drink, and how much, because their thirst is proportionate to their need. This system functions so perfectly that we never drink more or less fluid than we need, but always exactly the right amount. Allah, Who created us from a drop of water, created these perfect systems to meet our physical needs. He is the flawless Creator: He is Allah—the Creator, the Maker, the Giver of Form. To Him belong the Most Beautiful Names. Everything in the heavens and earth glorifies Him. He is the Almighty, the All-Wise. (Surat al-Hashr: 24) |
Адам бар экенинен да кабарсыз болгон көптөгөн заттын денедеги санын бөйрөктөр жөнгө салат. Мисалы, көп адамдар дене кыртыштарында же канында натрий молекулалары бар экенин билбейт. Бирок бөйрөктөр бул заттын кандагы санын түнү-күнү тынымсыз контрольдоп турат.
Бөйрөктөрдө кандагы натрийдин санынан жооптуу сенсордук клеткалар бар. Эгер натрийдин саны азайса, натрийди сезүүчү клеткалар абалды ошол замат бөйрөктөрдөгү натрий соруучу клеткаларга билдиришет.
Бир клетканын өзүн белгилүү бир заттын санын өлчөөгө арнашы өтө таң калыштуу. Дагы бир таң калыштуу жагдай болсо – клетканын абалдын өзгөргөнүн байкап башка клеткаларга кабар берүү аң-сезиминде болушу.
Натрий соргуч клеткалар кандагы натрийдин санынын азайганын түшүнөөр замат өтө маанилүү иш-аракетти башташат;
Заара катары денеден чыгарыла турган суюктуктун ичине бөйрөктөрдөгү фильтр учурунда белгилүү санда натрий аралашкан болот. Ал клеткалар заара суюктугунун ичиндеги натрий молекулаларын кармап, ал молекулаларды денеге кайра беришет. Натыйжада кандагы натрийдин саны нормага келет.
Ал клеткаларга натрий молекулаларын кармашы үчүн атайын насостор орнотулган. Өзгөчө кырдаалдарда ал насостор ишке кирип, заарадагы натрий молекулаларын денеге кайра беришет.
Эгер бөйрөктөрдөгү мындай кайра соруу механизми болбогондо, азык менен суюктукту ашыкча жоготуудан улам адам каза тапмак.
1. Water Level A. Effect of Hormones on Nephron 9. Sodium | |
Allah has created the human body with a perfectly functioning interconnected feature. For instance, the control of the body fluids is arranged by a mechanism in the brain. When body fluids decrease, osmoreceptors (sensitive receptors) in the hypothalamus send a nerve message to the anterior pituitary gland. (1) At this signal, the hormone known as ADH is secreted. (2) The bloodstream carries this hormone to the kidneys, where it sets into motion the cells in the urine-collection sacs and causes them to reabsorb the same liquid. Every rational person can see that such an interconnected system could never emerge by chance. |
Көрүнүп тургандай, адам денесиндеги байланыштар кемчиликсиз, жана контроль механизмдери, өзгөчө кырдаалдар үчүн көрүлгөн чаралар теңдешсиз. Кандагы өтө маанилүү молекулалардын жетишсиздиги ошол замат тиешелүү бөлүмдөр тарабынан аныкталып, жетишсиздикти жоюу үчүн керектүү иш-аракеттер башталат. Тиешелүү клеткаларга ошол замат бир кабар жөнөтүлүп, клеткалар акылдуу адамдар сыяктуу ал буйрукту түшүнүп, моюн сунушат жана керектүү чараларды көрүшөт. Өтө кыска убакыт ичинде жүргөн бул кемчиликсиз байланыш натыйжасында адам ден-соолугу коопсуздукка алынат.
Бөйрөктөрдөгү клеткалардын ар биринин өз ишин билиши, башка клеткалар менен жакшы уюшуп иштеши, аларга келген кабарды окуп түшүнө алышы жана керектүү чараларды көрүшү сыяктуу жагдайларды ойлогонубузда бүт бул окуялардын өзүнчө бир керемет экенин көрөбүз.
Мындай системанын, бул системаны түзгөн бөлүктөрдүн адам денесинде кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Берилген мисалдардан да көрүнүп тургандай, бөйрөктөрдөгү бул системаны кокустан пайда болгон деп айтуу дарвинисттердин логикасыздыгын апачык көрсөтүүдө. Микроскоптон гана көрүнгөн жана белоктордон турган клеткалардын жасаган ар бир иш-аракети өзүнчө бир план менен акылды талап кылат. Клеткаларда мындай акылдын болушу, албетте, алардын жаратылганын көрсөтүүдө. Бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин көрсөткүчтөрүнүн бирөөсү гана.
Бул чындыктарды көргөн киши ой жүгүртүп, эч убакыт коротпостон кыймыл-аракеттерин бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах ыраазы боло турган багытта өзгөртүшү керек. Бул сурак берүү үчүн чогула турган кыямат күнү ар бир адамдын өзүнө пайда алып келет. Аллах сурак күнү менен адамдарды төмөнкүчө эскертет:
Чындыгында, Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ошондуктан Ага кулчулук кылгыла. Туптуура жол ушул. Араларынан (бир катар) топтор бөлүнүп-жарылышты. Эми улуу бир күндү көргөндө акыйкатты (динди) тангандардын абалы оор. Бизге келе турган күнү эмнелерди угушат, эмнелерди көрүшөт. Азыр болсо ал заалымдар апачык бир адашууда. Иш өкүм чыгарылып бүтө турган, бушаймандык күнү жөнүндө аларды эскерт; алар бир капылеттик ичинде жана алар ишенишпейт. (Мариям Сүрөсү, 36-39)
Бөйрөктөрдүн өтө маанилүү бир кызматы болсо – бул кан басымын жөнгө салуу. Кан басымын аныктоочу эң негизги факторлордун бири – тамырлардын ичиндеги суюктуктун көлөмү. Тамырлардын ичиндеги суюктук канчалык көп болсо, кан басымы да ошончо көтөрүлөт жана денедеги бүт органдарга зыян тийгизет.
Дене тамырлардагы ашыкча суюктукту жүрөктүн алдыңкы бөлмөчөлөрүнө орнотулган сенсорлор аркылуу билет. Жүрөк ичине кирген ашыкча суюктук натыйжасында чоюлганда жүрөктөгү сенсорлор (кабылдагычтар) мээге кырдаал жөнүндө сигналдар жөнөтүшөт. Мээ болсо бөйрөккө барчу тамырлардын туурасын жөнгө салып кандын фильтрленишин көбөйтөт.
A. B. Reabsorption | 1. Nephron |
Nephrons are micro-filters in the kidneys. Above is a schematic representation of the processes in the regions where secretion and reabsorption in the nephron are carried out. |
Жүрөктүн алдыңкы бөлмөсүндөгү кан басымынын өлчөнүшү жана анын негизинде денедеги жөнгө салууларды төмөнкүдөй бир мисал менен карайлы.
Бир бөлмө элестетип көрөлү. Ал бөлмө тышкы дүйнөдөн толугу менен изоляцияланган бир бөлмө. Бөлмөнүн ичинде бүт өмүрүн ал бөлмөдө өткөрүүгө мажбур болгон бир адам жашайт. Ал адамга өтө маанилүү бир кызмат берилген.
Бөлмөнүн дубалдарындагы абанын басымы тынымсыз өзгөрүп турат. Бөлмөнүн ичинде жашаган адамдын милдети – ар секунда ошол басымды атайын аспаптар менен өлчөө. Ошондой эле, өлчөөлөрүн телефон аркылуу бир маалымат борборуна кабар берип турушу керек. Күн сайын миңдеген жолу отчет берип, отчеттордо эч ката кетирилбеши зарыл. Эгер өлчөө жасаганды унутуп калса, уктап кетсе же туура эмес өлчөп алса, ичинде турган бөлмөсү, бөлмө турган имарат жана бүт шаар жок болот.
Албетте, бүт өмүрүн бир бөлмөнүн дубалдарындагы басымды өлчөөгө арнаган, бир секунда да уктабай кызмат кылган, болгондо да эч ката кетирбеген бир адам болушу мүмкүн эмес. Мындай нерсени адам кыялдана да албайт. Бирок адам денесинде болуп жаткан нерселер адамдын кыялына да сыйбайт. Себеби жүрөктүн алдыңкы бөлмөчөсүнүн капталдарында жайгашкан клеткалар бүт өмүрлөрүн бөлмөчөнүн капталдарындагы басымды өлчөөгө жана өлчөөнүн жыйынтыктарын мээге билдирүүгө арнашкан. Клеткалардын ушунчалык маанилүү кызматты аркалашы, өз милдетин өмүр бою берилүү менен аткарышы, ал клеткалардын жүрөктүн ички бөлмөчөсүнө жайгаштырылганы, өлчөө жасоо жөндөмүнө ээ болушу жана жасаган өлчөөлөрүн мээге билдире алышы клеткалардын пландуу, максаттуу жаратылганын көрсөтөт.
Жүрөк булчуңу жипчелеринин терең ичине өтө маанилүү бир кабар алып жүрүүчү өзгөчө молекулалар жайгаштырылган. Ал кабар жүрөккө эмес, өтө алыста жайгашкан бир органга байланыштуу бир маалыматты камтыйт. Бирок кабарды алып жүргөн молекулалар күчтүү жүрөк булчуңу жипчелери менен оролгондуктан кадимки шарттарда ал аймактан чыга алышпайт.
Бул молекулалар алып жүргөн кабар эмне жана бул молекулалар эмне үчүн жүрөк кыртышынын терең ичине жайгаштырылган? Бул суроолордун жообун изилдегенде дагы бир жаратуу кереметин көрөбүз.
Бул молекула «жүрөк алды натрийуретикалык фактор» аттуу бир гормон. Ичиндеги кабарды окуу укугу бөйрөктөргө гана тиешелүү. Кабар бөйрөктөргө натрийди денеден чыгарып салуу буйругун берет.46
Бул жерде адамдын оюна «эмне үчүн бөйрөктөргө жөнөтүлө турган бир кабар жүрөктүн ичинде сакталат?», «бөйрөктөрдүн натрийди денеден чыгарып салышы менен жүрөктүн кандай байланышы бар?» деген сыяктуу суроолор келиши мүмкүн. Бирок Аллах адам денесин бир-бири менен өтө тыгыз байланыштуу миңдеген система менен жараткан. Жүрөктүн тереңине бөйрөккө тиешелүү бир кабардын жашырылганы бул комплекстүү жана кемчиликсиз системалардын бирөөсү гана.
Кан басымынын жогорулашы, б.а. тамырлардагы суюктук көлөмүнүн көбөйүшү адам үчүн өтө кооптуу абал жаратат. Эгер бир чара көрүлбөсө бул өлүмгө алып барат. Кан басымынын жогорулашы жүрөктүн көбүрөөк чоюлушуна себеп болот. Анын натыйжасында булчуң жипчелеринин аралары да ачылып, жипчелердин ичине камалган кабарчы молекулалар эркиндикке чыгып канга аралашат. Андан соң ал кабар кан аркылуу бөйрөктөргө жетет. Бөйрөк ага келген буйрукка моюн сунуп, денедеги натрийди чыгарып салууга киришет. Натрий менен кошо денеден чыгарылган суюктук көлөмү да көбөйөт. Натыйжада кан басымы кадимки деңгээлине түшүп, жүрөк нормалдуу согуп баштайт.
A. Angiotensin is constantly manufactured by the liver. B. The kidneys secrete rennin as a response to stress resulting from changes in nutrition or excessive exercise. C. Angiotensinogen I is formed by the activation of angiotensin and rennin. Blood carrying angiotensinogen I goes to the lungs and enters into a reaction with the enzyme ACE. D. Angiotensinogen II forms when angiotensin I and ACE react. Angiotensin II has two main effects: The first is to stimulate the release of aldosterone from the adrenal glands; the second is to cause blood pressure to rise as the smooth muscles in the blood vessels contract. | |
1. Angiotensinogen | 7. ACE |
The kidneys go into action to restore fallen blood pressure to normal. The above diagram represents the equilibrium maintenance system in the kidneys. |
Кандагы басымды жөнгө салууда бөйрөктүн ролу муну менен эле чектелбейт. Кан басымы төмөн болгон учурларда болсо бөйрөктөгү өтө өзгөчө түзүлүштөгү бир клетка JGA'дан «ренин» аттуу бир зат чыгарылат. Бирок бул заттын түздөн-түз кан басымын көтөрүүчү таасири жок.
Бул зат чыгарылган жерден такыр башка бир жактан, боордон чыгарылган «ангиотензиноген» аттуу бир молекула менен биригип, «ангиотензин-1» молекуласына айланат. Бирок бул пайда болгон гормондордун да кан басымына олуттуу таасири болбойт. Кан айланууда жүргөн бул гормон андан соң башка бир органда, өпкөдө жайгашкан «АСЕ» деп аталган жана «ангиотензин-1» молекуласын гана бөлүүгө жараган бир фермент аркылуу башка бир молекулага, «ангиотензин-2» молекуласына айланат.47
Тамырларга таасир тийгизип кан басымын нормалдуу деңгээлге чыгара турган негизги гормон – ушул эң акыры келип чыккан молекула. Бул молекула пайда болбосо андан мурда чыгарылган эч бир гормондун кан басымына таасири болбойт. Ангиотензин-2 молекуласы аны менен гана бириге турган, тамыр бетинде жайгашкан сенсорлор менен бириккен соң тамырларды кысып, кан басымын жогорулатат.
Ангиотензин-2 молекуласы кан басымын жогорулатуу үчүн мындан башка да иштерди жасайт. Ангиотензин-2 молекуласы кан айлануу аркылуу бөйрөк-үстү бездердин атайын бир аймагына жеткирилет. Ал аймакта жайгашкан кээ бир клеткалар ангиотензин-2 молекуласы менен гана бириккен соң альдостерон аттуу молекула чыгарып, канга кошот. Бул молекула канга кошулган соң кан басымы бул жолу башка бир механизм менен көтөрүлүп баштайт. Альдостерон молекуласы бөйрөктүн топтоо каналдарында жайгашкан атайын кабылдагычтар менен биригип, заара менен кошо чыгарылып жаткан натрий молекулаларынын денеге кайра сорулушуна шарт түзөт.48 Натрий молекулалары болсо кандын тыгыздыгын жогорулатып, кан басымын көтөрөт.
Бул жерде көңүл буруу керек болгон эң негизги жагдай, албетте, бул заттардын таасирлеринин бир-биринен көз-каранды болушу. Мындай учурда бир даанасынын да кокустан пайда болушу мүмкүн болбогон мындай системанын бүт бөлүктөрүнүн бир учурда, бир денеде кокустан пайда болушу эч эч мүмкүн эмес. Кокустуктардын бөйрөктөргө түшүнүү жөндөмүн, чара көрүү үчүн керектүү инициативаны бере албашы анык.
Кан басымын жөнгө салууда колдонулган ондогон зат менен алардын таасир механизмдерин эле ойлогондо, бул жердеги план менен тартипти өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтуу, албетте, эволюция теориясын жактап, аны бир ишеним кылып алган кишилерге тиешелүү бир көрүнүш. Эволюционисттер өзү да теорияларына бүт чындыктарга карабастан, бир ишеним катары кабыл алып ишенээрин моюндарына алышкан. Алардын бири төмөнкүдөй:
Бир илимпоз катары алган билимим бою илимдин жаратылуу түшүнүгүнө карама-каршы келээри тууралуу өтө күчтүү бир мээ жуумайдан өттүм. Бул түшүнүккө өтө каршы чыгуу керек эле... Бирок азыр жаратылууга (Жаратуучунун бар экенине) ишенүүнү талап кылган көз-карашка каршы айта турган бир дагы аргумент таба албай турам... Биз дайыма ачык бир мээ менен ойлонууга көнгөнбүз жана эми жашоонун бирден бир логикалуу жообу жаратылуу деген жыйынтыкка баруудабыз, туш келди (кокустук) башаламандыктар эмес.49
Эволюционисттер да апачык моюнга алууга мажбур болгондой бүт илимий маалыматтар бүт нерсенин өкүмдары Аллахтын бар экенин так, анык көрсөтүүдө.
Can Your Kidneys Possess Medical Information?s | |
Your kidneys constantly measure the level of erythrocytes in the blood that’s pumped through them. The figures are immediately analyzed by the sensitive receptors and the necessary steps taken. In the event they detect any reduction in the blood being filtered, special cells in the kidneys secrete a hormone known as erythropoietin. The hormone manifests its effect not in the kidneys, but in the bone marrow. This hormone notifies the bone marrow’s main blood-producing cells that the number of erythrocytes has declined, at which erythrocyte production is accelerated. More erythrocytes are released into the bloodstream, and the level of erythrocytes is thus kept balanced. But the kidney cells take the initiative to put the necessary steps into operation. Cells in the bone marrow decipher this hormone’s message sent from the kidneys and act accordingly. In addition, these processes all take place in the same way in every one of the billions of humans on Earth. In all these processes, the cells demonstrate a very clear intelligence, and the source of that intellect needs to be questioned. It’s impossible to claim that the cells arrived at that intellect by themselves or by chance. Allah installed that intelligence in the cells and inspired their behavior in them. There is no other power but Allah. |
1. Pump 4. Blood is Taken from The Vein 6. Blood is Returned To The Arteries 9. Clean Dialysis Fluid If the kidneys lose their function or work insufficiently, dialysis machines are used to replace them. Yet dialysis machines cannot replace the ease of use, dimensions or processing speed of the body’s renal system. Thanks to this perfect creation of Allah in an exceedingly small space, we are unaware even of the processes taking place inside our bodies. |
Учурдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жакшы иштебеген учурда органдарыбыздын ордун алмаштыруучу жасалма органдар менен аспаптар медициналык колдонууга берилүүдө. Бөйрөктөр ишке жарабай же жетишсиз калган учурларда да ордуна дененин тазалагыч системасы катары иштеши үчүн диализ аппараттары иштеп чыгылган. Көлөмү бөйрөктөргө эч салыштыргыс чоң болгон бул аппараттарда кан белгилүү түйүндөрдөн өткөрүлүп, ичиндеги заара, заара кислотасы сыяктуу зыяндуу заттардан жана ашыкча суюктуктардан тазаланат.
Бул аппарат жөнөкөй диффузия (бир заттын өтө тыгыз бир жерден тыгыздыгы азыраак бир жерге өтүшү) ыкмасы менен иштейт. Артериядан алынган бир шланг алгач бир насоско келет. Ал насос канды диализ аппаратына айдайт. Диализ суюктугу кычкылтекке бай жана туз концентрациясы жагынан да кан плазмасы менен бирдей. Кан ичинде диализ суюктугу бар диализ түтүкчөлөрүнөн өткөрүлөт. Кандагы заара сыяктуу калдык заттар диффузия менен диализ суюктугуна өтүп жатканда, эритроцит жана белок сыяктуу керектүү заттар диализ түтүкчөлөрүндө калат. Бул процесс учурунда диализ суюктугу аппарат ичинде акырын чайпалат. Ушундайча кандагы калдык заттар тазаланат жана кан кайра кайта турган абалга келет. Эгер азыктандыруу максатталса, диализ суюктугуна глюкоза кошулат жана кайра эле диффузия ыкмасы менен канга өткөрүлөт. Тазаланган кан бир шланг аркылуу венага берилет. Бүт бул процесстер учурунда диализ суюктугу тынымсыз жаңыланып, ар жолкусунда дене температурасы менен бирдей жылуулукта кармалат. Антпесе, оорулуу өтө көп жылуулук жоготот.
Толук бир диализ процесси 4-6 саат алат жана диализ суюктугу көп жолу алмаштырылат. Бул иш-чара көпчүлүк оорулууга жумасына эки же үч жолу жасалат. Бирок диализ эч качан бөйрөктүн ордун алмаштырбайт.50 Эң натыйжалуу иштеген диализ аппараттарында да оорулуунун өмүрү бир канча жылга гана узартыла алат жана оорулуулардын көпчүлүгү белгилүү убакыттан соң көз жумушууда.
Адам денесинде бүт баары эң кемчиликсиз долбоорлонгон. Технология колдонулуп жүргүзүлгөн бүт изилдөөлөрдө адам денесиндеги долбоордун теңдешин жасоо максат кылынууда. Бирок денебиздегидей кичинекей жерге, дал ошондой өзгөчөлүктөгү технологияны орнотуу мүмкүн болбоодо.
Аллах адам денесинде курган система бүт тарабынан теңдешсиз. Адамдын милдети – мунун Аллахтын бир жакшылыгы катары көрүп, өмүрүнүн ар бир көз ирмеми үчүн Аллахка шүгүр кылуу.
Аллах тынчтанышыңар үчүн түндү, жарык катары күндүздү силер үчүн жаратты. Күмөнсүз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. Мына ушул силердин Раббиңер Аллах; бүт нерсенин Жаратуучусу; Андан башка кудай жок. Анан кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? Аллахтын аяттарын жокко чыгаргандар мына ушундайча жолдон бурулушат. (Момун Сүрөсү, 61-63)
Which has The More Superior Characteristic—A Dialysis Machine, Which is The Product of Advanced Technology, Or A 5- To 10 cm (2-to 4-inch) Kidney? | |||||||||||||||||||||
As we have seen, the kidney is incomparably superior to a dialysis machine. But could a dialysis machine be the product of chance? What if someone told you that this machine, produced with advanced technology, had come into being by itself? Since it is impossible for a dialysis machine to have come into existence by chance, could a kidney, so incomparably superior, have done so? The kidney, with all its features, is the product of a superior intelligence and power. It is one of the works of Allah, Who creates all things flawlessly, in a perfect order. |
45.Arthur C. Guyton, Textbook of Medical Physiology, W.B. Saunders Company, 7th Edition, 1986, p. 614.
46.Arthur C. Guyton, Textbook of Medical Physiology, W.B. Saunders Company, 7th Edition, 1986, p. 613
47.Montgomery, Conway-Spector-Chappel, Biochemistry, Mosby-Year Book, Inc., 1996, p. 604
48.Arthur C. Guyton – John E. Hall, Textbook of Medical Physiology, Guyton & Hall, 9th edition, p. 345
49.Chandra Wickramasinghe, Interview in London Daily Express, August 14, 1981.
50.Arthur C. Guyton and John E. Hall, Textbook of Medical Physiology, Guyton & Hall, 9th edition, p. 420.