Ашказандагы Кылдат Долбоор

stomach

1. Liver
2. Inner part of stomach
3. Muscle link around pylorus

Cross-section of the stomach

Ашказанда ар бир этабы бир максатты көздөгөн өтө детальдуу бир долбоор бар. Тамак-аштар ашказандын үстүңкү учундагы «ашказан оозу» же «кардия» деп аталган тар бир жерден өтүп, ашказанга кирет. Ашказанды кызыл өңгөчкө туташтырган ал жердеги булчуңдар бир капкактай жарым сиңирилген тамактардын кызыл өңгөчкө кайра кайтышына бөгөт болот. Андан соң ашказандын купол формасындагы үстүңкү бөлүгүнө өткөн азыктар ал жерде ашказан согу же ашказан суюктугу менен аралашкан соң ашказандын эң кеңири бөлүгүн көздөй жылат. Ал кеңири бөлүк кескин бүгүлүп, ашказандын горизонталдуу бөлүгүн түзөт.

Өйдөдөгү тик бөлүктөн кыскараак болгон ал жерде ашказан кайра тарайып, «ашказан эшиги» же «пилорус» деп аталган бир канал менен он эки эли ичегиге уланат. Ашказандын астыңкы учундагы ал булчуңдуу канал да капкак функциясын аткарып, жарым сиңирилген азыктардын ашказандан чыгып ичке ичегилерге өтүшүн көзөмөлдөйт. Тамак-аштарды ашказан оозунан ашказан эшигин көздөй үч катмар болуп жайгашкан күчтүү ашказан булчуңдарынын ритмикалык толкун кыймылы жылдырат. Булчуң тарткылоосуна окшошкон мындай толкун кыймылы ошол эле учурда тамактарды аралаштырып, эзип майдалап, аягында «кимус» деп аталган жарым суюк бир аралашмага айландырат. Мындай процесстердин зарылчылыгы тамак сиңирүүнүн кийинки этаптарында ачык көрүнөт.

Ашказандагы Устараны Сиңирип Сала Тургандай Күчтүү Кислоталар Кантип Таасирсиз Болуп Калат?

Mucus of stomach

Mucus secretion protects the stomach from acids.

Кызыл өңгөчтө жылган тамактар белгилүү убакыттан соң ашказанга жетет. Ашказандагы тамак сиңирүү процесси ооздон башкача. Ал жерде өтө күчтүү кислоталар ишке киришет. Тамактар кызыл өңгөчтөн ашказанга түшөөр замат ашказан бетиндеги клеткалар ашказан кислотасы аттуу бир суюктукту чыгарып башташат. Ал суюктук менен бирге пепсин жана туз кислотасы аттуу химиялык майдалагыч суюктуктар да чыгарылат. Ал кислоталар бир устара мизин (темирин) да сиңире ала турганчалык күчтүү. Белок сыяктуу сиңирүү кыйын болгон заттар үчүн мындай кислоталардын болушу шарт. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Ашказандын өзү да түзүлүшү жагынан белоктон турат. Андай болсо, кантип устара мизин да сиңире алган бир кислота ашказандын өзүнө зыян бербейт?

Бул да адам денесиндеги теңдешсиз долбоор мисалдарынын бири. Ашказандын одур-бодур капталдарынан улам ашказан өзүн-өзү сиңирбейт. Ашказан капталдарындагы терең чуңкурларда ар кандай касиеттеги клеткалар жайгашкан. Өтө так бир тең салмактуулукта ашказандагы бир катар клеткалар кислота чыгарып жатканда, ал клеткалардын жанында жайгашкан башка клеткалар жабышчаак бир суюктук чыгарат. «Былжыр» деп аталган ал суюктук ашказандын бетин жаап, ашказанды кислоталардан бир калкан сыяктуу коргойт жана ферменттердин ашказанга зыян тийгизишине жолтоо болот. Талкалоочу ферменттерден тышкары инфекция пайда кылуучу вирус жана башка микроорганизмдердин да клеткалардын ичине киришине тоскоол болгон былжыр ошол эле учурда ал жерди сыйгалак кылып, тамактардын канал ичиндеги кыймылдарын жеңилдетет.

Бул процесстер кандайча жүрөт, ашказандагы бул коргоо кантип пайда болот? Ашказандагы клеткалар өз башынча бул заттарды өндүрүүнү чечип, кандайдыр бир жол менен коргоочу заттардын формуласын тапкан болушу мүмкүнбү? Клеткалар муну жасай алышы үчүн эмнелер керек болот, бир ойлоп көрөлү:

Эң биринчиден тамак сиңирүү үчүн керектүү затты өндүрүү үчүн бир катар клеткалар тамактарды сиңирүү керек экенин түшүнүшү зарыл. Ошол эле клеткалар тамак сиңирүү үчүн кислота сымал бир зат талап кылынаарын билиши керек. Андан соң клеткалар эң ыңгайлуу кислотанын формуласын таап, ошол формуланын негизинде өндүрүш жасашы шарт. Коргоочу затты өндүрүү үчүн болсо бир катар клеткалар ал кислотанын ашказандын өзүнө зыян тийгизээрин аныктап, анан ал клеткалардын кислота мисалдарын алып лабораторияда изилдеп, кислотанын таасирин токтото турган формуланы иштеп чыккан болушу зарыл. Ал ортодо ал кислотанын бир тамчысы да килемде чоң бир тешик пайда кыла турганчалык күчтүү. Ошондуктан формула иштеп чыгууда кетирилген жаңылыштыктын ашказандын кислоталар тарабынан ээритилиши деген мааниге келээрин да унутпаш керек.

1. Inclined layer of muscle layer
2. Extensor layer

3. Serosa
4. Link layer

5. Lamina propria of mucosa muscle layer
6. Layer

7. Muscle layer
8. Submucosa
9. Mucosa

10. Epithelium
11. Secretory duct

stomach wall

To the side is shown a cross-section of the stomach wall. Cells in the stomach wall, which is made up of several layers, all have different functions. Such a detailed creation could obviously never have come into being by chance. It is Allah, the Omnisicent, Who creates the stomach.

Албетте, ашказандагы бир-бирин тең салмакка салган заттардын келип чыгышы жогоруда айтылгандай жөнөкөй эмес. Заттардын формулаларынын туура келиши да өзүнчө бир укмуш. Бир клетканын химиялык формулаларды чыгарып, ал формулаларды бириктирип, бир затты жасашы мүмкүн эмес. Аң-сезими жок атомдордон турган бир клетканы мындай акыл жана жөндөмгө ээ деп айтуу акылсыздык болот.

Ошентсе да, акылдын чегинен алыстоону да кабыл алып, бир адамдын ашказанында кислота кандайдыр бир жол менен пайда болгон десек дагы, аны тең салмакка сала турган заттын акырындап пайда болушун күтүп отуруу да мүмкүн болбойт. Себеби устара мизин ээрите турганчалык күчтүү кислоталар ашказанды өтө кыска убакыт ичинде талкалайт. Кислоталардын миллиондогон жыл мындай турсун, 2-3 күн, ал тургай, андан да кыска убакытка да ашказанда күтүп турушу мүмкүн эмес.

Булардын баарын эске алсак, апачык бир чындыкты көрөбүз. Кислота менен ашказанды кислотадан коргой турган былжырдын чогуу пайда болушу Аллахтын теңдешсиз жаратуусундагы тартип менен кемчиликсиздиктин сансыз мисалдарынын бирөөсү гана. Аллах адам денесин толук кылып кемчиликсиз бир долбоор менен жараткан.

Villus

1. Micro-image of villum

2. On the surface of every villum, there are minute wings known as microvilli.

3. Folded structures on the stomach surface provide a huge area for food digestion.

4. Muscle

On the stomach’s interior surface, there are curved structures known as villi, whose creation facilitates food digestion.

Тамак Сиңирүү Менен Бирге Кислотага Айланган Суюктук

Ашказандын иштөө системасындагы пландоо мисалы бир эле ушул эмес. Жогоруда да айтылгандай, адам денесинде ушунчалык керемет бир система бар: ар кандай ыктымалдык үчүн керектүү чаралар эң башынан каралган. Мисалы, ашказан бош кезде ичинде тамак сиңирүү кислоталарынын болушу –ашказан былжыр тарабынан ал кислотадан корголсо да- ашказанга белгилүү убакыттан соң зыян тийгизет. Ошондуктан бош кезде ашказандын ичинде сиңирүүчү кислоталар болбойт. Натыйжада ашказандын жабыр тартуу коркунучу да жоюлат. Бош ашказандын ичинде «пепсиноген» аттуу сиңирүү касиети жок бир фермент болот. Ашказанга тамак келээри менен ашказан клеткалары HCL (туз) кислотасы аттуу бир суюктук чыгарып баштайт. Ал суюктук бош ашказандагы пепсиногендин түзүлүшүн бир заматта өзгөртүп, «пепсин» аттуу өтө күчтүү бир майдалоочу ферментке айландырат. Ал болсо ашказандагы тамактарды заматта майдалайт.30

anatomy of the stomach

1. Inner surface of stomach
2. Mucus neck cells
3. Gastric gland
4. Stomach protrusions
5. Epithelium

6. Muscle link around the pylorus
7. Main cells
8. Membrane cells
9. Pepsinogen
10. Pepsin (active enzyme)

Shown above is the anatomy of the stomach.
A) Enlarged image of stomach pits and glands.
B) Diagram of the production of pepsinogen by the main cells. This production takes place in this way:
The main cells (1) produce enzymes (such as pepsinogen), which produce protein.
Membrane cells (2) produce the acid HCl, which activates the main cells. To maintain that any interconnected system like this came into being by chance is of course irrational and illogical.

Ашказан бош кезде толук зыянсыз болгон бир суюктуктун ашказан толоору менен өтө күчтүү бир майдалагычка айланышынын аң-сезими жок кокустуктар менен пайда боло албашын түшүнүү үчүн бир саамга ойлонуу жетиштүү болот. Кокустан бир заттын башка бир затка, болгондо да ар жолкусунда эң туура формуланы таап, айланышы эч мүмкүн эмес. Бул процесс бүт адамдарда ар бир тамактан мурда жүрөт. Бул жагдай кокустук деген ээнбаштыкты чагылдырган бир түшүнүктү толугу менен жокко чыгарат.

Ашказан клеткаларынын качан кайсы затты чыгараарын билген, клеткаларга эң туура иш-аракеттерди жасаткан, кислоталардын чыгарылуу убактысын жөнгө салган бир күчтүн бар экени анык. Адам денесин башкарган бул күч – бүт ааламды, ааламдагы бүт жандыктарды, адамдарды жараткан Аллах. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок.

Ашказаныңыздагы Өзгөчө Суспензия Системасы

Тамак жеген соң сиз бир тоюу сезимин, балким бир аз салмактанууну гана сезесиз. Андан башка ашказаныңызда эмнелер болуп жатканын эч билбейсиз. Бирок тамак жегенден бир аздан соң ашказаныңызда өтө чоң кыймыл-аракеттер жүрөт. Ашказаныңыз тынымсыз оңго, солго, жогоруга, төмөнгө чайпалып, тамактарды жакшыраак сиңирүүгө аракет кылат. Бирок сиз ашказаныңыздагы өзгөчө суспензия системасы натыйжасында ал кыймылдарды эч сезбейсиз.

Ашказан булчуңдары 3 багытты көздөй тизилишкен. Натыйжада ашказан өйдө төмөн, оңго солго жана кайчылаш кыймыл-аракеттерди эч кыйынчылыксыз жасайт. Бул болсо тамактардын ашказан суюктугуна жакшыраак тийишине шарт түзөт. Бирок мындай кыймыл-аракеттер дайыма бир коркунуч жаратат; сүрүлүү...

Ашказан ичегилердин жанында жайгашкан бир орган. Тынымсыз кыймылдашы ичегилерге сүрүлүшү деген мааниге келет; бул болсо адам ден-соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Албетте, ашказанда бул коркунучка да бир чара көрүлгөн. Ашказандын эң тышкы катмары «кирич (брюшина)» аттуу бир кабыкча менен капталган. Ал кабыкча чыгарган жылмакай суюктук ашказан менен ичегилерге «сырттан майлоо» деп атоого боло турган бир иш-аракет аркылуу ал органдарды жылмакай кылып койот жана натыйжада иштеп жатканда бир-бирине сүрүлүп жабыркашынын алдын алат.31

Канды Жасоо Жана Ашказан

Stomach

1. Stomach membrane
2. Esophagus
3. Muscle link
4. Circular muscle layer
5. Vertical muscle layer
6. Inclined muscle layer
7. Muscle layer around pylorus
8. Duodenum
9. Folds

The layers of stomach muscles are arranged in three separate directions. Thanks to this structure the stomach is easily able to move up and down, left and right, and diagonally. This special creation of Allah allows food in the stomach to be ground down more easily.

Ашказан былжырынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын канды жасоого салым кошушу. Ашказан былжыры кан өндүрбөйт. Бирок кан өндүргөн жилик чучугуна өтө маанилүү көмөк көрсөтөт. Дене үчүн өтө мааниси чоң B-12 витамининин жилик чучугуна жетишине шарт түзөт. B-12 витамининин жилик чучугуна жеткенге чейинки сапарын жана ашказан былжырынын ал сапардагы ролун караганыбызда, микроскопиялык деңгээлдеги улуу бир кереметти көрөбүз.

B-12 витамини адам денесине кирген соң тамак сиңирүү системасын бойлой бир сапарга чыгат. Андан соң ичке ичегиден кан айланууга өтүп, канга аралашат жана жилик чучугу клеткаларына жетет.

B-12 витаминин сиңирүү ичке ичегиде ишке ашат. Бирок ичке ичегидеги кандайдыр бир тамак сиңирүү клеткасы B-12 витаминин кармабайт. Ичке ичегинин кичинекей бир аймагында бир гана B-12 витаминин кармоо милдети жүктөлгөн атайын бир клетка тобу бар.32 Ал клетка тобу бүт өмүрүн –кереметтүү абалда- жалаң B-12 витаминин тутууга арнашкан. Ал клеткалар триллиондогон молекулалардын арасынан B-12 витаминин айырмалап, кармашат.

Мына ушул жердеги кереметти көрүү үчүн ой жүгүртүү керек. B-12 витаминин туткан клеткалар ал витаминдин адам денесиндеги маанисин билишет. Ичке ичегинин белгилүү бир аймагына ушул кызмат үчүн атайын жайгаштырылышкан. Өмүрлөрүн B-12 витаминин кармоого арнашкан болсо да, ал витамин алардын ишине жарабайт. Кармаган витаминди кан айланууга койо берип, билбеген бир тарапка жөнөтүшөт.

Ал клеткалардын B-12 витаминин тутуудагы акылы, албетте, бир кокустук натыйжасында пайда боло албайт. Апачык көрүнүп тургандай, бул система пландуу жаратылган. Системаны дагы бир аз тереңирээк карасак, мындан да таң калыштуу кереметтерди көрөбүз.

Ичке ичегидеги клеткалар жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный алышпайт. B-12 витаминин ал клеткалар таанып, кармай алышы үчүн атайын бир молекула менен белгиленип коюлушу керек. Бул зарылчылык да, албетте, эске алынып, B-12 витаминин ичегиге жеткенге чейин белгилеп койо турган система да курулган.

B-12 витамини ашказанда турган кезде ашказан клеткалары B-12 витамини үчүн атайын бир молекула чыгарышат. Ал молекула B-12 витамининин алдыдагы сапарында керек болгон бир «паспорту». Ал паспорт B-12 витаминине бекем жабышат жана B-12 ичке ичегини көздөй жолун улантат.

Бир аз мурда да айтылгандай, ичке ичегиде бир гана B-12 витаминин табуу милдети жүктөлгөн чек ара кызматкерлери (атайын клетка тобу) B-12 витаминин кан айланууга өткөрөт. Бирок ал кызматкерлер жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный албайт. Мына ошондо B-12 витаминине колундагы паспорту жардам берет. Чек ара кызматкерлери ошол паспорту аркылуу триллиондогон молекуланын арасынан B-12 витаминин таанып, табышат. Андан соң кайра эле ошол паспорт молекуланын жардамы менен B-12 витаминин кан айланууга өткөрүшөт. Ошентип B-12 кан аркылуу жилик чучугуна жете алат.

Көрүнүп тургандай, ашказан клеткалары B-12 витамининин денедеги маанисин билишет. Мындан тышкары, ичеги клеткалары B-12 витаминин таануу үчүн кандай белгиге муктаж экенин да билип, ал белги молекуланы атайын чыгарышат. Көзү, колу же бир мээси да болбогон ичеги клеткалары болсо ал белгини таанып, B-12 витаминин кармашат.

Унутпаш керек болгон дагы бир маанилүү жагдай болсо; бүт бул процесстер натыйжасында сиңирилген B-12 витамини ашказан клеткасынын да, ичеги клеткасынын да керегине жарабайт. B-12 витамини өтө алыста, жилик чучугунда колдонулат. Ал витамин аркылуу адам денесинде кан өндүрүлүп, адам өмүрүн улантат.

Бир эле витаминдин сапары жана ал сапардагы майда-бараттар эле адам денесинде курулган системанын кереметтүүлүгүн түшүнүүгө жетиштүү болот.

Албетте, бул процесстер учурундагы курч акыл жана кемчиликсиз иштөө системасы ал клеткалардын өз эрки менен болушу мүмкүн эмес. Негизи клетка деген нерселер – аң-сезими жок атомдордун биригишинен пайда болгон түзүлүштөр. Клетканын ичинде аң-сезим, эрк же бир күч издөөнүн эч кандай мааниси жок. Бул жерде көрүнүп турган апачык чындык; ашказан клеткалары да, кан жасоочу механизмдер да Аллах тарабынан жаратылган жана Анын илхамы менен кызмат кылышат.

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат, кудай) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Майдалануу Уланууда

Ашказанда суулуу бир боткого айландырылган тамактар бир жакка гана ачылчу бир эшиктен өтүп, он эки эли ичегиге, андан ичке ичегиге өткөрүлөт. Ичке ичеги диаметри 3 см жана узундугу 7 метрден ашкан бир орган. Узундугу 7 метр болгон бир шланг ийилип, кабатталып пакеттелген жана ар бир адамдын курсагынын ичине орнотулган. Бирок керемет бул укмуштуу пакеттөө менен эле чектелбейт. 7 метрлик шлангдын ичинде өтө маанилүү процесстер жүрөт.

Тамактардын маанилүү бөлүгү ашказанда майдаланганы менен, бир бөлүгү дагы эле эң майда бирдиктерге бөлүнө элек болот. Ашказандан чыгып, дагы эле сиңириле элек болгон ал тамак-аштар белгилүү убакыттан соң ичке ичегиге жетет. Мисалы, майлар чоң молекулалуу болгондуктан жана сууда ээрибегендиктен сиңирүү кыйын болот. Ошондуктан майлар ооз менен ашказанда эмес, ичке ичегиде сиңирилет.

Мына ушул этапта дененин эки органы –уйку бези менен боор- ишке киришет. Бул эки орган ичке ичегинин ичине бир канал аркылуу эки атайын суюктукту жөнөтүшөт.

Peristaltic motions

A. Closed stomach mouth (pylorus)

B. Closed pyloric valve

C. Pyloric valve slowly opens.

Peristaltic motions (rhythmical muscular contractions) assist the mixing of nutrients inside the stomach and direct them toward the pyloric valve..
1) Peristaltic waves move towards the stomach’s mouth (pilor).
2) The most powerful peristalsis and mixing process takes places near the stomach’s mouth.
3) The pyloric end of the stomach acts like a pump. It permits part of the nutrients to enter the duodenum, and keeps back the rest, sending it on in small parcels.

Боор ашказандын майларды майдалай албаганын билет. Ошондой эле, майларды майдалай турган атайын суюктуктун химиялык формуласын да билет. Майлуу тамактардын ичке ичегиге жеткен убактысын да билген боор эң керектүү убакта, эң туура жерге даярдап, чогултуп койгон атайын суюктукту коюп жиберет.

Өт суюктугу деп аталган ал суюктук майларды майдалап эле тим болбойт. Майдаланган майлардын ичке ичегиден сорулушуна да көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, ичегилердин витаминдерди сорушуна шарт түзгөн атайын химиялык кошулмаларды да курамында алып жүрөт. Ал тургай, ошол эле учурда ичегинин ичиндеги зыяндуу бактерияларды өлтүрүүчү бир антисептик.

Өттүн милдети – ашказандан ичке ичегиге келген тамак аралашмасындагы майларды бир алдыңкы процесстен өткөрүү. Бул процесс уйку бези суюктугунун натыйжалуулугун жогорулатат. Ичинде ар кандай ферменттери бар уйку бези суюктугу майлардан тышкары, крахмал менен белоктордун сиңирилишине да көмөкчү болот. Ичке ичегинин ички бетин каптаган былжырда да көптөгөн майда секреция бездери бар. Ал бездер чыгарган ичеги суюктугундагы ар кандай ферменттер ал кезге чейин жакшылап майдаланган тамактарды сиңирүүдө маанилүү роль ойнойт. Тамак жегенден 3-5 сааттан соң ичке ичегидеги тамактардын көпчүлүгү майдаланган болот. Натыйжада углеводдор жөнөкөй канттарга, белоктор аминокислоталарга, майлар болсо глицерин менен май кислоталарына бөлүштүрүлүп, сорууга даяр абалга келет. Ичке ичегидеги соруучу клеткалар сорууга даяр болгон тамак-аш молекулаларын кармап, сорушат. Андан соң ал азыктарды кан айланууга өткөрүшөт.

Тамак-аштар ичке ичегиден чыгып баратканда ичинде суудан тышкары, эч кандай азык калбайт. Бүт азыктар соруп алынган болот.

Тамак Сиңирүүдө Акыркы Кадам: Ичегилер

Ичегилерди күтүп турган коркунуч «кислота»

Duodenum

1. Choledoch duct
2. Pancreas
3. Duodenum

Unlike the stomach, the duodenum has no special layer to protect it from acid. Under the special system created by Allah, however, the pancreas has been placed at the service of the duodenum. Bicarbonate molecules produced by the pancreas neutralize the stomach acids and thus protect the duodenum.

Жогоруда да айтылып кеткендей, ашказандагы тамак сиңирүү кислоталар тарабынан жүргүзүлөт. Б.а. ашказандан ичегилерге келген азык боткосунун ичинде өтө күчтүү кислоталар болот. Бул он эки эли ичегиге да олуттуу коркунуч туудурат. Ичегилер бул кислотадан жабыркашы мүмкүн, себеби он эки эли ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?

Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү учурундагы окуяларды изилдегенде, денебиздеги кереметтүү окуяларды көрөбүз.

Он эки эли ичегиге ашказандан тамак-аштар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Бул процесстер жөнүндө токтолуп кетүү керек болгон жагдайлар бар. Эң биринчиден он эки эли ичегини коргогон секретин гормону ичке ичегинин ичиндеги клеткаларда «просекретин» абалында болот. Ал гормон сиңирилген тамактардын кислоталык таасири менен башка бир химиялык затка, секретинге айланат жана ал гормон уйку безине сигнал жөнөтүп секрециялардын зыяндуу таасирин жойот.33

Секретин гормону канга аралашып, уйку безине келип, фермент чыгаруу үчүн уйку безин жардамга чакырат. Он эки эли ичеги коркунучта калды деген кабарды алган уйку бези бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ал молекулалар ашказан кислотасынын таасирин жоюп, он эки эли ичегини коргойт.

Адам өмүрү үчүн өтө маанилүү бул процесстер кантип ишке ашат? Ичеги клеткаларынын аларга керектүү заттын уйку безинде бар экенин билиши, ашказандан чыгарылган кислотанын формуласын бузуп, таасирин кантип жойоорунан кабардар болушу, уйку безин иштете турган заттын формуласын билиши, ошондой эле уйку безинин ичегиден келген кабарды түшүнүп фермент чыгарып баштай турган түшүнүктө болушу; булардын баары ойлонууну талап кылган процесстер.

Бул жерде ичеги клеткалары жөнүндө «билүү, кабардар болуу» сыяктуу кыймыл-аракеттер адам денесиндеги окуялардын кереметтүү тарабына жакшыраак басым жасоо максатында колдонулган. Чындыгында болсо, акылы бар ар бир адам билгендей, бир клетканын ойлонушу, өз эрки менен чечимдер алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүн билиши, формулаларды ойлоп табышы эч мүмкүн эмес.

Адам денесинин капкараңгы тереңинде көзү, кулагы жок, бир мээси жана аң-сезими да жок клеткалардын мынчалык кемчиликсиз системада иштеши Аллахтын кереметтүү жаратуусунун натыйжалары. Клеткаларды бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – теңдешсиз илим ээси Аллах. Аллах адамдарга алардын денесинде жараткан ушул сыяктуу өзгөчөлүктөр аркылуу кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

1. Bile duct
2. Extensor layer
3. Nerve network
4. Ring layer
5. Mucosa sediment,
6. Mucosa muscled layer
7. Propria layer

8. Epithelium
9. Submucosa
10. Mucosa
11. Intestinal furry extension
12. Epitel

stomach wall

To the side, a cross-section of the duodenum wall. All the cells comprising the layers in this section play a role in the digestion of foods, as if they were all conscious entities.

Тамак Сиңирүү Процессиндеги Акыркы Баскыч

Жеген бүт тамак-аштардын сиңирилиши ичке ичегиде аяктайт. Бирок тамак сиңирүүдөгү акыркы этап – бул сиңирилген продукттардын денеде керектүү жерлерге таратуу үчүн сорулушу. Тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнөн ооз менен ашказандагы сорулуу өтө аз. Соруу иши толугу менен ичегилерде жасалат. Ичке ичегинин түзүлүшү сорууга өтө ыңгайлуу.

Ичке ичегинин ички бети абдан одур-бодур бир түзүлүшкө ээ. Ал одур-бодурлардын бетинде болсо микроскопиялык насостор жайгашкан. Ал насостор соргуч клеткалар. Мына ошол клеткалар денеге керектүү азыктарды кармап, тиешелүү кан тамырларга айдашат.

Денеңизге эмне керек болсо ошол кичинекей насостор аны билет. Мээ клеткаларыңызда колдонула турган майдаланган кант, же булчуң клеткаларыңызда колдонула турган бир аминокислота... Бул кичинекей насостор акылмандык менен сизге керектүү азыкты таап, кармайт. Сиз буларды окуп жатканда да миллиарддаган насостор сиз муну окушуңуз үчүн керектүү болгон азыктарды керектүү жерлерге айдап жатат.

Ичегилердин ичиндеги бүктөлүштөр жана ал бүктөлүштөрдүн бетиндеги микро насостор натыйжасында ичке ичеги өтө чоң бир аянтка ээ. Бойго жеткен бир адамдын ичегисинин жалпы аянты болжол менен 300 м2ка жетет. Бул болжол менен эки кичине теннис кортунун жалпы аянтына туура келет.34

Group exposed to digestion Site of digestion Digested substance (impacting substance) Digestive enzymes Site of enzyme preparation Situation affected by enzyme Situation arising with digestion If absorbed in the small intestine, product enters villum capillary vessels.
Carbohydrate Digestion Mouth Starch (cooked) Amylase Saliva glands Dekstrin Maltose Dekstrin Maltose


Capillary blood vessels in the villum

Duodenum

Small intestine

Starch Amylase Pancreas Alkali Maltose
Maltose Maltose Small intestine glands Alkali Glucose + Glucose
Saccharose Saccharose Glands in the small intestine Alkali Glucose + Fructose
Lactose Lactose Glands in the small intestine Alkali Glucose + Galactose
Protein Digestion Stomach Protein Pepsin
(in presence of HCl)
Stomach Acid Peptone polypeptide Capillary blood vessels in the villum
Milk protein Rennin Stomach Acid Separation of casein
Duodenum Peptone polypeptide Trypsin Pancreas Alkali Peptides
(amino-acids)
Peptone polypeptide Chymotrypsin Pancreas Alkali Peptides
(amino-acids)
Small intestine Peptides (intermediate compounds such as tripeptide) Erycin Small intestine glands Alkali Amino acids
Fat Digestion Duodenum Small intestine Fat Lipase Pancreas Alkali Fatty acid glycerine (glycerol) Capillary lymph vessels (lymph pipelines) in the villum
Nucleic Acid Digestion Duodenum Small intestine DNA and RNA Deoxyribonucl ease and ribonuclease Pancreas Alkali Nucleotide building blocks Capillary blood vessels in the villum.
Hormone Organ in Which It is Secreted Stimulating Factor in Secretion Production Reaction Organ Reaction Organ’s Response
Gastrin Stomach mucosa Presence of food in stomach Stomach mucosa Gastric fluid
Secretin Duodenal mucosa Presence of acidic foods in duodenum Pancreas Initiates enzyme release
Enterogastrone Small intestine mucosa Fatty acids Stomach Deceleration of stomach activity
Cholesystokinin Small intestine mucosa Acidic foods Gall bladder Gall bladder causes production of gall.
Pancreozymin Duodenal mucosa Acidic foods Pancreas Slow down the working of the pancreas

Азыктарды сиңирүү ошол кеңири аянтта жүрөт. Азыктар майдаланып алгач бир аралашма боткого айландырылат. Анан ал ботко ичегинин ички бетине бир да чекит калтырылбай, өтө ичке катмар кылып жайылат. Натыйжада клеткалар тамактардын ичиндеги бүт азыкты оңой эле соро алышат.

Ичке ичегинин өтө өзгөчө бир функциясы, ал кээ бир заттарды дененин муктаждыгына ылайык гана сорот. Мисалы, темирдин ашыкча болушу денеге зыяндуу. Белгилүү бир деңгээлден ашыкча көлөмдө ичегилерге келген темир эч сорулбай ичегилерден чыгарып салынат. Антпесе өтө оор жана өлүмгө себеп боло турган оорулар келип чыгат.

Small intestine

1. Small intestine
2. Furry protrusion
3. Epithelium
4. Submucosa

5. seroza
6. Mucosa
7. Nerve network
8. Intestinal gland

The small intestine is an organ with very special functions. This organ’s cells are able to select useful substances by identifying which substance is which.

Мындан тышкары, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай ичегинин атайын бир бөлүгүндө болсо бир гана B-12 витаминин соруу үчүн даярдалган клеткалардан турган аймактар болот. Операция менен ичегилеринин ошол аймагы алып салынган кишилер медициналык дарылоодон өтпөсө, кан жетишсиздигинен көз жумушат.

Ичегилердеги клеткалардын тандап сиңирүүсү терең ойлонууну талап кылган, Аллахтын улуулугун түшүнүүгө себеп болчу бир жагдай. Ичегилер турган жер адам денесиндеги караңгы бир аймак. Ал органдарыбыздын мээси жок, заттарды айырмалай турган акылы жана маалыматы жок. Бирок анткен менен адамга эмненин пайдалуу, эмненин зыяндуу экенин айырмалап, ошого жараша керектүүлөрдү алып, керексиздерди денеден чыгарып салат.

Бир адам үчүн химиялык заттарды, минералдык туздарды же металл чаңчаларын айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул багытта таалим албаган бир адам көзү менен карап темирди цинктен айырмалай албайт. Кайсы заттын пайдалуу, кайсысынын зыяндуу экенин, ошол учурда денесинде кайсынысына канчалык муктаждык бар экенин да биле албайт. Адам бул заттардын арасындагы айырманы биле албайт, бирок ал адамдын ичеги клеткалары муну оңой эле түшүнөт.

Көрүнүп тургандай, кайсы заттын эмне экенин айырмалоо үчүн акыл менен аң-сезимдин болушу эле жетиштүү болбойт. Ал жөнүндө терең маалыматка ээ болуу зарыл. Андай болсо ичеги клеткалары мындай маалыматка кантип жетишкен? Адам денесиндеги триллиондогон клеткада эмненин кем, эмненин ашыкча экенин бул клеткалар кантип аныктап, жетишпеген тарабын кантип толуктоону кайдан билишет?

Атомдордун биригишинен пайда болгон клеткалардын өзүнчө бир эрки бар деп ойлоо туура эмес болот. Бул маалыматтын клеткаларга орнотуп коюлганы анык. Мындай кереметтүү бир процесстин кокустуктар менен же башка бир фактор менен ишке ашышы да мүмкүн эмес. Бул клеткаларга алардагы аң-сезимди берген улуу бир кудуреттин бар экенин көрсөтөт; ал кудуреттин ээси – бүт нерсени жараткан жана белгилүү тартипте калыпка салган Аллах.

Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан. Анын кандайча баласы болсун? Анын бир түгөйү (аялы) жок. Ал бүт нерсени жараткан. Ал бүт нерсени билүүчү. Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 101-102)

Сиз Үчүн Иштеген Бактериялар

Ичегилердеги тамак-аштардын көпчүлүгү жоон ичегилерге келгенге чейин соруп алынат. Бирок кээ бир өзгөчө азыктар жоон ичегиде сорулат. Алардын арасында эң кызыктууларынын бири – бул K витамини.

K витамини – кандын уюу механизминде кызмат кылган, жок болсо адамды өлүмгө алып барчу натыйжаларга себеп болгон өтө маанилүү бир витамин. Бирок K витамини табиятта адам денесине керектүү формада кездешпейт. Адам денеси бул витаминди өзү колдоно ала турган абалга алып келиши, б.а. кандайдыр бир мааниде «кайра иштетип чыгышы» керек.

Бирок адамдын зат алмашуусу мындай кайра иштетүү процессин да жасай албайт. Андай болсо кантип адамдар K витамини жетишсиздигинен улам көз жумушпайт? Ал витаминди адам колдоно турган абалга алып келген, ал үчүн иштеп чыккан механизм кандай?

Бул суроонун жообу өтө таң калыштуу бир чындыкты көрсөтөт. Ичегилердеги атайын бактериялар K витаминин бир катар процесстен өткөрүп, иштеп чыгат жана адам колдоно ала турган абалга алып келет. Ал бактериялар тарабынан иштеп чыгылган K витамини жоон ичегиден сорулуп, канга аралашат.35

Large intestine

1. Large intestine
2. Extensor layer
3. Surrounding muscle
4. Serosa

5. Mucosa
6. Submucosa
7. Nerve networks

The large intestine, of which various cross-sections are shown above, is responsible for the absorption of Vitamin K, of great importance to the body.

Адам денесинде K витаминин иштеп чыккан бактериялардын болушу сөзсүз ойлонууну талап кылган бир жагдай. Бактериялардын дал керектүү жерде болушу, кайра иштетүү ишин жасай турган генетикалык кодго ээ болушу өтө маанилүү көрүнүштөр. Адам өмүрүн улантуу үчүн бар экенинен да кабарсыз болгон, ал тургай, атын да билбеген кичинекей бир бактерияга муктаж болушу да өзүнчө бир керемет. Эч кандай кокустук бир бактерияны пайда кылып, болгондо да аны адамдын ичегилерине жайгаштырып, ал бактериянын генетикалык кодун адамга пайдалуу иштерди жасай турган кылып койо албайт.

Булар өтө таң калыштуу жана өтө маанилүү маалыматтар. Күмөнсүз, бүт бул маалыматтар бүт нерсени пландап жөнгө салган Аллахтын чексиз кудуретин көрсөткөн мисалдардан. Аллах бүт баарын эң майда-чүйдөсүнө чейин пландаган. Жер жүзүндөгү бүт жандыктар сыяктуу адамдар да Аллахка муктаж; Анын каалоосу менен жаралышкан жана Анын каалоосу менен өмүр сүрө алышат. Аллах болсо эч нерсеге муктаж эмес. Бир аятта мындай деп айтылат:

Айткын: «Силердин шерик кошкондоруңардан акыйкатка жеткире алчусу барбы?» Айткын: «Акыйкатка жеткирчү Аллах. Демек, акыйкатка (чындыкка) жеткирчүгө моюн сунуу туурараакпы, же туура жолго салынмайынча өзү туура жолго (хидаятка) жетпегенгеби? Силерге эмне болуп жатат? Кандай өкүм берип жатасыңар?» (Йунус Сүрөсү, 35)

Булактар

30.Curtis & Barnes, Invitation to Biology, p. 391

31.Eldra Pearl Solomon, Introduction to Human Anatomy and Physiology, p. 211-212

32.Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, p. 977

33.Curtis & Barnes, Invitation to Biology, p. 393

34.Curtis & Barnes, Invitation to Biology, p. 392.

35.Marshall Cavendish, The Illustrated Human Body, p. 116.