Жыйынтык

Аң-сезимсиз атомдор биригип, дүйнөнүн эң сапаттуу телевизорлорунан да тунугураак сүрөттөлүш бере турган көздөрдү пайда кыла алышпайт. Аң-сезимсиз атомдор кокусунан биригип, дүйнөнүн эң сапаттуу магнитофонунан да жакшыраак угуу системасын пайда кыла алышпайт. Аң-сезимсиз атомдор бир нерсени кармап сезе албайт, бир нерсени даамдап даамын ажырата албайт. Аң-сезимсиз атомдор бир розанын жытын сезе албайт. Аң-сезимсиз атомдордун буларды кыла турган кандайдыр бир күчү жок.

Аң-сезимсиз атомдор чуркаган, күлгөн, ойлонгон, лабораторияда өзүнүн клеткаларын изилдеген адамды пайда кыла алышпайт. Ал денеде клеткалардын баарына баруучу бир кан айлануу системасын, бардык жегендерин жаңы клеткаларга айландыруучу бир тамак сиңирүү системасын, бүт денеге буйрук берүүчү бир мээни пайда кыла алышпайт. Аң-сезимсиз атомдор лабораториялардагы эң алдыңкы аппараттардан да ылдамыраак иштеген, азыктарды ажыратып майда бөлүктөргө бөлгөн, ДНКны копиялай алган, калдыктарды жок кылган, билдирүүлөрдү жеткирген, 100 триллион клетканын ар биринде секунда сайын жүз миңдеген реакцияны ишке ашырган сансыз ферменттерди пайда кыла алышпайт.

Бирок дарвинизм бул апачык чындыкты кабыл алгысы келбейт. Ферменттердин абдан комплекстүү жана татаал түзүлүшүн, миллиарддаган жылдык процесстерди миллисекундаларга чейин кыскартышын «кокустуктардын керемети» катары көрөт. Көрбөгөн, укпаган, сезбеген аң-сезимсиз атомдор биригип, молекулаларды пайда кылганда, ал молекулалар бири-бири менен кабарлашып, башка атомдорду тааный алышат жана алар менен кызматташа алышат дешет. Мунун натыйжасында көргөн, уккан, сезген аң-сезимдүү адамдардын пайда болушун кокустуктардын «кудурети» деп айтышат. Дарвинизм «бул кудурет» тоолорду, океандарды жана бүт организмдерди пайда кылган деп ишенет. Себеби бул кудурет, б.а. кокустуктар – дарвинизмдин татаал организмдерди жараткан, кереметтерди жасай алган жасалма кудайы. Дарвинисттер мына ушул сыйкырдын (гипноздун) таасири астында.

Акыркы эки кылымдын эң чоң массалык алдамчылыгынын негизи мына ушул калпычы ишеним системасына таянууда. Колуңуздагы бул китеп аркылуу ушул сыйкырды жок кылуу жана бул чоң алдамчылыкты токтотуу үчүн бүт адамдарга «бир гана мисал» келтирилген. Бул китепте бул жалгыз мисалдын, б.а. бир «ферменттин» канчалаган өзгөчөлүктөрү каралды. Апачык көрүнүп тургандай, жер жүзүндө жаратылган ар бир өзгөчөлүктө Улуу Аллахтын чексиз күчү, акылмандыгы, жаратуу чеберчилиги жана Кудайлык кудурети көз алдыбызга тартууланган. Аллахтын жаратуу кудурети абдан терең чагылдырылган. Ферменттин ар бир кылган иш-аракетинде акылмандык бар. Ферменттин ар бир жөндөмү өзгөчөлөнүп турат. Ферментке тиешелүү нерселердин баары аны бүт ааламдардын Рабби Аллахтын жараткандыгын жар салат. Бир даана фермент дарвинизмдин караңгы сыйкырын толугу менен жок кылууга жетет.

Аллах Улуу. Жоктон жаратууга кудуреттүү. Бүт жандыктар жана бүт нерселер Ага моюн сунат. Ал каалаган нерселеринин баарында чексиз сулуулуктарды жана чексиз өзгөчөлүктөрдү жаратат. Каалаган нерселерин кемчиликсиз кылып жаратат. Бүт ааламдарды жараткан Улуу Аллах үчүн кемчиликсиз иштеген бир фермент системасын жаратуу, албетте, абдан оңой. Аллах бүт нерсенин өкүмдары. Раббибиз аяттары аркылуу бул чындыкты бардык адамдарга кабар берген:

Ал – Аллах, Андан башка кудай (илах) жок. Кайыпты да, (силер) көрүп, күбө боло алганды да билүүчү. Ал – Рахман, Рахим. Ал – Аллах, Андан башка кудай жок. (Ал) Малик; Куддүс; Салам; Мүмин; Мүхеймин; Азиз; Жаббар; Мүтекеббир. Аллах (мушриктердин) шерик кошкондорунан абдан улук. Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким.
(Хашр Сүрөсү, 22-24)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Кириш Сөз
  • Ферменттердин Кемчиликсиз Өзгөчөлүктөрү
  • Ферменттердин Түрлөрү
  • Кээ Бир Өзгөчө Ферменттер
  • Фермент Технологиясы
  • Ферменттер – Жаратуучунун Кереметтери
  • Жыйынтык
  • Кошумча Бөлүм: Эволюция Жаңылыштыгы