Кириш Сөз

Бир эле муунуңузду кыймылдатуу үчүн дагы денеңизде канчалаган процесстер ишке ашат. Ал процесстер сиз чечим алгандан башталат жана тереңдеген сайын комплекстүүлүгү артат. Мээңизде буйрук пайда болгондон башталган реакциялар чынжыры саны жагынан балким миллиарддарга жетет жана алардын ар бири үчүн денеңизде сансыз ферменттер кызмат кылышат. Жөнөкөй бир кыймыл-аракет жасашыңыз үчүн дагы клеткалардын ичинде көптөгөн процесстер ишке ашат. Ар бир кыймылыңыз үчүн миллиарддаган процесс жүрүп жатканда, бир жагынан мээңиз иштейт, жүрөгүңүз согот, денеңизге кирген тамак-аштар сиңирилет, кан тынымсыз айланат, клеткаларыңыз көбөйөт, бүт органдар өз функциясын катасыз жана системалуу түрдө улантышат. Клеткаларыңыздагы процесстер эч токтобойт. Сиз аларды сезбейсиз жана башкара албайсыз. Алардын өз кызматтарын аткарып, өмүрүңүздү улантып жатканына ыраазы болосуз.

Бирок чындыгында ферменттердин да, башка белоктордун да жана аларды башкарып турган чоң молекулалардын да бир нерсе кыла турган күчү жок. Алардын бир нерсе жасаганга күчү жетпейт жана аларды сиз да башкарбайсыз. Денеңизде болуп жаткан бул процесстердин баарын Аллах башкарат жана сиз болсо бул кемчиликсиз системага ишенип таянуу менен негизи Аллахка моюн сунгансыз. Оору-сыркоодон тышкары учурларда эч бир көйгөйдүн жаралбашын абдан жакшы билесиз. Мындай ишенимдин себеби, сизди кемчиликсиз жараткан Аллахтын улуу кудуретин билесиз жана ага ишенесиз. «Кокустуктарга ишенем» деген эч бир адам туш келди (кокустан) копияланган бир ДНК системасына, туш келди реакцияга кирген ферменттерге, туш келди соккон жүрөгүнө ишенип, эч ойлонбой, бейпил өмүр сүрө албайт. Адам денесиндеги системалардын катасыз иштээрине ишенгени үчүн эч ойлонбой, бейпил жашай алат. Бул процесстердин эч контролсуз, кокустан болбой турганын, албетте, өзү да билет.

Эгер бир адам денесиндеги бир эле системанын, мисалы, фермент системасынын кандайча иштээрин, эмнелерден тураарын, кандай кереметтерди ишке ашыраарын билсе, денесиндеги процесстердин эч биринин туш келди болбой турганын жакшыраак түшүнөт. Бир кереметке күбө болуп, анын Жараткандан бир белек катары берилгенин аңдап түшүнөт. Биз байкабаган, көзүбүзгө көрүнбөгөн кичинекей молекулалардын биздин өмүрүбүздү улантуу үчүн эч тынымсыз иштеп жатышканын жана атайын ошого «программаланышканын» байкайт. Алардын ар кандай «чечимдерди чыгараарын», «үнөмдүү иштешээрин», «жумуштарды бөлүшүп аткараарын», «контролдуу кыймыл-аракет кылаарын», кыскасы, аң-сезимдүү, акылдуу бир жандыктай иш-аракет жүргүзөөрүн түшүнөт. Жансыз бир молекулага аң-сезимдүү иштерди Аллахтын жасатып жатканын жана жер жүзүндөгү жандуу-жансыз бүт нерселердеги ар бир молекуланын Аллахтын илхамына моюн сунаарын аңдап түшүнөт. Муну түшүнүү адам үчүн бир сый-жакшылык. Себеби бул чындыкты түшүнгөн бир адам өмүр бою Аллахка ишенип жашайт. Аллахтын ага өмүр тартуулап, бир тагдыр белгилеп, тынымсыз сый-жакшылыктар берип жатканын түшүнөт. Бул дүйнөдө өмүр тартуулаган Жаратуучунун акыретте да өмүр берээрин жана, кааласа, сыйлык катары бейишти тартуу кылаарын билет. Дайыма Аллахка кайрылып, Аллахка ишенет жана өмүр бою сарсанаасыз, бейпил жашайт. Аллахтын Өзүнүн чеберчилигинин кемчиликсиз өрнөктөрүн жаратуу себептеринин бири мына ушунда. Балким адамдар ал себептерди көрүп, улуу Жаратуучубуз Аллахты таанышаар...

Аллах асмандарды түркүксүз көтөрдү; аларды көрүп жатасыңар. Анан Аршка «истива» кылды жана күн менен айды моюн сундурду, алардын баары белгилүү бир убакытка чейин сүзүп жүрүшөт. Бүт иштерди курчап башкарат, аяттарды бир-бирден түшүндүрөт. Балким Раббиңерге жолугаарыңарга так илим (далил) менен ишенээрсиңер.
(Рад Сүрөсү, 2)