Кээ Бир Өзгөчө Ферменттер

Ферменттердин ар бир касиети абдан таң калыштуу жана ферменттердин ар бири өтө маанилүү кызматтарды аткарат. Ошондуктан денедеги ар бир фермент өзгөчө. Бул бөлүмдүн максаты – кандын уюшун жана ой жүгүртүүнү камсыз кылган ферменттерге тереңирээк токтолуу аркылуу, денедеги ар бир ферменттин кемчиликсиз касиеттерге ээ экенин көрсөтүп, ферменттердин адам үчүн канчалык маанилүү экенин эске салуу. Эгер бир адам анын маңдайындагы бир киши менен сүйлөшүшүн, жакшы көргөн бир мөмөнү жешин, бир пейзажды суктанып карашын жана күлүп көңүл ачышын камсыз кылган ферменттердин кантип иштээрин толук билсе, Аллахтын бул сый-жакшылыгын жакшыраак түшүнө алат. Тартууланган сый-жакшылыктардын эч биринин максатсыз эместигин, ар бир клеткада адам үчүн жаратылган кереметтердин бар экенин байкай алат. Булардын баарынын Аллахтын каалоосу менен иштеп жатканын, Аллах кааласа «бир көз ирмемде» толугу менен токтоп калышы мүмкүн экенин эстейт. Ал көз ирмемде колунан эч нерсе келбей турганын түшүнөт. Аллах чоң бир сый-жакшылык катары жараткан ферменттерди башка эч нерсенин кыймылдата албашын көрөт. Бул Жараткандын кудуретин түшүнүү жана Аллахтын бар экенине ишенүү деген мааниге келет жана бул адамга дүйнөдө да, акыретте да чоң пайда алып келет. Жараткандын кудуретин түшүнүү адамга бул дүйнөдө бейпилдикке жана сый-жакшылыктарга, акыретте болсо түбөлүктүү бейиш жашоосуна себепчи болушу мүмкүн. Төмөндө сөз кылынган ферменттерди ушул көз-караш менен карап, алардын сизге берилген белектер экенин эч унутпашыңыз керек.

Денеге Кабар Жеткирүүчү Ферменттер

Денебиздин бүт тарабын нерв тармагы каптап турат. Бул нерв тармагында кыймыл-аракет тынбайт. Нервдер мээ менен органдардын арасындагы координацияны камсыз кылат. Ошондуктан денеде нервдер аркылуу тынымсыз буйрук жана сигналдар жиберилип турат. Бирөөгө кол булгалагыңыз келгенде, мээңизден келген буйруктун негизинде денеде бир кыймыл-аракет башталат. Мээден электрдик заряд нервдер аркылуу келет. Нервдер белгилүү аймактарда бири-бири менен жолугушат. Мындай жолугушуу аймагы «синапс» деп аталат. Электрдик сигнал бир синапска жеткенге чейин жол жүрүп, ошол жерде токтойт. Синапс деп эки нерв клеткасын бири-биринен ажыратып туруучу боштук аталат. Бир караганда бул боштук электрдик заряддын өтүшүнө тоскоолдук жаратчудай көрүнөт. Бул жерден негизи заряд токтоп, кийинки нервге өтпөй калышы керек. Бирок эч качан мындай маселе жаралбайт. Себеби жиберүүчү нервден кабыл алуучу нервге билдирүү жетиши үчүн билдирүүнү жиберген нерв синапс аттуу боштукка бир химиялык зат бөлүп чыгарат. Ал зат «ацетилхолин» деп аталат. Нерв сигналы синапска жеткенде, ацетилхолин молекулаларынан турган бир жыйынды бул боштукту (көңдөйдү) көздөй агат. Аркы тараптагы рецепторлорго (кабылдагычтарга) карманып, кийинки клетканы сигнал менен кыймылга келтирет. Мунун натыйжасында булчуңдар жыйрылып, мээңизден келген буйрук колуңузга жеткен болот. Эми колуңузду өйдө көтөрүп, булгалай аласыз.

Sinir sisteminde, iletici sinirden alıcı sinire mesajın ulaşabilmesi için, mesajı gönderen sinir, sinaps denilen boşluğa asetilkolin denilen bir kimyasal salgılar. Her sinir sinyali, kendi salgıladığı asetilkolini harekete geçirir. Bu nedenle ileticilerin bulunduğu alan, bir başka sinyal gelmeden önce mutlaka temizlenmelidir. İşte bunu yapmak için devreye giren yardımcılar, asetilkolin esteraz enzimleridir.

1. Sinaps Oyuğu
2. Son Sinaps Zarı
3. Ön Sinaps Zarı
4. Sinaptik Keseler
5. Mitokondri

6. Akson
7. Dendrit
8. Sinir Hücresi
9. Sinaps Oyuğu
10. Sinaptik Keseler

Asetilkolin esteraz enzimleri, asetilkolin moleküllerinin içine büyük bir hızla girerler. Bu enzimlerin, her saniye yaklaşık 25.000 molekülü yok ettikleri hesaplanmıştır. Yani her esteraz enzimi, her bir asetilkolin molekülüne yaklaşık 40 milisaniye içinde saldırmaktadır.

Нервдер өз ара байланышта Морзе алиппеси сыяктуу бир системаны колдонушат. Бул система чекиттерден турат. Билдирүү канчалык маанилүү болсо, чекиттердин жыштыгы ошончолук көп болот. Ар бир чекит, б.а. ар бир нерв сигналы өзү бөлүп чыгарган ацетилхолинди кыймылдатат. Башкача айтканда, колубузду булгалаткан электрдик заряд менен басканда бутубузду кыймылдаткан электрдик заряд бир эле нервдер аркылуу жол жүрөт, бирок ар биринин бөлүп чыгарган ацетилхолин суюктугу ар түрдүү болот. Ошондуктан бул өткөргүчтөр жайгашкан аймак башка бир сигнал келгенге чейин сөзсүз тазаланып турушу зарыл. Антпесе, билдирүүлөр бири-бирине аралашып кетет. Кээде секундасына 500 нерв сигналын жибериши керек болгон нервдер үчүн бул «ацетилхолин өткөргүчтөрү ар бир миллисекунда сайын бузулуп турушу керек» деген мааниге келет.

Ацетилхолинэстераза ферменттери дал ушул кызмат үчүн жаратылган. Бул катализаторлор ацетилхолин молекулаларынын ичине укмуш тездик менен киришет. Биохимиктер бул ферменттердин ылдамдыгын эсептеп, алардын бир секундада 25000 молекуланы жок кылаарын аныкташкан. Башка жагынан карасак, бир эстераза ферменти бир ацетилхолин молекуласына болжол менен 40 миллисекунданын ичинде чабуул жасайт.83

Бир фермент толугу менен ишке жарабай калса, тирүү организм өлүмгө бет алат деп көп жолу айттык. Бул чындыгында абдан маанилүү маалымат. Себеби өмүрүбүз бизден миллиарддаган эсе кичинекей болгон жана денебиздин бүт тарабында тынымсыз кызмат кылып жаткан ушул теңдешсиз нерселерден көз-каранды. Ацетилхолинэстераза бул маанилүү акыйкаттын апачык далили. Денебиздеги жүздөгөн түрдүү ферменттен бир эле ушул фермент кем болсо, анда жашай албайбыз. Себеби бул, кандайдыр бир мааниде, дененин бүт электрдик системасынын «өчүшү» деген мааниге келет.

Gözler O'nu idrak edemez; O ise bütün gözleri idrak eder.
O, latif olandır, haberdar olandır.
(En'am Suresi, 103)

Альцгеймер сыяктуу оорулар ушул ферменттин системалуу иштей албашынан келип чыгат. Бул оору учурунда ацетилхолин кадимкиге караганда абдан тездик менен жок кылынат жана натыйжада нерв сигналы же абдан алсыз болуп калат же болбосо нерв клеткаларынын арасында толук өткөрүлө албай калат.84

100 миллиард нерв клеткасынын бири-бири менен болгон байланышы жана алардын ортосундагы миңдеген километрлик нерв тармагы – Аллахтын кереметтүү бир чыгармасы. Аллах кааласа, албетте булардын өз ара байланышы үчүн ортолорун үзгүлтүксүз, түптүз бир тегиздик кылып жаратышы мүмкүн эле. Электрдик заряд эч бир химиялык затка муктаж болбостон, нервдер аркылуу жол жүрүшү мүмкүн эле. Бирок, нерв тармактарынын ортосунда боштуктар бар жана алардын ортолорунан заряддарды өткөрүү үчүн химиялык заттар иштелип чыгып, андан соң ал химиялык заттарды токтото турган башка химиялык заттар иштелип чыгышы керек. Мындагы даанышмандыктардын бири; адамдар лабораторияларда өздөрүн изилдегенде, тынымсыз кемчиликсиздиктерди, кереметтерди жана татаал системаларды көрүшөт. Аллах майда-бараттардын ичинде майда-бараттарды жаратат, жана аларды бири-биринен көз-каранды жана укмуш татаал кылып пайда кылат. Биз бул жерде бул системанын ичиндеги бир эле тетиктин кылган иштерин карадык. Бирок ал кичинекей тетикти алып салсаңыз, система толугу менен иштебей калат. Бул механизмди кемитип, жөнөкөйлөштүрүүгө болбойт. Эгер жогоруда айтылган фермент болбосо, мээңизден колуңузга жетиши керек болгон буйрук денеңиздин бир жеринен жоголуп кетет. Анда колуңузду, ал тургай, манжаңызды да кыймылдата албай каласыз.

Денеңиздеги системалар – Аллахтын искусство чыгармалары. Күн сайын жасаган миллиондогон кыймыл-аракетиңизде, беш сезимиңизден келген сансыз сигналда, 100 миллиард нерв клеткасынын ар биринде бул процесс миллисекундалардын ичинде эч тынымсыз кайталанат. Ар биринин кылган ишин Аллах билип турат. Аллах сизди дайыма коргоп, өмүр сүрдүрөт. Бүт нерсе Анын башкаруусунда жана Ага моюн сунат. Аллах бул акыйкатты бир аятта адамдарга төмөнкүчө эстеткен:

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу).
(Йунус Сүрөсү, 61)

Кандын Уюшунда Ферменттердин Гармониялуу Иштеши

1. Hasar Görmüş Damar
2. Hemostaz
(Kanın Durdurulması)
3. Yer Değiştirme
4. Yapıştırma

5. Yayma
6. Sabit Kümeleşme
7. Pıhtılaşma Oluşumu
8. Yaralanan Bölgedeki Açığa Çıkan Proteinler

Kanın pıhtılaşma sistemi, bir dizi enzimin birlikte hareket etmesi ile gerçekleşen olağanüstü bir olaydır. Her enzimin, doğru yerde bulunması ve doğru zamanda harekete geçmesi gereklidir. Sayısız enzim, adeta ne zaman ne yapmaları gerektiğini bilircesine görev başındadır. Bu mükemmel işbirliği ve kusursuz çalışma, Allah'ın yarattığı bir nimettir ve her bir detay Allah'ın yüceliğinin ve büyüklüğünün birer tecellisidir.

Кандын уюу системасы – бир катар ферменттин биргелешкен иш-аракети аркылуу ишке ашуучу кереметтүү бир кубулуш. Бул система ушунчалык кемчиликсиз иштегендиктен, бир жерибиз жараат алганда, бир аз убакыттан соң жарааттын бети жабылып, кандын токтоп калышынан эч күмөн санабайбыз. Буга денебиздеги ферменттердин катасыз жана системалуу иштеши себеп болот.

Денебиздин жаракат алышы маанилүү бир окуя болгондуктан, денеде коңгуроо кагылат. Жараат пайда болгон жерге кийлигишүү жасалат. Бүт мүмкүнчүлүктөр чакырылып, ошол аймакты көздөй агып жөнөйт. Мына ушул кезде денени жайбаракат кыдырып жүргөн кээ бир молекулалар бир заматта тездик менен кыймылдап башташат.

Дененин кандайдыр бир аймагы канап баштаганда, биринчи жардамга тромбоцит аттуу кан бөлүкчөлөрү келишет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери канабасын, сөзсүз ал аймакка жакын жерде, кайгуулда жүргөн бир тромбоцит болот.

Фон Виллебранд аттуу бир белок болсо, кырсык болгон жерди белгилеп жардам чакырган бир жол полициясы сыяктуу, тромбоциттерди көргөндө алардын жолун тороп, кырсык болгон жерге чогултат. Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит, чөнтөк телефону аркылуу жардам чакырган сыяктуу, бир зат бөлүп чыгарып башкаларды жардамга чакырат.

Алгачкы кийлигишүүдөн соң кезек ферменттерге келет. Негизи бул этапка чейин ишке аралашкан көп сандаган ферменттер бар, бирок бул жерде кандын уюу процессин аягына чыгаруучу ферменттерге токтолобуз. Дене дайыма кийин колдонуу үчүн ферменттерди активдүү эмес абалда сактап койот. Ал ферменттер денеге керек болуп, бир сигнал алганда гана активдеше тургандай кылып коддолгон. Канда эркин айланып жүргөн фибриноген – ушундай активдүү эмес абалдагы ферменттердин бири. Кан плазмасынын ичинде ээриген абалда болот. Денеде бир жараат пайда болмоюнча, өзү менен өзү сүзүп жүрө берет. Бирок кандайдыр бир жерде коңгуроо кагылаар замат активдешет. Кан плазмасында эч жумушсуз айланып жүргөн бул белок жараат пайда болгон жерди көздөй жөнөйт. Денеде коңгуроо кагылганда, тромбин аттуу башка бир фермент фибриногендин белок чынжырындагы үч шакектин экөөсүн үзөт. Ошентип фибриноген фибринге айланат. Башкача айтканда, активдүү эмес абалдагы бир фермент активдүү абалга келет. Үзүлгөн жерде болсо жабышчаак бөлүкчөлөр пайда болот. Ал жабышчаак бөлүкчөлөр фибриндердин башка фибрин молекулалары менен биригишине шарт түзөт. Фибрин молекулаларынын биригишинен узун бир чынжыр келип чыгат жана белоктор бири-биринин үстүнөн өтүп бир торду пайда кылышат. Бул биринчи уюган кан болот. Андан соң бул уюган кандар бир балык торундай жайылып, жарааттын бетин тосууну улантат.

A. Bir yara olduğunda pıhtılaştırıcı enzimler göreve başlar.
B. Stuart faktörü: pıhtılaşma için öncelikle stuart faktörü protrombine etki eder.
C. Böylece kanda serbest gezen protrombin, trombine dönüşür.
D. Trombin, fibrinojeni, fibrin liflerine çevirir. Böylece pıhtı oluşmuş olur.

1. kesik
2. dışarı sızan kan
3. Kanın akış yönü
4. protrombin

5. fibrinojen
6. trombin
7. fibrin

Kanın pıhtılaşmasını sağlayan enzimler, neyin ne zaman gerçekleşmesi gerektiğini, nerede yoğunlaşması gerektiğini, vücuttaki hangi noktayı kapatmak için çalışmaları gerektiğini ve hangi sırayı izlemeleri gerektiğini adeta bilirler. Bu mükemmel sistem, hiçbir aşaması tesadüfen oluşamayacak kadar kompleks bir sistemdir.

Тромбин, ошондой эле, фактор XIII ферментин фактор XIIIa'га айландырат. Бул фактор фибрин уюндусунун (тромбунун) бекемирээк болушуна шарт түзөт.85

Фибриногенди активдештирүүчү тромбин да негизи канда «протромбин» аттуу активдүү эмес абалда болот. Бул абдан маанилүү, себеби эгер канда дайыма тромбин айланып жүргөндө, анда бүт фибриногендерди үзмөк жана натыйжада денеде башаламан тромбдор пайда болмок. Мындай коркунучтун алдын алуу үчүн протромбин да башка бир фермент тарабынан активдештирилиши зарыл.

Протромбинди «Стюарт фактору» аттуу башка бир фермент үзүп, активдештирет. Бирок тромбинге тиешелүү абал Стюарт факторуна да тиешелүү. Эгер Стюарт фактору башынан баштап кандын ичинде эркин айланып жүргөндө, анда кандын уюу механизмин ал тынымсыз активдештирмек жана денеде бул жолу Стюарт факторунун себебинен башаламан тромбдор пайда болмок. Ошондуктан Стюарт фактору да канда активдүү абалда болбойт жана аны да бирөө активдештириши керек.

Бирок протромбин активдешиши үчүн бир эле Стюарт фактору жетиштүү болбойт. «Акселерин» аттуу башка бир фермент, Стюарт фактору менен бирге, протромбинди тромбинге айландырат.

Ошондуктан бул акселерин ферментин да башында активдүү эмес абалда болсо керек деп божомолдой алабыз. Бирок анын активдешүү системасында чоң бир дилеммага, «жумуртка-тоок» табышмагына окшогон бир абалга туш болобуз. Себеби акселеринди активдештирүүчү фермент – бул тромбин. Акселериндин өзү активдештирген бир фермент тарабынан активдештирилишин кантип түшүндүрүүгө болот? Буга Стюарт факторунун протромбинди өтө жай үзүшү жана ошондуктан денеде бир чара катары сөзсүз белгилүү көлөмдө тромбиндин айланып жүрүшү себеп болот. Процесс ушул маанилүү чарадан башталат жана Стюарт факторунун активдешүүсүнүн натыйжасында кандын уюу системасы тездик менен иштеп баштайт.

Булар кандын уюшун камсыз кыла турган факторлордон түзүлгөн бир система. Мындагы ферменттер эмненин качан иштеши керек экенин, каерге чогулуу керек экенин жана денедеги кайсы чекитти жабуу керек экенин билишет. Ошондой эле, качан токтоо керек экенин да билишет. Бир жарааттын бетинен башталган кан уюу процесси, эгер керектүү жерде токтобосо, анда денеге чоң коркунуч туулат. Кандын уюшунун көзөмөлсүз улана бериши кан тамырлардын тосулуп, кээ бир маанилүү органдардын иштебей калышы деген мааниге келет. Ошондуктан катары менен бири-бирин активдештирген ферменттердин иш-аракетин өз учурунда токтотуу керек болот. Муну аларга кайра эле башка ферменттер кабар беришет.

Жараат айыккан соң болсо, уюган канды (жараны) алып салуу керек болот. Мында да кайра эле ферменттер кызмат кылат. Плазмин аттуу бир фермент кайчы кызматын аткарып, фибрин тромбдорун кесет. Плазмин фибринге таасир тийгизет, бирок фибриндин активдүү эмес абалы болгон фибриногенге таасир тийгизбейт. Эгер фибриногенге да таасир тийгизгенде, келечектеги тромбдорго чоң кыйынчылык туудурмак. Плазмин абдан бат кыймылдай албайт. Бул дагы пайдалуу, себеби карт (жара) пайда болгон кезде плазмин иштеп жаткан болот жана ал бүт фибриндерди кескенге чейин жараат да айыгып калат.

Кан уюу системасында дагы сансыз ферменттер кызмат кылышат. Алардын ар бири белгилүү бир процессти жүргүзүү же аягына чыгаруу үчүн керек, жана бирөөсүн да бул системадан алып салууга болбойт, т.а. бүт баары «кемитүүгө болбогон комплекстүү» бир системанын мүчөлөрү.

Eğer pıhtılaşma sistemi olmasaydı, küçük yaşlardan itibaren bedenimizde meydana gelen her türlü yaralanmaya karşı korunmasız olurduk. En küçük bir kesik bile şiddetli kan kaybı için yeterli bir sebep haline gelirdi. Ama Allah'ın rahmeti ile, sahip olduğumuz pıhtılaşma sistemi vesilesiyle sürekli olarak koruma altında yaşarız.

Мурда атеист болуп, эми болсо эволюцияга каршы чыгып жашоонун жаралуу акыйкатын (Жаратуучунун бар экенин) жактаган инсан Джеймс Перлофф кандын уюу системасында эволюционисттер кабылган дилемманы Майкл Бихинин жоромолун да кошуп, төмөнкүчө сүрөттөп берген:

Кандын уюшу абдан комплекстүү, кандын уюшунан башка эч бир функциясы жок сансыз белокторду камтыган, көп баскычтуу бир процесс. Ар бир белоктун активдешүүсү бир ферменттен көз-каранды. Бихинин ою жөнөкөй сөз менен айтканда мындай: кайсынысы биринчи эволюциялашкан – белокпу же ферментпи? Белок эмес, себеби аны кыймылга келтире турган бир фермент болмоюнча, эч бир ишке жарабайт. Бирок анда табият эмне үчүн алгач активдештирүүчү ферметтерди пайда кылган? Белок болбосо, мунун эч бир максаты болбойт. Мындан тышкары, эгер кандын уюшу кылымдарга созулган эволюция процесси аркылуу пайда болгон болсо, анда бул система толук калыптанып бүткөнгө чейин, организмдер кан жоготуудан өлүп калышы керек болчу. Бул система – кемитүүгө болбогон комплекстүү бир система.86

Жүздөгөн этаптан турган жана эч бир этабын жөнөкөйлөтүүгө, алып салууга болбой турган ушундай татаал система аң-сезимсиз атомдордун өзүнөн-өзү, кокустан биригип калышынан пайда болушу мүмкүнбү? Аң-сезимсиз атомдор кокусунан кандын уюу системасына тиешелүү бир ферментти пайда кыла алабы? Кокустуктар кереметтүү нерселерди кыла алабы? Кокустуктар бир нерсени жоктон жарата алабы?

Албетте, булардын баары мүмкүн эмес. Эволюционисттер болсо аң-сезимсиз атомдордон аң-сезимдүүдөй иштеген бир кандын уюу системасын сокур кокустуктар пайда кылган дешет. Кокустуктар – дарвинизмдин «кереметтерди» жасаган, жасалма кудайы. Ошондуктан эволюционисттер кокустуктардын бир нерселерди жасай алаарына, кереметтүү экендигине жана бүт нерсени жоктон бар кыла алаарына адамдарды ынандырууга аракет кылышат.

Чындыгында болсо, эч максатсыз, көзөмөлсүз жана плансыз окуя-кубулуштардан кемчиликсиз жана тартиптүү системалар эч качан пайда болбойт. Кандын уюу системасы сыяктуу комплекстүү, татаал жана молекулярдык деңгээлде абдан кылдат бир эмгектин бөлүштүрүлүшүн талап кылган бир механизмде бир эле туш келди окуя бүт системаны ойрон кылат. Бул система, адам денесиндеги бүт башка системалар сыяктуу, Аллахтын Улуулугун жана кудуретин көрсөтөт. Аллах бүт нерсенин Жаратуучусу, жана бүт баары Ага моюн сунат. Аллах аяттарда мындай деп билдирет:

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)

Лизосома Ферменттери

1. Aktif Site

2. Şeker

3. Aktif Site

Lizozom enziminin aktif bölgesinin, bakteri hücre zarını parçalaması. A'da lizozom enziminin üçüncül yapısı görülmektedir. B ve C'de ise, protein içindeki aktif bölgeyi oluşturan oyuk kısım belirtilmiştir. Oyuğa, bakteri hücre zarı ile birlikte şeker substratı yerleşir. Lizozom enzimleri, iki şeker molekülü arasındaki bağları kırarak, bakteri hücre zarının parçalanmasını sağlar. Böylelikle bakteri ölür.

Клетканын ичинде тынымсыз иштеген органеллдердин бири – бул, лизосома. Лизосомалардын диаметри болжол менен 0,5 микронду түзөт (1 микрон миллиметрдин миңден бирине барабар). Ичинде көбүнчө тамак сиңирүүдө колдонулган кээ бир ферменттер болот. Ал ферменттер денеде көптөгөн ажыратуу процесстерине катышат. Лизосома клеткалардын майдалагыч машинасы болуп саналат.

Лизосома ферменттери денеде ишке жарабай калган клеткаларды талкалап, жок кылышат. Бактерия, вирус, клеткалардын бөлүктөрү, өлүү кыртыштар жана чоң, зыяндуу бөлүкчөлөр ушул ферменттердин иш-аракети аркылуу жок кылынып, аягында денеге пайдалуу, колдонууга боло турган бөлүктөр калат. Мисалы, колуңузду бир жерге уруп алганыңызда, ал жердеги өлүү клеткалардын калдыгынан улам ал жер көгөрүп калат. Лизосома ферменттери өлүү кыртыштарды талкалап, жок кылган соң, белгилүү убакыттан кийин ал жер айыгып, мурдакы калыбына келет.

Лизосомада 36 түрдүү фермент кызмат кылат. Бул ферменттер бир түзүлүштүн сырткы кабыкчасын майдалап тешет жана денеде тынымсыз көбөйүп жаткан клеткаларды ажыратып токтотушат. Мунун абдан мааниси чоң, себеби минтип токтотулбаса, денедеги клеткалар тынымсыз көбөйө берет, бул болсо органдардын чоңойушуна жана денеде тынымсыз шишиктердин пайда болушуна себеп болот.

Лизосома ферменттеринин жок кылуу кызматы дененин иммунитети үчүн абдан маанилүү болгондуктан, бул ферменттер көбүнчө лейкоцит жана макрофагдардын ичинде жайгашат. Макрофаг жана лейкоциттер дененин ичиндеги чоочун заттарды фагоцитоз аркылуу ичине киргизип, сиңиргендиктен, лизосома ферменттерине муктаж болушат (фагоцитоз жөнүндө тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Иммундук система керемети» аттуу китебин караңыз).

Лизосома ферменттери бузуп, талкалоо жагынан абдан күчтүү. Бирок лизосоманын ичинде активдүү эмес абалда болушат. Эгер лизосоманын кабыкчасы тешилсе же айрылса, анда ферменттер лизосома жайгашкан клетканы сиңирип башташат жана бул кубулуш «аутолиз» деп аталат. Мындай сиңирүү жана талкалануу процесси көбүнчө улгайган, эскирген же ишке жараксыз органеллдерде келип чыгат. Лизосома клетканын ичинде ферменттерди бөлүп чыгаруу аркылуу тамак сиңирүү кызматын аткарат, өлүү органеллдерди жок кылат жана кээде клетканын өзүн толугу менен жок кылат.

Мисалы, тамак-аштар аркылуу денебизге көптөгөн бактериялар кирет. Тамак оозубузда турганда буларды жок кылуу милдети лизосома ферменттерине түшөт. Бул ферменттер, ошол эле учурда, ооздун ичиндеги тамак калдыктарын да сиңирип тазалап, бактерияларды тамак-ашсыз калтырат. Натыйжада бактериялар ач калып, жок болушат.

Лизосома ферменттери дененин ар кайсы бөлүгүндө, ар кайсы учурда көптөгөн кызматтарды аткарышат. Кош бойлуулук учурунда жатындын чоңойушу клеткалардын көбөйүшүнөн келип чыгат. Наристенин калыптануу этаптарында бул өзгөчөлүк абдан маанилүү жана кереметтүү бир кубулуш. Бирок наристе төрөлгөн соң, жатындагы клеткалардын көбөйүшү токтоп, дене мурдакы абалына кайтышы керек болот. Мында да лизосома ферменттери жардамга келет. Белгилүү клеткалардын лизосомалары мунун кабарын угуп, эмне кылуу керек экенин билгендей болуп, фермент иштеп чыгара башташат. Кийинки 10 күндүн ичинде чоң масштабдагы бузуу операциясы жүргүзүлүп, жатын 1/40 көлөмгө кичирейет.

Лизосома ферменттеринин бузуучу таасири сперма клеткасына да абдан керек. Сперма энелик клеткага жеткенде, анын кабыгын тешүү үчүн курамындагы лизосома ферменттерин пайдаланат. Энелик клетканы коргогон кабыкча бул ферменттердин бузуучу таасири аркылуу тешилет жана натыйжада энелик клетка уруктанат.

Денедеги бүт процесстер молекулярдык деңгээлде ишке ашкандыктан, денеде «калдыктар» болушу мүмкүн деген нерсе балким эч ойго келбесе керек. Анткен менен, адамдын денеси тынымсыз жаңыланып тургандыктан, тынымсыз клеткалар өлүп турат жана дене тынымсыз бактерия, вирустар менен согушат. Мындан калдыктар келип чыгат. Бул калдыктардын топтолушу клеткалардын кыйрашына, кан айлануунун тосулушуна жана органдардын функцияларын жоготушуна алып келиши мүмкүн. Адам денесиндеги лизосома ферменттери ушундай жагдайларга бөгөт койуучу бир чара болуп саналат. Бул ферменттер да, дененин бүт башка бөлүктөрү сыяктуу, акылдуу иш-аракет жүргүзүшөт. Ден-соолугу чың, пайдалуу түзүлүштөргө эч качан тийишишпейт. Жок кылуу керек болгон калдыктарды ошол замат байкап, дененин саламаттыгын сактаганга аракет кылышат. Аллахтын каалоосуна жана буйругуна баш ийишет. Аллах кааламайынча, башка эч бир күч алардын кылган жумуштарын кыла албайт жана алардын альтернативасын ойлоп таба албайт. Аллах Улуу, күч-кудуреттүү жана Анын чеберчилиги бүт тарапты каптап турат. Бир аятта мындай деп айтылат:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Фермент Ингибиторлору (Фермент Тосмолоочулары)

Enzim inhibitörleri, enzime ayrılmayacak şekilde bağlanarak onu etkisiz hale getirirler. Durdurulması gereken reaksiyonlar, hastalıklara neden olan enzimlere bağlanan ilaçlar, enzim inhibitörleri vesilesiyle hareket etmektedir.

Ферменттер – бул, денебизде тынымсыз иш-аракет жүргүзгөн белоктор. Органеллдердин өз ара байланышынын натыйжасында, качан каерде активдешүү керек экенин билишет жана эч тынымсыз иштешет. Бирок кээде аларды токтотуп, иш-аракетине бөгөт коюу керек болот. Тиешелүү реакциялар клетка үчүн жетиштүү деңгээлге жеткенде, б.а. ферменттердин жумушу бүткөндө, денеде муну токтотуучу бир система бар. Бул функцияны фермент ингибиторлору (тосмолоочулары) деп аталган башка белоктор аткарышат. Бул чындыгында абдан кереметтүү бир контроль механизми.

Ингибиторлор бир ферментке бекем чиркелип, аны эч нерсе кылдырбай коюшат. Мында ферменттин кээ бир аймактары фермент ингибитору менен коваленттик байланыш түзөт. Ингибитордун эки түрү бар: атаандаш ингибиторлор жана атаандаш эмес ингибиторлор. Атаандаш ингибиторлор активдүү аймактарды тосмолошот. Фермент ингибитору фермент туташа турган субстратка абдан окшош болгондуктан, фермент субстратка туташуунун ордуна, фермент ингибиторуна туташат. Активдүү аймак жабылып, ферменттин субстратка жөнөшүнө бөгөт коюлат. Атаандаш эмес ингибиторлор болсо апоферменттин активдүү аймагынан тышкары, башка бөлүктөрүнө туташышат. Мында ингибитор фермент молекуласына туташканда, анын формасы өзгөрүп кетет да, фермент ишке жарабай калат. Ферменттин үч өлчөмдүү формасы өзгөрүп, субстрат ферменттин активдүү аймагына толук дал келбей калат. Бирок атаандаш эмес ингибиторлор ферментти толугу менен жараксыз кылып койбойт. Болгону ферменттин ылдамдыгын азайта алышат. Мунун эң мыкты мисалы – бул, пенициллин. Пенициллин денедеги бактериянын ферменттерине чиркелип, аны өзүнө клетка тосмосун пайда кылдырып, өлтүрөт.87

Дары-дармектердин кээ бирлери ушундай ферментти тосмолоо системасынын негизинде жасалат. Бул ингибиторлор бактерия жана вирустардын ферменттерин токтотуп, бактериянын тарашына жана натыйжада оорунун күчөшүнө бөгөт коюшат. Учурда ВИЧ вирусуна бөгөт коюудагы эң маанилүү жетишкендиктер да атаандаш эмес ингибиторлорду колдонуудан алынды.88 Мындан тышкары, кээ бир рак ооруларына ага себеп болуучу ферменттерди аныктоо жана ошого карата ингибиторлорду иштеп чыгуу аркылуу бөгөт коюлууда.

Хирургиядан тышкары, бүт медицинанын кандайдыр бир деңгээлде ферменттер менен байланышы бар. Ферменттердин 200 миллион эсе чоңойтулган модельдерин изилдеген д-р Джозеф Крауттун бул жөнүндөгү төмөнкү сөздөрү бул акыйкатты таамай сүрөттөйт:

Бир аспирин ичтиңизби? Ишенип коюңуз, аспирин молекулалары барып, бир ферментке таасир тийгизет. Ал ферменттин иштеши же азайат же күчөйт жана ким билет дагы эмнелер болот. Канчалык бат! Баш ооруңуз айыккандыр.89

1. Substrat
2. Substrat için Uygun Olan Aktif Bölge
3. Enzim
4. Substrat için Uygun Olmayan Aktif Bölge

5. Enzim Aktivatörü
6. Enzim inhibitörü
7. Aktif Bölge

1. inhibitör
2. Aktif Bölge
3. Substrat
4. Enzimin Aktif Olmayan Şekli

5. Enzimin Aktif Şekli
6. Enzim-Substrat Kompleksi
7. Enzim

A. Substrat, enzimin aktif bölgesine yerleşir
B. Reaksiyon meydana gelir ve ürün açışa çıkar
C. İnhibitör, enzimin aktif bölgesine yerleşir
D. İnhibitör, substratın enzime bağlanmasını engeller

8. inhibitör, Aktif Bölgeye Bağlanır
9. Substratlar
10. Aktif Bölgeler
11. Aktif Bölgeler Substratları Almak için Uygun Değil

Enzim inhibitörleri, hangi reaksiyonları ne zaman durdurmaları gerektiğini adeta bilirler. Reaksiyonun gerçekleşmesi için gerekli olan substratın şeklini taklit eder ve aktif bölgedeki yerine yerleşirler. Böylelikle enzimin substrat ile birleşmesini engellerler.

Kanın pıhtılaşması, DNA kopyalanması gibi pek çok reaksiyonda, işlem tamamlandıktan sonra enzimlerin durdurulması gerekmektedir. Enzim inhibitörleri, adeta görevlendirilmiş askerler gibi olay yerine gider ve enzimleri bloke ederler.

Ферменттер менен бир жерде сөзсүз фермент ингибиторлору да болушу керек. Кээ бир учурларда ферменттердин иш-аракетин токтотуу өтө маанилүү болот. Мисалы, ДНКнын копияланышы же кандын уюшу сыяктуу маанилүү процесстерде ферменттердин иш-аракеттери белгилүү убакыттан соң токтотулушу зарыл. Эгер бир фермент кан уюу системасын тынымсыз активдештире берсе, анда дененин ичинде тынымсыз тромбдор пайда боло берет жана натыйжада кан айлануу токтоп, организм өлөт. Фермент ингибиторлорунун жумушу ушунчалык маанилүү. Муну эволюционисттер түшүндүрө алышабы? Эволюционисттердин ферменттердин кантип пайда болгонун да алигече түшүндүрө албаганын эске сала кетели. Бирок, кокустан бир даана фермент пайда болду деп кабыл алсак, анда ал жерде сөзсүз фермент ингибитору да пайда болушу шарт. Бир фермент пайда болгон соң, миллиондогон жыл бою кокустан пайда боло турган бир фермент ингибиторун күтө албайт. Мындай шартта фермент эч тынымсыз иштей берет да, организм белгилүү убакыттан соң сөзсүз өлүмгө дуушар болот. Фермент ингибиторлору болбосо ферменттер организмди жашата албайт, ал эми ферменттер болбосо фермент ингибиторлорунун мааниси жоголот. Мындан тышкары, ферменттер бар болгон күндө да, фермент ингибиторлорунда токтотуучу бир контроль механизми болушу керек. Ансыз фермент ингибиторлору пайда болгон бүт ферменттерди ошол замат токтотуп салат да, ферменттин пайда болушунан эч майнап чыкпайт.

Жаратылууну изилдөө коомунан (Creation Research Society) Дэвид жана Кеннет Родабау бул жөнүндө мындай дешет:

Ферменттердин «байыркы сорподо» (первичный бульон) болбогондугу анык. Эгер пайда болушкан болгондо, байыркы сорподо, аныктамасында айтылгандай, ыктымалдуу бүт химиялык жыйындылар болгондуктан, ферменттер көпкө жашай алмак эмес. Ал жерде ферменттер пайда болоор замат аларды жок кыла турган сансыз фермент ингибиторлору болмок. Ошондуктан бул молекулалар пайда боло алмак эмес, пайда болду деп элестетсек да, жашай алышмак эмес.90

Денебизде жетиштүү санда фермент, аларды токтотуучу жетиштүү санда фермент ингибитору, алардын өндүрүшүн жана иштешин көзөмөлдөөчү жогорку бир көзөмөл механизми бар. Булардын бирөөсү дагы өз милдетинин чегинен чыкпайт, ингибиторлор эч качан өз алдынча чечим чыгарып, ферменттерди токтотуп баштабайт, ферменттер эч качан ингибиторлордун жанынан өтүп кетпейт жана булардын өндүрүшү менен иштөөсү эч качан тең салмаксыздыкка алып келбейт. Себеби денебизди толугу менен Аллах көзөмөлдөп турат. Ар бир фермент – Аллах жараткан бир керемет. Ар бир фермент ингибитору Аллах жараткан бир сый-жакшылык. Бул молекулалардын ар бири, аларды башкарган механизмдер, алар менен кызматташкан кыртыштар, алардын өзгөчө үч өлчөмдүү формалары Аллах каалаганы үчүн бар жана Аллах каалаганы үчүн катасыз иштешет.

Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санаганга аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар. Чындыгында, адам абдан заалым, абдан шүгүрсүз.
(Ибрахим Сүрөсү, 34)

Göklerde ve yerde olan ne varsa, canlılar ve
melekler Allah'a secde ederler ve onlar büyüklük taslamazlar.
(Nahl Suresi, 49)

Булактар

83. http://www.tuberose.com/Enzymes.html

84. http://www.supplementwatch.com/supatoz/supplement.asp?supplementId=309

85. Robert K. Murray, Peter A. Mayes, Darly K. Granner, Victor W. Rodwell, Harper'ın biyokimyası, Barış Kitabevi, 1993, sf. 783

86. http://www.worldnetdaily.com/news/article.asp?ARTICLE_ID=21776

87. http://www.biologycorner.com/bio3/notes-enzymes.html

88. http://www.chemistry.wustl.edu/~edudev/ LabTutorials/HIV/DrugStrategies.html#Enzymes

89. Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Mayıs 1972, sayı 54, sf. 6

90. http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/07prim04.htm