Ферменттердин Түрлөрү

Денеңиздин бүт тарабында ферменттер бар. Бирок ар бир фермент өзүнүн гана жумушун жасоого милдеттүү. Ар кайсы фермент ар кандай формада, ар кандай ылдамдыкта жана ар кайсы субстраттар менен иштейт. Ушул себептен бири-биринен айырмаланышат.

Ферменттерди классификациялоонун жалпы бир ыкмасы бар. Ал классификация жалпысынан денедеги негизги милдеттерине жараша жасалат. Дененин дем алуу системасынан нерв системасына чейин бүт зат алмашуусун контрольдогон ферменттер «зат алмашуу ферменттери» деп аталат. «Тамак-аш ферменттери» деп аталган фермент топтору болсо тамак-аштар аркылуу денебизге кирген ферменттерди камтыйт. Үчүнчү фермент тобу болсо «тамак сиңирүү ферменттери» деп аталат.

Зат Алмашуу Ферменттери

1. Subtrat
2. Enzim
3. Ürün

4. Hücre tarafından kullanılan son ürün
5. Plazma Zari

Metabolik enzimler, doğduğumuz andan itibaren bizlere verilmiş birer hazinedir. Onlar, bedenimizi inşa eden işçiler gibidirler. Sindirilmiş 45 temel besini alır, onları kaslara, kemiklere, sinirlere ve organlara dönüştürürler. Ama kuşkusuz, onlar yalnızca birer vesiledir. Yaşamımızı sürdürmek için sayısız sebebi bize bahşeden, tüm varlıkların Yaratıcısı olan Rabbimiz Allah'tır.

Денеде тамак-аштарды ажыратып сиңирген жана андан соң сансыз зат алмашуу процесстерин жасаган укмуш бир система бар. Тирүү организмдин клеткаларынын ичинде ишке ашкан жана ферменттер тарабынан башкарылган процесстердин баары «зат алмашуу» (метаболизм) деп аталат. Зат алмашуу аркылуу энергия өндүрүлөт жана керектүү заттар жасалат. Зат алмашуунун эки негизги реакциясы – бул, АТФ өндүрүшү жана белок синтези. Зат алмашуу ферменттери бул процесстердин баарын колго алып, ишке ашырууга милдеттүү. Денедеги зат алмашуу процесстеринин баарын зат алмашуу ферменттери башкарат.

Бир адамдын денеси (жыныстык клеткалардан тышкары) болжол менен 12 жыл мурдакы абалынан толугу менен башка болот. Жыныстык клеткалар болсо дененин жалпы салмагынын болгону 0,1%дык бөлүгүн гана түзөт. 12 жылдын ичинде денеңиздеги клеткаларыңыздын баары жаңыланып чыккан болот. Бооруңуз мурдакы бооруңуз эмес. Денеңиздеги кан 10 жыл мурдакы каныңыз эмес, жана азыркы каныңыз 10 жыл мурдакыдан такыр башка тамырларда айланып жатат. Органдарыңыздын баары жаңыланып, толугу менен жаңы клетка жана молекулаларга алмаштырылган. Бул, албетте, таң калыштуу көрүнүш. Ар бир үч ай сайын териңиз жаңыланып турат. Эң ылдам жаңылануу териңизде жүрөт. Андан кийинки кезекте органдарыңыз турат. Бир канча жылдын ичинде өпкөлөрүңүз, бөйрөктөрүңүз, ашказаныңыз жана бүт башка органдарыңыз катары менен алмашат. Бул саптарды окуп жаткан көздөрүңүз да. Эң жай жаңылануу болсо сөөк жана кемирчектериңизде жүрөт. Алардын жаңылануусу болжол менен 10 жылга созулат. Бирок аягында алар да жаңыланат.

Ошондуктан денеде тынымсыз курулуш иштери жүрүп турушу зарыл. Денеңиздин курулуш иштеринде кызмат кылган эң негизги жумушчулар – бул, зат алмашуу ферменттери. Алар сиңирилген 45 негизги азыкты алып, аларды булчуңдарга, нервдерге, сөөктөргө, канга жана органдарга айландырышат. Башкача айтканда, клетканы жашоосуна керектүү күйүүчү зат менен камсыз кылышат. Клетканын функцияларына керектүү бүт реакцияларда кызмат кылып, аларды секундага жетпеген убакытта жасап бүтүрүшөт. ДНКнын копияланышы, АТФнын энергия сакташы, азыктардын клеткага кирип-чыгышы жана сезүү органдарыбыздан келген электрдик заряддардын нервдер аркылуу мээге жеткирилиши сыяктуу «жашоо» менен байланыштуу бүт процесстерде кызмат кылышат.

Чындыгында, асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү, (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Силердин Аллахтан башка велиңер (досуңар) жана жардамчыңар жок.
(Тообо Сүрөсү, 116)

Зат алмашуу ферменттери Раббибиздин биз үчүн жараткан улуу бир белеги. Төрөлгөн кезибизден баштап бизге берилген улуу бир казына. Жашообуздун алгачкы көз ирмемдеринен баштап тынымсыз кызмат кылып, сансыз иштерди аткарышат. Бир эле ферменттер кайра кайра, эч тынбастан, бир эле иштерди кайталай беришет. Бирок алардын да өмүрү бар. Ферменттер өмүр өткөн сайын азайа берет. Денедеги ферменттердин азайышын жана натыйжада өздөрүнүн милдеттерин баштагыдай аткара албай калышын «улгайуу» деп атайбыз. Себеби улгайуу негизи бир адамдын канчалык узун өмүр сүргөнү менен эмес, денесиндеги кыртыштардын чогуу болуп-болбошу менен байланыштуу нерсе. Кыртыштар болсо ар бир клетканын зат алмашуусундагы ферменттердин санынан көз-каранды. Башкача айтканда, ферменттер канчалык көп санда жана канчалык функционалдуу болсо, адамдын зат алмашуусу да ошончолук жаш болот.56

Албетте, бүт бул системалардын иштеши жана зат алмашуу тартибинин сакталышы сиздин колуңузда эмес. Бир адам жаш болуп, туура тамактанса да, ферменттери керектүү иштерди жасабаса, денесин энергиялуу кармай албайт. Клеткалар бир калыпта өлүп азайа берет жана эч жаңыланбайт, органдар бара бара функцияларын жоготот. Адамдын өмүр сүрүшүнө ферменттер шарт түзөт. Бирок муну унутпаш керек: ферменттер – бул, акылы жана аң-сезими жок белоктор, жана зат алмашуу деген процесс ушул белоктордун иш-аракеттери. Өмүрүңүздү ушул аң-сезимсиз ферменттерден көз-каранды деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Ферменттер адамга өмүр сүрдүрө турган бул милдеттерди кокустан, өзүнөн-өзү эле аткарып башташкан деп ойлоо такыр акылга сыйбайт. Адамга өмүр сүрдүргөн – Аллах. Аллах адамдын денесиндеги бүт системаларды жараткан жана аларга тынымсыз аткара турган жумуштарын илхам кылып, аларды тынымсыз жаратып, дайыма башкарып турат. Денеңиздеги бир системада кандайдыр бир кемчилик келип чыкса, керектүү чараларды көрүп, Аллахка кайрылып Андан жардам сурагандан башка колуңуздан эч нерсе келбейт. Сизге сизди өмүр сүрдүрткөн Аллах гана жардам берет. Аллах бул акыйкатты Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:

Тамак-Аш Ферменттери

Жеген тамак-аштарыбыздын баарында дененин курулушунда колдонула турган курулуш материалдары бар. Чийки бойдон жеген азыктарыбыз болсо денебизге өзүн-өзү сиңире ала турган абдан маанилүү бир казына менен бирге киришет: өздөрүнүн ферменттери менен.

Тамак-аш ферменттери жер жүзүндөгү бүт азыктарда бар. Бул ферменттер бир гана температурага туруштук бере алышпайт. Бир азыкты бышырганыңызда, ичиндеги бүт ферменттерди жоготосуз. Бирок азыкты чийки бойдон жесеңиз, азыктын 75%ын өзүнүн ферменттери сиңирет. Азыкты өзүнүн ферменттеринин сиңириши болсо денеге чоң көмөк болот. Дене ашыкча фермент өндүрүп чарчабайт жана тамак сиңирүү ферментин өндүрүү үчүн, клеткаларга керектүү зат алмашуу ферменттеринин өндүрүшүн жайлатууга мажбур болбойт.

Азыктардын ичинде тынымсыз иш-аракет жүргүзгөн ферменттерге эң жакшы мисал – бул мөмө-жемиштердеги ферменттер. Мисалы, көк түстөгү кезинде банандын 20%ы крахмалдан турат. Бирок ысыкта калып, үстүнө так түшүп баштаганда, амилаза ферменти банандын ичиндеги 20% өлчөмүндөгү крахмалды 20% өлчөмүндөгү кантка айландырат. Бул канттын болжол менен 1/4 бөлүгү глюкозадан турат. Эми аны дененин ичинде сиңирүүнүн кереги жок.57 Мөмө өзүндөгү ферменттер аркылуу денеде жасала турган чоң жумушту денеге кире электе толук жасап бүткөн болот.

Бул мисалдагы банан сыяктуу, бышырбай желген ар бир жашылча же мөмө-жемиш денени убара кылбай турган ушул жабдыктары аркылуу денебизге чоң пайда алып келишет. Бир бананды жегениңизде, оозуңузда башталган тамак сиңирүү процессинде, өзүнүн ферменттери бананды зат алмашуу ферменттери колдоно ала турган майда бөлүктөргө бөлүп, клеткаларга даярдап беришет. Зат алмашуу ферменттери болсо ал бөлүктөрдү алып, алардан клетка жана органеллдерге керектүү курулуш материалдарын даярдап, аларды дененин бир «бөлүгүнө» айландырышат.

Тамак-аштардагы ферменттер өзүнө тиешелүү азыкты гана сиңире алышат. Мисалы, банандагы амилаза ферменти бир гана банандын крахмалын өзгөртө алат. Бул фермент картошканын крахмалын сиңире албайт. Банандагы ферменттер, мисалы биз банандын артынан жеген бышкан этти да сиңире албайт. Жана бул ферменттер денеңизге кошумча фермент да кошо алышпайт. Алардын жумушу бананды сиңирген соң аяктайт. Тамак-аш аркылуу денеге кирген фермент өзү сиңире турган азыкты, азык ооздо майдаланганына карабастан, тааныйт жана сөзсүз ошону сиңирүүнү көздөйт. Бул жагынан ферменттерди чыныгы мааниде «акылдуу молекулалар» деп атаганга болот. Албетте, жансыз бир молекула «акылдуу» боло албайт. Ферменттердеги бул акыл аларды жаратып, жандыктарга кызмат кылдырган Улуу Аллахка тиешелүү.

Бышкан жана ошондуктан ичиндеги бүт ферменттерин жоготкон бир азыкты жегениңизде болсо бүт жумуш денеңиздеги даяр турган ферменттерге түшөт. Тамак сиңирүү органдары, өзгөчө уйку бези ашыкча өндүрүшкө өтөт. Көп өлчөмдө фермент өндүрүү аркылуу денеге кирген азыкты сиңирүүгө аракет кылат. Тамак сиңирүү ферментинин көп өндүрүлүшү зат алмашуу ферменттеринин өндүрүш ылдамдыгын азайтышы мүмкүн. Бул болсо органдардын иштешине, жаңыланышына жана оорулар менен согушушуна керектүү ферменттердин жетишсиздиги деген мааниге келет. Дене өзүнүн өрчүшүнө жана коргонуусуна корото турган энергияны денеге кирген азыктарды сиңирүүгө короткон болот.

Адамдын тамактануу системасындагы ферменттердин ролун алгачкылардан болуп изилдеген, Улуттук фермент ишканасынын (National Enzyme Company) негиздөөчүсү д-р Эдуард Хауэлл (Edward Howell) бул жөнүндө төмөнкүлөрдү айткан:

Ферменттер биздин эң маанилүү казыналарыбыз. Сырттан келген ферменттердин көмөгүнө ар дайым ачык болушубуз керек. Эгер тукум куучулук аркылуу келген ферменттерибизге гана ишенсек, анда алар, туруктуу бир киреше тарабынан толукталып турбаган бир мурастай болуп, түгөнүп калат.58

Аллах тамак-аштардагы ферменттер аркылуу адамзатка чоң бир сый-жакшылык тартуулаган. Бул ферменттердин денеге кирээр замат эмне кылуу керек экенин билиши, бүтүндөй чоочун бир зат алмашууга ыңгайлашып алышы жана ошол замат сиңирүү керек болгон азыктарга багыт алышы – толугу менен бир керемет. Бул ферменттер аң-сезимдүү бир жандыктай болуп, тамак-аш майдаланган кезде ишке киришүү керек экенин билишет. Андан мурда ишке киришип, азыкты жок кылып салышпайт жана, ошондой эле, денеге кирген соң бир канча саат күтүп туруп да калышпайт. Өз жумушун дал убагында баштап, тездик менен аягына чыгарышат. Сиз жеген мөмө-жемиштин баары, ушул молекулалардын жардамы менен, денеңизди жаңылай турган курулуш материалдарына айланган. Ошентип көздөрүңүз көрүп, буттарыңыз кыймылдап жана органдарыңыз иштеп келе жатат. Муну унутпаңыз: бул аң-сезимсиз молекулалар Аллах тарабынан жаратылып, Аллах тарабынан башкарылганы үчүн, жаңылышпайт, унутушпайт жана ката кетиришпейт. Аллахтын чексиз акылына баш ийип, Ага моюн сунушат. Аллах бир аятында бул акыйкатты адамдарга төмөнкүчө кабар берген:

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт).
(Худ Сүрөсү, 56)

Тамак Сиңирүү Ферменттери

Денеде тамак сиңирүү милдетин бир канча белгилүү ферменттер аркалашат. Алар – майларды ажыратуучу липаза, белокторду ажыратуучу протеаза, булаларды ажыратуучу целлюлаза, крахмалды ажыратуучу амилаза, сүт продукцияларын ажыратуучу лактаза, кантты ажыратуучу сахараза жана дан азыктарын ажыратуучу мальтаза. Тамак сиңирүү ферменттеринин болушу денедеги зат алмашуу ферменттери үчүн абдан маанилүү. Себеби тамак сиңирүү жумушунун атайын бир фермент тобуна жүктөлүшү зат алмашуунун чарчап калбашына шарт түзөт. Тамак сиңирүү ферменттери бар кезде денебизди иштеткен зат алмашуу ферменттери өз жумушун эч кыйынчылыксыз аткарышат жана өзүнчө татаал жана оор бир жумуш болуп саналган тамак сиңирүү жумушу менен алектенгенге мажбур болушпайт.

Ушул себептен адамдын денесинде кереметтүү бир механизм тынымсыз иштейт. Бир тамакты көргөнүңүздө, анын жытын сезгениңизде же, ал тургай, аны ойлоп койгонуңузда, денеңизде тамак сиңирүү ферменти өндүрүлүп баштайт. Мындай сигналдар дене үчүн абдан маанилүү. Бул сигналдардан улам, тамак денеге кире электе эле дене ал үчүн даярданып койот.

1. Proteaz Enzimi
2. Enzim Substratı

1. Substrat (Besin Parçacığı)
2. Ürünler
3. Enzim

4. Enzim Ve Substrat Birleşimi
5. Enzim

1. Substrat (Sukroz)
2. Enzim (Sukroz)
3. Aktif Bölge
4. Fruktoz
5. Glukoz

6. Enzim Ve Substrat Hazır Durumdalar
7. Ürünler Açığa Çıkıyor
8. Enzim Substrat Kompleksi
9. Substrat Ürünlere Dönüştürülür
10. Substrat Enzime Bağlanır

Enzimler, besinleri parçalayarak onları vücudun kullanabileceği şekle dönüştürürler. Bu mükemmel sistem, vücut ihtiyaçlarının besinlerden derhal elde edilmesini sağlar.

Enzimlerin, besinleri parçalama yöntemleri

Yukardalki diyagramda, şeker ürünlerini parçalayan sukroz enziminin faaliyeti görülmektedir. Bu reaksiyon sonucunda ortaya çıkan yeni ürün, vücudun metabolik işlevleri için gereken ihtiyaçların karşılanmasında kullanılacaktır.

Тамак сиңирүү процесси аны жегенибизде оозубуздан башталат. Шилекейде атайын ферменттер бар жана тамак-аш шилекей менен аралашаар замат ажыратылып баштайт. Чайнаганда азыктардын сырткы тосмолорун бузабыз. Эгер азык чийки болсо, аны чайнаганыбызда анын ичиндеги ферменттер сыртка чыгып, ажыратуу процессин башташат. Ооздо углеводдор сиңирилет. Шилекейдеги амилаза ферменти крахмал молекулаларындагы химиялык байланыштарды үзүп, шилекейдеги суу молекулаларын ага кошот. Бир тиштем нанды чайнаганыңызда, бара бара анын таттуу болуп баштаганын сезесиз. Себеби нандагы крахмал шилекейдеги ферменттер аркылуу кантка айландырылган болот.

Ооздо тамак-аштар сиңирилиши үчүн pH деңгээли 6,0 менен 7,4түн тегерегинде болушу керек жана ооздогу амилаза ферменти ушундай pH интервалында эң мыкты иштейт. Ашказан болсо абдан кислоталуу. Ашказандагы pH деңгээли 1,0-3,5 интервалында болот. Ашказандагы мындай кислоталуу чөйрө амилаза ферментинин иш-аракетин токтотот. Ошондуктан ашказанда углевод сиңириле албайт.

Ооздон башталган тамак сиңирүү процесси ашказан жана ичегилерде улантылат. Ашказан менен ичегилер иштөө шарттары жагынан абдан айырмаланышат. Ошондуктан ар биринин ферменттери ар түрдүү. Буларды өз-өзүнчө бөлүп карайлы.

Ашказандагы Атайын Ферменттер

1. Midenin iç Yüzeyi
2. Mide Kapısı Çevresindeki Kas Halkası
3. Gastrit Bezi
4. Epitelyum
5. Mide Çukurları

6. Mukus Boyun Hücreleri
7. Ana Hücreler
8. Çeper Hücreleri
9. Pepsinojen
10. Pepsin (Aktif Enzim)

Yukarıda midenin anatomisi ve midedeki ana hücreler tarafından pepsinojen üretimini gösteren şema görülmektedir. Bu üretim şöyle gerçekleşir: Ana hücreler, pepsinojen gibi molekülleri üretirler. Onlar, aktive edici enzimler yoluyla pepsin enzimine dönüştürülür. Çeper hücreleri ise ana hücreleri aktif hale getiren HCl asidi üretirler. Birbirine bağlı ve son derece kompleks işlevler gören böyle bir sistemin, tesadüf eseri meydana gelmesi kuşkusuz ki son derece mantık dışıdır.

Ооздон башталган тамак сиңирүүнүн эң негизги аялдамасы ашказан болуп саналат. Бүт органдар сыяктуу, ашказандын да атайын ферменттери бар. Ичине кирген бүт нерсени ээритип, ажыратып салуучу ашказандай бир органда, абдан татаал шарттарда жашай алган ферменттердин болушу, албетте, таң калыштуу. Бирок алар ансыз да атайын ашказан үчүн жабдылып, жаратылган жардамчылар. Денедеги улуу бир кереметтин бир бөлүгү.

Ашказан абдан кислоталуу бир жер. Бир жагынан, ашказан өзү бөлүп чыгарган кислотадан коргонушу керек болсо, экинчи жагынан ичиндеги ферменттер ушундай кислоталуу чөйрөдө жашай ала турган өзгөчөлүктө болушу зарыл. Ашказанда бул эки шарт тең каралган. Ашказандын ички бетинде тамак-аштарга тийип туруучу бир былжыр катмары жайгашкан. Бул катмар үч түрдүү клеткалардан турат. Алардын бири туз кислотасын (HCl) бөлүп чыгарат. Химиялык аты жагынан балким көп деле маани бербегенибиз менен, ташты да ээрите ала тургандай күчтүү бир кислота болуп саналат. Тамак-аштарды сиңирүүдө бул күчтүү химикаттын ролу чоң. Эт баш болуп, ашказанга кирген бүт белокторду ажыратат жана бардык микробдорду өлтүрөт. Бул кислотанын дагы бир касиети болсо – ашказандагы белокторду ажыратуучу пепсиноген молекуласын ишке киргизиши. Пепсиноген ашказанда тамак жок кезде бөлүп чыгарылбайт. Ашказанга кандайдыр бир тамак келген кезде гана, бир жерден кабар алгандай болуп ал жерге келет жана активдештирүүчү бир белок тарабынан пепсинге айландырылып, ал жердеги тамак-ашты ажыратат.

Пепсиндин сырттан келген белок жана майлардан турган бир этти таанып, сиңирип башташын, ал эми ошол сыяктуу эле белок жана майлардан турган адамдын ашказанына болсо зыян тийгизбешин кантип түшүндүрүүгө болот? Ошондой эле, туз кислотасынын ашказандын өзүн жана жардамчы ферменттерин ээритип салбашын кантип түшүндүрө алабыз? Бир фермент, бир кислота, молекулалар, кабарчы гормондор же бир кесим эттен турган ашказандын өзү кадимки шарттарда кислотадан, коркунучтардан, сиңирүү керек болгон тамак-аштардан кабардар болуп, аларды таанып, ошого жараша чара көрө албайт жана аны күндүн белгилүү убактарында, тынымсыз жана катасыз жасай албайт. Бул процесстердин жер жүзүндө жашаган бүт адамдарда тынымсыз ишке ашышын, молекулалардын буйруктарды угуп, ага моюн сунушун жана бири-бирине шайкеш келишин камсыз кылган – Аллах. Бир молекула кокустан башка бирөөнөн кабардар боло албайт, өзүнөн-өзү аны активдештире албайт, кокустан коркунучтарды байкап, аларга карата керектүү чараларды көрө албайт. Бири-бири менен сүйлөшүп, байланышып тургандай көрүнгөн бул татаал түзүлүштөрдүн бир «жоктуктан» кокустан пайда болуп, аң-сезимсиз кубулуштардын таасири менен куралып, анан кокустан иштеп башташы эч мүмкүн эмес. Эгер бир адам акылы жана абийири бар болсо, калыс ойлоно алса жана көргөн-билгендерине кайдыгер мамиле кылбаса, анда бул акыйкатты заматта түшүнө алат. Аллах Куран аяттарында чексиз сый-жакшылыктар тартуу кылганын төмөнкүчө кабар берген:

Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын (сый-жакшылыктарын) санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, ырайым кылуучу. (Нахл Сүрөсү, 17-18)

Ашказандын тамак сиңирүү функцияларында мындан да таң калыштуу нерселер бар. Ашказан эң мыкты коргоочу суюктук менен капталган. Бул коргоочу былжыр суюктугун бөлүп чыгаруучу бокалсымак клеткалар абдан сезгич болгондуктан, сырткы тондой каптаган бул коргоочу суюктукту кислота жана ажыратуучу ферменттер бөлүп чыгарыла электе бөлүп чыгарышат. Бул коргоочу суюктуктун күчү абдан укмуш. Бирок ошого карабастан, кислотанын жана ферменттин таасиринен ашказан күн сайын бир жарым миллион клеткасын жоготот. Башкача айтканда, ашказандын бүт ички каптамасы үч күндө бир талкаланып, кайрадан жаңыланып турат.

Ашказандын «табигый түрдө» өлгөн бул клеткалары эч качан жаңыланбай калышы да мүмкүн эле. Бул ушунчалык контрольдуу бир система болгондуктан, денедеги бул күрөштү эч сезбейсиз. Өлгөн клеткалардын ордуна сөзсүз жаңылары иштелип чыгат. Булардын жок кылынышы да, жоктон бар кылынышы да бир гана Аллахтын каалоосу менен ишке ашат.

«Ашказан жарасы» (язва) деп аталган оору бизге денебиздеги бул кереметтүү контроль болбогон учурда эмнеге кабылышыбыз мүмкүн экенин эскертет. Бул ооруда коргоочу суюктуктун бөлүнүп чыгарылышында ар кандай себептерден улам кемчиликтер келип чыгат. Натыйжада кислота менен ферменттер ашказандын ички бетин талкалап баштайт жана астыңкы катмардагы кан тамырлар канайт. Ошентип ашказанда жара пайда болот. Ашказан дарыланганга чейин, ашказандын өзүнүн бөлүп чыгарган заттары өзүнүн клеткаларын өлтүрүүнү улантат жана тамак-аштар жакшы сиңириле албай калат.

Ашказанда коргоочу суюктук бөлүнүп чыгарылган соң, тамак-аш ашказандын үстүңкү бөлүгүнө келет. Ал бөлүктө эч бир фермент бөлүп чыгарылбайт. Чийки бойдон жеген азыктарыбыз түздөн-түз ашказандын ушул бөлүгүнө келет. Жутулган соң, бул азыктардын сиңирилиши тамак-аш фермент бөлүгүндө азыктын өзүнүн ферменттери аркылуу жарым же бир саатка созулат. Андан соң ишке киришүү кезеги ашказандын өзүнүн ферменти пепсинге келет.

Жеген тамак-ашыбыз эгер бышкан болсо, өзүн ажырата турган ферменттери болбогондуктан, ашказанда жарым саат же бир сааттай эч нерсе кылынбастан, күтөт. Эгер тамак-аш менен бирге зыяндуу бир бактерия жуткан болсок, бул убакыттын ичинде бактерия ферменттер тарабынан талкаланып, жок кылынат. Шилекей углеводду ажыратат. Ал эми, белок менен май болсо күтүшү керек. Ашказандагы бул тамак-ашка, ичинде ферменти бар азыктарга караганда, башкача бир ыкма колдонулат, себеби дененин зат алмашуусу көңүлүн көбүрөөк зат алмашуу ферменттерине бурушу керек болот. Башкача айтканда, денеде дагы бир жолу пландуу бир тандоо жасалган. Тамак-аш бул аймакта белгилүү бир убакыт күткөн соң, ашказан ферменттери тарабынан ажыратылып баштайт.59

Ашказанда кислотанын бөлүп чыгарылышы болсо ашказанда тамак-аштын болуп-болбошу тарабынан башкарылат. Тамак-аш ашказанга киргенде, белгилүү клеткалар ишке киришип, «гастрин» аттуу бир гормон бөлүп чыгарышат. Ал гормон кан айланууга кошулат. Туз кислотасын бөлүп чыгаруучу секреция бездери менен байланышып, кислотанын бөлүп чыгарылышын баштата турган бир сигнал жиберет.

Ашказан кислотасынын бөлүп чыгарылышына нерв системасы да таасир берет. Секреция бездери нерв системасы тарабынан жөнгө салынат. Ал эми, тамак сиңирүү суюктуктарынын бөлүп чыгарылышы болсо бир жагынан нерв системасы, экинчи жагынан гормондор тарабынан башкарылат. Ошондуктан стресс жана кан басымынын көтөрүлүшү да ашказан жарасынын пайда болушуна себеп болот. Мээнин ашказандагы секреция бездерине билдирүү (кабар) жибериши үчүн, бир тамакты жыттоонун, даамдап көрүүнүн, ал тургай, ойлонуп коюунун да жетиштүү болушу нерв системасынын тамак сиңирүү процессине болгон таасирин көрсөтөт.60

Ашказанда белокту сиңирүүчү активдүү фермент – бул, пепсин. Бул фермент мындагы клеткалар тарабынан активдүү эмес формада иштелип чыгат жана активдүү эмес абалы «пепсиноген» деп аталат. Туз кислотасы пепсиногенди пепсинге айландырат. Ашказандын секреция бездери тарабынан пепсиногендин бөлүнүп чыгарылышы, ошол эле учурда, гастрин гормонунун иш-аракеттери тарабынан да жөнгө салынат. Ашказанда тамактын болушу, гастриндин бөлүп чыгарылышы, туз кислотасынын иштелип чыгышы жана пепсиногендин пепсинге айландырылышы сыяктуу процесстердин баары бири-бири менен байланыштуу. Ошондуктан ашказанга тамактын кириши тамак сиңирүү этаптарынын абдан татаал бир чынжырынын башталышына себеп болот.

Пепсин чоң белок молекулаларын майда полипептиддерге айландырат. Бирок ар бир полипептид молекуласында бири-бирине туташкан көп сандагы аминокислоталар болот. Буларды ажыратуу ичке ичегиде улантылат.61

Ашказандын ичегиге туташкан бөлүгүндө бир эшик жайгашкан. Бул эшиктин абдан мааниси чоң. Себеби ичеги менен ашказанды бөлүп турган бир эшик болбогондо, ичегидеги тамактар кайрадан ашказанга кайтып келиши мүмкүн эле. Бул болсо ашказандын өзүнө тиешелүү, өзгөчө кислоталуу чөйрөсүнүн бузулушуна себеп болот. Анткени ичегидеги ферменттер нейтралдуураак жана базалуу бир чөйрөдө иштешет. Ашказандын кислота деңгээли ичегинин ферменттерин бузулууга дуушар кылып, абдан кооптуу натыйжаларга алып келет.62

Бул жерде түзүлүшү жана аткарган кызматтары бири-бирине окшогон тамак сиңирүү ферменттери жөнүндө сөз болууда. Бирок ичегиде иштегендер ашказандын, ашказанда иштегендер болсо ичегинин шарттарына ыңгайлаша алышпайт. Бул жагдай денедеги ар бир аймактын, ар бир кыртыштын жана ар бир органдын ар кандай өзгөчөлүктө жаратылганын жана ферменттердин да ошол чөйрөлөрдүн шарттарына ыңгайлуу касиеттер менен жабдылганын көрсөтөт.

Ичегидеги Атайын Ферменттер

1. Kalınbağırsak
2. Uzunlamasına Katman
3. Çevre Kası

4. Seroza
5. Mukoza
6. Mukoza Altı

Bağırsak, besinlerin parçalanması için özel olarak yaratılmış bir organdır. Duvarlarında meydana gelen kimyevi olaylar, besinlerin ayrıştırılıp dağıtılmasındaki sistem, hayranlık uyandırıcıdır. Bağırsak, besinlerin parçalanması için özel olarak yaratılmış bir organdır. Duvarlarında meydana gelen kimyevi olaylar, besinlerin ayrıştırılıp dağıtılmasındaki sistem, hayranlık uyandırıcıdır.

Ичеги – атайын, тамак-аштардын ажыратылышы үчүн жаратылган бир орган. Капталдарында ишке ашкан химиялык процесстер, азыктардын эң майда бөлүктөргө ажыратылып таратылышындагы кемчиликсиз система таң калыштуу. Ичегинин ички капталдарынын дээрлик ар бир миллиметр квадраты сансыз ферменттер иштелип чыккан бир заводго окшошот. Ал заводдордо белокторду ар түрдүү пептиддик баскычтарга чейин майдалай турган, аларды аминокислоталарга, углеводдорду глюкозага жана майларды май кислоталары менен глицеринге ажырата турган ферменттер иштелип чыгат. Ал ферменттердин түрлөрү дагы, функциялары дагы, ылдамдыктары дагы бири-бирине окшошпойт. Фруктозаны (мөмөнүн кантын) ажыраткан фермент менен лактозаны (сүттүн кантын) ажыраткан фермент эки башка; крахмалды болсо башка бир фермент майда бөлүктөргө ажыратат. Ичегидеги температура менен pH деңгээли бул ферменттердин иштелип чыгып, өз иш-аракеттерин жүргүзүшүнө эң ылайыктуу. Себеби, жогоруда да айтылгандай, ферменттер белгилүү шарттарда гана иш-аракет жүргүзө алышат.

Белгилүү болгондой, ашказан менен ичегинин түзүлүшү жана иштөө шарттары бири-биринен айырмаланат. Ашказанда кислоталуу, ичегиде болсо базалуу чөйрөдө иштей ала турган ферменттер болушу зарыл. Ашказандан ичегиге өткөн тамак-аштар ашказандын катаал шарттарынан чыгып, ичегинин жумшагыраак шарттарына туш болот. Ошондуктан бул катаал шарттардан келген тамак-аштар менен суюктуктардын ичегиге зыян тийгизишине жол бербөө керек. Уйку бези зилинин (согунун) максаты ушул.

Ичинде белгилүү ферменттерди камтыган уйку бези зили уйку бези каналы аркылуу ичегиге кирип, pH деңгээлин кислоталуудан базалууга айландырат. Он эки эли ичегиде, б.а. ичке ичегиде майларды ажыратуучу ферменттер жайгашкан. Уйку безинде иштелип чыккан май ээриткичтер ушул жерге чогулуп, тамак-аштарды сиңирүү процессин ылдамдатышат. Уйку бези зилинде «трипсин» аттуу абдан күчтүү бир фермент болот. Ичке ичегиге «трипсиноген» деп аталган, активдүү эмес формада кирет. Трипсиноген ичегиде тамак-аш болгондо гана активдешүүчү башка бир ферменттин иш-аракеттеринин натыйжасында активдешип, трипсинге айланат. Трипсин ашказандан ичке ичегиге келген полипептиддердин пептиддик байланыштарын бузат. Трипсин, ошондой эле, пепсин тарабынан ашказанда ажыратылбаган чоң белок молекулаларын да ажыратат. Ичке ичегинин капталдарындагы секреция бездери, мындан тышкары, пептиддик байланыштарды ажыратуучу ферменттерди да бөлүп чыгарышат. Молекулаларды түзгөн пептиддик байланыштар үзүлүп, белоктордун сиңирилишинин натыйжасында, акыркы продукция катары, бүт белоктордун негизги курулуш материалы болгон аминокислоталар келип чыгат.

Майлар дагы ичке ичегиде сиңирилет. Бирок тамак-аштар аркылуу кирген майлар ичке ичегиге келгенде, майда май тамчылары формасында болушат. Майды сиңирүүдө кызмат кылган липаза ферменти мындай абалдагы майларга таасир тийгизе албайт. Ошондуктан өт суюктугу ишке киришет. Өт суюктугу – боор тарабынан бөлүнүп чыгып, өттүн ичине чогулуучу бир зат. Ичинде бир дагы тамак сиңирүүчү фермент болбойт. Өт суюктугунун ичиндеги өт туздары май тамчыларына жабышып, аларды ичке бөлүкчөлөргө айландырат жана ошентип аларды ферменттерге даярдап беришет. Өт туздарынын 90%га жакыны ичегилерден өтүп баратканда ичегинин астыңкы бөлүгүндө сиңирилип алынат жана боорго жеткирилип, тамак сиңирүүдө кайра кайра колдонулат.

Өт суюктугунун жумушу бүткөн соң, кезек майды сиңирүүчү ферменттерге келет. Уйку бези суюктугунун ичиндеги майды сиңирүүчү липаза ферменти майларды май кислоталарына жана глицеринге ажыратат.

Бул процесстер бүткөнгө чейин жүздөгөн чаралар көрүлөт. Эң биринчиден, ашказандан келген тамак-аштар ашказандын кислоталуу чөйрөсүнүн таасирлерин ичегиге алып келбеши зарыл. Андан соң, али сиңириле элек тамак-аштарды сиңирүү үчүн белгилүү ферменттер даяр турушу керек. Айлана-чөйрө бул процесстерге ыңгайлаштырылып, кабарчылар ошого жараша ишке киришип, көмөкчү молекулалар ал жерде даяр турушу зарыл. Уйку бези суюктугу мына ушул чаралар үчүн иштелип чыгат. Бул өзгөчө аралашманы болсо өзгөчө бир орган болуп саналган уйку бези даярдайт.

Тамак Сиңирүү Ферменттерин Өндүрүүчү Завод: Уйку Бези

1. Onikiparmak Bağırsağı

Pankreas, karın ve midenin arkasında bulunan 15 cm boyunda bir organdır. Küçük olmasına rağmen bu organ, önemli bir görevi üstlenmiştir: İçinde sindirim enzimlerinin bulunduğu pankreas sıvısının üretilmesi. Pankreas, yaşam için sayısız faktörün içinde bulunduğu bu özel sıvıdan günde yaklaşık 5 litre üretir.

Уйку бези – курсакта ашказандын артына жашынган, узундугу 15 сантиметр, салмагы 90 грамм болгон, кичинекей бир орган. Ашказандын артында жайгашкандыгы үчүн, жашынган орган деп айтылат. Уйку безинде тамырлар сыяктуу бири-бирине туташкан ичке түтүктөр болот. Бул түтүктөр биригип, ашказандын арт жагында жайгашкан ичегиге чыгуучу бир каналды пайда кылышат. Ал каналдан ичеги үчүн тез жардам ролун аткаруучу маанилүү бир суюктук, т.а. уйку бези суюктугу агып өтөт.

Уйку бези кичинекей болгону менен, абдан маанилүү бир кызматты аткарат: тамак сиңирүү ферменттерин өндүрүү кызматын. Тамак сиңирүү ферменттери уйку бези иштеп чыккан жана «уйку бези суюктугу» деп аталган бир суюктуктун ичинде тамак сиңирүү системасына жиберилет. Бул суюктуктун ичинде башка тең салмактоочу факторлор да болот. Уйку бези күн сайын 5 литрге чейин уйку бези суюктугун иштеп чыга алат.63 90 граммдык кичинекей бир орган үчүн бул абдан чоң көлөм.

Ашказандын астындагы он эки эли ичегинин ашказандын кислотасына жолугушу уйку бези суюктугунун өндүрүшүн стимулдайт. Тамак-аштар ашказандан чыкканда абдан кислоталуу бир эзме болуп чыгат. Ашказандан чыгаар замат он эки эли ичегиге барат. Ашказандан келген бул кислоталуу аралашма он эки эли ичегинин ичке, назик ички бөлүгүн да ээритип жок кыла ала турганчалык күчтүү болот. Бирок мындай көйгөй жаралбайт, себеби уйку бези суюктугунун курамында шакардуу (щелочтуу) суу бар. Шакардуу суу ичегиге келгенде кислотаны нейтралдаштырат. Ошентип тамак-аштар ичегиге эч көйгөйсүз кире алат.

Уйку бези суюктугунун өндүрүшү жөнгө салынып турат. Дасторконго отурганыңызда, уйку безинин миңдеген кичинекей баштыкчалары нерв системасынан келген сигналдардын негизинде уйку бези суюктугун өндүрүп башташат. Бирок оозубуздагы тамак он эки эли ичегинин босогосун аттамайынча, уйку бези толук кубаттуулукта иштеп баштабайт. Канча тамак келсе, бөлүп чыгарылган ферменттин көлөмү да ошого жараша болот. Уйку бези, ошондой эле, жеген тамагыбыздын түрлөрүн да айырмалай алат. Андан соң, жеген тамагыбыздын түрүнө жараша ар түрдүү фермент бөлүп чыгарат. Мисалы, макарон, нан сыяктуу углеводдуу тамактарды жегенибизде, уйку бези суюктугунун ичинде углеводдорду сиңирүүчү фермент, б.а. амилаза ферменти көбүрөөк болот.64

Бул тең салмактоочу механизм абдан кылдат иштейт. Себеби, бир жагынан, ферменттерди ысырап кылбоо керек болсо, экинчи жагынан, ичегинин өзүнүн капталдарын жаңылыштык менен сиңирип салбоо зарыл. Бул системага бир организмдин жашоосуна керектүү ферменттерди жетиштүү санда өндүрүү жоопкерчилиги жүктөлгөн. Эгер бул жоопкерчилик бизде болгондо, бүт убактыбызды денебиздеги ферменттердин качан, канча көлөмдө жана кантип өндүрүлөөрүн эсептөө менен жана аларды кантип сарпташыбыз керек экенин ойлонуу менен өткөрмөкпүз. Бирок булардын өндүрүшүн да, иштөө ыкмаларын да биз башкарбайбыз жана бул процесстерден кабарыбыз да болбойт. Ферменттердин өндүрүшүн жөнгө салуу милдети дененин ичиндеги, кайра эле май жана белоктордон түзүлгөн, башка түзүлүштөргө жүктөлгөн. Мээден чыккан тентиме нерв аркылуу ичегинин ички капталдарында иштелип чыккан секретин жана панкреозимин (холецистокинин) гормондору ферменттердин өндүрүшүнө жооп беришет. Секретин гормону уйку безин кислотаны нейтралдаштыруучу, натрий бикарбонатына бай уйку бези суюктугун өндүрүүгө стимулдайт. Панкреозимин гормону болсо уйку безин ферментке бай уйку бези суюктугун өндүрүүгө стимулдайт. Тамак-аштар ашказандан он эки эли ичегиге өткөндө, секретин менен панкреозимин канга аралашып баштайт. Бул өндүрүштүн он эки эли ичеги үчүн мааниси чоң, себеби ичеги ушул гормондор аркылуу кислотанын талкалоочу таасиринен коргонот. Секретин менен панкреозимин кан айлануу аркылуу уйку безине келип, курамында он эки эли ичегини коргой турган сууларды да камтыган жана суу, бикарбонат жана тамак сиңирүү ферменттери жагынан бай уйку бези суюктугун жетиштүү кубаттуулукта өндүрүү керек экенин кабар берет. Бул секрециялар жогоруда айтылган ичке каналдар аркылуу ичегиге куюлат.

Tripsin enziminin bilgisayarlı görüntüsü. Yeşil kısımlar enzimin aktif bölgesini göstermektedir.

Гормондорду ишке киргизүүчү орган болсо – кайра эле белок менен майлардан турган ашказан. Ашказанда тамак сиңирүү жүрүп жатканда, бул орган тамак-аштардын андан соң он эки эли ичегиге бараарын билгендей болуп, бир сигнал жиберет. Ага потенциалдуу коркунучту кабар берип, аты аталган гормондорду бөлүп чыгара баштайт. Ал гормондорду канга берет. Бул сыртынан караганда абдан рисктүү кадам. Себеби кан бүт денени айланат. Ошондуктан кан менен кошо айланган бул гормондордун каерге кабар алып бараарын билиши керек. Гормондор чындап эле муну абдан жакшы билишет. Кабарды денедеги башка эч бир клеткага жолукпастан, бир гана уйку безине жеткиришет. Аллах, чексиз чебер жаратуу искусствосунун бир көрсөткүчү катары, бул гормондордун молекулярдык түзүлүшүн уйку безиндеги клеткалардын мембранасындагы кабылдагыч (сенсор) молекулалар менен гана өз ара аракеттеше тургандай кылып жараткан.

Адам денесиндеги бири-биринен кабарсыз эки кичинекей молекула бири-биринин эмне ишке жарай турганын билип, максатын, өзгөчөлүктөрүн жана функцияларын таанып, бири-бири менен байланыш түзүшөт. Бири-бирин эч көрүшпөйт, адам денесинин эмнеге окшошоорун жана көлөмүнүн канчалык экенин такыр билишпейт. Бирок, ошого карабастан, бирдиктүү бир максатка жетүү үчүн кабарлашышат. Негизи бул абдан улуу бир акыл жана аң-сезимди талап кылат. Албетте, көзү, кулагы, мээси жана аң-сезими жок атомдордон куралган молекулалардан мындай акыл жана аң-сезимди күтүүгө болбойт. Бул молекулалардын жасаган кереметтүү жумуштарындагы акыл жана аң-сезим – адамдын денесин жоктон жараткан Аллахка тиешелүү. Бул кереметтүү чеберчиликтердин жаратылуу себептеринин бири – адамдардын бул маанилүү акыйкатты көрүп, булар жөнүндө терең ойлонушу. Бул чындык Куранда төмөнкүдөй кабар берилген:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Уйку безинин келген тамак-аштардын сыпатына жана көлөмүнө жараша фермент иштеп чыгуу жөндөмү болсо өзүнчө бир керемет. Уйку бези бул үчүн химиялык формулаларды билиши керек жана кандай тамакты эмненин сиңирээрин аныктап, ошого жараша өндүрүш жасашы зарыл. Ушундай пландуу өндүрүштөн соң, уйку бези ферменттерге бай суюктугун ичке ичегиге жиберет. Уйку бези суюктугунда дене үчүн абдан зор мааниси бар төрт фермент орун алат. Алар – трипсин, химотрипсин, липаза жана амилаза. Трипсин менен химотрипсин белокту кан айлануу аркылуу бүт денеге тарап, кыртыштарды жасоодо колдонула турган аминокислоталарга айландырат. Амилаза крахмалды кантка айландырат. Липаза май шарчаларына чабуул жасап, аларды ажыратат жана май кислоталары менен глицеринге айландырат. Бул процесстердин баары ферменттердин укмуш ыкчам кыймылынан улам, абдан кыска убакыт ичинде болуп бүтөт. Жеген тамагыбыз люкс бир ресторандагы өзгөчө бир тамак болсо да, бир сындырым нан болсо да, он эки эли ичегиде булардын баары окшош болуп калат. Чыныдагы тамак менен анын ичегидеги абалы бири-бирине такыр окшобойт. Ферменттер аларды ажыратып, майдалап, калдыктарды бир четке чыгарышат жана калган бөлүгүн болсо денеге азык болушу үчүн бөлүп алышат.

Тамак Сиңирүү Ферменттери Жана Алардагы Кемчиликсиз Тартип

Кээ бир ферменттер уйку бези клеткаларында синтезделгенде, активдүү абалда болушпайт. Алар ичеги каналына өткөн соң активдешишет. Жогоруда айтылган ферменттердин арасынан трипсин ферменти – дененин клеткалары үчүн потенциалдуу өтө кооптуу бир химикат. Ошондуктан активдүү эмес формада, трипсиноген абалында иштеп чыгарылат. Трипсиноген былжырга тийген кезде, ал былжырдан бөлүп чыгарылган энтерокиназа ферменти тарабынан активдештирилет. Трипсиноген, ошондой эле, буга чейин активдешкен трипсин ферменттери тарабынан да активдүү абалга келтирилет.

Уйку бези суюктугундагы бул ферменттердин ичегиге өтөөрдөн мурда активдүү эмес абалда болушу абдан маанилүү. Себеби, антпесе трипсин жана башка ферменттер уйку безинин өзүн сиңирип салышы мүмкүн эле. Бул аймакта бул ферменттерди бөлүп чыгарган клеткалар, ошол эле учурда, «трипсин ингибитору» (бөгөт коюучусу) деп аталган бир затты да иштеп чыгышат. Бул зат трипсиндин секреция клеткаларынын ичинде жана уйку бези каналдарында активдешип кетишине бөгөт койот. Трипсин башка ферменттерди да активдештирүүчү касиетке ээ болгондуктан, трипсин ингибитору башка ферменттердин активдешүүсүнө да бөгөт болот.

Чогуу бөлүнүп чыкканда эч нерсеге таасири тийбеген бул эки фермент, т.а. трипсин менен трипсин ингибитору, кызмат кыла турган жерге, б.а. ичегиге жеткенде, бир жерден буйрук алгандай болуп, экиге бөлүнүп кетишет. Бул бөлүнүү тамак сиңирүү процесси үчүн абдан маанилүү. Мунун натыйжасында трипсин эркиндикке чыгып, ичегиге келген тамак-аштардагы белокту ажыратып баштайт. Бул эки заттын экиге бөлүнө турган убактысы жана жери эң мыкты пландалган. Эгер бири-биринен эртерээк бөлүнгөндө, трипсин уйку безинин өзүн талкалап салмак. Эч бөлүнбөй калышса, анда денеге кирген тамак-аштар сиңирилбей калмак. Бирок эч качан мындай ката кетирилбейт. Күн сайын жеген тамактарыбыздын баары качан экиге бөлүнөөрүн билген ушул эки молекуланын иш-аракетинин натыйжасында сөзсүз сиңирилет. Бүт процесстер керектүү жерде жана керектүү учурда ишке ашат. Албетте, ферменттер кокусунан же өздөрүнүн каалоосу менен минтип убакытты пландай алышпайт. Бир фермент, аны токтотуучу башка бир белок, аларды өндүргөн уйку бези жана булардын арасында кабарчылык кызматын аткарган гормондор, бул процесстерге катышкан молекулалар, башка белоктор жана башка ферменттер бир учурда, бир жерде кокусунан пайда боло албайт жана кокусунан бири-бирине эч кемчиликсиз шайкеш келип, чогуу иш-аракет жүргүзө алышпайт. Булардын бир даанасы да өзүнөн-өзү, кокустан пайда боло албайт. Булардын баарын Аллах жаратат жана бүт баары дайыма Аллахка моюн сунушат.

Трипсин ингибитору болбосо, эмне болот? Бул механизмдин иштебеши өлүмгө алып келиши мүмкүн. Мисалы, уйку бези оор жаракат алганда же бир канал тосулуп калганда, жараат алган жерде көп өлчөмдө уйку бези секрециясы чогулат. Мындайда трипсин ингибиторунун таасири жетишсиз болуп калышы мүмкүн жана ферменттер тездик менен ишке киришип, уйку безинин баарын бир канча сааттын ичинде сиңирип салышы ыктымал. Бул бир шокко себеп болот жана көбүнчө өлүм менен аяктайт. Адам тирүү калган кездерде болсо көбүнчө өмүр бою уйку бези жетишсиздиги көйгөйү пайда болот.65

Уйку безинин тамак сиңирүүгө жетишсиз көлөмдө суюктук иштеп чыгышы болсо, албетте, чоң бир көйгөй. Бирок денеде мындай учурга карата да бир чара каралган. Мындай жагдайда уйку бези өзүнө керектүү ферменттерди табуу үчүн дененин бүт тарабына кабар жиберет. Аларды тапканда, дененин башка бөлүктөрүнөн алган бул зат алмашуу ферменттерин тамак сиңирүү ферменттерине айландырышы керек болот. Бул уйку безине кадимкиге караганда башкача жана ашыкча бир жумуш алып келет. Мындан улам уйку бези көбүрөөк иштеши керек болгондуктан, «чоңойот». Мындай чоңоюунун уйку безинин ишине зыяны тийбейт, бирок ооруга себеп болот. Бирок дененин зат алмашуу ферменттеринин тамак сиңирүүгө колдонулушу дененин башка органдарынын дээрлик баарынын функцияларынын азайышы деген мааниге келет. Д-р Эдвард Хоуэлл муну төмөнкүчө түшүндүргөн:

Уйку бези кайрадан тамак сиңирүү ферменттеринин өндүрүшүнө өтүү үчүн дененин бүт тарабына кабар жибериши керек болот. Ал тургай, кабарчылардын кампасына да чабуул жасашы мүмкүн. Керек болгондо аларга жалбарат, алардан карыз алат же алардан уурдайт. Аларды тапканда кыла турган иштери бар. Зат алмашуу ферменттерин тамак сиңирүү ферменттерине айландыруу – уйку бези үчүн кошумча жумуш. Бир булчуңдун машыгуудан соң чоңоюшу сыяктуу, ал да иштеген сайын чоңоюшу (кеңейиши) керек. Чоңоюу уйку безине зыян тийгизбеши мүмкүн, бирок зат алмашуу ферменттерин колго түшүргөндө, бүт денени, өз функциясын аткарышы керек болгон бүт орган жана клеткаларды мындан кол жуудуруп, жазалайт.66

«Darwin's Black Box» (Дарвиндин кара кутусу) аттуу китебинде Leigh университетинин биохимия профессору Майкл Бихи кандын уюу системасынын татаалдыгын жана ферменттердин системалуу иш алып барышын терең айтып берген жана кандын уюу системасындагы бул татаал жана бири-биринен көз-каранды бөлүктөрдү далил көрсөтүп, «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк» түшүнүгүн чечмелеген. Майкл Бихи төмөнкү сөздөрүндө адамдын денесиндеги дагы бир кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк мисалына, т.а. тамак сиңирүү системасынын эң баалуу бөлүгү болуп саналган уйку бези ферменттеринин маанисине токтолгон:

Ар түрдүү белокторду камтыган тамак-аштарды сиңириши керек болгон уйку бези ферменттери эң белгилүү ферменттерден болуп саналат. Бул ферменттердин иш-аракеттериндеги бир катачылык кандын уюу системасындагы кандайдыр бир катага караганда бир топ чоң көйгөйлөргө жол ачышы мүмкүн. Ошондуктан бул ферменттердин иштөө системаларынын ден-соолук үчүн мааниси чоң. Уйку безинде трипсиногендин активдешүүсүнө трипсин ингибитору аркылуу бөгөт коюлган. Миллердин сценарийиндеги сыяктуу, трипсин ингибиторунун плазмада кокусунан айланып жүргөнүн элестетүү абдан кыйын. Эгер жолунан адашып кеткен бир фермент жаңылыштык менен активдештирилсе, анда, жөнгө салуучу бир механизм болбогон учурда, организмде чоң ыктымалдык менен кеңири масштабдуу бир зыянга алып келет. Эволюциялык бир өткөөл (ортоңку) форма катары эч качан жашай албайт.67

Эч бир ката кетирилбеген, ферменттер жана аларды иштеп чыгарган органдар менен, эч кемчиликсиз иштеген мындай кереметтүү система – Улуу Аллахты тынымсыз адамдарга эстеткен бир сый-жакшылык. Бул эскертүүчүлөр адамдарга алардын максатсыз жаратылбаганын, өлгөндө сөзсүз акырет жашоосунун башталаарын кабар берет. Эгер бир адам булардан жыйынтык чыгара ала турган бир акыл жана түшүнүккө ээ болсо, анда денесиндеги бүт ферменттер жана башка түзүлүштөрдүн баары аны Аллахтын ыраазылыгына жана натыйжада бейишке дагы бир кадам жакындата турган себептерге айланат. Аллахтын бүт чыгармалары ушул себеп менен жаратылган жана ар бир жаратылган керемет аны көргөн адамдын акыйкатты түшүнүп, туура жолду табышына себепчи болот. Адам булар аркылуу сыналат жана Аллах Куранда бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берген:

Күмөнсүз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүрсүз болот). (Инсан Сүрөсү, 2-3)

ДНКга Иштеген Ферменттер

DNA Onarımının Metabolik Yolu

A. Bazı Hata Çeşitleri
1. UV
2. Oksidasyon
3. Alkilasyon

4. Deaminizasyon
5. Hataları Belirleyen Glikolaz
6. Ligaz
7. Onarılmış DNA

DNA, 3 milyar harften oluşan bilgi bankasına sahip dev bir moleküldür. Bu molekülün kopyalanma sırasındaki her aşaması enzimler tarafından denetlenir. Eğer kopyalama sırasında bir hata meydana gelirse, hata hemen düzeltilir, ardından zincir tekrar kontrol edilir. Bu bilinçli sistemin tesadüfen oluşamayacağı, bilimsel olarak gözler önündedir.

Ферметтер – бул, абдан өзгөчө белоктор. Кайсы реакцияны канчалык ылдамдатуу керек экенин мыкты билишет, каерде кайсы реакцияга таасир тийгизүү керек экенин жаңылбай аныкташат. Бирок денеде кызмат кылган ферменттердин балким эң кызыктуусу – бул, ДНКга кызмат кылган ферменттер. Бул ферменттер, ошол эле учурда, эволюция теориясынын жактоочуларына да чоң бир тоскоолдук жаратат. Себеби бул ферменттер эволюция теориясынын «бүт баары кокустан пайда болгон» деген көз-карашын түп-тамырынан четке кагат. Буга кийинчерээк дагы кайрылабыз.

ДНК ферменттеринин эң кызыктуу өзгөчөлүгү; алар бүт иштөө маалыматтарын ДНКдан алышат, бирок ошол эле учурда ДНКдагы каталарды таап, аны оңдошот. Белгилүү болгондой, ДНК молекуласы өзүнүн копиясын жасай алуучу бир молекула. Бирок копиялоо жумушун өз алдынча жасай албайт. Мында ферменттер кызмат кылат. Копиялоо жумушу, Аллахтын каалоосу менен, ушул ферменттер аркылуу ишке ашат. Буга жалпысынан токтоло кетели:

ДНК – 3 миллиард тамгадан турган бир маалымат базасын камтыган ири молекула. Бул молекула спираль формасында ийилген бир тепкичке окшошот. Копиялоо процесси башталганда, алгач ДНК-геликаза аттуу фермент ал жерге келип, ДНК спиралын сыдырманы ачкандай ачып баштайт. Натыйжада ДНКнын спираль формасындагы тилкелери экиге ажырайт. ДНК-геликаза бир секундада 1000 нуклеотид жубун ачуу жөндөмүнө ээ.

ДНК-геликаза сыдырманы ачып баратып, бир чекитте токтойт. Ал чекиттер керектүү маалыматтын чектери болуп саналат. (Клетканын ичинде бир нерсе жасалаарда ДНКнын ичиндеги ошого тиешелүү код жайгашкан бөлүк гана копияланат.) Ферменттер маалыматтын каерге чейин созулаарын жана ДНКны каерге чейин ачуу керек экенин мыкты билишет.

Копиялоо учурунда ДНК спиралын ачуу үчүн эки ДНК-геликаза ферменти шайкеш иш алып барышы зарыл. Бирөөсү копиялоо үчүн ажыратылган бир тилкенин башынан баштайт, экинчиси болсо спиралдын арткы бөлүгүн башталгыч катары алат. Эки спиралдын заряддары эки башка болгондуктан, бул геликазалар бир ДНК спиралында эки багытта кыймылдоого мажбур жана ошондуктан экөө «эки түрдүү» фермент. Клеткада ДНК-геликаза ферментинин бул эки тиби тең бар.68

ДНКнын керектүү бөлүгү табылган соң, башка ферменттер келип нуклеотиддерди үч-үчтөн окуп башташат. (Нуклеотиддер – бул, ДНК нуклеиндик кислотасын түзгөн базалар. Аденин, тимин, гуанин жана цитозин деп аталышат.) Себеби маалыматтар үчтүк нуклеотид тизмектери формасында жазылган. Бири-бирине жабышып турган миллиондогон нуклеотиддерди ферменттер тынымсыз окуп турушат. Бул процесстердин баары бир секундага да созулбайт.

ДНКда 4 түрдүү нуклеотид болот (аденин, тимин, цитозин, гуанин). Бирок муну окуп копиялай турган ферменттер болсо аминокислоталардан түзүлгөн. Ошондуктан бир фермент менен ДНК спиралынын байланыш түзүшү «нуклеотиддер менен аминокислоталардын бири-бирин түшүнүшү же бири-бири менен байланыш түзүшү» деген мааниге келет; бул, албетте, кереметтүү көрүнүш. Бул эки түзүлүш бири-биринен толугу менен айырмалуу. Ортолорунда ачкыч-кулпу шайкештигине окшогон бир молекулярдык шайкештик жок. Ошондуктан бири-бири менен молекулярдык жактан байланыш түзүшү татаалдай көрүнөт. Бирок денеде мунун чечүү жолу да жаратылган. Ферменттер ДНКдагы кодондорду эч кыйналбай окушат жана окуган кодондун кандай мааниге келээрин билишет. (Кодон: ДНКдан кабарчы-РНКга (mRNA) жазылган коддун үчтүк база топтору «кодон» деп аталат. Кодондор кабарчы-РНК молекуласында жайгашат.)

3. Kopyalama sırasında DNA sarmalının açılması, prensipte iki DNA helikaz enziminin uyumlu çalışmaları ile mümkün olur. İki ayrı helikaz enzimi, tekli sarmalın başından ve sonundan sarmalı ayırmaya başlarlar.

4. DNA sarmalının ayrılmasından sonra bu bölgeye gelen başka enzimler, nükleotidleri üçer üçer okumaya başlarlar.

6. Nükleotidlerin okunmasıyla beraber devreye giren başka enzimler, hemen sarmalın iki koluna hücum ederek bir hata olup olmadığını tespit ederler. Tespit edilen hatalı kısım, DNA nükleaz isimli enzim tarafından koparılır. Bu kopukluk ligaz enzimi tarafından tamir edilir.

7. DNA polimeraz, hata giderildikten sonra heliksin her iki kolunu da ikinci bir kol ile tamamlar ve böylelikle iki ayrı DNA heliksi oluşmasını sağlar. Bunun için DNA'nın her bir kolunu oluşturan bilginin karşısına uygun olan bilgiyi bulup getirir. Kopyalama tamamlanınca, DNA polimeraz tüm zinciri tekrar baştan kontrol eder.

9. Bütün bu aşamalar sırasında heliks stabilizasyon enzimleri DNA'yı iki ucundan sabit tutarlar. Ortaya çıkan iki zincir, editaz enzimi tarafından son bir kez kontrolden geçirilir. Bu kontrol sonrasında artık, yepyeni iki DNA zinciri meydana gelmiştir.

Бул, албетте, бир гана мааниге келет. Аминокислоталар да, нуклеиндик кислоталар да жалгыз Жаратуучу тарабынан бир учурда жаратылган. Ферменттерди түзгөн аминокислоталардын нуклеотиддерди таанып, алардагы коддорду чечмелей алышы жана аны колдонуп ДНКны копиялоо сыяктуу өтө маанилүү бир процессти ишке ашырышы «булар бир эрктин башкаруусу астында» деген чындыктын далили. Ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, булар дагы Аллахтын чыгармалары.

Бүгүнкү күндөгү эволюциянын эң күчтүү жактоочуларынын бири, биохимик Лесли Е. Оргел бул эки түзүлүштүн кокустан эволюциялашуусунун мүмкүн эместигин төмөнкүчө моюнга алууга мажбур болгон:

Белоктордун жана нуклеиндик кислоталардын -булар экөө тең түзүлүшү жагынан абдан татаал- бир учурда жана бир жерде келип чыгуу ыктымалдыгына ишенүү абдан кыйын. Бири болмоюнча, экинчисинин болушу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Жана ошондуктан, бир караганда, «жашоо чындыгында химиялык мааниде эч пайда болгон эмес» деген жыйынтыкка барууга болот.69

ДНК тилкелери ажыраган соң, башка ферменттер ДНКга жетип келип, тездик менен аны сканерлеп башташат. Эгер бул сканерлөө учурунда ДНКдан бир «ката» көрүшсө, ошол замат аны оңдошот. Бир жери жабыркаган ДНК тилкесинин каталуу бөлүгү ДНК-нуклеаза аттуу фермент тарабынан аныкталат. ДНК-нуклеаза каталуу бөлүктү таап, аны үзүп салат. Натыйжада ДНК спиралынын бир жери бош болуп калат.

A. Adenin
T. Timin

C. Sitozin
G. Guanin

Ката аныкталып, каталуу бөлүк чыгарылып салынган соң, ДНК-полимераза ишке киришет. Бул фермент ДНКнын экиге ажыраган ар бир тилкесин экинчи бир тилке менен толуктайт жана эки ДНК спиралын пайда кылат. Спиралдын экинчи бөлүгүндөгү базаларды бир-бирден окуп, анын бет маңдайдагы базаларга туура келип-келбешин текшерип чыгат. Ал үчүн ДНКнын бир тилкесиндеги ар бир маалыматтын маңдайына ага туура келе турган маалыматты таап, алып келет. Каталуу база молекуласын чыгарып салып, ордуна жаңысын жайгаштырат. Башкача айтканда, 3 миллиард тамганы эч кемчиликсиз, бир-бирден толуктап чыгат. Ал тургай, ДНК-полимераза бул этаптардын баарын эки жолудан текшерет. Экинчи текшерүү бүтмөйүнчө, ал жерден эч качан кетпейт. Ал кезде башка бир полимераза ферменти ДНКнын экинчи жарымын толуктайт. Бул процесстер жүрүп жатканда, ДНК спиралынын эки тилкеси бири-бирине кайрадан оролуп калбашы үчүн, спиралды кармоочу (ДНКны кармоочу) ферменттер ДНКны учтарынан бекем кармап турушат. Башка бир фермент болсо жаңыланган аймакка кийлигишип, жайгаштырылган туура базанын өз ордуна бекем жайгашышын камсыз кылат.

Бүт бул этаптар бүткөн соң, эдитаза ферменти ишке киришип, ажыраган бөлүктү кайрадан текшерип, оңдоолорду карап чыгат. Бул текшерүүдөн соң жаңы ДНК молекуласы мурдакысынын дал өзүндөй болуп калат.

Бирок оңдоо иштери муну менен эле бүтпөйт. Жогоруда айтылгандай, оңдоолор жасалган жердеги ДНК спиралында бир боштук (үзүк) пайда болот. Бул үзүк жер ДНК-лигаза аттуу фермент тарабынан оңдолот.

Бул оңдоо абдан маанилүү. Эгер ДНКны копиялоо сыяктуу абдан маанилүү бир процесс учурунда бир ката кетирилсе, жаңы нуклеотид тилкесиндеги кодондордо башаламандык келип чыгат. Ортодон кемиген нуклеотид менен бирге үч-үчтөн окула турган бүт кодондор өзгөрүп, анын натыйжасында организмдин денесине такыр керексиз молекулалар иштелип чыгат жана бул организмди өлүмгө алып барат.

Бул кереметтүү системанын ичиндеги дагы бир маанилүү фермент ДНКдан РНКны синтездөөдө кызмат кылат. Ал фермент жаңы синтезделген РНКда туура эмес жана керексиз копияланган базаларды бир-бирден текшерип, ордунан чыгарып салуунун ордуна, туура эмес базалар тизилген аймактарды аныктап, база тизмектерин ал аймактардан кайчыдай кесип салат. Эгер мындай кесүү жумушу бир эмес, бир канча аймакта бир учурда жасалса, ДНК бөлүк бөлүк ажырап баштайт. Мунун алдын алуу үчүн клетка бул аймакка башка бир фермент жиберет. Ал фермент бөлүктөргө бөлүнгөн ДНКны тилкелеринен кармап, тизип чыгат жана бири-бирине туташтырат.70

Жогоруда айтылган ферменттердин укмуш кубаттуулук менен иштешинин натыйжасында ДНК эч кемчиликсиз копияланат. Бул кубулуш адам денесиндеги ар бир клеткада, эч үзгүлтүксүз бир ылдамдык менен, тынымсыз уланат. Күн сайын адам денесинин 100 триллион клеткасынын ар биринде орточо 20000 жолу оңдоо жумушу жасалат.71

ДНК үчүн иштеген ферменттер кылдат иштегени үчүн, анчалык ашыгышпайт. Ферменттердин реакцияга жараша ылдамдыгын аныктоо өзгөчөлүгү ДНКда иштеген ферменттерде даана байкалат. Мисалы, ДНК-полимераза бир секундада болжол менен болгону он базаны бүтүрөт. Бул бир секундада 5 миллион суутек пероксиди молекуласын бөлүктөргө ажыраткан каталаза сыяктуу ферменттерге салыштырганда, бир фермент үчүн абдан төмөн бир ылдамдык болуп саналат. Бул ылдамдык клеткага керектүү ДНК копияларынын санына жараша аныкталат. Клетканын муктаждыгы белгилүү жана ферменттер ошол өндүрүш ылдамдыгына карап кыймылдашат. Дененин кээ бир жерлеринде ферменттер дээрлик жарык ылдамдыгындай бир ылдамдык менен иштеши керек болот. Себеби алар иштеген аймактарда эң негизгиси «ылдамдык» болуп саналат. Реакциялар канчалык тез бүтсө, денеге ошончолук жакшы болот.

1. DNA nükleaz enzimi eşlenen DNA zincirindeki tüm basamakları tek tek kontrol eder ve bir hata varsa bunu tespit eder.
2. Bulduğu bir hata olduğunda onu hemen yerinden koparıp çıkartır.
3. Devreye giren 3. bir enzim olan DNA ligaz kopuk yeri görüp gelir.
4. Ve uygun malzemeyi kulllanarak kopuk yeri tamir eder.
5. Bu sırada devreye giren DNA polimeraz enzimi, heliksin her bir kolunu ikinci bir kol ile tamamlar.
6. Heliksi son bir kere kontrol ederek, iki sarmalın oluşmasını sağlar.

ДНК үчүн иштеген ферменттердин өндүрүшү контрольдуу. ДНКны копиялоо учурунда көп санда фермент кызмат кылат, бирок алардын өндүрүшү да, колдонулушу да үнөмдүү. Муну да кайра эле ДНК контрольдойт. ДНКда жайгашкан ачып-жабуучу кнопка (басаңдатуучу ген) өндүрүштү башкарып турат. Бир ферментке муктаждык пайда болгонго чейин бул кнопка дайыма жабык турат.72

Денедеги эң кичинекей бир электрон алмашуусу да абдан маанилүү жана бул алмашуу чоң натыйжаларга себеп болот. Ар бир реакция контрольдуу болушу керек. Ар бир реакция үчүн жумуштар бөлүштүрүлүшү зарыл. Ар бир реакцияда сансыз ферменттер кызмат кылып, алар бири-бири менен кызматташышы зарыл. Алардын ар биринин кызматы, ылдамдыгы, таасир тийгизе турган молекулалары аныкталышы керек. Ошондой эле, ар бири тынымсыз аракет кылып, эч качан ката кетирбеши зарыл. Булардын баарын ким аныктайт? Буларды ким контрольдойт жана ким ката кетиртпей башкарат? Ким аларды чоң бир адам денесинин ден-соолугуна жана күч-кубатына кызмат кыла тургандай кылып программалай алат? Ким денедеги микроскопиялык түзүлүштөрдөн турган бул ири системаны бири-биринен көз-каранды кыла алат?

Булардын баарын кылган жана жараткан – Улуу Аллах.

Эгер бир адам өзүнүн денесиндеги бул кемчиликсиз системаларга күбө болсо жана муну аңдап-түшүнө алса, анда улуу Жаратуучубуз Аллахтын бар экенин толук көрөт. Биздеги бүт нерселерди, бизди, жердеги жана асмандагылардын бүт баарын Улуу Аллах жараткан. Бир нерсе дагы Аллахтын көз-карандысыз эмес. Биздеги бүт нерселер бир гана Аллахтын башкаруусунда болгону үчүн, кемчиликсиз. Аллахтын башкаруусунда болгону үчүн, укмуш жөндөмдөргө жана кереметтүү өзгөчөлүктөргө ээ. Адам өзүнүн денесинин толугу менен Аллахка моюн сунганын унутуп, буларды көрмөксөн болушу, өзүн көз-карандысыз сезиши, «кокустуктар кереметтерди жасай алат» деп ойлошу өтө чоң жаңылыштык, чоң бир шүгүрсүздүк (жакшылыкты билбестик) болот. Кээ бир адамдар мунун баарын «кокустан пайда болгон» деп кежирленгени менен, денелериндеги ар бир фермент, ар бир белок, ар бир электрон Аллахтын алар үчүн белгилеген системасына моюн сунуп, тынымсыз Аллахтан илхам алышууда. Курандын аяттарында бул акыйкат адамдарга төмөнкүчө эскертилген:

Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)

...Жок, асмандардагы жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. (Бакара Сүрөсү, 116)

Kendinden (bir nimet olarak) göklerde ve yerde olanların tümüne sizin için boyun eğdirdi. Şüphesiz bunda, düşünebilen bir kavim için gerçekten ayetler vardır.
(Casiye Suresi, 13)

Taneyi ve çekirdeği yaran şüphesiz Allah'tır. O, diriyi ölüden çıkarır, ölüyü de diriden çıkarır. İşte Allah budur. Öyleyse nasıl oluyor da çevriliyorsunuz?
(En'am Suresi, 95)

Фермент ДНКнын Булагыбы Же ДНК Ферменттинби?

1. Kromozon

ДНК жана ДНКга иштеген ферменттер темасы – эволюционисттерди туюкка салган эң маанилүү темалардын бири. Эволюционисттерди абдан кыйнаган «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктү» клетканын бул бөлүгүнөн кайрадан жолуктурабыз. Клетканын эң комплекстүү түзүлүштөрүнүн бири ДНК менен дененин комплекстүү белокторунун бири ферменттер бири-бири менен абдан тыгыз байланыштуу бир системада иштешет. Бул комплекстүү системанын бир бөлүгүн да алып салууга болбойт жана системанын кээ бир бөлүктөрүн (тетиктерин) башкаларынан мурда пайда болгон деп айта албайбыз.

Жогоруда терең каралгандай, ДНК копияланышы үчүн сөзсүз ферменттер болушу керек. Бирок бул жерде кызыктай көрүнүшкө күбө болобуз. Анткени, ДНКны копиялай турган, ар бир этапта ДНКны текшерип, каталарды оңдой турган жана ДНКны кайра кайра башынан аягына чейин текшерип чыга турган ферменттер кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде өндүрүлөт. Ферменттер ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде, ДНКнын көзөмөлүндө өндүрүлгөн белоктор болуп саналат. Ошондуктан ферменттер болмоюнча, кант-фосфат скелетин, б.а. ДНК менен РНКнын «негизин» өндүрө турган химиялык реакциялар ишке ашпайт. Башкача айтканда, ферменттер болмоюнча, ДНК синтезделе албайт.73 ДНК жок болсо, фермент синтезделе албайт. Кыскасы, ферменттер болушу үчүн ДНК, ДНК болушу үчүн кайрадан ферменттер болушу керек.

Бул акыйкат эволюционисттердин бүт үмүттөрүн таш каптырат. Бирөөсүнүн пайда болушун да түшүндүрө албаган эволюция теориясы үчүн жогоруда айтылган эки комплекстүү түзүлүш, т.а. «ДНК менен фермент бир учурда пайда болушу керек» деген шарт өтө чоң бир көйгөй. Эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, башында ДНК кокустан пайда болгон деп кабыл алсак, анда ал ДНК аны копиялай турган ферменттердин кокустан пайда болушун күткөн деп кабыл алышыбыз керек болот. Бирок ага чейин копиялана албаган ДНКнын тирүү организмге эч кандай пайдасы болбойт. Тескерисинче, кайра эле эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, «ферменттер ДНКдан мурда пайда болгон» деген жомокко ишене турган болсок, анда ДНК болбогону үчүн, ферменттердин өндүрүш маалыматтарын жана өзгөчөлүктөрүн камтыган маалымат базасы эч качан болгон эмес деген көз-карашты кабыл алышыбыз керек болот. Мындай шартта болсо, эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, бир фермент кандайдыр бир себеп менен пайда болгон болсо да, башкалары баары бир иштелип чыга алмак эмес. Ошондуктан, ДНК-фермент жубу бири-биринен бөлүнбөс бир бүтүн, жана чогуу пайда болушу шарт.

ДНКга таянган жашообузда эволюционисттер эмненин кантип пайда болгонун эч түшүндүрө албай келишүүдө. Бул негизги бөлүктөр ар бир бөлүктүн эң башынан баштап сөзсүз өз ордунда болушу керек экенин, т.а. «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктү» көрсөтүүдө.

Калифония университетинин органикалык химия профессору Чарльз Маккомбс (Charles McCombs) ДНК менен ДНК ферменттеринин эволюциялык процесстен пайда болбой тургандыгын төмөнкүчө айткан:

Эгер алгач оңдоочу механизм эволюциялашкан болсо, ДНК эволюциялаша элек бир системада оңдоочу механизм эмне ишке жарайт? Эгер алгач ДНК эволюциялашкан болсо, ДНК бир оңдоочу механизм керек экенин кайдан билет? Молекулалар ойлоно алышабы? ДНК тең салмактуу бир химиялык молекула эмес жана оңдоочу механизм болбосо, химиялык кычкылдануу жана башка процесстердин себебинен оңой эле зыян көрүп калышы мүмкүн. Оңдоочу механизм эволюциялашып жатканда, миллиондогон жыл бою ДНКнын кантип аман калганын түшүндүрө ала турган бир механизм жок. Миллиарддаган жылдык «туш келди мутациялар» бул оңдоочу механизмди пайда кылганга чейин, ДНК ажырап, талкаланып кайрадан «байыркы сорпого» (первичный бульон) аралашат.74

Эки молекуланын чогуу эволюциялашы, албетте, ыктымалдыкка сыйбайт. Бирок бул жерде эволюционисттердин алигече бир ДНКнын же бир ферменттин кантип пайда болгонун да түшүндүрө албаганын кайрадан эске салуу зарыл. Эволюционисттер муну эч качан түшүндүрө алышпайт, себеби ферменттин ДНКдан, ДНКнын болсо ферменттен көз-карандысыз, кокустан пайда болушу, ал тургай, бир ферменттин же ДНКны түзгөн белоктордун бир даанасынын дагы кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес.

Эволюция көз-караштарын толугу менен четке каккан ДНК-фермент парадоксуна эволюционисттер да таң калышууда. «American Biology Teacher» журналынын жазуучуларынын бири америкалык эволюционист Фрэнк Б. Солсбери буларды эволюция аркылуу түшүндүрүүгө болбой тургандыгын төмөнкүчө моюнга алууга мажбур болгон:

Жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү көз-караштарыбыз убакыттын өтүшү менен радикалдуу түрдө өзгөрүүгө мажбур болот. Маселе бир гана генде эмес: бир эле организм клеткасын пайда кылуу үчүн келип чыгышы керек болгон системаны бир элестетип көрүңүз! Копиялануучу ДНК молекулаларын «байыркы сорподо» пайда болушкан деп айта берүү жакшы, бирок заманбап клеткаларда бул копиялануу процесси ылайыктуу ферменттерди талап кылууда. Болгондо да, ДНК өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Ал болгону маалымат сактайт жана белок ферменттердин өндүрүшүндө колдонулат. Учурда, РНК, ДНК синтезине керектүү ферменттерди, рибосомаларды, аминокислоталарды активдештирүүгө керектүү ферменттерди жана өткөрүп берүүчү РНК молекулаларын эске алсак, ДНК менен ферменттердин ортосундагы байланыш абдан комплекстүү. ... Бүт баары бир жолкуда пайда болгон сыяктуу: бүт система бүтүн бойдон пайда болгон, антпесе бүт баары толугу менен маанисин жоготот. Бул дилемманы чече турган ар түрдүү жолдор болушу керек, бирок мен азыр аны көрө албай турам.75

Жаратылууну изилдөө институтунун (Institute of Creation Research) башчысы Дуэйн Т. Гиш болсо ДНК менен ДНК ферменттеринин эч кандай эволюция процессинен өтпөгөндүгүн төмөнкүчө айткан:

Негизи, тирүү бир клетканын ичиндеги көптөгөн зат алмашуу иш-аракеттери клетка үчүн мажбурлуу болгонуна жана бул иш-аракеттердин дээрлик бүт баарынын ферменттерден көз-каранды болгонуна карабастан, ферменттердин тирүү организмдерден мурда пайда болушу чоң кыйроого себеп болмок. Мисалы, белоктун гидролизин же ажыратылышын ылдамдатуучу протеаза ферменти кандайдыр бир жол менен алгачкы дүйнөдөгү «байыркы сорпонун» ичинде пайда болду деп элестетели. Бул толугу менен кыйроого алып келмек, себеби бул фермент алдынан чыккан бүт ферменттерди кубанган бойдон, өтө тездик менен катализдештирип, бир дагы белок калтырмак эмес. Ошол сыяктуу эле, резоксирибонуклеаза бүт РНКларды, дезоксирибонуклеаза бүт ДНКларды, диаминаза бүт аминдерди, декарбоксилазалар бүт карбон кислоталарын ж.б. жок кылат. Ички түзүлүшү толук тартипке салынган тирүү бир клетканын сыртындагы бүт нерселерди толугу менен бузуп, жок кылуучу бул заттар кантип «тандалган» болушу мүмкүн?

Жашоонун келип чыгышында табигый тандалуунун кандайдыр бир салымынын болушу эч мүмкүн эмес. Аныгы мындай нерсе жок жана ошондуктан «жашоо натуралисттик, механикалык процесстерден келип чыккан» деген ыктымалдык толугу менен жараксыз.76

Вашингтондогу Карнеги институтунун башчысы д-р Кэрил П. Хаскинс болсо, эволюционист болгонуна карабастан, бири-бири менен байланыштуу бул эки татаал системанын эволюциялашуу ыктымалдыгынын жок экендигин апачык мойнуна алган:

Биохимиялык генетика темасындагы эң чоң эволюция суроосуна дагы деле жооп табылган жок. Генетикалык код башында кантип пайда болгон жана эволюциялашкан? Жана андан мурда, чечүү керек болгон бир келечек турганда, жер жүзүндө жашоо кантип пайда болгон?... Чындыгында, бүгүнкү күндө жашап жаткан бүт организмдерде ДНКнын копиялануу процесси да, ДНК кодунун натыйжалуу которулушу да белгилүү атайын ферменттерди талап кылат. Ошол эле учурда, бул ферменттердин молекулярдык түзүлүштөрү толугу менен ДНКнын өзү тарабынан аныкталат жана мунун кантип келип чыкканы эволюциялык чоң бир сыр... Код (шифр) жана аны которуу ыкмалары эволюцияда бир учурда пайда болгонбу? Эки тараптын тең татаалдыгын жана аман калышы үчүн экөөсүнүн тең туура координацияланышы керек экенин эске алганда, мындай кокустуктун келип чыгышына дээрлик эч ишенүүгө болбойт. Дарвинден мурда болгондо, бул табышмак сөзсүз түрдө пландуу бир жаратуунун эң чоң далили катары көрсөтүлмөк.77

Бул жерде эки татаал түзүлүш жөнүндө сөз болууда. Эволюционисттер бир эле ферменттердин кантип пайда болгонун эмес, ферментти түзгөн аминокислоталардын туура кезек менен биригип, белокту кантип пайда кылганын да түшүндүрө алышкан эмес. «ДНК кантип келип чыккан» деген суроонун жанына да жакындай алышкан жок. Бул эки комплекстүү түзүлүштүн бир жумуртка-тоок айлампасындай бири-биринен көз-каранды болушу, бири-биринин өндүрүшүнө жооп бериши илимий ачылыштардын эволюционисттерге алып келген эң чоң кыйынчылыктарынын бирине айланды. Негизи, бул – бүт татаал системаларды жаратылуудан (б.а., Жаратуучу жараткан деген акыйкаттан) башка жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылган, бул багытта такыр логикасыз көз-караштарды ойлоп чыгаруудан да тартынбаган эволюционисттерге микробиология илиминин берген эң чоң сабактарынын бири. Эволюционисттер ДНКнын жана ДНК ферменттеринин пайда болушу жөнүндө кандайдыр бир теория же кандайдыр бир механизм ойлоп чыгара алышпайт. Бул – теңдешсиз, таң калыштуу жана чыныгы мааниде улуу бир жаратуу керемети. Апачык көрүнүп тургандай, ДНК да, ферменттер да, аларды камтыган клетка да, бүт функциялары жана өзгөчөлүктөрү менен бирге, ар бири орду ордуна жайгаштырылган. Мунун бир гана түшүндүрмөсү бар: булардын баарын бир Жаратуучу жараткан. Аллах бир ДНК спиралынын ичиндеги ар бир нуклеотидди, андагы ар бир атомду, анын секундасына миңдеген километр ылдамдыкта кыймылдаган ар бир электронун ар дайым көрүп турат жана аларды дайыма карап, башкарып турат. Аллахтын каалоосу менен бүт баары кемчиликсиз комплекстүү болот. Аллах каалаганы үчүн системалар иштейт. Адам, Аллах каалаганы үчүн, жашайт. Адамзат тарыхы башталгандан бери жаратылган ар бир адамдын ар бир клеткасында ишке ашкан ар бир процессти Аллах билет. Аллах ар бир клеткада болуп жаткан миңдеген реакцияны, ал реакцияга катышкан молекулаларды жана аларды түзгөн бүт майда бөлүктөрдү башкарып турат жана аларды жоктон бар кылып жараткан. Мына ушул себептен, бул акыйкаттан башка жооп издегендер дайыма жоопсуз калышууда. Аллах бир гана «Бол» деген буйругу менен жараткан нерселерди башка жол менен түшүндүрө албай турганын өздөрү да түшүнүп турушат. Аллах бир аятында чексиз күч-кудуретин төмөнкүчө кабар берген:

Асмандарды жана жерди (эч өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Protein üretileceği zaman, DNA'dan proteinin tarifi kopyalanır. Ancak, bazen tarif DNA'nın farklı bölgelerinde bulunur ve arada kalan istenmeyen bilgiler de kopyalanır. Yukarıda kopyalanmış olan bilginin düz kırmızı renkte olan bölgesi, istenmeyen bilgiye ait bölgedir. Doğru proteinin üretilebilmesi için bu bölgeden kurtulmak gerekir.

İşte bu esnada "spliceosome" isimli enzimler yardıma gelirler ve istenmeyen bölgenin iki ucunu birbirine değdirecek şekilde kopyalanan zinciri bükmeye başlarlar.

Bu işlemin sonucunda istenmeyen bölge kopartılmış olur. İstenilen bilgiler ise birbirine eklenir ve proteinin tarifi, üretim için hücrenin fabrikasına götürülür.

РНКны Контролдоочу Ферменттер

РНК, б.а. рибонуклеиндик кислота – ДНК сыяктуу, нуклеотиддердин бир катарга тизилишинен келип чыккан бир тизмектен турган, чоң бир молекула. ДНК молекуласынан бир гана айырмасы, нуклеотид тизмектеринде тиминдин ордуна урацил жайгашкан. РНК клеткаларда ДНК менен чогуу иштеп, ферменттердин синтезинде кызмат кылат.

Денебиздеги кандайдыр бир процесс үчүн, мисалы өсүп жаткан чачыбыздын ар бир клеткасын пайда кыла турган бүт химиялык реакциялар ишке ашышы үчүн да, керектүү ферменттер өндүрүлүшү зарыл. Ал үчүн ДНКнын ферменттер өндүрүлө турган тиешелүү бөлүктөрүнө билдирүүлөр жиберилет. ДНК фермент өндүрүшүн РНК менен бирге жасагандыктан, билдирүү келген бөлүктө РНК синтезделиши керек болот. Ал үчүн ДНК активдүү абалга өтүп, РНК ядронун сыртына алынып чыгып, ферменттер синтезделиши шарт. РНК синтезинин бүт этаптары да кайра эле «башка ферменттер» тарабынан башкарылат. Иштелип чыккан ферменттердин бири, т.а. АТФ-аза (аденозинтрифосфатаза) ферменти АТФлардын колдонулушуна, дагы бир фермент болсо АТФ-азалардын керектүү жерге келишине шарт түзөт. Ал ортодо миңдеген башка фермент клетка жашашы үчүн миңдеген башка реакцияларды ишке ашырууну улантат. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек: РНК фермент өндүрүү үчүн синтезделет. Бирок аны кайра эле ферменттер синтездешет.

Ядродогу гендер тарабынан жасалган РНК молекулалары ферменттердин жасалышында негизги рольду ойношот. Эгер бир организм катасы бар бир ген менен туулса же гендеринин бири кем болсо, анда РНК молекуласы толукталбаган болот. Бул «клеткада кээ бир ферменттер пайда болгон эмес» деген мааниге келет. Ошондуктан кээ бир ферменттердин өндүрүлө албашы себептүү, алар аркылуу ишке ашышы керек болгон реакциялар да ишке ашпай, организм оорулуу болуп калат. Эгер мындай ферменттер жана алардын жасаган реакциялары организм үчүн өтө маанилүү болсо, анда организм өлүмгө дуушар болот.78

Ферменттерди РНК өндүрөт, бирок РНКнын фермент өндүрүшү жана андагы каталардын оңдолушу кайра эле ферменттерден көз-каранды. Башкача айтканда, ДНКдагы абал РНКга да тиешелүү. Бул система ДНКдагы сыяктуу иштейт. Клетканын ичинде бир белок өндүрүү керек болгондо, РНК-полимераза аттуу бир фермент клетканын маалымат базасы ДНКга барат. ДНКдан өндүрүлө турган белокко байланыштуу маалыматтарды таап, алардын бир копиясын жасайт. Бирок кээде өндүрүлө турган белокко тиешелүү маалыматтар ДНКнын ар кайсы аймагында чачыранды абалда жайгашышы мүмкүн. Мындайда РНК-полимераза ферменти маалыматтын башталган жеринен бүткөн жерине чейинки бөлүктүн баарын копиялайт. Башкача айтканда, фермент керексиз жерлерди да копиялайт. Ортодо керексиз маалыматтардын болушу башка, ишке жараксыз бир белоктун өндүрүлүшүнө себеп болот. Мунун алдын алуу үчүн «сплайсосома» аттуу башка бир фермент ишке киришет. Бул фермент жүз миңдеген маалыматтын арасынан керексиздерин өтө кылдаттык менен тандап чыгарып салып, керектүү белокко тиешелүү тизмектерди бири-бирине туташтырат.

Gözler O'nu idrak edemez; O ise bütün gözleri idrak eder.
O, latif olandır, haberdar olandır.
(En'am Suresi, 103)

Ал ортодо тРНК кодону (транспорттук РНК – аминокислоталарды бири-бирине туташтыруу үчүн өзүнө чиркеп алып, рибосомага жеткирүүчү кичинекей РНК молекулалары) туура аминокислотага чиркелиши керек. 20 аминокислотанын ар бири үчүн жок дегенде бирден транспорттук РНК (тРНК) түрү болот.79 Эгер РНКны копиялоодогу бул өтө маанилүү этап иштебесе, анда РНК тизмеги бузулат. Бул болсо РНКнын ишке жараксыз болушу деген мааниге келет. тРНКга ылайыктуу (туура) аминокислотанын чиркелишинен «аминоацил-тРНК-синтетаза» деп аталган атайын бир фермент жооптуу. Бул иш-аракет учурунда, бир жагынан, ар бир тРНКга туура аминокислота чиркелиши керек болсо, экинчи жагынан, калган 19 аминокислотага мунун таасири тийбеши зарыл. Бул ферменттин катасыз иштешинин натыйжасында гана РНКнын копияланышындагы бул рисктерге толугу менен бөгөт коюлат.80

Асмандар менен жердин жараталышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы Анын (Аллахтын) далилдеринен. Жана Ал каалаган кезде алардын баарын топтогонго кудуреттүү.
(Шура Сүрөсү, 29)

ДНКнын копияланышындагы дилемманы РНКнын копияланышынан да көрөбүз. РНКны копиялоочу белоктор кайра эле РНК тарабынан иштелип чыккан ферменттерден турат. Ошондуктан РНК болбосо ферменттер, ферменттер болбосо РНК пайда болбойт. Ушул себептен, эволюционисттер үчүн «белоктор жок кезде РНК полимерлери кантип копияланат» деген суроо чечилбес маселеге айланууда.81 РНКнын өзгөчө ферменттери сөзсүз РНК пайда болгон кезде бүт функциялары менен кемчиликсиз иштеп башташы керек болот. Ошондой эле, ферменттер РНК тарабынан иштелип чыгып башташы зарыл. Эволюционисттер бул парадоксалдуу абалды түшүндүрө алышпайт жана бул түзүлүштөрдүн кандайдыр бирөөсүнүн кокустан кантип келип чыгышы мүмкүн экенин да түшүндүрө алышпайт. Ошого карабастан, өз алдынча иштей албаган, бирок бири-биринен айырмалуу молекулаларды эч себепсиз жерден «кокустан бир учурда пайда болуп калышкан, анан кокустан бири-бирин таап, кайра эле кокустан чогуу иштеп башташкан» деп айтышабы? Мындай көз-карашты канчалаган жылдар бою лабораторияларда билим алган, бул системалардын баарын майда-чүйдөлөрүнө чейин билген илимпоздор айтышабы? Аллахтын бар экенин жана бүт ааламдын жаратылганын жокко чыгаруу үчүн гана ушундай илимге жана акылга сыйбаган көз-карашты айтып чыгуу илимпоздорду абдан уят кылат.

Мына ушул себептен, эволюция теориясынын жактоочулары да мындай көз-карашты айтып чыгуудан тартынышууда. Буларды илимий бир калыпка салууга аракет кылып, бирок андан майнап чыгара алышкан жок. Эволюционист Лесли Е. Оргел апачык көрүнүп турган бул ыктымалсыздыкты кабыл алууга мажбур болгондордун бири:

Алгач РНК пайда болуп, өрчүгөн деген ойду жактаган «РНК дүйнөсү» аттуу бир көз-карашты айтып чыктык... Бул сценарий ишке ашышы мүмкүн; албетте пребиотикалык РНК бүгүнкү күндө далилдери табылбаган эки касиетке ээ болсо: белокторсуз өзүн копиялоо касиетине жана белок синтезинин бүт этаптарын катализ кылуу (ылдамдатуу) жөндөмүнө.82

Оргел бул жерде «эволюция» деген ойдон чыгарылган процесстин РНКны ферменттер менен бирге пайда кылышы керек экенин айтууда. Бирок бул ойдон чыгарылган процессте бул татаал түзүлүштөрдүн чогуу пайда болушу мындай турсун, алардын татаал бөлүктөрүнүн бир даанасынын да кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес.

Аллах ушунчалык кемчиликсиз жараткандыктан, дүйнөдөгү бүт адамдар бириксе, бир даана клетканы да жасай алышпайт. «Муну Аллах жараткан» дегенден башка бир дагы жооп, бир дагы альтернатива айта алышпайт. РНК ферментсиз, ферменттер болсо РНКсыз пайда болбой турган бир система бул кемчиликсиздикти көрсөткөн эң даана мисалдардын бири. Аллах бүт нерсенин Жаратуучусу экендигин Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Булактар

56. http://www.juiceguy.com/Enzymes-how-to-get-more.shtml

57. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery Publishing, 1985, p.49

58. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery Publishing, 1985, p.6

59. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery Publishing, 1985, p.9

60. Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Third Edition, sf. 965

61. Biological Science "A Molecular Approach", BSCS Blue Version, 6th edition, D. C. Health Company. Sf. 410-411

62. http://www.kubacami.org/konular/organlarimiz/mide.htm

63. http://www.sabah.com.tr/cp/iyi101-20041114-102.html

64.http://www.daghanoves.netfirms.com/din/insan/insan4.htm

65. Arthur C. Guyton and John E. Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, 1996, Sf. 824

66. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery, 1985, sf. 81

67. http://www.arn.org/docs/behe/mb_indefenseofbloodclottingcascade.htm

68. Alberts – Johnson – Lewis – Raff – Roberts - Walter, Molecular Biology of The Cell, 4th edition, Garland Science, 2002, sf. 245

69. http://www.strengthsandweaknesses.org/Weaknesses/evol_quotes.htm

70. http://omerfaruk.itgo.com/enzimler.htm

71. http://users.rcn.com/jkimball.ma.ultranet/BiologyPages/D/DNArepair.html

72.http://www.answersingenesis.org/ docs2004/0512tools.asp#n1

73. http://www.godandscience.org/evolution/chemlife.html

74. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-371.htm

75.http://www.ideacenter.org/contentmgr/showdetails.php/id/845

76. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-043.htm

77. http://www.strengthsandweaknesses.org/Weaknesses/evol_quotes.htm

78. http://www.tuberose.com/Enzymes.html

79. Robert K. Murray, Peter A. Mayes, Darly K. Granner, Victor W. Rodwell, Harper'ın Biyokimyası, Barış Kitabevi, 1993, sf. 492

80.http://www.ideacenter.org/contentmgr/showdetails.php/id/845

81. http://www.godandscience.org/evolution/rnamodel.html

82. http://www.strengthsandweaknesses.org/Weaknesses/evol_quotes.htm