Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы?» |
Эгер Аллах каалаганда, бир жылмайышыбыз ондогон жылды талап кылышы мүмкүн эле. Тамак жей алуу, кыймылдай алуу, ойлонуу же сүйлөй алуу үчүн канчалаган жыл күтүшүбүз керек болуп калмак. Эгер Аллах каалаганда, бул китептин бир бетин барактаганга, ал тургай, ал үчүн бир манжаңызды көтөргөнгө да өмүрүңүз жетпей калышы мүмкүн эле.
Албетте, денебиздин системалары мындай жай иштебейт, каалаганда жылмайа алабыз, басып чуркай алабыз, чексиз ойлоно алабыз, секундага жетпей көзүбүздү ирмей алабыз, пландаган нерселерибиздин баарын бир заматта жасай алабыз. Себеби, Улуу Аллах денебизди кемчиликсиз кылып жаратып, ал өз функцияларын ыкчам аткара алышы үчүн бир системаны бизге тартуу кылган. Ал системанын эң негизги мүчөлөрүнүн бири – бул кереметтүү түзүлүштө жаратылган ферменттер.
Бир фермент – микроскопиялык өлчөмдөгү жүздөн ашуун бөлүктөрдүн үч өлчөмдүү биригишинен түзүлгөн, адамдын акылы араң түшүнө ала турганчалык татаал, химиялык бир керемет. Денедеги милдети – бүт процесстерди «ылдамдатуу». Көзүбүздү ирмей алышыбыз, колубузду кыймылдата алышыбыз, көрө алышыбыз, тамак-аштарды сиңире алышыбыз, кыскасы, жашай алышыбыз үчүн ферменттер керек. Денебиздеги ферменттердин бири толугу менен иштебей калса, өмүрүбүз бүтөт.1
Сиз бул саптарды окуп жатканыңызда миллиарддаган «фермент» аттуу химиялык машиналар кызмат кылышат. Бир учурда сансыз процесстерди жасап, сиздин жашооңузга керектүү сансыз функцияларды иштетишет. Ферменттер денеңизде бир процессти баштатмайынча, бул саптарда жазылгандарды түшүнүү мындай турсун, көздөрүңүздү бир тамгадан экинчисине өткөрүп, буларды окуй алмак эмессиз, ал тургай, ал ортодо дем да ала алмак эмессиз. Бир мурдуңуз, кекиртегиңиз, өпкөлөрүңүз, кычкылтек ташуучу кан клеткаларыңыз, кыскасы, дем алууга керектүү бүт органдарыңыз болушу мүмкүн. Бирок эгер денеңиздеги ферменттер иштебесе, дем ала албайсыз.
Аллах мээрими менен бизге ушундай теңдешсиз жардамчыларды тартуулаган. Аллахтын каалоосу менен ферменттер денебизде эч тынымсыз кызмат кылышат. Жана Аллахтын мээрими менен алар өмүрүбүзгө себепчи болушууда. Эгер ферменттер болбогондо, бизге өмүр сүрдүрткөн миллиондогон себептин бирөөсү гана иштен чыкмак жана бул өлүмгө алып келмек. Бул китепте Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүү максатында ферменттердин кереметтүү түзүлүштөрүн жана функцияларын тереңирээк карайбыз. Көзгө көрүнбөгөн бир белоктун бир адамдын өмүрүнө же өлүмүнө себеп боло алышы Аллахтын теңдешсиз чеберчилигин көрсөтөт. Раббибиз «фермент» аттуу микроскопиялык түзүлүштөрдү себепчи кылып, адамдардын үстүндөгү өкүмдарлыгын бизге көрсөтүүдө. Аллах бир Курандын аятында бул чындыкты адамдарга төмөнкүчө эскерткен:
Бутубуз менен бир кадам таштагыбыз келгенде эле, денебизде канчалаган таң калыштуу процесстер ишке ашат. Мээбиздин ичиндеги сансыз нерв клеткасы бутубузду кыймылдатуу үчүн электрдик заряддарды жиберип баштайт. Ал заряддар жүлүн томукчасы жана жүлүн аркылуу мээден дененин башка бөлүктөрүнө, андан соң бутубузга жеткирилет. Мээбизден жолго чыккан бул электрдик заряддар бутубузга жеткенде, ал аймактагы булчуң клеткаларынын жыйрылышына жана натыйжада бутубуздун кыймылдашына себеп болот. Бул процесстердин баары дээрлик бир учурда ишке ашып бүтөт, жана ал ортодо көздөрүбүздөн, бутубуздан жана башка сезүү органдарыбыз менен байланыштуу бүт аймактардан мээбизге ылдам жана үзгүлтүксүз маалымат агымы улана берет. Ошол эле учурда мээ бутубузду кыймылдатуу үчүн берген буйругун жана анын негизиндеги буттун кыймылын да контролдоп турат.
Бир кадам таштоо үчүн керектүү процесстер бул абзацта өтө үстүртөн каралды. Бирок, эң негизгиси, бул процесстердин баары бир гана ферменттер аркылуу ишке ашат.
Көп жылдар бою ферменттерди изилдеген д-р Эдвард Хауэл (Dr. Edward Howel) ферменттердин адам үчүн маанисин жана таасирлерин төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Ферменттер – жашоого мүмкүндүк берген бөлүктөр. Адамдын денесиндеги химиялык реакциялардын бүт баары үчүн керек. Ферменттерсиз эч бир минерал, витамин же гормон өз кызматын аткара албайт. Денебиз, бардык органдарыбыз, тканьдарыбыз жана денедеги ар бир клетка зат алмашуу ферменттери аркылуу иштейт. Алар денебизди белок, углевод жана майлар менен курган жумушчулар сыяктуу. Үйүбүздү курган жумушчулардын дал эле өзүндөй. Үй куруу үчүн материалдарыңыз болушу мүмкүн, бирок жумушчулар (ферменттер) болмоюнча, жумушту баштай да албайсыз.2
Ферменттер – бул, бир клетканы белгилүү бир тартипте иштеген, абдан жогорку технологиялуу, миниатюралык бир заводго айландырган белоктор. Бүгүнкү күнгө чейин 2000дей фермент түрү аныкталган.3 Бир эле тамырлар 98 түрдүү фермент тарабынан контрольго алынган. Жүрөктүн, мээнин же боордун канча фермент тарабынан контрольго алынганы алигече белгисиз.4 Ферменттер клетканын ичинде сансыз реакцияларды ишке киргизишет, керек учурда токтотушат, молекулалардын формаларын өзгөртүшөт, кайрадан жасашат же жок кылышат. Бирок өздөрү бузулуп, өзгөрүп кетишпейт. Керектүү иштерди орундаткан соң, жаңы жумуштарга даяр турушат.
Yaşadığımız her an, attığımız bir adımda, gülümsemek istediğimizde, yemek yediğimizde, sürekli olarak enzimlere ihtiyacımız vardır. Sadece tek bir adım atabilmek için moleküler seviyede gerçekleşen olaylar gerçekten hayranlık uyandırıcıdır. Bu moleküler hareketliliğin baş kahramanı olan enzimler, Allah'ın yarattığı birer mucizedir. |
Ферменттер катализатор кызматын аткарышат. Химиялык реакцияга кошулбастан, реакцияны ылдамдатышат. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн катализ процессин түшүнүү керек. Бир затты ферменттерсиз бир шартта бөлүү үчүн жогорку температура, кислоталуу же базалуу (acid and base) чөйрө сыяктуу көптөгөн шарттар жана көп энергия талап кылынат. Бул «активдештирүүчү энергия» деп аталат. Лабораторияда активдештирүүчү энергияны пайда кылуу өтө татаал шарттарды талап кылат. Эң негизги шарт – бул жогорку температура. Бирок клетканын ичинде бир учурда миңдеген реакция ишке ашат жана активдештирүүчү энергияны температура аркылуу алууга болбойт. Себеби мынчалык жогору температура клетканын ичинде ишке ашкан бүт реакцияларга терс таасир тийгизип, толугу менен бузат. Мындай температурадан улам клетка цитоплазмасын толук жоготот. Мындан тышкары, температура суутек байланыштарын үзүп, ДНКнын копияланышына терс таасир тийгизет жана клетканын ичинде дагы көптөгөн системалардын иштебей калышына себеп болот. Ошондуктан клетканын ичинде тынымсыз талап кылынган активдештирүүчү энергияны температура аркылуу камсыз кылууга болбойт. Ушул себептен, тирүү организмдердин ичиндеги реакциялар жогорку температура сыяктуу көптөгөн шарттарсыз ишке ашышы үчүн ферменттерге муктаждык бар. Себеби ферменттер реакция үчүн талап кылынган активдештирүүчү энергияны азайтышат. Бул энергияны төмөндөтүү процесси катализ деп аталат.5
Ферменттер катализ процессин реакцияга кирген молекулалар менен убактылуу биригүү аркылуу ишке ашырышат. Мындай убактылуу биригүү химиялык байланыштарды алсыздантып, жаңыларын пайда кылат. Ошондуктан реакция келип чыгышы үчүн бир аз гана энергия колдонулат.6 Ферменттер ушул ыкма аркылуу реакцияларды, катализделбеген реакцияларга караганда, 1 миллиондон 1 триллион эсеге чейин ылдамдатышат.7 Бир фермент молекуласы бири-бирине окшош он миңдеген молекуланы бир секундада катализ кыла алат. Химиктер жогорку температура, ажыратуучу кислоталар жана атайын шаймандар менен араң жасаган процесстерди ферменттер ушунчалык ылдам жана оңой гана жасашат. Жана аларга кислота да, атайын шаймандар да, басым да, жогорку температура да, узун убакыт да керек эмес. Бир аз жылуулук бөлүп чыгаруу аркылуу бир секундадан бир топ кыска убакыт ичинде өз милдеттерин эч катасыз орундатышат. Бул атайын белоктор майларды иштетишет, канттын түзүлүшүн өзгөртүшөт, крахмалды бөлүшөт, жаңы азык заттарды пайда кылышат, калдыктарды чыгарышат жана канды тазалашат. Ошондой эле, улгайууну кечеңдетишет, иммундук системаны, эс-тутумду күчтөндүрүшөт, булчуңдарды пайда кылышат, өпкөлөрдөн көмүр кычкыл газын тазалашат.8 Ферменттер адамды өмүр сүрдүрүү үчүн тынымсыз чуркаган атайын жардамчылар сыяктуу кызмат кылышат.
A. Ürün A | AB. Ürün AB | 1. Substrat | 4. Enzim 3 |
Enzimler, bir kimyasal tepkimeye katılmadan tepkimenin hızını artıran katalizörlerdir. Laboratuvar ortamlarında yoğun şartlar ve yüksek enerji ile gerçekleştirilebilecek bir işi, onlar saliseler içinde zahmetsizce gerçekleştirirler. | Enzimler, çeşitli şekillerde reaksiyonlara girer ve bunun sonucunda, yepyeni bir ürün meydana getirirler. Yağları işler, nişastayı parçalar, yeni besin maddeleri oluştururlar. Enzimler, insanı hayatta tutabilmek için uğraşan özel yardımcılardır. |
Ферменттер дененин бардык функцияларына керек. Ошондуктан ферменттердин пайда болушу да, алардын функциялары да абдан комплекстүү. Бул «бүт тирүү организмдер бир катар туш келди өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болушкан» деген эволюция теориясы үчүн чоң бир көйгөй болуп саналат. Себеби эволюционисттер «жашоо кокустардын натыйжасында пайда болгон» дегенде, ал «жөнөкөй» түзүлүштөн келип чыккан деген көз-карашка таянышат. Бирок күн сайын адам денесинин улам жаңы комплекстүү түзүлүштөрүнүн аныкталышы эволюционисттер жооп таба албаган суроолорду ан сайын көбөйтүп, Жаратуучуну жокко чыгарууну көздөгөн эволюция теориясын тынымсыз четке кагууда. Бул чындыкты байкаган Кембридж университетинен эволюционист Диксон жана Вебб эволюция теориясы үчүн эң чоң кыйынчылыктардын бирин түзгөн ферменттер жөнүндө мындай дешкен:
Ферменттердин негизин камтыган нерселердин баары – жашоонун негизи сыяктуу, кыйынчылыктарга толо; бул экөө негизи бир эле нерселер. Ферменттердин пайда болушун, б.а. Хопкинстин айтуусу боюнча, жашоонун пайда болушун ааламдын тарыхындагы эң кереметтүү жана эң маанилүү окуя десек болот.9
Диксон менен Вебб «кыйынчылык» деп атаган нерсе – бул, эволюционисттер түшүндүрө албаган комплекстүү жана кемчиликсиз түзүлүштөр. Бир эволюционист үчүн ферменттин кереметтүү комплекстүүлүгүнүн эч бир түшүндүрмөсү жок. Себеби бул теңдешсиз чыгарманын жалгыз Жаратуучусу Аллах, жана Аллах бүт нерсени кемчиликсиз жараткан.
Бир эволюционист биолог Фрэнк Солсбери (Frank Salisbury) ферменттердеги эволюционисттер түшүндүрө албаган бул теңдешсиз комплекстүүлүк жөнүндө мындай деген:
Эми клетканын биз ойлогондон алда канча комплекстүү экенин билебиз. Ичинде миңдеген кызматчы фермент бар. Алардын ар бири өзүнчө комплекстүү бир машина. Болгондо да, ар бир фермент ДНКнын бир бөлүгү болгон бир гендин негизинде пайда болгон. Гендеги маалыматтын мазмуну, б.а. гендин комплекстүүлүгү, ал контрольдогон ферменттей улуу болушу керек.10
1. Amino Asitler | 3. Oksijen | 5. H2O | 7. CO2 |
Tesadüflerin yaratıcı gücü olduğuna inanan evrimciler, çok büyük variller alsalar. Bu varillerin içine, bir canlıyı oluşturmak için gerektiğini düşündükleri ne kadar madde varsa koysalar. Daha sonra varili ısıtsalar, soğutsalar, üzerine yıldırımlar düşürseler. Bu karışımın başında milyarlarca hatta trilyonlarca sene, birbirlerine vasiyet ederek nöbet tutsalar. Ve hiçbir şeyi tesadüflere bırakmadan, karışımın her anını kontrol etseler. Bir canlının oluşması için hangi şartların var olması gerektiğine inanıyorlarsa hepsini kullanmakta serbest olsalar... Bu varilin içinden tek bir hücreyi bile çıkaramazlar. Atları, kelebekleri, çiçekleri, ördekleri, kuşları, kirazları, limonları, baykuşları, karıncaları çıkaramazlar. Ne işlem yaparlarsa yapsınlar bu varilden kendisini mikroskop altında inceleyen bilim adamlarını, düşünen, akleden, muhakeme eden, heyecanlanan, sevinen, özleyen insanı kesinlikle meydana getiremezler. |
Бул абдан маанилүү бир маалымат. Ферменттер – Аллахтын каалоосу менен, гендердин контролунда пайда болуучу жана кайра эле ошолордун контролунда кызмат кылуучу белоктор. Ошондуктан гендердин комплекстүүлүгү ферменттердегидей абдан жогору болушу керек. Гендердин комплекстүүлүгүн болсо төмөнкү сөздөрдөн эстесек болот:
Мисалы, бизге гендин ичиндеги маалымат ал контрольдогон ферменттердей жогору болушу керек деп айтылууда. Орто чоңдуктагы бир белок болжол менен 300 аминокислотадан турат. Ал белок бир ДНК гени тарабынан жасалат жана анын өз тизмегинде 1000 нуклеотиди болушу керек. Бир ДНК тизмегинде төрт типтүү нуклеотид болот, демек 1000 байланыштан турган бир ген 41000 түрдүү комбинацияда пайда болушу мүмкүн. Бул 4түн артына миң даана нөл жазуудан келип чыккан бир сан деген мааниге келет. Жөнөкөй бир жандуу нерсенин пайда болушу үчүн эле ушунча комплекстүүлүк керек.11
Эволюционисттер «тирүү организмдердин бардык түзүлүштөрү жай, көпкө созулган этаптардын натыйжасында, ар кандай «механизмдер» аркылуу кокустан пайда болгон» дешет. (Бул жөнүндө тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Hayatın Gerçek Kökeni (Жашоонун чыныгы булагы), Harun Yahya). Бирок, эволюционисттер «эволюция кылат» деген мутация жана табигый тандалуу механизмдеринин эч кандай эволюция кылуучу өзгөчөлүгү жок. Ушул күнгө чейин бир организмдин, анын кандайдыр бир органеллинин эволюциялашып өзгөргөнү жана башка бир жандыкка пайдалуу жаңы бир түзүлүшкө айланганы байкалган жок. Мындан тышкары, генетика, медицина, биология жана микробиология илимдери бир организмдин белок же гендериндеги кандайдыр бир өзгөрүүнүн ал организмдин генетикалык маалыматында үзүлүүлөргө, бузулууларга жана олуттуу зыяндарга алып келээрин аныктады жана кандайдыр бир гендин же белоктун толугу менен башка функцияларды аткара турган башка гендерге же белокторго айланбай турганын апачык көрсөттү. Эволюционисттер толугу менен башаламан шарттарда, кокустан пайда болгон деген белокторду болсо алигече адамдар лаборатория шартында да синтездей алышкан жок. Бүгүнкү шарттарда, азыркы технология жана мүмкүнчүлүктөр менен, жогорку технологиялуу лабораторияларда эң билимдүү илимпоздор жасай албаган ушунчалык комплекстүү бир түзүлүштүн өзүнөн-өзү, туш келди өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болуп калышы эч мүмкүн эмес.
Ферменттер да – бир белок, жана кокустан эч качан пайда болбой турган бир гендин курамындагы кереметтүү маалыматтар менен пайда болуп, Аллахтын каалоосу менен, ошол гендин контролу астында иштөөчү комплекстүү түзүлүштөр. Ошондуктан ферменттер да эч качан кокустан пайда болбойт, жана өтө чоң маалыматты камтышат. Кембридж университетинен математик, астроном Сэр Фред Хойл (Sir Fred Hoyle) эволюционист болгонуна карабастан, ферменттердин кокустан пайда болбой турганын мындайча айткан:
Эгер заттын органикалык системаларды жашоого түртө турган негизги бир принциби бар болсо, анын бар экени лабораторияда оңой эле көрсөтүлүшү керек. Мисалы, «байыркы сорпону» (первичный бульон) көрсөтүү үчүн бир бассейн жасасаңыз болот. Аны биологиялык негизи жок, каалаган химикаттар менен толтура аласыз. Анын үстүнө же ичине каалаган газдан насостоп, аны каалагандай радиацияга тосо аласыз. Экспериментти бир жылдай улантып, анан 2000 ферменттин канча даанасынын пайда болгонун байкап көрсөңүз болот. Бул эксперимент үчүн керектүү убакыт, убаракерчилик жана чыгымдардан кутулушуңуз үчүн мен сизге мунун жообун айта алам. Эксперименттин аягында аминокислоталардан жана башка жөнөкөй органикалык химикаттардан турган кара майлуу бир ылайдан башка эч нерсе ала албайсыз. Эмне үчүн мынчалык ишенимдүү жооп айта алам? Эгер мындай эмес болгондо, бул эксперимент качан эле жасалмак жана ал дүйнөдөгү абдан белгилүү жана атактуу бир эксперимент болмок. Жана анын чыгымы адамдын айга барышына коротула турган чыгымга караганда абдан эле аз болмок.12
Üç boyutlu enzim molekülünün katlanmış polipeptid zincirinin yapısı. | Enzimler, çeşitli kimyasallarla bir araya gelir, onları müthiş bir hızla reaksiyona sokar, sonra bulundukları yerden ayrılırlar. Artık ortaya yepyeni bir ürün çıkmıştır. Enzimlerin bu özel becerisi, yaşamın devamlılığına vesile olur. |
Эволюционисттерде Фред Хойл айткан шарттардан бир топ жакшы шарттар болсун, каалашса мындай экспериментти каалаган сандагы лабораторияда кылып көрүшсүн, ал экспериментке бүт органикалык заттарды, каалаган газдарды, каалаган химикаттарды кошушсун, аны каалагандай тышкы факторлорго тосушсун, кааласа ичине белоктордун курулуш материалы болгон аминокислоталардан да кошушсун жана ал идиштин жанында бири-бирине осуят кылып, кылымдар бою күтүп отурушсун... Ал идиштин ичинен бир организмге тиешелүү бир даана фермент да чыгара алышпайт. Эволюционисттердин бир тирүү организмге тиешелүү бир даана белоктун пайда болушун далилдеп көрсөтө ала турган кандайдыр бир эксперименти жана бул багытта кандайдыр бир далили да жок. Ферменттер темасын карап жатканда бул маанилүү чындыкты дайыма эсте тутуу керек. Себеби бир даана фермент дагы эволюция теориясын толугу менен жокко чыгара алат жана ар бир фермент Аллахтын улуу күч-кудуретин көрсөткөн маанилүү далилдерден.
Ферменттер организмдеги дээрлик бардык химиялык реакцияларга катышып, аларды укмуш ылдамдатышат. Процесстин аягында реакцияга кандай кирген болсо, ошол формада кайра чыгышат, б.а. түзүлүштөрү бузулбайт. Реакция бүткөн соң жаңы пайда болгон молекулалар ферменттен бөлүнүшөт жана фермент башка жаңы реакцияларга кирүү үчүн жолун улантат. Ферменттердин бул касиети абдан маанилүү. Бул касиетинин натыйжасында фермент бир клетканын ичинде сансыз реакцияга кирип, организмдин өмүрүн улантат. Ошентип ар бир клеткада ар бир мүнөт сайын бир канча жүз миң реакция эч тынымсыз уланат.13
Адамдын денесиндеги болжол менен 2000 түрдүү ферменттин ар бири белгилүү бир химиялык реакцияны катализ кыла алат. Клеткалардын аткарган кызматына жараша алардагы ферменттер да ар түрдүү болот. Клеткалар бир гана өздөрүнө керектүү реакцияларды жасай турган ферменттер менен иштешет. Ошондуктан бир клетканын иш-аракет жана функцияларын аныктоодо ал клетканын өндүрө ала турган ферменттери маанилүү бир көрсөткүч боло алат.
Фред Хойл ферменттердин таң калыштуу күчү жөнүндө төмөнкүдөй эсептөө жүргүзгөн:
Клеткага керектүү 2000дей ферменттин пайда болуу ыктымалдыгы 1040000ден бирге барабар. Бул эң комплекстүү «сорпо» (бульон) менен эң жөнөкөй клетканын ортосунда чоң бир концептуалдык айырма бар экенин көрсөтөт. Муну кабыл алуу үчүн логиканы унутуп коюу керек; бул болсо абдан өкүнүчтүү.14
Жер жүзүндөгү организмдерге тиешелүү бүт түзүлүштөр ар кандай деңгээлде комплекстүү. Жана ал түзүлүштөр комплекстүүлүгү менен бир гана Жаратуучу тарабынан кемчиликсиз жаратылганын далилдешет. Организмдер адистешип иштеген, бири-бири менен тынымсыз байланышып турган, бири-биринен көз-каранды иш-аракет жүргүзүп, таң калаарлык иштерди жасаган молекулярдык кереметтерге ээ. Ал молекулалар акылдуулук кылып, өз алдынча кайсы клеткада иштөө керек экенин биле алышпайт, эмнени канчалык ылдамдатаарын аныктай алышпайт жана алдын-ала канча реакцияга кирээрин өз алдынча чече алышпайт. Анткен менен, ферменттер ката кетиришпейт, себеби илхам менен кыймылдашат.
Аларды жараткан жана тынымсыз жаратып турган Аллах аларга эмне кылуу керек экенин тынымсыз илхам кылып турат. Аллах бир адамга дене жана рух берип, аны бүт органдары жана сезимдери менен кемчиликсиз жаратканы сыяктуу, адамдын клеткаларында болуп жаткан кереметтүү процесстерди да ошондой кемчиликсиз жараткан. Ошондуктан клетканын ичиндеги башка системалар сыяктуу, фермент системасы да кемчиликсиз иштөөдө. Буларды жарата ала турган Аллахтан башка эч бир күч-кудурет жок жана Аллах муну бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Алар Аллахтын дининен башка бир дин издеп жатышабы? Чындыгында, асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары – кааласа да, каалабаса да – Ага моюн сунат жана Ага кайтып барышат. |
Ферменттер да – белок, ошондуктан түзүлүшү белоктордой. Бул ферменттер үчүн белгиленген өзгөчө бир түзүлүш. Себеби ферменттер, алардын өзгөчө бир касиети болуп саналган, үч өлчөмдүү формада болушат. Ошондуктан башка молекулалар менен оңой гана биригип, реакцияларга кошула алышат. Ферменттер башка белоктордон үч өлчөмдүү түзүлүшү менен айырмаланышат. Белоктордун курулуш материалы аминокислоталар болгону менен, бир белоктун же бир ферменттин касиеттерин алардагы аминокислоталардын кезеги, саны жана «пептиддик байланыш» деп аталган, эки аминокислотаны бириктирген байланыштардын өзгөчөлүгү аныктайт.15 Фермент таасир тийгизе турган реакциялар менен алардын ылдамдыктары аминокислоталардын өзгөчөлүктөрүнө жана тизилишине жараша аныкталат. Анда бир ферменттин кайсы аминокислоталардан тураары кантип аныкталат? 100 аминокислотадан турган бир ферментти элестетели. Тирүү организмдерде 20 түрдүү аминокислота бар, демек 100 аминокислота 10020 түрдүү комбинацияда тизилиши ыктымал. Бирок ал тизмектердин бирөөсү гана бир даана ферментти бере алат. Аминокислоталардын ушунча комбинациянын арасынан туура тизилиши, Аллахтын каалоосу менен, гендер тарабынан аныкталат. Ферменттер, мурда да айтылгандай, гендер тарабынан жөнгө салынып, башкарылат. Клетканын курулуш материалын түзө турган белоктор да, фермент катары кызмат кыла турган белоктор да, бүт баары гендер тарабынан коддолот. Гендер синтезделген ферменттерге кайсы кызматтарды аткаруу керек экенин да айтышат, б.а. аларды коддошот. Ал код ферменттердин кайсы реакцияларга кириши керек экенин аныктайт. Ферменттер ошол маалыматтардын негизинде реакцияга кире турган молекулаларды көздөй жөнөшөт.
Бул жерде бир нерсени эске салуу керек. Ферменттердин да, ферменттерге код берген гендердин да аң-сезими жок. Гендер жана алардан маалымат алган ферменттер өз алдынча бир нерселерди ойлонуп, чечим чыгара алышпайт жана өздөрүнө тиешелүү, өзгөчө коддорду ойлоп таба алышпайт. Алардын аң-сезими, акылы жок. Белоктордон жана майлардан турушат. Жана бир адамдын денесин жашатуу үчүн эмнелер керек экенин, бир реакцияга кантип кийлигишүүгө болоорун жана кандайдыр бир реакциянын эмне ишке жараарын да биле алышпайт. Кокустан, өзүнөн-өзү комплекстүү болуп кала алышпайт, кокустан ар секунда сайын миңдеген реакцияны ылдамдата алышпайт. Бирок, аң-сезимсиз болгонуна карабастан, ар бир клеткада кереметтүү иш-аракеттерди жасашат, себеби Жараткан Аллахка моюн сунушкан. Анын айтканын кылышат. Андан келген илхамды угушат. Бул саптарды окуп жатканда, сөзсүз бул чындыкты эсте тутуу керек.
Enzimler, genler tarafından düzenlenir ve kontrol edilirler. Genler ürettikleri enzimlere görevlerini bildirir, yani onları şifrelerler. Dolayısıyla, enzimlerin kompleksliği, genlerin içerdiği bilginin kompleksliği kadar büyük olmalıdır. Bu gerçek, genlerin varlığını açıklayamayan evrimcilerin, enzimler konusunda da açıklamasız olduklarını açıkça göstermektedir. | Enzimler, üçüncül yapıya sahip proteinlerdir. Proteini oluşturan amino asitler katlanıp bükülerek enzime özel bir şekil kazandırmıştır. Enzimlerin görevleri, sahip oldukları bu üçüncül yapılardaki katlanıp bükülmeler sonunda belirlenmektedir. 1. gen |
Гендер клетканын ичиндеги белокторду да, фермент кызматын аткарган белокторду да коддошот. Анда белоктун фермент кызматын аткаруу, б.а. химиялык реакцияларга катышып, аларды миллиондогон эсе ылдамдатуу касиетин эмне аныктайт? Химиялык жактан муну аминокислоталардын химиялык түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөр менен түшүндүрүүгө болот. Аминокислоталар бир көмүртек атомуна байланган бир амино тобунан (-NH2), суутек, карбоксил тобунан (-COOH) жана башка молекулалардан түзүлгөн, өзгөрмө кошумча топтон (-R) турушат. Аминокислоталардын бири-биринен айырмаланышынын себеби – бул алардын курамындагы кошумча топтордун чоңдугу, формасы, электрдик заряды, сууга карата реакциясы жана активдүүлүгү жагынан ар түрдүү болушунда. Ферменттерди түзгөн аминокислоталардын өзгөчөлүгү болсо, алар өз ара таасирленишет жана анын натыйжасында үч өлчөмдүү өзгөчө бир түзүлүшкө айланып, чынжырдын ийкемдүү болушун камсыз кылышат. Муну төмөнкүчө түшүндүрүүгө болот:
Белокторду түзгөн аминокислоталардын тизилүү формасы белокторго ар кандай өзгөчөлүктөрдү берет (Харун Яхьянын «Белок керемети» китебин караңыз). Ошого жараша белоктор биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү даражадагы түзүлүштөргө ээ болушат. Биринчи даражадагы түзүлүштө түз бир полипептид чынжыры пайда болот. Экинчи даражадагы түзүлүштөн баштап үч өлчөмдүү формага айланган белоктордун функциялары ошол үч өлчөмдүү формага жараша аныкталат. Экинчи даражадагы түзүлүштө полипептид чынжырлары бир тегиздикте пакеттелип, белокко спираль формасын берет. Үчүнчү даражадагы түзүлүштө бул спираль түзүлүш бүктөлүп, пакеттелип, белгилүү бир формага келет. Төртүнчү даражадагы түзүлүштө болсо пайда болгон бүт кичи топтор биригип, татаал бир түзүлүштү пайда кылышат.
Ферменттер – үчүнчү даражадагы түзүлүшкө ээ белоктор. Ошондуктан үч өлчөмдүү болушат жана белокту түзгөн аминокислоталар кабатталып бүктөлүп, ферментти белгилүү бир формага алып келишет. Ферменттердин мындай формада болушу абдан маанилүү, себеби ферменттер ушул форманын негизинде көптөгөн өтө маанилүү функцияларды аткара алышат. Үч өлчөмдүү үчүнчү даражадагы түзүлүш, полипептид чынжырларынын кабатталышы, түймөктөлүшү же өзүнүн айланасында оролушу сыяктуу өзгөчөлүктөр ферменттердин да өз ара ар түрдүү болушуна шарт түзөт.
Bir enzimin sadece sahip olduğu üç boyutlu şekil, onun kanı pıhtılaştıran veya besinleri sindiren bir enzim olduğunu belirlemektedir. Bu gerçek, Allah'ın yarattığı mükemmel canlılıktaki, hayranlık uyandırıcı detaylardan biridir. | 100 amino asitlik tek bir enzim molekülünün tesadüfen doğru şekli bulabilmesi için bütün kombinasyonların denenmesi, 20 milyar yıl alacaktır. Bu, evrenin yaşından bile fazladır. |
Үчүнчү даражадагы түзүлүш ферментке башка артыкчылыктарды да берет. Белоктордун биринчи даражадагы түзүлүшү бир гана коваленттик байланыштардан турат. Бул күчтүү байланыштар кийинки түзүлүштөрдө барган сайын азайат. Төртүнчү даражадагы түзүлүштө болсо коваленттик байланыш такыр жок. Ферменттерди түзгөн үчүнчү даражадагы түзүлүштүн коваленттик байланыштары болсо бир гана кошуна чынжырлардын жакын тараптарында келип чыгат. Бул болсо ферменттин молекулаларга байланып, реакцияларга кире алышы үчүн бир гана үстүңкү бетинин бекем байланышын камсыз кылат жана ал байланыш үзүлүп калбашы үчүн күчтүү коваленттик байланыш болушу керек.
Бир ферменттин «формасы» анын кайсы кызматты (канды уютуу же азыктарды сиңирүү сыяктуу) аткараарын аныктайт. Андай болсо ферменттин формасы кантип аныкталат? Миллиондогон түрдүү ыктымалдыктын арасынан кантип ферменттердин формасы дайыма туура жасалат? Эгер эволюционисттер жер жүзүндөгү алгачкы ферментти же аны түзгөн алгачкы генди кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон дешсе, анда ферментке тиешелүү бүт комплекстүү өзгөчөлүктөрдөн тышкары, ферменттин мүнөзүн аныктоочу бул үч өлчөмдүү форманын кантип пайда болгонун да түшүндүрүүлөрү зарыл. Ошондой эле, муну аныктоочу гендердин бул өзгөчө жөндөмүн да түшүндүрүшү керек. Мындай өзгөчө форманын кокустан пайда болушу эч качан мүмкүн эмес, бирок ошондой болду деп элестетип көрөлү жана алгачкы фермент бул өзгөчө формага сыноо-жаңылуу ыкмасы менен жетти дейли. Анда орточо бир эсептөө менен 100 аминокислоталык бир фермент молекуласынын туура формага келүү үчүн бүт комбинацияларды сынап көрүшү 20 миллиард жылга созулмак.16 Бул убакыт ааламдын өмүрүнөн да ашып кетет. Бул ыктымалдык «аминокислоталар аң-сезимдүү жана контролдуу заттар, жана системалуу бир ыкма болгон сыноо-жаңылуу ыкмасын колдоно алышат» деп кабыл алганыбызда келип чыккан бир жыйынтык. Аминокислоталардын эч бир илимий ыкма колдонулбастан, толугу менен кокустан биригип, 100 аминокислоталуу кичинекей бир фермент молекуласын пайда кылышы болсо эч качан мүмкүн эмес. Ошондуктан эволюционисттер бир ферменттин пайда болушун жана анын үч өлчөмдүү түзүлүшүнүн келип чыгышын эч түшүндүрө алышпайт. Жаратылууну изилдөө институтунун (Institute of Creation Research) башчысы Дуэйн Т. Гиш (Duane T. Gish) бул ыктымалсыздыкты төмөнкүчө түшүндүргөн:
20 түрдүү 100 аминокислота 20100 (10130) түрдүү комбинацияда тизилиши мүмкүн. Эгер алардын 1011 түрү примитивдүү бир ферментте бир функция аткара алса жана эгер 5 миллиард жыл (болжол менен 1017 секунда) бою ар бир секунда сайын 100 аминокислотадан бир миллиард триллион (1021) белок молекуласы пайда болсо, анда талап кылынгандай тизмектеги бир молекуланын пайда болуу ыктымалдыгы 10130/1021x1017x1011 же 1081нан 1ге барабар. Бул нөлгө барабар бир сан.17
Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, ферментти түзгөн аминокислоталардын кокустан, өзүнөн-өзү туура тизмекке тизилип калышы эч мүмкүн эмес. Ошондуктан бир даана фермент жана анын аткарган функциялары «баары кокустан (өзүнөн-өзү), акырындап пайда болгон» деген эволюция көз-карашын толугу менен жокко чыгарат.
Enzimin sahip olduğu aktif bölge, substrat denilen bir molekülle birleşir. Her enzimin birleşeceği substrat, enzime özeldir. 1. Substrate |
Ферментти түзгөн аминокислоталардын курамында өзгөрмөлүү кошумча топтор болот деп айтып өттүк. Ал кошумча топтор ферменттин бир аймагына чогулушуп, үч өлчөмдүү формадагы, «активдүү аймак» деп аталган бир аймакты пайда кылышат. Активдүү аймак – бул ферменттин тиешелүү жерге байланып, керектүү химиялык процесстерди жасаган, активдүү аймагы.
Фермент таасир тийгизе турган, б.а. биригип реакцияга кире турган бөлүк болсо «субстрат» деп аталат. Белгилүү бир ферменттин активдүү аймагы бир гана ал таасир тийгизе турган молекуланын субстратына туура келет. Ал субстрат башка бир ферменттин активдүү аймагы менен бириге албайт. Ферменттердин активдүү аймактары эки маанилүү бөлүктөн турат. Ал аймактардын бирөөсү субстратты тааныйт, экинчисине болсо субстратка байланганда, реакцияны катализ кылуу милдети жүктөлгөн.
Негизи фермент менен субстрат – дененин ичинде бири-бирине бүтүндөй чоочун эки түзүлүш. Бирок бири-бирин тааныбай туруп, бири-бирине даяр болушат. Мурда бири-бирин эч көрбөсө да, өздөрүнөн миллиарддаган эсе чоң бир дененин ичинде жолугушканда, канчалаган молекуланын арасынан бири-бирин таанып, тездик менен биригишет.
1. Substrat | 6. Enzim/Ürün Kompleksi | 11. Aktif Bölge |
Enzim ve substrat arasında bir anahtar-kilit uyumu vardır. Tek bir kilidin sadece tek bir kapıyı açabilmesi gibi belirli enzimler de belirli substratlarla uyum içinde olabilirler. |
Бул биригүүнү камсыз кылган негизги факторлордун бири – бул ферменттин үчүнчү даражадагы түзүлүшү. Мындай түзүлүштөн улам, бүктөлүп белгилүү бир формага келген молекулада субстрат толук орношо ала турган бир көңдөйчө пайда болот. Ал – үч өлчөмдүү жана өтө татаал бир геометрия. Бирок ушунчалык татаал молекулярдык түзүлүшкө карабастан, активдүү аймак менен субстрат бири-бирине «ачкыч менен кулпудай» дал келет. Ачкыч, б.а. фермент болбосо, анда эшикти сындырып ачуу керек болот, бул болсо чоң бир күчтү, б.а. энергияны талап кылгандыктан, адамдын денесинде мындай мүмкүнчүлүк жок.
Бир ачкычтын бир гана эшикти ача алышы сыяктуу, белгилүү ферменттер да бир гана белгилүү субстраттарга туура келет. Бул туура келүү процесси, ошол эле учурда, укмуш ыкчам ишке ашат. Бир фермент кээде секундасына 300 субстрат менен белгилүү бир кезек менен бир-бирден биригип чыгат. Ал затты керектүү формага келтирип, анан андан ажырайт. Бул процесс адамдын өмүрү бою үзгүлтүксүз уланат.
Бир клетканын ичинде ферменттер менен субстраттардын саны абдан аз. Анда ферменттер менен аларга туура келүүчү субстраттар бири-бирин клетканын ичинде кантип табышат? Албетте, эгер клетканын ичи кыймылсыз болгондо, бир жерде болгонуна карабастан, ферменттер менен субстраттар эч качан бириге албашы мүмкүн эле. Бирок клетканын ичи тынымсыз кыймыл абалында болгондуктан, мындай маселе жаралбайт. Температурадан улам молекулярдык деңгээлде абдан көп жана ар түрдүү кыймылдар келип чыгат. Клетканын ичинде молекулалар тынымсыз бир тараптан экинчи тарапты көздөй кыймылдап турушат. Молекулаларды түзгөн, бири-бирине байланган атомдор болсо турган ордунда дирилдеп турушат. Чоңураак молекулалар болуп саналган белоктор болсо бир секунданын ичинде болжол менен бир миллион жолу өз огунда айланышат. Клетканын ичиндеги мындай таң калыштуу кыймылдуулук бүт молекулалардын тынымсыз бири-бири менен сүзүшүшүнө себеп болот.
Ушундай сүзүшүүлөрдүн натыйжасында клетканын ичинде, саны аз болгонуна карабастан, ферменттин активдүү аймагы өзүнө туура келген субстрат молекуласы тарабынан ар секундада болжол менен 500 000 жолу бомбалоого дуушар болот. Бул бомбалоонун натыйжасында ферменттин тиешелүү бети субстратка туура келет жана ал молекулалар бир көз ирмемде фермент-субстрат молекуласына айланышат. Ошентип реакцияга киргенге даяр болуп калышат.18
Reaksiyon - Enzim Kataliz Reaksiyonu | |
A. Raaksiyon 1. Ürünler | 5. İki Substrat Molekülü Arasındaki Çarpışma B. Enzim Kataliz Reaksiyonu |
11. Enzim-Substrat Kompleksi | |
Moleküller sürekli olarak birbirleriyle çarpışma halindedir. Bu çarpışma sonrasında birbirine uyum gösteren substrat ve enzim molekülleri, çok büyük bir hızla reaksiyonu başlatırlar. Saniyeler içinde sayısız reaksiyon gerçekleştirir ve yeni ürünler meydana getirirler. Bunun için enzim sisteminin gerçekten de hayranlık uyandırıcı bir düzeni vardır. Bu düzeni her an var eden, sürekli olarak koruyan, bunların tümünü yaratmış olan Yüce Allah'tır. |
Ферменттер, өздөрүнө туура келсе да, туура келбесе да, жолуккан бүт субстраттар менен өтө алсыз байланыш курушат. Ал – суутек байланыштары. Фермент менен субстраттын арасындагы суутек байланыштарынын өзгөчөлүгү, бул байланыш фермент менен субстратка өзгөчө бир форма жана натыйжада бир өзгөчөлүк берет. Бирок фермент туура субстратка жолугуп, фермент менен субстрат бириккенде, алардын арасында суутек байланыштарынан тышкары, башка жаңы байланыштар пайда болот. Алар – Ван-дер-Ваальс, электростатикалык күчтөр жана гидрофобдук байланыштар сыяктуу ар кандай химиялык таасирлер. Мындай байланыштар себептүү фермент менен субстраттын арасындагы байланыш бекемделип, экөөнүн бири-биринен ажырап кетүү ыктымалдыгы азайат.
Бири-бирине жолуккан эки молекуланын эгер бирөө экинчисинин субстраты эмес болсо, анда шарттар өзгөрөт. Сүзүшкөн эки молекула бири-бири менен биригүүгө аракет кылып жаткандай болуп, өз ара алсыз бир байланыш курушат. Ал байланыштар бири-бирине өтө аз туура келген кичинекей беттердин арасында пайда болот. Мындан бөлүнүп чыккан энергия көп жогору эмес. Фермент бул субстраттын кулпуну ача турган ачкыч эмес экенин түшүнгөн кезде ортодогу алсыз байланыштарды үзүп, тездик менен андан алыстайт. Бул маанилүү бир чара. Бул чара аркылуу бири-бирине туура келбеген молекулалардын арасында туура эмес жана керексиз байланыштардын түзүлүшүнө бөгөт коюлат.19
Бири-бирине туура келген фермент менен субстраттар да чара көрүшөт. Акыркы жүргүзүлгөн изилдөөлөр, бир мээлейдин колго кийилгенде колдун формасына ыңгайлашышы сыяктуу, субстратка туура келүү үчүн ферменттердин да бир аз формасын өзгөртө алаарын көрсөттү.20
Бул жерде аң-сезимдүү эки нерседей айтылып жаткан түзүлүштөр болгону эки молекула гана. Көрүү, угуу, бири-бири менен байланышуу жана бир нерсеге чечим чыгаруу жөндөмдөрү жок. Бир адамдын денесинде булардын ийгилигиндей көрүнгөн нерселердин баары чындыгында аларды дайыма башкарып, көзөмөлдөп турган Улуу Аллахка тиешелүү. Аллах кааламайынча, эч бир субстрат эч бир фермент менен бириге албайт. Эч бир фермент адамдын жашоо функцияларын камсыз кыла турган иш-аракеттерди жасай албайт. Бир фермент Аллахтын багыт бериши менен гана өзүнө керектүү бөлүктү таап, ага ылайыкташып, аны менен биригүү үчүн ар кандай ыкмаларды жасап көрөт жана акылдуу, аң-сезимдүү иш-аракеттерди кылат. Жансыз молекулалардын акылмандык кылышы өтө чоң керемет жана мындагы кереметти көрө албагандар же көргүсү келбегендер молекулаларга, атомдорго, ал тургай, кокустуктарга акыл таңуулашып, ошолордон керемет издешет. Бирок алардын бүт илимий изденүүлөрү жер жүзүнүн жалгыз башчысынын, улуу жана кудуреттүү жалгыз Жаратуучунун Аллах экендигин жарыя кылууда. Аллах бүт баарын жоктон жараткан жана каалаган нерсесинде Өзүнүн чексиз акылын чагылдырат.
Кабарыңар болсун; күмөнсүз асмандардагы, жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллахтан башкага сыйынгандар дагы шерик кошкон нерселерди жана күчтөрдү (чындыгында) ээрчишпейт. Алар болгону күмөндөрүн ээрчишет жана алар болгону «күмөн жана болжол менен жалган айтышууда.» (Йунус Сүрөсү, 66)
Ачкыч кулпуга туура келбей калганда эмне болмок? Керектүү фермент керектүү жерде болсо, бирок субстратка туура келбей калса? Фермент ылдамдатуу керек болгон реакция аймагына өз убагында жетип, бирок ал молекулалардын жанынан өтүп кетсе, эмне болмок? Бир ойлонуп көрөлү, бир жарааттан аккан канды токтотуу үчүн керектүү ферменттер, эгер түзүлүшү туура келбей калып, өз милдетин аткара албаса, анда кан эч качан уюбайт, б.а. токтобойт. Клеткалардын жаңыланышына, өз функцияларын аткарышына жана дененин функцияларынын бирдей ылдамдык менен тартипте улантылышына керектүү бир дагы реакция жүрбөй калат. Фермент өз милдетин аткара алышы үчүн таасир тийгизе турган затты, б.а. субстратты таанышы керек жана ага толук туура келиши зарыл. Жана бүт тирүү организмдерде, Аллахтын каалоосу менен, бул боюнча эч бир маселе жок. Бүт ферменттер чогуу реакцияга кире турган субстратты эч көйгөйсүз таанышат жана Аллахтын илхамын уккандыктан, керектүү процессте эч качан ката кетиришпейт. Ачкыч кулпуга сөзсүз туура келет жана реакция сөзсүз ишке ашат.
Enzimin aktif bölgesine yerleşen substrat, yerleştiği bölgenin üç boyutlu moleküler yapısı ile tam bir uyum içindedir. Bu mükemmel sanatın sahibi, alemlerin Rabbi olan Allah'tır. |
Бул процесстердин баары диаметри 0,01 мм болгон бир клетканын ичинде ишке ашат. (Клетканын көлөмү 10-100 микрон арасында болот.) Бири-бирине туура келген молекулалар, алардын арасындагы химиялык байланыштар болгону 0,01 миллиметрлик бир аймактын ичинде. Үч өлчөмдүү түзүлүштөр, бири-бирине байланган молекулалар, молекулалардын бетиндеги өзгөчө геометриялык формадагы көңдөйчөлөр жана ал көңдөйчөлөргө орношо турган башка молекулалар, бүт баары ушул аймакта. Бири-бирине ыңгайлашкан, бири-биринен маалымат алган, бири-биринин муктаждыгын аныктаган, убакытты пландай алган, чарчабаган жана алдынан чыккан бүт молекулаларды оңой гана тааный алган молекулалар ушул жерде иштешет. Кайрадан эске салсак, бул аймак – ичинде электрондордун өтө ыкчам кыймылы тынбаган, диаметри жүз микрондон да кичинекей болгон бир клетка гана. Бир клетканын ичинде адамдын бүт жөндөмдөрүнөн, акылынан жана илим-билиминен жогору турган, адамзат дээрлик эч жете алгыс катасыз процесстерди турмушка ашырган, эч адашпаган, ката кетирбеген, толугу менен аң-сезимдүү бир система бар. Бул аң-сезим, албетте, клетканын өзүнө тиешелүү эмес. Клетканын ичиндеги бири-биринен кабарсыз, атом жыйындарынан турган молекулаларга, ал аң-сезимсиз молекулалардын арасында тынымсыз кыймылдап жүргөн аң-сезимсиз ферменттерге да тиешелүү эмес. Бул аң-сезим булардын баарын камтыган адамдын денесине же адамдын мээсине да тиешелүү эмес. Бул аң-сезимдин булагы – чексиз акылдын жана кудуреттин ээси Аллах, жана Аллахтын чексиз кудурети менен акылы Ал жараткан бүт нерседен көрүнөт. Анын көрүнүштөрү учу-кыйырсыз ааламды да камтыйт, миллиметрдин жүздөн биринчелик бир клетканын ичиндеги ферменттерди да. Чоң же кичине болсун айырмасы жок, ар бириндеги комплекстүүлүк, кемчиликсиздик жана чеберчилик бирдей жогору. Себеби Аллах бүт баарын чексиз илими менен жаратат. Аллах бир аятында бул чындыкты төмөнкүчө кабар берет:
Асмандарды жана жерди жараткан Аллахтын алардын окшошун жаратууга күчү жетээрин көрбөй жатышабы жана алар үчүн күмөнсүз бир мөөнөт (ажал) белгилеген. Зулумдук кылгандар болсо каапырчылыкта гана өжөрлөнүштү. |
Göklerde ve yerde ne varsa Allah'ındır. Vekil olarak Allah yeter. Eğer dilerse, ey insanlar, sizi giderir (yok eder) ve başkalarını getirir. Allah, buna güç yetirendir. |
Enzimlerin bazıları, genellikle iki parçadan oluşurlar. Bu parçalardan bir tanesi apoenzim, diğeri de koenzimdir. Enzimlerin özelliğini belirleyen kısım, apoenzim kısmıdır. Bir enzimi diğerlerinden farklı hale getiren protein yapısı, yani enzimin içindeki amino asitlerin türleri ve dizilişleri, bu bölgede belirlenmiştir. Koenzim ise enzime katalitik aktivite verir. |
Клетканын эң майда бөлүктөрүнө чейин камтыган комплекстүүлүк жана татаалдыкты ферменттерди түзгөн тетиктердин да ар биринен көрүүгө болот. Молекулалар түзгөн микро-дүйнөнүн ичинде жогорку технологиялуу микроскоптон гана араң көрүнгөн ферменттердин да өзү сыяктуу комплекстүү жана таң калыштуу өзгөчөлүктөрдөн турган тетиктери бар. Бир ферментти түзгөн, анын иштешин камсыз кылган, ага үч өлчөмдүү бир форма берген бүт майда мүчөлөр фермент үчүн сөзсүз керек. Ал тетиктердин кандайдыр бирөөсү алып салынса, алардын формасы же орду алмаштырылса, фермент ишке жараксыз болуп калат.
Кээ бир ферменттер жөнөкөй ферменттер деп аталат. Алардын курамында белок молекуласы гана болот. Кээ бир ферменттер болсо эки бөлүктөн турат. Алардын бири апофермент, экинчиси болсо кофермент. Ферменттердин апофермент бөлүгү чоң белок молекулаларынан турат жана ферменттин өзгөчөлүгүн ушул бөлүк аныктайт. Бир ферментти башкаларынан айырмалаган белок түзүлүшү, б.а. ферменттин ичиндеги аминокислоталардын түрлөрү менен тизилиши ушул аймакта аныкталат.
Кофермент болсо ферментке катализатор касиетин берген бөлүк. Апоферменттер өз алдынча катализатор боло алышпайт. Ошол эле учурда, ферментке катализатор касиетин бергени менен, коферменттер да өз алдынча дээрлик эч нерсеге жарабайт. Фермент «фермент» өзгөчөлүгүнө ээ болушу үчүн эки бөлүк тең бир жерде, чогуу болушу керек.
Кофермент – фермент менен субстратты байланыштырган бөлүк. Ферментте негизги жумушту ушул бөлүк аткарат. Бүт витаминдер клеткада ферменттердин кофермент бөлүгү катары кызмат кылышат.21 Мисалы, А витамини көрүү реакцияларын жүргүзүүчү ферменттин бир бөлүгү. А витамини кофермент кызматын аткарып, ферменттин белогун толуктайт жана көрүүнү камсыз кылуучу процесстерге керектүү реакцияларды ишке киргизет. Көрүү функциясын аткаруучу бүт механизмдер бар болуп, бирок А витамини жетишпесе, анда адамда «шам сокурдугу» (куриная слепота) келип чыгат.22 С витамини болсо кыртыштарыбызды (ткань) бириктирип туруучу «коллаген» аттуу белоктун синтезинде кызмат кылат.
Минералдар болсо ферменттердин коферменттери катары кызмат кылышат. Кээ бир ферменттер иштей алышы үчүн сөзсүз түрдө кальций, магний, калий, цинк сыяктуу минералдар болушу керек. Мисалы, алдыда терең карала турган ДНК полимераза ферментине кошумча топ катары цинк, уреаза ферментине болсо никель керек болот.
Ферменттер бул негизги элементтерден тышкары, дагы көптөгөн молекулалар болгондо гана өз кызматтарын аткара алышат. Мурда эволюционист болуп, бирок учурда жаратылуу чындыгын (Жаратуучунун бар экенин) жактаган окумуштуулардын бири, Иллинойс университетинин биологу д-р Гари Паркер (Gary Parker) ферменттин ажырагыс бөлүктөрү жөнүндө мындай дейт:
1. Aktif Bölge | 3. Substrat |
Enzimin üç boyutlu bilgisayar görüntüsü, enzimin yapısını ve aktif bölgede, substratın yerleşeceği oyuk kısmı göstermektedir. (üstte) Substrat, hem kimyasal hem de yapısal olarak aktif bölgedeki özel bölüme tam olarak uyumludur. Substratın enzime uyumunu belirten bir çizim (yanda). |
Кезек белокторду жасоо үчүн ДНКнын буйруктарын «которуу» жумушуна келгенде, мындагы «каармандар» активдештирүүчү ферменттер болот. Ферменттер – бул, реакцияларды ылдамдатуу үчүн башка молекулаларды тандап, аларды кармай турган атайын бөлүктөрү бар белоктор. Бүт активдештирүүчү ферменттердин беш бөлүгү болот: эки бөлүгү химиялык байланыш үчүн, бирөөсү энергия (АТФ) үчүн жана эң негизгиси, калган эки бөлүгү бир аминокислота тобун билдирүүчү химиялык эмес, үч базалык «код ысымын» пайда кылуу үчүн.
Жана бул муну менен эле бүтпөйт. Организмдин клеткалары мен «транслаз» деп атаган жок дегенде 20 активдештирүүчү ферментке муктаж болушат... Транслаздардын баары (10 атайын активдүү бөлүгү бар): 1) тукум куучулуктун үч базалуу маалыматын үч белгиден турган код ысымдарына бөлүштүрүүгө керектүү рибосомалары болбостон эч бир ишке жарабайт, 2) негизи белгилүү бир формага салышы керек болгон жуптарды талкалап салбашы үчүн тынымсыз жаңыланып туруучу АТФ энергия булагы болбосо, кыйратуучу болушат, 3) белоктук түзүлүшүндөгү убакыттын кыйратуучу таасиринен улам тынымсыз жана тездик менен түгөнүүчү белокторду кайрадан пайда кыла турган башка транслаздары (б.а. башка ферменттери) жана башка белгилүү белоктору болбосо, жок болушат!23
1. Substrat |
Фермент – курамындагы чогуу иштеген тетиктери менен, толук бойдон бар болушу керек болгон, «кемитүүгө болбогон комплекстүү» бир молекула. Бир тетигин алып салсаңыз, система бир аз эле жабыркабастан, толугу менен ишке жараксыз болуп калат. Фермент ичиндеги бүт системалары, аминокислоталары, рибосома жана башка бүт органеллдери менен бирге, толук бойдон бар болушу керек. Бүт тетиктери менен бирге, толук бойдон бар болушу да жетиштүү болбойт; тирүү бир организмдин ичинде реакцияларга кире алышы үчүн чогуу иштей турган башка молекулалар да ал жерде бар болушу керек жана айлана-чөйрө иштөө шарттарына ыңгайлуу болушу зарыл. Фермент ушунчалык комплекстүү бир түзүлүш болгондуктан, дарвинисттер аны эволюция теориясы менен эч качан түшүндүрө алышпайт. Бул кемчиликсиз түзүлүштүн бир бөлүгү дагы өз алдынча, башкаларынан көз-карандысыз өрчүй албайт, бирөөсү алгач пайда болуп, анан башкаларынын пайда болушун күтүп тура албайт жана бүт бөлүктөр өзүнөн-өзү пайда болуп, кокустан биригип кала алышпайт.
Болгондо да, кээ бир ферменттер бир түрдөн болгонуна карабастан, биологиялык өзгөчөлүктөрү толугу менен айырмалуу ар түркүн организмдерде кызмат кыла алышат. Эч бир аң-сезими жок, жансыз атомдордон турган бир фермент бир адамдын денесинде клетканын көбөйүшүнө көмөкчү болсо, түзүлүшү жана функциясы жагынан толугу менен айырмаланган башка бир организмдин денесинде, мисалы көрүү процессине да көмөкчү болушу мүмкүн. Бул абдан улуу бир керемет. Себеби бир фермент кадимки шарттарда өзүнүн иштеген чөйрөсүнөн чыгып, башка чөйрөгө ыңгайлашып, өзүнүн кызматын уланта албайт. Бир адамдын денесиндеги ашказан ферменттери дагы иштеп жаткан чөйрөсүн алмаштыра алышпайт жана дененин башка бир бөлүгүндө кызмат кыла алышпайт. Бул окшош көрүнүштөгү ферменттердин ар кайсы организм түрлөрүндө, өз-өзүнчө, ар кандай кызматтар үчүн жаратылгандыгын көрсөтөт. Аларды кайсы денеде кандайча иштээрин билдирип жараткан, аларга окшош көрүнүш берип, бирок ар түрдүү кызматтарды тапшырган – бул, ааламдардын бүт маалыматын билген Аллах. Бир ферменттин бир адамдын денесинде кандай иштээрин билиши, башка бир организмдин денесинде болсо ал үчүн атайын белгиленген башка бир кызматты эч адашпай аркалашы – Улуу Аллахтын таң каларлык чыгармаларынын бири.
Кээде бир эле ферменттер ар кайсы организмде ар түрдүү кызматтарды аткарышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда организмдерде ар түрдүү көптөгөн ферменттердин тынымсыз кызмат кылаарын да унутпаш керек. Дүйнө жүзүндөгү 1 миллион организм түрүнөн тышкары, 10 миллиондой организм түрүнүн тукум курут болгонун да эске салуу керек. Бул чындыктарды эске алганда, ар бир түр үчүн канчалаган түрдүү ферменттин жаратылганын жакшыраак түшүнүүгө болот.
E. Enzim 1. Enzim | 3. Enzim-substrat kompleksi |
İnsan bedenindeki her türlü faaliyet, uygun bir substratın, kendisine uygun enzimle birleşmesi sonucunda hatasız ve kesintisiz olarak gerçekleşir. Bu mükemmel faaliyet, muazzam bir moleküler uyum ve sürekli bir kontrol gerektirmektedir. Bu mükemmel sistemin Yaratıcısı ve koruyucusu Yüce Allah'tır. | Hiçbir şuura sahip olmayan, cansız atomlardan oluşan enzim ve substrat, bir insan bedeninde hücre çoğalmasına yardımcı olmakta, görmeyi sağlamakta, besinleri öğütmekte ve vücudun kullanabileceği yeni malzemeler ortaya çıkarmaktadır. Hem yapıları, hem işlevleri hem de mucizevi özellikleriyle enzimler, Allah'ın hayranlık uyandırıcı eserlerinden biridir. |
20-кылымдын белгилүү илимпоздорунун бири Айзек Азимов (Isaac Asimov) организмдердеги белоктордун көп түрдүүлүгү жөнүндө мындай деген:
Денедеги миңдеген реакциянын ар бири белгилүү бир фермент тарабынан катализ кылынат (күчөтүлөт)... Ар биринде ар башка... Жана ферменттердин баары белок, ар бири өзгөчө бир белок. Адамдын денеси миңдеген түрдүү ферментти камтышы жагынан жалгыз эмес, организм түрлөрүнүн баары ушундай. Адамдын клеткаларында болуп жаткан реакциялардын көпчүлүгү башка организмдердин клеткаларында да болот. Кээ бир реакциялар, өзүбүздүн клеткаларыбыздагы сыяктуу, чындыгында глобалдуу. Мунун мааниси, бир фермент, биздин клеткаларыбыздагы сыяктуу, бир карышкырдын, бир осьминогдун, бир балырдын жана бир бактериянын клеткасындагы белгилүү бир реакцияны катализ кылуу касиетине ээ. Жана бул ферменттердин баары жалгыз, белгилүү бир реакцияны катализ кылуу касиетине ээ болгонуна карабастан, ар бир түрдө ар кандай болушат. Булардын баары бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле, ар бир түргө тиешелүү организмде миңдеген фермент бар жана ал ферменттердин ар бири ар башка. Дүйнө жүзүндө болжол менен бир миллиондой организм түрү бар, демек, бир гана ферменттерге карап, белоктордун миллиондогон түрү бар деп ишенимдүү түрдө айтууга болот.24
1. Enzim | 3. Ters Etki |
Enzimler, birbirlerine tamamen bağlantılı bir sistem içinde çalışırlar. Bir enzim sadece olayı başlatır, sonrasında devreye giren sayısız enzim görevi devralır. Metabolik yol dediğimiz bu aşamalarda enzimler arasında müthiş bir koordinasyon ve kontrol söz konusudur. Metabolik yoldaki enzimlerin tümü, Allah'ın ilhamıyla, görevlerini ve zamanlamayı tam olarak bilirler. |
Мындан тышкары, ферменттердин бири-бири менен тыгыз байланыштуу бир системанын ичинде иштээрин да эске салуу керек. Бир фермент бир процессти баштатып гана койот, кийинки этапта болсо башка сансыз ферменттер кызмат кылышат. «Метаболизм (зат алмашуу) жолдору» деп аталган бул этаптарда ферменттердин арасында кемчиликсиз бир координация жана контроль орун алат. Бир система толук иштей алышы үчүн, бири-бирин кыймылга келтирүүчү ферменттер өздөрүнүн милдетин так билип, убакытты мыкты пландашы шарт.
Белгилүү метаболизм жолунда бир фермент өзүнөн мурдакы ферменттин пайда кылган продукциясын субстрат катары алат. Башкача айтканда, бир ферменттин реакциясынын натыйжасын пайдаланып, башка бир фермент реакциясын баштайт. Бүт реакциялар тизмеги (чынжыры) ишке ашып бүткөндө, аягында бул тизмекти баштаткан ферменттердин бир даанасынын ингибитору, б.а. бөгөт коюучусу келип чыгат. Ошентип белгилүү реакциялар тизмегинен турган өндүрүш тең салмакка салынат. Мисалы, амилаза ферменти крахмалды мальтозага, мальтаза ферменти болсо мальтозаны глюкозага айлантат. 11дей фермент кезеги менен өз милдетин аткарып, аягында глюкоза сүт кислотасына айландырылат. Мындай тизмектин укмуш ылдам бир мисалын кандын уюу системасынан да көрүүгө болот. Бул зат алмашуу жолундагы ферменттердин бири-бирин ишке киргизүүчү касиетинен улам, система кемчиликсиз бир убакыт тактыгы жана кызматташтык менен иштейт жана уюган кан жарааттын бетин эч кемчиликсиз, толук жабат. Бир даана ферменттин кантип пайда болгонун да түшүндүрө албаган эволюционисттер бири-бири менен тыгыз байланыштагы көптөгөн ферменттерден турган, бир бөлүгүн да алып салууга болбой турган, «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктөгү» бул тизмекти, албетте, эч качан түшүндүрө алышпайт. Эволюционисттер канчалаган кереметтүү нерселердин баарын «кокустан пайда болгон» дешет жана бүт сценарийлерин ушул көз-караштын негизинде иштеп чыгышат. Бирок, бул сценарийлердин илимий жана логикалык эч бир негизи жок. Эволюционист физик жана астроном Фред Хойл бул чындыкты апачык айткан:
Эволюционисттердин жашоонун келип чыгышы жөнүндө айткандарынын баары жалгандарга таянат. Анан, ал алдамчылык ыкмасын кеңейтип, адамзатка да колдонууга аракет кылышат. Бирок эволюционисттер түшүнгүсү келбеген бир чындык бар: кокустуктар кереметтерди жасай алышпайт. Кокустуктардын акылы жана аң-сезими жок. Аң-сезимдүү, пландуу окуяларды жана функцияларды пайда кыла алышпайт. Жер жүзүндөгү таң калыштуу жана кереметтүү кооздуктардын баарынын Жаратуучусу – Аллах.
Аллах – бүт нерсенин Жаратуучусу. Ал бүт нерсенин үстүндө Өкүл. Асмандардын жана жердин ачкычтары Ага тиешелүү. Аллахтын аяттарын тангандар (жокко чыгаргандар) болсо; мына ошолор азапка туш болушат. |
... Göklerde ve yerde en Yüce misal O'nundur. |
Vücutta tüm reaksiyonların gerçekleşme sırası, sayısı ve zamanı sürekli olarak kontrol altındadır. Bu kontrol vesilesiyle vücutta ortaya çıkan ürünler, tam olarak vücudun ihtiyacı kadardır. Hücre ihtiyaç duymadığı sürece enzimler oldukça düşük oranda sentezlenirler. Ancak hücrede talep artarsa, enzim sentezinin hızı oldukça artar. Vücutta ihtiyaç belirleyen, enzimlerin her birini kontrol edip, her birine görev veren, tüm varlıkların Yaratıcısı olan Allah'tır. |
Бир клетканын ичинде миңдеген фермент бар жана алар тынымсыз субстраттар үчүн бири-бири менен атаандашышат. Ар бири химиялык бир реакция тизмегинин бир бөлүгү же зат алмашуу жолунун бир мүчөсү. Ал жерде бир субстрат үчүн күрөшкөн башка башка ферменттер да бар. Бул система ушунчалык татаал болгондуктан, ар бир реакциянын ишке ашуу убактысын жана кандай ылдамдыкта улантылышы керек экенин аныктоочу бир тартип болушу керек.
Ошондуктан реакциялардын ишке ашуу кезеги, саны жана убактысы өтө кылдат контрольго алынган. Ферменттердин катализатордук иш-аракеттери эң мыкты тартипке салынгандыктан, реакциялардын натыйжасында пайда болгон продукциялар клетканын муктаждыгына толук дал келет.26 Ферменттер керектүү иштерди биргелешип, тездик менен жасай алышы үчүн тынымсыз тартипке салынышат. Сөзсүз түрдө ар бир этап текшерилет, эч бири аттап кетилбейт. Клеткага жаңы продукция керек болгондо синтездик реакциялар, молекулаларды бузуп жок кылуу керек болгондо болсо бузуучу реакциялар жасалат. Көбүнчө клеткада муктаждык болбосо, ферменттер абдан аз өлчөмдө синтезделет. Бирок клеткада талап өссө, тездик менен жаңы ферменттер синтезделип баштайт.
Ферменттер да алар үчүн белгиленген тең салмактуулукка шайкеш келишет. Мисалы, липаза ферменти майды майда компоненттерге бөлөт, бирок ошол эле учурда глицерин менен май кислоталарын бириктирүү милдети да ага жүктөлгөн. Реакциялардын кайсы багытта болоору абдан маанилүү. Себеби бул реакциялардын бирөөсүндө энергия коротулса, экинчисинде энергия алынат. Энергияга муктаж болгон реакциялар менен энергияны пайда кылуучу реакциялар бир учурда ишке ашышы зарыл же энергия кандайдыр бир жол менен алдын ала сакталып коюлушу керек. Энергияны сактап коюучу АТФ (аденозинтрифосфат) бир батареядай болуп энергияны сактап берет.27
Ферменттер ингибиторлор (бөгөт коюучулар) аркылуу да жөнгө салынып турушат. Ар бир ферменттин өзүнө тиешелүү бир фермент ингибитору бар. Бул темага алдыда тереңирээк токтолобуз. Фермент ингибиторлору ферменттердин ашыкча өндүрүлүшүнө бөгөт коюп, клетканын ичинде маанилүү бир тең салмактуулукту камсыз кылышат. Ферменттер аларга муктаждык болгонго чейин пассивдүү абалда болушат. Мунун бир мисалын пурин жана пиримидин негиздеринин өндүрүшүнөн көрүүгө болот.
Пиримидиндер – бул, пуриндерди активдештирүүчү молекулалар. Клеткада ДНК жана РНК молекулаларын жасоодо бул заттар бирдей өлчөмдөрдө болушу зарыл. Пуриндердин саны керектүү деңгээлге жеткенде, ингибиторлор пуриндин өндүрүшүн камсыз кылуучу ферментке бөгөт коюу аркылуу пурин өндүрүшүн токтотушат. Пиримидин өндүрүшүн камсыз кылуучу ферменттерди активдештиришет. Ошол эле учурда, пиримидиндер да өздөрүнүн ферменттерин токтотуп жатканда, пурин ферменттерин активдештиришет. Эки заттын синтезиндеги эки тараптуу байланыш клетканын ичинде бул эки заттын дайыма бирдей санда болушуна шарт түзөт.28
Жөнгө салуучу системалар клетканын ичинде тынымсыз контроль системасын улантышып, керек учурда жөнгө салышат. Бул жерден да көрүнүп тургандай, ферменттер реакцияларды ылдамдатып, денеге керектүү заттарды алса эле, маселе чечилип калбайт. Денебиз ушунчалык татаал болгондуктан, тынымсыз көптөгөн реакциялар ишке ашып жатканда, бир тараптан алардын убакыттары да кемчиликсиз жөнгө салынышы керек. Натыйжада алынган продукциялар бир миллиграмм ашыкча да, кем да болбошу зарыл. Дененин муктаждыгына жараша керек учурда көбүрөөк өндүрүш жасалып, керек эмес учурда болсо ал өндүрүштү токтото турган бир чара көрүлүшү зарыл. Албетте, алгач муктаждыкты аныктоо керек. Аныктоо процесси ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, бир фермент секунданын миңден биринчелик кыска убакыт ичинде муну билип, жөнгө сала алат. Биз аңдап түшүнгөнгө чейин, булардын баары белгилүү бир тартипке ылайык, катасыз уланып жаткан болот.
Адамдын денесинде кереметтүү бир система бар. Бүт баары пландалып, эч кемчиликсиз тартипке салынган. Бүт баары бири-бирин көзөмөлдөп, бири-бирин шифрлейт. Бирөөсү иштеши үчүн экинчисинин болушу шарт жана бүт баары чынжырдай болуп бири-бирине байланышкан. Адамдын денеси – клетканын ичиндеги эң кичинекей органеллдерине чейин, бүт тарабы кереметтүү, кемчиликсиз бир машина. Себеби бүт баары Аллахка моюн сунат. Бул тартипти түзгөн мүчөлөрдүн баары Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет жасашат. Ал белгилеген жолдо, Ал белгилеген иштерди аткарышат. Бир клеткага кайсы заттар, канчалык өлчөмдө керек экенин, өндүрүштүн кандайча жасалаарын Улуу Аллах аныктаган. Жогоруда айтылган контроль механизмдеринин баары Аллахтын уруксаты менен гана иштейт жана белокторду шифрлеген (коддогон), ферменттерди көзөмөлдөгөн системалардын баары Раббибиздин көзөмөлүндө. Аң-сезимсиз молекулалар клеткада секунда сайын болуп жаткан процесстерди көзөмөлдөп, башкара албайт. Бул күч-кудурет бир гана Аллахка тиешелүү.
Аллахтын улуу чеберчилигин бүт тараптан көрүүгө болот. Адам бүт айлана-чөйрөсүнөн, ар бир клеткадан буларды көрө алат. Себеби асмандардагы жана жердеги жалгыз акыйкат ушул. Аллах муну Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Асмандардын жана жердин кайыптары (көрүнбөгөн тараптары) Аллахка тиешелүү, бүт иштер Ага кайтарылат; демек Ага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага тобокел кылгыла (таянгыла). Сенин Раббиң кылган иштериңерди билет. |
Şüphesiz, yerde ve gökte Allah'a hiçbir şey gizli kalmaz. |
Yandaki grafik, enzimlerin devreye girmesi sonucunda reaksiyon hızının ne kadar artabileceğini göstermektedir. Söz konusu hız, insan vücudunun yaşamını sürdürebilmesi için büyük bir zorunluluktur. Enzimlerin bu üstün yetenekleri, Allah'ın insanlara rahmetinin bir tecellisidir. |
1. Enzim |
Bir enzimin reaksiyona girmesinin ardından oldukça kapsamlı işlemler gerçekleşir. Tüm bunların gerçekleşme hızı ise olağanüstüdür. Örneğin karbonik anhidraz enziminin her bir reaksiyona girdiği süre 2 mikrosaniyedir. Eğer bir saniyeyi bütün bir seneye yayarsanız, bir mikrosaniye ancak bir içecek reklamı kadardır. |
Эгер ферменттер болбогондо, өмүрүңүз бир химиялык реакцияга да жетпей калышы мүмкүн эле. Бир канча жылга созула турган реакциялар ферменттер тарабынан ушунчалык катуу ылдамдатылгандыктан, бир канча саат же бир канча мүнөттө эмес, миллисекундаларда болуп бүтөт. Ферменттер бир реакцияны 1014 эсе ылдамдата алышат.29 Бул сан 10дун жанына 14 нөлдүн жазылышынан келип чыккан бир сан. Мындай ылдамдык болбогондо, 5 секундалык бир процесс, мисалы бир сүйлөмдү окуу, 1500 жылга созулмак.30
Эгер ферменттер болбогондо, клетканын бир канча секундада жасаган иштери миңдеген жылга созулмак, тагыраак айтканда, организм жашай алмак эмес. Ферменттерге бир организм жашай алышы үчүн ишке ашышы керек болгон сансыз реакцияларды өтө катуу ылдамдатуу милдети жүктөлгөн.
Мындай чоң ылдамдыкка жетүү үчүн фермент эмне кылат? Мурда да айтылгандай, ферменттер реакцияга керектүү «активдештирүүчү энергияны» азайтышат. Активдештирүүчү энергия деген өзү эмне? Аны төмөнкүчө түшүндүрүүгө болот: көмүртек үчүн энергия жагынан реакцияга эң ыңгайлуу молекула кадимки шарттарда көмүр кычкыл газы болуп саналат. Булар бир жерде турганда, бири-бирине таасир тийгизип, тутанып күйүп кетиши мүмкүн. Бирок бир организмдин денесинде булардын баары болсо дагы, ал эч качан күйүп, күл болуп калбайт. Колуңуздагы китеп дагы көмүртектен турат, жана тынымсыз көмүр кычкыл газына тийишип турганына карабастан, эч качан өзүнөн-өзү күйүп кетпейт. Себеби тирүү организмдердеги жана китептеги молекулалар тең салмактуу болушат жана сырттан жаңы бир энергия кирмейинче, тең салмактуу түзүлүштөрү бузулбайт, б.а. тутанып күйүп кетишпейт. Сырттан кирип, тең салмактуулукту буза турган жаңы энергия «активдештирүүчү энергия» деп аталат. Мисалы, бир ширеңке активдештирүүчү энергияны камсыз кылып китепти күйгүзөт. Клетканын ичиндеги суулуу аралашмадагы молекулалар болсо бул энергияны айланадагы молекулалар менен туш келди сүзүшүүдөн келип чыккан энергиядан алышат.31 Ферменттер ушул сүзүшүүлөрдөн келип чыккан чоң энергияны азайтуу милдетин аткарышат.
Биохимиктер ферменттердин ылдамдыгын өлчөөдө эң негизги ыкма катары бир фермент тарабынан бир секундада реакцияга киргизилген субстраттардын санын эсептөө ыкмасын колдонушат. Бул «ферменттин оборотторунун саны» деп аталат. Бул көрсөткүч ар кайсы ферментте ар түрдүү болот. Көп ферменттин оборотторунун саны ондоп же жүздөп саналат. Кээ бир ферменттерде болсо бул көрсөткүч бир канча миңге жетет. Мунун бир мисалы – карбоангидраза ферменти. Дененин кыртыштары тарабынан бөлүп чыгарылган көмүр кычкыл газынын дээрлик жарымы ээриген абалда кан аркылуу өпкөгө алып келинет. Суюктуктун ичиндеги көмүр кычкыл газы эритмесинин көлөмү бул процесс үчүн абдан оор болуп саналат. Ошондуктан карбоангидраза бул процессти катализдеп, 10 миллион эсе ылдамдатат. Бир секунданын ичинде 600000 суу молекуласын жана ошончо сандагы көмүр кычкыл газы молекуласын реакцияга киргизет. Башкача айтканда, фермент 2 микросекунда сайын бирден реакцияга кирип турат. Бул абдан чоң бир ылдамдык. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасоого болот. Эгер бир секунданы бир жыл деп элестетсек, анда бир микросекунда бир суусундуктун жарнамасындай гана убакытка созулат.32
Бир молекуланын ажыратылышы, бир калдыктын жок кылынышы же бир азыктын майда компоненттерге ажыратылышы, Аллахтын каалоосу менен, секунда сайын эч тынбаган ферменттердин ийгилиги. Алдыда карала тургандай, тамак сиңирүү системасындагы тамак-аштардын сиңирилиши да атайын тамак сиңирүү ферменттери тарабынан камсыз кылынат. Тамак сиңирүү процесси тамак-аштын түрүнө жараша адамдын денесинде болжол менен 3-6 саатка созулат. Бирок эгер ферменттер болбогондо, бир тамактын сиңирилиши 30 жылдан ашуун убакытка созулмак.33 Муну мындайча түшүндүрүүгө да болот: тамак сиңирүүнүн эң негизги мүчөлөрүнүн бири болуп саналган пепсин ферментинин 30 эле граммы 2 тонна салмагындагы жумуртканын агын сиңире алат.34 Бул чындыгында өтө чоң бир ылдамдык. Ферменттер болбогондо, бир жумуртканы бир канча жылда араң сиңире алмакпыз. Ферменттер болбогондо, 5 секундалык бир реакция 1585 жылга созулмак. Мисалы, бул китептин бир бетин окуп чыгууга 115000 жыл керек болмок.35
Эволюционист Карл Саган ферменттердин теңдешсиз ылдамдатуу жөндөмү жөнүндө мындай деген:
Бир организмдин клеткасы – абдан татаал жана комплекстүү бир архитектура керемети. Микроскоп менен караганда чымын-куюн түшкөн кыймыл-аракеттерди көрөбүз. Андан да тереңинде болсо молекулалардын укмуш чоң ылдамдыкта синтезделип жатканын билебиз. Ар бир фермент ар секундада дээрлик 100дөн ашуун молекула синтездейт. Он мүнөттүн ичинде бир бактерия клеткасынын жалпы көлөмүнүн абдан чоң бөлүгү синтезделип бүтөт. Жөнөкөй бир клетканын ичиндеги маалыматтын көлөмү болжол менен 1012 битке барабар деп болжолдонууда. Бул сан болжол менен жүз миллион беттик Британника энциклопедиясына тең келет.36
Бул жерден да көрүнүп тургандай, болжол менен жүз миллион беттик Британника энциклопедиясынан да алда канча көп маалыматты камтыган бир клетка, Аллахтын уруксаты жана көзөмөлү менен, 10 мүнөттүн ичинде жасалып бүтөт. Бул өндүрүштүн негизги себепчиси болсо – бул, Аллах кемчиликсиз кылып жараткан ферменттер.
1. Enzimlerin olmadığı durumlarda reaktif enerji seviyesi Enzimler, reaksiyonları olağanüstü derecelerde hızlandırırlar. Eğer enzimler olmasaydı, 5 saniyelik bir reaksiyonun süresi 1.585 yıla kadar uzayabilirdi. Örneğin sadece bu sayfayı okumak için 115.000 yıla ihtiyacımız olacaktı. |
Ар бир ферменттин реакцияларды ылдамдатуу деңгээли ар түрдүү болот. Бир сүйлөм менен айтылган бул маалымат негизи өтө улуу бир керемет. Денеде кээ бир реакциялар абдан ылдам ишке ашышы керек. Кээ бирлери аяр болот. Мисалы, кээ бир реакциялар катализаторлордун жардамы менен 1 секундага созулушу мүмкүн. Катализатор, б.а. фермент болбосо, ал реакциянын ишке ашуу ылдамдыгы 108 секундага созулат. Бул болжол менен 3 жылга барабар. Бирок кээ бир реакциялардын тең салмакка келиши фермент бар кезде 10 мүнөткө созулат. Бул ферменттер дүйнөсүндөгү абдан жай ишке ашуучу бир реакция болуп саналат жана катализатор болбогон учурда бул реакциянын тең салмакка келишине 109 мүнөт кетет. Бул 2000 жылга барабар.37
Ылдам ишке ашышы керек болгон реакциялардын ылдамдыгы салыштырмалуу жай жүрүүчү реакцияларга чоң кооптуулук пайда кылышы мүмкүн. ДНКны копиялоочу ферменттер жайыраак кыймылдашы керек болсо, денедеги уулуу заттарды ажыратуучу ферменттер эч ылдамдыгын азайтпашы зарыл. Мисалы, кээ бир ферменттердин реакцияларынан кошумча продукция катары суутек пероксиди бөлүнүп чыгат жана, белгилүү болгондой, суутек пероксиди күйгүзүүчү бир зат. Адамдын денесиндеги бүт органдарды ээритип жок кылуу күчүнө ээ. Ушунчалык кооптуу бир заттын клеткадан иштелип чыгышы бир жагынан таң калыштуу болсо, экинчи жагынан абдан кооптуу. Ошондуктан дененин кыртыштарына зыяны тийе электе жок кылынышы зарыл. Андыктан дененин ичинде атайын бир чара көрүлгөн. Суутек пероксидин иштеп чыгарган ферменттердин ичинде «пероксисома» деп аталган атайын органеллдер болот. Бул органеллдердин ичинде көп санда каталаза ферменттери болот. Каталаза ферменти болсо суутек пероксидин дененин кыртыштарына тарап кете электе талкалоо милдетин аткарат.38 Бул фермент бир мүнөттө 5000000 суутек пероксиди молекуласын ажыратып, суу менен кычкылтекке айландыра алат. Жана ал үчүн ар бир молекулага 18000 калория активдештирүүчү энергия талап кылынат. Эгер каталаза ферменти бул жумушту жасабаганда жана бул милдет бир гана темир атомуна жүктөлгөндө, суутек пероксидинин бир даана молекуласы болжол менен 300 жылда араң ажыратылмак.39 5 миллион суутек пероксиди молекуласын ажыратуу үчүн болсо 5000000 х 18000 = 90 000 000 000 калориялык бир активдештирүүчү энергия талап кылынмак. Дүйнө жүзүндөгү бүт организмдердин жеген тамак-аштарын жана иштеп чыгарган энергияларын кошсок дагы, буга жетмек эмес.40
Дуэйн Т. Гиш (Duane T. Gish) каталаза ферментинин мааниси жана анын кокустан пайда болбой тургандыгы жөнүндө мындай деген:
Ферменттер реакцияларды абдан катуу ылдамдаткандыктан, биз үчүн мааниси чоң. Ферменттер мынчалык ылдам болбогондо, анда эмне болмок? Ферменттерсиз 10 миң жылда ишке аша турган бир реакцияны, мисалы 100 жылда ишке ашырышса, бул бизге жетиштүү болот беле? Муну 100 эмес, 10 жылда ишке ашырышса, бизге пайдасы тийет беле? Жылдар, айлар, сааттар мындай турсун, бир реакция болгону 10 мүнөткө созулганда, өмүр сүрө алмак белек? 10 мүнөт мындай турсун, катализатор мөөнөтүнүн миллисекундага эле кечигиши ал функцияны жараксыз кылып коюуга жетет. Мисалы, каталаза ферментинин ДНК-полимераза ферментиндей ылдамдыкта иштеши бөлүнүп чыккан бүт суутек пероксиди молекулаларынын клеткага тарап кетишине жана натыйжада клеткалардын өлүмүнө себеп болот.
Аллах асмандарды түркүксүз көтөрдү; аларды көрүп жатасыңар. Анан Аршка «истива» кылды жана күн менен айды моюн сундурду, алардын баары белгилүү бир убакытка чейин сүзүп жүрүшөт. Бүт иштерди курчап башкарат, аяттарды бир-бирден түшүндүрөт. Балким Раббиңерге жолугаарыңарга так илим (далил) менен ишенээрсиңер. |
Ферменттер болгон жана болбогон учурлардагы реакциянын мөөнөттөрүндөгү абдан чоң айырмалар бул кереметтүү белоктордун канчалык чоң жумуш жасаарын апачык айгинелеп турат. Бул жерде «кокустук» түшүнүгүнө эч жол бербей турган улуу кереметтер бар. Ал тургай, мындай татаал бир системанын планын түзүп, жасап чыгуу аң-сезимдүү адамзаттын да колунан келбейт.
Бул жерде ойлонуу керек болгон дагы бир абдан маанилүү жагдай бар: ферменттердин ылдамдатуу күчү кантип ар түрдүү болуп калат? Ферменттер ар бир реакциянын ар кандай ылдамдыкта болушу керек экенин кайдан билишет? Ферменттер өз алдыларынча бир реакциянын эмне ишке жараарын билип, аны канчалык ылдамдатуу керек экенин эсептеп чыгып, анын негизинде ылдамдатуу чоңдугун белгилей алышпайт жана аны башка ферменттерге кабар бере алышпайт. Мындай өзгөчөлүктөргө кокустан ээ болуп калышы да мүмкүн эмес. Кокустуктар – бул, аң-сезимсиз, туш келди таасирлерден келип чыккан окуялар, жана клеткадай комплекстүү бир органеллдин ичиндеги туш келди бир өзгөрүү бүт органеллдин ишке жарабай калышына жана клетканын өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан клетканын ичиндеги системалар да, фермент системасынын иштеши да, баары башкарылып турат, жана бул башкаруу күчү клеткага же анын ичиндеги органеллдерге тиешелүү эмес.
Аң-сезимсиз атомдордон турган микроскопиялык бир системада ишке ашып жаткан пландуу, аң-сезимдүү иш-аракеттердин бир гана түшүндүрмөсү бар. Булардын баары эгер чыныгы мааниде эмне кылуу керек экенин билишсе, кылган иштеринде эч ката кетиришпесе, канчалаган кылымдан бери бүт адамдарда бул иштерди эч катасыз улантып келе жатышса, анда булар улуу бир акылдын чыгармалары. Бул акылдын жана кемчиликсиздиктин Жаратуучу Аллахка тиешелүү экендиги анык. Аллах ферменттердин адам денесинде кемчиликсиз кызмат кылышын, ар биринин ар кандай ылдамдыкта ар түрдүү молекулалар менен иштешин жана бир адамга өмүр сүрдүрүү үчүн тынымсыз иш-аракет жүргүзүшүн каалаганы үчүн, бул молекулалар акыл-эстүү иштерди ийгиликтүү орундатышат. Ферменттер – жер бетиндеги бүт жандыктарды, адамды, ал жашаган ааламды, кыскасы, бүт нерселерди бир буйругу менен жараткан Аллахтын сый-жакшылыктары. Аллах Өзүнүн жаратуу чеберчилигин жер бетиндеги кемчиликсиз чыгармалары жана аяттары аркылуу адамдарга таанытат. Раббибиздин аяттарынын бири төмөнкүдөй:
Ферменттердин ылдамдыгын изилдеген белгилүү изилдөөлөрдүн бири North California университетинин биохимия, биофизика жана химия профессору, ошондой эле, Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү, д-р Ричард Вулфенден (Richard Wolfenden) тарабынан жасалган. Вулфендендин 1998-жылы айткан сөзү ферменттердин кереметтүү ылдамдыгын жакшыраак түшүнүшүбүзгө шарт түзөт. Вулфенден андан мурдакы изилдөөлөрүндө ДНК менен РНКнын курулуш материалын түзгөн эң негизги түзүлүштөрдүн биологиялык реакцияларынын сууда жана ферменттерсиз, т.а. катализаторсуз бир чөйрөдө 78 миллион жылга созулаарын эсептеп чыккан эле. Бирок кийинки ачылышы андан да таң калыштуу болду. Ал ачылышын төмөнкүчө баяндаган:
Вулфенден Англиядагы Sheffield университетинен Четан Лад (Chetan Lad) жана Николас Х. Уильямс (Nicholas H. Williams) менен бирге бул жаңы ачылышын 1998-жылдын 29-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын интернет баракчасында жарыялаган.
Вулфенден көңүл бурган фермент фосфатаза ферменти эле. Фосфатаза ферментинин катализатордук күчү «фосфат моноэфирлери» деп аталган белгилүү бир химиялык зат тобунун суудагы реакция ылдамдыгын укмуш күчөтөт. Бул моноэфирлерге таасир тийгизген фосфатаза ферменттери клеткалар аралык байланыштарды жана клеткалардын сигналдашуу жолдорун жөнгө салышат. Вулфенден эфирлердин мааниси жөнүндө мындай дейт:
G. serbest enerji | 1. aktivasyon enerjisi |
Reaksiyonlarını 10 saniyede gerçekleştiren fosfataz enzimlerinin olmaması durumunda, reaksiyona girecek olan maddenin sadece yarısının harcanmasına yetecek kadar zaman, 1 trilyon yıldır. Bu sayı, evrenin yaşından 100 kat daha fazladır. |
Вулфенден бул чоң ачылыш жөнүндөгү таң калуусун төмөнкүчө айткан:
Бул маалымдамада сөз кылынган ферменттер чыныгы мааниде сыйкырдуу, себеби катализатор катары белгилүү болгон башка бүт ферменттерден күчтүү. Учурда химиялык катализаторлордун реакцияларды кантип ылдамдатаарын эми гана түшүнүп баштадык. Бирок алигече эч ким алардын катализатордук күчүн иштеп чыгууга жакындай да алган жок.
Ферменттер болбосо 1 триллион жылга созула турган реакция эволюционист Вулфендендин мындагы кереметти кабыл алышына себеп болгон. Эсептелип табылган бул ири сан Вулфенден да апачык айткандай эч ким түшүнө албай турган бир мөөнөт:
Бул сан «жайбаракаттык» жагынан ааламда биз билген бүт чоңдуктарды бир четке сүрдү. (Фермент реакциясы) ылдамдатылбаганына караганда 1021 эсе ылдамыраак. Бул багытта биз билген эң чоң көрсөткүч 1018 эле. Муну менен эч ким түшүнө албай турган чоңдуктарга жакындадык.44
Эгер бир канча аминокислотанын биригишинен пайда болгон бир белок 1 триллион жылга созула турган бир реакцияны бир канча секундага батырып койсо, мында чыныгы мааниде бир керемет бар. Бир белоктун жасаган ишин эгер адамдардын баары биригип да жасай албаса, бул процесстин кандайча ишке ашаарын да толук түшүнө албаса, анда адамзат бир акыйкатты кабыл алышы керек. Муну жарата ала турган Аллахтан башка эч бир күч-кудурет жок. Аллах бир аятында бүт нерсени тартип менен жаратканын кабар берген:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы; Анын баласы жок. Анын мүлктө шериги жок, бүт нерсени тартипке салып, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Курандын дагы бир аятында Аллах бүт нерсенин Өзүнүн башкаруусунда экенин төмөнкүчө билдирген:
Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)
Албетте, Аллах бүт жандыктарды жаратып, аларга эң кооз келбет берген жана аларды дайыма Өзү башкарып турат. Бул акыйкатты көрмөксөн болгондордун буга каршы айта турган бир дагы аргументи жок. Булардын баарын «кокустан пайда болгон» деп айтуу, буларды «эволюциянын» бир кереметиндей көрсөтүүгө аракет кылуу бул акыйкатты өзгөртпөйт. Мындай сөздөрдү айткандар да бул кереметтерди билишет. Кокустуктар бир жандыкты пайда кыла алышпайт. Бир жандыктын бир клеткасын, ал клеткада кызмат кылган бир ферментти, ал фермент ишке ашырган реакциялар тизмегин пайда кыла албайт. Булардын баарын Аллах жаратат жана баарынын кылган иштери Аллахтын улуулугун жана жараткан нерселериндеги кемчиликсиздикти көрсөтөт.
De ki: "Göklerde ve yerde ne var? Bir bakıverin."İman etmeyen bir topluluğa apaçık ayetler ve uyarmalar bir şey sağlamaz. |
1. Enzim | 2. Hormon |
Her ikisi de protein olan ve proteinlere has üç boyutlu şekil özelliğini paylaşan enzim ve hormonlar, sadece işlev olarak birbirlerinden ayrılmaktadırlar. Bu ayrımı belirleyen, onlara vücutta farklı görevler ilham eden Rabbimiz olan Yüce Allah'tır. |
Ферменттер да, гормондор да – белок, жана экөө тең ДНК тарабынан коддолот. Экөө тең көздөгөн жерине кулпуга ачкычтын шайкеш келишиндей шайкеш келишет, башкача айтканда, формалары аткарган функциялары жагынан абдан маанилүү. Бирок гормондор «маалымат молекулалары» болуп саналат. Дененин кээ бир аймактарында иштелип чыгып, канга берилет жана кан аркылуу дененин башка аймактарына жиберилет. Тагыраак айтканда, кан айлануу аркылуу дененин алыскы аймактарына бир нерселерди жасатуу үчүн сигналдарды жиберишет. Мисалы, өстүргүч гормон клеткалардын бөлүнүшүнө жана сөөктөрдүн өрчүшүнө керектүү сигналдарды жиберет. Алар шайкеш келүүчү рецепторлору бар же үстүлөрүндө сактоо бекеттери жайгашкан клеткаларда гана иштешет. Ферменттер болсо катализатор. Химиялык реакцияларды күчөтүп, зат алмашуу колдоно турган деңгээлде ишке ашырышат.45
Гормондор ферменттерге абдан окшош, бирок гормондор ферменттер сыяктуу тынымсыз химиялык реакцияларга кирип чыгышпайт. Мындан тышкары, гормондор кан аркылуу органдарга жетип, аларга узун мөөнөткө таасир тийгизишет. Мисалы, азыр бул китепти окуп жатып суусаган болушуңуз мүмкүн. Эгер суусаган же курсагыңыз ачкан болсо, бул сезимдериңиздин баарынын себеби – гормондор. Курсагыңыз ачканда дененин белгилүү аймактарынан бөлүп чыгарылган гормондор мээге жетип, мээде бир курсак ачуу сезимин пайда кылып башташат. Бул болсо сизде тамактануу каалоосун пайда кылат (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: «Гормондогу кереметтер», Харун Яхья).
Түзүлүшү жана иштөө шарттары жагынан ортолорунда дээрлик эч бир айырма болбогон бул эки белок бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Дененин ичинде иштеп чыгарылган белоктор өзгөчөлүктөрү бирдей, геометриялык формалары окшош болгонуна карабастан, бир заматта же фермент же гормон катары иш-аракет жүргүзүп башташат. Денеде бирөөсүнө «сен катализатор бол», экинчисине болсо «сен билдирүүлөрдү (буйруктарды) жеткир» деп айта турган эч бир аң-сезимдүү түзүлүш жок. Денедеги башка түзүлүштөрдүн (орган, кыртыштардын) баары да кайра эле белок жана майлардан турушат. Алардын бири экинчисинен акылдуу эмес, өз ара план түзүп, жумуштарды бөлүштүрө алышпайт, денедеги муктаждыктарды аныктап, ошого жараша өндүрүш жасай алышпайт. Өндүрүлгөн белоктордун баарына эмне кылаарын, кандай иш-аракет жүргүзөөрүн, кандай жол менен байланыш кураарын кабар берген, аларды жараткан Улуу Аллах. Ал Өзү жараткан денени, анын ичинде болуп жаткан процесстерди, аны иштеткен себептерди эң мыкты билет. Дененин муктаждыктарын жана алардын кантип, каерде өндүрүлүшү керек экенин Ал аныктайт. Ар бирине жасай турган иштерин илхам кылып, ар бир кыймыл-аракетин билдирип турат. Жана денедеги түзүлүштөрдүн баары Ага баш ийет. Ферменттер менен гормондор да Аллахтын илхамын уккандыктан, бири-биринен айырмалуу болушат.
Аллах каалаган нерселеринин баарын жоктон жаратат. Раббибиз бир аятында бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берген:
Ал асмандарды жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал «бол» деген күнү (бүт баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат. Суръа үйлөнгөн (чалынган) күнү мүлк Аныкы. Ал кайыпты жана күбө болунганды (көрүнгөндү) билүүчү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабардар. |
Адамдын денесинде 2000 түрдүү ферменттин кызмат кылаары аныкталган.46 Ушул ферменттердин жардамы менен өмүр сүрөбүз; дем алуу, үндөрдү угуу, сырттагы пейзажды көрүү, тамактануу сыяктуу иш-аракеттерибизге, кыскасы денебиздеги системалардын иштешине ферменттер себепчи болушат. Денеден бир ферментти алып салсак, анын денедеги аткарган кызматтары да иштебей калат. Эч бир зат бул көзгө көрүнбөгөн белоктун ордун ээлеп, анын аткарган кызматын аткара албайт.
Жашообуздун ар бир көз ирмемине, денебиздеги функциялардын аткарылышына жана айланабыздагы организмдердин өмүр сүрүшүнө сөзсүз керек болгон ферменттер өзү эмне жумуш аткарышат?
Бир бананды карап көрөлү. Көк бир бананды бир канча күн терезеге коюп койсоңуз, саргайып, даамданып калат. Бышып жетилүү деп аталган бул процесстин себеби – ферменттер.
Бир ит сөөктү көмүп койот. Эки жумадан соң аны алып чыкканда, башында абдан катуу болгон сөөк жумшарып, жегенге ыңгайлуу болуп калат. Мунун себеби да – ферменттер.
Көчөттөгү помидорлорду көк кезде алып, күндүн астына койуп койсоңуз, көп өтпөстөн кызарып башташат. Буга да күндүн энергиясынан кыймылдап баштаган ферменттер себеп болушат.
Ферменттер болбосо, уруктар өнбөйт, мөмөлөр бышып жетилбейт, жалбырактар түсүн өзгөртпөйт жана биз пайда боло албайбыз.47 Кыскасы, ферменттер – Улуу Аллахтын каалоосу менен, тирүү жандыктардын баарынын жашоо себепчилеринин бири.
Ферменттер денебиздеги системалардын бүт баарындагы химиялык процесстерге жооптуу. Мындан тышкары, иммундук системабыздын эң негизги мүчөлөрү. Көрүү, сезүү, угуу, дем алуу, кыймылдоо, тамактануу жана азыктарды сиңирүү үчүн да ферменттерден көз-карандыбыз. Кандын уюу системасында, жүрөк-кан тамыр системасынын иштешинде, боордун, бөйрөктөрдүн иштешинде, уулуу заттарды денеден сыртка чыгарууда, мээни азыктандырууда, гормондорду денеге таратууда, ой жүгүртө алышыбызда, ал тургай, түш көрүшүбүздө да ферменттер негизги рольду ойношот.
Ферменттер жеген тамак-аштарыбызды майда молекулаларга айландырып, алардын клеткаларыбыздын ичине өтүшүнө шарт түзүшөт. Клетка мембранасынан өтүп клеткаларга кире турган бул заттар кан айлануу жана тамак сиңирүү системасына өтүп, ал аркылуу бүт денеге тарайт. Анан бул даяр бөлүкчөлөр ферменттер аркылуу жаңы булчуңдарга, сөөктөргө, нервдерге жана секреция бездерине айландырылат. Колдонулбаган материалдар болсо келечекте колдонуу максатында ферменттер менен боордун биргелешкен иш-аракети аркылуу сактап коюлат.
Денеде азыктарды ташып жеткирүү толугу менен ферменттерден көз-каранды. Эгер ферменттер бул милдетин толук аткарбаса, эс-тутум жоголот, адам жакшы ой жүгүртө албай калат жана чарчап баштайт. Себеби мээге да азык жакшы жетпей калат.48 Бирок денеде мындай көйгөй жаралбайт. Себеби кадимки шарттарда ферменттер өз милдеттерин дайыма мыкты аткарышат, денеге кирген эч бир азыкты карабай коюшпайт. Дене үчүн ар бир азыктын абдан маанилүү экенин билишет. Тамак-аш, азыктардын баарын иштетип, эч нерсени ысырап кылышпайт.
Ферменттердин жумуштарды өз ара бөлүшүшү абдан укмуш. Бир фермент сөөктөрдү жасоо үчүн фосфорду колдонот. Дагы бири кандын уюшун камсыз кылса, үчүнчүсү темирди кызыл кан клеткаларына байланыштырат. Кээ бир ферменттер кычкылданууну камсыз кылышат, б.а. башка заттарды кычкылтек менен бириктиришет. Ал ортодо кээ бирлери көмүр кычкыл газын өпкөдөн бөлүп алышат. Белокторду, кантты жана углеводду майларга айландыруу да ферменттердин милдети.49 Сперма клеткасында энелик клетканы тешүү үчүн атайын ферменттер болот. Иммундук системадагы ферменттер болсо кандагы жана кыртыштардагы калдык заттар жана уулар менен тынымсыз күрөш жүргүзүшөт.50
İşte Rabbiniz olan Allah budur. O'ndan başka İlah yoktur. Her şeyin Yaratıcısı'dır, öyleyse O'na kulluk edin. O, her şeyin üstünde bir vekildir. |
Ферменттер кантты көмүр кычкыл газы менен сууга ажыратуу сыяктуу химиялык процесстерди секундалардын ичинде жүздөгөн, ал тургай, миңдеген жолу, өмүр бою эч тынымсыз жасай алышат.
Ферменттер клетканын ичинде тынымсыз иш-аракет жүргүзүп, ажыратуу, синтездөө жана жөнгө салуу кызматтарын аткарышат. Клетканын ичинде ферменттер аркылуу бир секундада орточо 40 реакция ишке ашырылат. Реакцияларды ылдамдатып, өз милдетин аткарган соң, эч бир өзгөрүүгө дуушар болбостон, ал жерден бөлүнүп чыккан ферменттер башка реакцияларга катышууну улантышат жана ошентип көпкө кызмат кылышат. Бул денеге чоң үнөмдөө алып келет. Себеби тынымсыз фермент иштеп чыгуу зарылдыгынан куткарат. Алар денеде бузулуп жоголбостон, өз кызматтарын уланта беришет.
Ферменттер жарааттарды айыктырып, инфекцияларды дарылашат.51 Иммундук система менен микробдордун согушунан келип чыккан калдыктарды жок кылышат. Денедеги согуш бүткөн соң, өлтүрүлгөн микробдор, антитело-микроб кошулмалары жана уулар ферменттердин ынталуу иш-аракети аркылуу жок кылынат. Мындай калдыктар эгер денеден чыгарылып салынбаса, тамырлардын тосулуп калышына (атеросклероз сыяктуу ооруларга) себеп болот.
Ферменттер кандай учурларда чара көрүү керек экенин да билишет. Өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керек экенин билишет. Мисалы, кээ бир жаныбарлардын көпкө созулган кышкы уйку кезинде энергия өндүрө турган азыгы жок болгондуктан, денелериндеги ферменттер ошого жараша «чара көрүшөт». Денедеги майларды күйгүзүп, энергия бере турган углеводдорго айландырышат.52 Башка убактарда мындай кылышпайт. Бул алардын азык жок кезде колдонула турган бир өзгөчөлүгү, жана бул чараны качан көрөөрүн аларга Аллах илхам кылат. Адамдын денесиндеги ферменттер да керек учурда, керектүү чараларды көрө тургандай кылып жаратылган. Мисалы, бир адам көпкө чейин ачка жүрсө, денедеги майларды күйгүзүп, углеводдорго айландырышат. Ферменттер денеңизди куткаруу үчүн ушундай чара көрүшөт жана сиздин андан кабарыңыз да болбойт. Ферменттер денеңизди күч-кубаттуу кармоо үчүн кандай ыкмаларды колдонуп жатканын билбейсиз. Сизге өмүр сүрдүрүү үчүн сиз билбеген сансыз жумуштарды эч тынымсыз жасап жаткан бул кереметтүү молекулалардын жөндөмдөрү адамзаттын акылынан, тажрыйбасынан, чара көрүү жөндөмүнөн жана күчүнөн канча эсе жогоруда турат. Себеби буларды адамдын жашоосуна себепчи кылган, аларга бүт бул жөндөмдөрдү берген – Улуу Аллах. Аллах адамдарды бул акыйкаттар жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөйт. Аллах жараткан сый-жакшылыктарды унутпоо, бүт кереметтүү кубулуштар жөнүндө терең терең ойлонуу – адамдын эң негизги жоопкерчиликтеринин бири. Аллах бир аятында адамдарга мындай дейт:
Көңүл бургула, асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахка тиешелүү. Ал силердин кайсы жолдо экениңерди, албетте, билет. Жана Ага кайтып барышкан күнү аларга кылгандарын кабар берет. Аллах бүт баарын билет. |
Денеде ар бир химиялык реакцияга белгилүү ферменттер милдеттендирилген. Ферменттер бири-биринин милдетин аткарбайт. Ошондуктан ар бир жумуштун сөзсүз өзүнүн ферменти болушу керек. Эгер ферменттер түгөнүп, жаңыланбай калса, алардын ордун башка ферменттер алмаштыра албайт. Буга чейин да айтылгандай, реакциялар тизилген доминолордой бири-бири менен байланышта болушат. Эгер кандайдыр бир фермент болбогону үчүн, реакциялардын бирөө ишке ашпай калса, химиялык реакциялар тизмеги да толугу менен токтоп калат. Мисалы, ДНКны копиялоо процессинде жаңы пайда болгон тизмекти текшере турган бир фермент болбосо, каталуу копия келип чыгат, андан кийинки ферменттер да өз милдетин аткара албайт жана организмде ишке жараксыз же каталуу бир ДНК пайда болот.
Ферменттер, ошондой эле, белгилүү бир температурада жана белгилүү бир pH деңгээлинде кызмат кыла алышат. Ферменттер негизинен 30-70ºC температурада жашай алышат жана бул «оптималдуу температура» деп аталат.53 Бул температура интервалы абдан маанилүү, себеби адам денесинин орточо температурасы 36,5ºC жана бул температура адам денесиндеги ферменттердин иштеши үчүн эң ыңгайлуу чоңдук. Ал тургай, денеде өтө кылдат шарттарда иштегени үчүн, мындан да чектүү температура интервалында гана жашай алчу ферменттер бар. Ошондуктан дене температурасынын бир аз эле өзгөрүшү да ферменттердин иш-аракеттерине өз таасирин тийгизет. Дене суукта үшүгөндө же адамдын температурасы көтөрүлгөндө, ферменттердин ылдамдыгы жайлап, аткарган операцияларынын саны азайат. Кээ бир ферменттер болсо өлөт. (караңыз: «Иммундук система керемети», Харун Яхья).
Температура 10ºCге көтөрүлгөндө реакция ылдамдыгы эки эсеге өсөт. Башкача айтканда, реакциянын ылдамдыгынын өсүшү температура менен түз байланышта. Бирок мынчалык чоң өсүштөн соң, реакциянын ылдамдыгы бир заматта төмөндөп баштап, анан толугу менен токтойт. Реакциянын ылдамдыгы башында ылдам өскөнү менен, бул температуранын ферменттердин иштөө шарттарына туура келбей тургандыгы анык. Оптималдуудан бир аз жогору температурада ферменттер иштебей калганы менен, температура төмөндөгөндө кайра активдүү абалга өтө алышат. Бирок мындай жогору температура улана берсе же дагы бир аз көтөрүлсө, ферменттер толугу менен ишке жараксыз болуп калышат. Себеби ферменттер үчүнчү даражадагы түзүлүшкө ээ, жана жогору температурада мындай үч өлчөмдүү, спиралдык түзүлүшүн жоготушат. Ферменттердин баштапкы түзүлүшү бузулуп, формасын жоготот. Аягында ишке жараксыз болуп калышат.
Төмөн температурада да ферменттер иштебей калат. Бирок төмөн температура ферменттердин түзүлүшүн бузбайт. Температура мурдакы калыбына келгенде, ферменттер кайрадан активдешет. Бул ыкма тоңдурулган тамак-аш тармагында кеңири колдонулат.54 Тамак-аш азыктары тоңдуруп коюу аркылуу көп убакытка чейин сакталат жана ээритилгенде болсо андагы ферменттер кайрадан активдешип, мурдакы азыктык баалуулугунун көп бөлүгүн калыптандырат.
Температурадан тышкары, ферменттер үчүн дененин pH деңгээли да абдан маанилүү. Бул термин, б.а. pH «потенциалдуу суутек» деген маанини билдирет. Белгилүү аймактагы же аралашмадагы суутек иондорунун концентрация даражасын көрсөтөт. Концентрация даражасы 1ден 14кө чейинки сандар менен көрсөтүлөт. 7 суунун бар экенин көрсөтөт жана нейтралдуу чөйрөнү сүрөттөйт. 7ден кийинки сандар суюктуктун «базалык», 7ден мурункулар болсо «кислоталык» экенин түшүндүрөт. Бул классификация суюктуктун ичиндеги реакциялардын ишке ашуусу жагынан абдан маанилүү. Себеби кээ бир молекулалар сууда ээрисе, кээ бирлерине суунун таасири болбойт. Мындай молекулаларды бир гана кислотада ээритүү керек болот.
Ферменттер көбүнчө белгилүү бир pH интервалында (аралыгында) активдүү болушат. Бул «оптималдуу pH» деп аталат. Бүт ферменттер иштөө үчүн белгилүү бир pH деңгээлине муктаж, бирок кээ бирлери ошол аралыктын ичинде өзүнө ыңгайлуу өзгөчө бир pH деңгээлинде иштешет. Мисалы, белокту ажыратуучу пепсин ферменти ашказандын pH деңгээли 2ге барабар болгон, кислоталуу чөйрөсүндө гана максималдуу иштей алат. Ал эми, уйку безинен бөлүп чыгарылган жана белокту сиңирүүгө салым кошкон трипсин болсо pH деңгээли 8,5 болгон чөйрөлөрдө максималдуу иштей алат. Күчтүү кислоталуу же базалуу чөйрө ферменттердин түзүлүшүн бузат.55
Ферменттердин иштөө аймактары – бул организмдердин денелери. Ферменттер абдан өзгөчө иштөө шарттарын талап кылганы менен, организмдердин денелеринде бул молекулалардын иштөөсүнө эң ыңгайлуу шарттар бар. Бир организмдин денесинде 2000 түрдүү ферменттин бир учурда, жайгашкан чөйрөсүнө төп келип иштей алышы ал дененин да, ферменттердин да атайын, пландалып жаратылганын көрсөтөт. Адамдын денесин жараткан, денедеги ар бир түзүлүшкө ар кандай шарттарды белгилеген жана ферменттерди ошолордун баарына ыңгайлуу кылып жараткан – Аллах. Аллах адамдын жашоосуна керектүү бүт шарттарды чексиз бир илим менен жараткан. Булар эч качан өзүнөн-өзү пайда болбойт жана эч качан кокустан бири-бирине шайкеш келип калбайт.
Бул улуу чеберчилик Куран аяттарында төмөнкүчө кабар берилген:
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. |
1. http://www.tuberose.com/Enzymes.html
2. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery, 1985, sf. 33
3. http://www.laidlawcorp.com/industrial/eisenrsr.html
4. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery, 1985, sf. 3
5. Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Cilt I, Kısım I, 5. Baskı, 1993, Meteksan, sf. 55
6. Helena Curtis, N. Sue Barnes, Invitation to Biology, Worth Publishers, Inc., 4th edition, sf. 109-110
7. T. W. Graham Solomons, Organic Chemistry, Jonh Wiley and Sons, Inc., Fifth Edition, sf 1125
8. http://www.anyvitamins.com/enzymes-info.htm
9. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery, 1985, sf. 32
10. Frank B. Salisbury, "Doubts about the Modern Synthetic Theory of Evolution," American Biology Teacher, Eylül 1971, s. 336-338 -http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna05.htm
11. http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna02.htm
12. http://www.strengthsandweaknesses.org/Weaknesses/evol_quotes.htm
13. Biological Science "A Molecular Approach", BSCS Blue Version, 6th edition, D. C. Health Company, sf. 36
14. http://www.evcforum.net/ubb/Forum6/HTML/000073-2.html
15. Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Ocak 1994, sf. 42-43
16. http://www.yildizindunyasi.net/bilim%20dunyasi/proteinler-1.htm
17. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-058.htm
18. Alberts – Johnson – Lewis – Raff – Roberts - Walter, Molecular Biology of The Cell, 4th edition, Garland Science, 2002, sf. 77-78
19. Alberts – Johnson – Lewis – Raff – Roberts - Walter, Molecular Biology of The Cell, 4th edition, Garland Science, 2002, sf. 78
20. Biological Science "A Molecular Approach", BSCS Blue Version, 6th edition, D. C. Health Company, sf. 36
21. http://www.genetikbilimi.com/genbilim/enzimler.htm
22. http://stu.inonu.edu.tr/~e0499160/odev.html
23. http://www.trueorigin.org/dawkinfo.asp
24. http://www.creationresearch.org/crsq/articles/36/36_4/abiogenesis.html
25. http://www.creationism.org/books/sunderland/DarwinsEnigma/DarwinsEnigma_03NonLife.htm
26. Molecular Cell Biology, 4th edition, Media Connected, 2000, sf. 75
27. http://www.genetikbilimi.com/genbilim/enzimler.htm
28. Arthur C. Guyton and John E. Hall, Tıbbi Fizyoloji, Nobel Tıp Kitabevleri, 1996, sf. 35
29. Alberts – Johnson – Lewis – Raff – Roberts - Walter, Molecular Biology of The Cell, 4th edition, Garland Science, 2002, sf. 76
30. Bilim ve Teknik, Tübitak Yayınları, Kasım 1989, sf. 47
31. Alberts – Johnson – Lewis – Raff – Roberts - Walter, Molecular Biology of The Cell, 4th edition, Garland Science, 2002, sf. 75-76
32. http://www.tuberose.com/Enzymes.html
33. http://www-biol.paisley.ac.uk/courses/stfunmac/glossary/enzymes.html
34. http://www.anyvitamins.com/enzymes-info.htm
35. http://sizinti.com.tr/konu.sizinti?SIN=71803cb921&k=546&2017433805
36. http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna05.htm
37. Harry R. Matthews, Cell and Molecular Biology (Biol. Chem. 410A) Lecture #5, Ekim 2, 1996 10:00 a.m.
38.http://www.madsci.org/posts/archives/sep99/938519528.Bc.r.html
39. http://www.genetikbilimi.com/genbilim/enzimler.htm
40. http://sizinti.com.tr/konu.sizinti?SIN=71803cb921&k=546&2017433805
41. http://www.icr.org/pubs/imp/imp-043.htm
42.http://www.sciencedaily.com/releases/2003/05/030506073321.ht
43.http://www.sciencedaily.com/releases/2003/05/030506073321.htm
44.http://www.sciencedaily.com/releases/2003/05/030506073321.htm
45. http://www.newton.dep.anl.gov/askasci/bio00/bio00010.htm
46. http://www.wpi.edu/Academics/Depts/Chemistry/Courses/General/kinenzyme.html
47. www.ndmnutrition.com/enzymes/
48. http://www.suzannes.com/whatdoendo.html
49. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery Publishing, 1985, p.34
50. http://www.bodybuilding.com/fun/knopfler8.htm
51. http://www.tuberose.com/Enzymes.html
52. Dr. Edward Howell, Enzyme Nutrition "The Food Enzyme Concept", Avery Publishing, 1985, p.34
53. Bilim ve Teknik, Ekim 1999, sf. 75
54. http://www.genetikbilimi.com/genbilim/enzimler.htm
55. http://www.genetikbilimi.com/genbilim/enzimler.htm