Ферменттер – Жаратуучунун Кереметтери

Табигый тандалуу иштеши үчүн, мутациялардын жаңы түзүлүштөрдү пайда кылуу максатында ишке ашканын негизи көрдүкпү? (...) Жаңы өрчүп баштаган бир органды негизи эч ким кездештирген жок. Кээ бирлери бүгүнкү күндө да кездешиши керек болчу, бир организмде ишке жарактуу жаңы бир системаны пайда кыла турган көптөгөн этаптардын кантип ишке ашып жатканын байкашыбыз керек эле. Бирок бүгүнкү күндө андайларды көргөн жокпуз: ушунчалык радикалдуу бир жомоктун бир дагы далили жок. Байкоолордон дагы, пландуу эксперименттерден дагы табигый тандалуунун мутацияларды колдонуп, жаңы бир генди, гормонду, фермент системасын же кандайдыр бир органды пайда кыла алаары эч аныкталган жок.92

Эволюционист Майкл Питмандын бул сөздөрүн башка эволюционисттер да апачык байкап, бирок моюнга алуудан тартынган чындыктардын таамай сүрөттөөсү десек болот. Эволюция теориясы таянган эки негизги механизм бар: мутациялар жана табигый тандалуу. Питман да мойнуна алгандай, бул механизмдердин бирөөсү дагы бир организмге пайдалуу, ишке жарактуу бир органды же кандайдыр бир түзүлүштү тартуулай алган жок, аны эч качан жоктон пайда кылган жок. Адамдын бир органы же түзүлүшү мындай турсун, дарвинисттер адамдын толук бойдон кантип пайда болгонун түшүндүрүүлөрү зарыл. Адамдын денеси бүтүндөй бири-бири менен байланышта болгондуктан, бир молекула өз функциясын аткарышы үчүн дене бүтүн бойдон бар болушу шарт. Мисалы, ферменттер алар аркылуу ишке аша турган реакциялар, алардын кодун камтыган гендер, ал коддордон түзүлгөн ДНК, алар иштей турган клеткалар, келген тамак-аштар, алар бириге турган субстраттар, аларды ташый турган кан, канды кыймылдата турган жүрөк, аны координациялаган мээ, белгилүү бир дене температурасы, дененин белгилүү бир pH деңгээли жана булардын баарын бири-бири менен байланыштырып турган сансыз факторлор менен чогуу иштешет. Булардын бирөөсүн да чыгарып салып, системаны жөнөкөйлөштүрө албайсыз жана бирөөсүнүн да кезегин өзгөртө албайсыз. Ушунчалык тыгыз байланыштагы бир түзүлүштүн ар бир бөлүгү укмуш комплекстүү. Муну болсо эволюционисттер түшүндүрө алышпайт.

Адамдагы бир молекулага кайрадан кайрылалы. Эволюционисттердин ферменттер жөнүндө бир түшүндүрмөсү барбы? Бир фермент, андагы өзгөчө аминокислоталар, алардын өзгөчө тизмеги, өзгөчө үч өлчөмдүү формасы, субстратка туура келе турган үч өлчөмдүү бир бөлүгү, «катализ» деп аталган кереметтүү бир жумушту жасай алышы, убакытты пландай алышы, эскирбеши, жаңылбашы, тыным албай иштеши сыяктуу өзгөчөлүктөрүн эске алганда, эволюционисттер кантип пайда болгонун түшүндүрө ала турган бир түзүлүшпү? Ар түркүн организмдерде бир ферменттердин бири-бирине окшош функцияларды аткарышын кайсы дарвинисттик механизм менен түшүндүрүүгө болот? Албетте, булардын баарын эволюционисттер түшүндүрө алышпайт. Учурдагы эң белгилүү эволюционисттердин бири Ричард Доукинстин бул жөнүндөгү моюнга алуусун Жаратылууну изилдөө коомунан (Creation Research Society) Джон Кови төмөнкүчө баяндап берген:

Автомобильдин долбоорун түзгөн бир киши үчүн карбюратор сөзсүз керек. Ушул муктаждык сыяктуу эле, Аллах да гликолиз үчүн гексокиназа ферментин жараткан. Бири-бирине окшош формага келтирилген таштардын арасынан бир жебени көрсөк, муну акылдуу бир жаратуучунун же жөндөмдүү бир жумушчунун жасаганын түшүнөбүз. Бирок кээ бирөөлөр комплекстүү бир организмди көргөндө, мунун уста бир архитектору жок деп ойлошот. Муну кантип түшүнүүгө болот? Эволюционисттер бир кездерде долбоорлонгон бир машина менен машинадай иштеген биологиялык түзүлүштөрдүн ортосундагы окшоштуктарды четке кагышчу. Бирок азыр андай болбой калды. «Сокур саатчы» (Blind Watchmaker) китебинде Ричард Доукинс мындай биологиялык түзүлүштөрдүн бир долбоор (дизайн) экендигин апачык мойнуна алган. Булардын долбоорлонгондугун өжөрлөнүп четке какканы менен, жок дегенде булардын бир долбоорго окшошоорун мойнуна алган:

Туура колдонулганда канттын энергиянын булагы боло алаарын сокур бир кокустук аркылуу билүүгө болбойт. Ошондой эле, бул энергиядан пайда алуу үчүн эмне кылуу керек экенин да билүүгө болбойт. Эволюция кантип химиялык реакция сериясын артка кайтарат? Жана эволюциялык процесстердин көпчүлүгүнө эч бир пайда алып келбеген, татаал бир серия кантип ферментти эволюция кылган? Болгондо да, гликолиз ферменттеринин баары калыптанганга чейин, фермент системасын эволюциялаштырган организм энергия жана азык булактарын коротуучу керексиз ферменттерди иштеп чыгат. Баары толук иштемейинче, эч бири иштебейт. Бир эле гликолиз реакциялары эмес, организмдин клеткасындагы башка бүт фермент системалары дагы.93

Бир ферменттин, өзү жалгыз эч бир пайдасы болбогонуна карабастан, кокустан пайда болушу эволюция теориясынын өзүнүн көз-караштарына карама-каршы келет. Ойдон чыгарылган «эволюция процесси» боюнча, бир фермент жоктон пайда болушу үчүн, ал ичинде кызмат кыла турган бир организм денеси болушу шарт. Бирок организмдин денеси ферменттерсиз жашай албайт. Демек, ферменттер, алар ичинде жашап жана жашата турган организм денеси, аларды жөнгө сала турган фермент ингибиторлору, субстраттар жана башка молекулалардын баары бир учурда, чогуу «эволюция» аркылуу келип чыккан болушу керек. Ар бир молекуланы «миллиондогон жылга созулган эволюция процессинен пайда болгон» деген эволюционисттердин көз-карашына бул толугу менен карама-каршы келет. Алгач ферменттер пайда болсо (негизи ферменттин кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес), алар кызмат кыла турган бир организм болбогону үчүн кайрадан жок болушат. Алгач тирүү бир организм пайда болсо (ал организмдин бүт система жана молекулалары өз-өзүнчө эволюция аркылуу пайда болушу керек жана бул дагы такыр мүмкүн эмес), анда ал организм ферменттерсиз жашай албай, жок болот. Алгач фермент ингибитору пайда болсо (бул комплекстүү молекулалардын да кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес), анда кийинчерээк «пайда болгон» бүт ферменттерди ишке жараксыз кылып салат. Бул мисалдарды системанын «кемитүүгө болбогон комплекстүү» экенин көрсөтүү үчүн келтирдик. Эволюция теориясы «бул комплекстүү молекулалардын бирөөсү кантип пайда болгон» деген суроого да кандайдыр бир жооп же кандайдыр бир далил көрсөтө албайт.

Көрүнүп тургандай, эволюционисттер ферменттердин келип чыгышын да эч түшүндүрө алышпайт. Ал тургай, эволюционисттер ферменттерди түзгөн аминокислоталардын бири-бирине шайкеш тизмегинин «туш келди» кантип келип чыкканын да алигече түшүндүрө албай келишет. Бул багыттагы ыктымалдуулук эсептөөлөрү бул системада керектүү шарттар түзүлсө да, кокусунан туура бир тизмектин келип чыкпай тургандыгын көрсөтүүдө. Джон Кови муну мындайча сүрөттөп берген:

Узундугу болгону 100 аминокислотадан турган, жөнөкөй бир ферментти алуу ыктымалдыгы кандай? Ар кандай комбинацияда тизилиши ыктымалдуу болгон 20 түрдүү аминокислота бар. Жөнөкөй бир ферменттин ичиндеги 20 түрдүү аминокислота 10130 түрдүү комбинацияда тизилиши мүмкүн, бул 1дин жанына 130 нөлдүн жазылышы деген мааниге келет. Бул комбинациялардын көпчүлүгү жакшы бир ферментти пайда кылбайт. Көпчүлүгү өтө алсыз кызмат кылат же эч бир ишке жарабайт. Англис астроном сэр Артур Эддингтон ааламда 1080 бөлүкчө бар деп эсептеп чыкты. Астрономдор ааламдын 90-99%ы кара тешиктен турат деп ишенишет. Бул жалпы санды 1082на чыгарат. Бул сан бүт электрондорду, протондорду, нейтрондорду жана ушул сыяктуу көптөгөн субатомдук бөлүкчөлөрдү камтыйт. Бул 10130нын канчалык чоң сан экенин элестетишиңизге көмөкчү болот.

Денебизде ферменттер сыяктуу натыйжалуу бир нерсени жасоо үчүн аминокислоталардын туура комбинацияларда биригүү ыктымалдыгын табуу көп убакыт алат. Эгер секундасына 1 триллиондук операция ылдамдыгы менен 100 аминокислоталуу белок тизмектерин пайда кылуу үчүн ааламдагы бүт нерселер бириксе жана кайрадан бириксе, бүт комбинацияларды текшерип чыгуу 30 триллион жылдан ашуун убакытка созулмак. Ошончо нерсени жасап көргөн соң, функциялары чектүү жана көбөйүү жөндөмү жок, узундугу жүз аминокислотадан турган бир белокту араң алмакпыз. Ал белок өзүн-өзү да копиялай алмак эмес жана өзүнүн копияланышына да таасир тийгизе алмак эмес.94

Göklerde ve yerde her ne varsa O'nundur. Şüphesiz Allah, hiçbir şeye ihtiyacı olmayan (Gani)dır, övülmeye layık olandır.
(Hac Suresi, 64)

Узундугу болгону 100 аминокислотадан турган жөнөкөй бир ферментти туш келди алуу ыктымалдыгы 10130дан бирге барабар. Бирок бул жерде ал белоктун бир гана сол-колдуу (сол-жактуу) аминокислоталардан турушу керек экенин да эске салуу керек. (Себеби табиятта аминокислоталар оң-колдуу жана сол-колдуу болуп 2 түрдө кездешет, бирок организмдердин клеткаларында бир гана сол-колдуу аимнокислоталар кызмат кылат.) Бул ыктымалдуулукту андан да азайтат:

Миллиондогон долларлык лабораториялардын бир даана кичинекей белок молекуласына керектүү сол-колдуу аминокислоталарды синтездөө ыктымалдыгы канчага барабар? Бул ыктымалдык 10210дон бирге барабар. Бул 1дин жанына 210 нөлдү жазуудан алынган сан. Эч качан ишке ашпай турган бул ыктымалдыкты түшүнүү үчүн төмөнкүлөргө салыштыралы:

Он миллиард жыл 1018 секундага барабар. Жердин салмагы 1026 унцияга барабар (1 унция = 3 грамм). Бүт ааламдын диаметри болгону 1028 дюймду түзөт (1 дюйм = 2,54 см). Ааламда 1080 даана субатомдук бөлүкчө бар.95

Ааламдагы эң чоң сандарга салыштырганда, мындай ферменттин кокустан пайда болбой турганын апачык көрдүк.

Бирок эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, аминокислоталар туура катарга тизилип, кокусунан бир ферментти пайда кылды деп элестетели. Ал ферменттин бир реакцияга кошулуп, аны ылдамдатуу ыктымалдыгы, б.а. ферменттин ишке жарактуу болуу ыктымалдыгы эволюционисттерге андан да чоң көйгөйдү туудурат. Жаратылууну изилдөө коомунан (Creation Research Society) д-р Джонатан Д. Сарфати бул ыктымалдыкты эсептеп төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:

Өзүнөн-өзү көбөйө алган эң жөнөкөй организм дагы болжол менен 400 аминокислотадан турган ферменттердин коду жазылган 482 генге ээ. Ар бир фермент туура иштей алышы үчүн туура тизмекке ээ болушу зарыл. Ферменттерде 20 түрдүү аминокислота колдонулат. Ар бир ферментте болгону 10 даанасын эле толугу менен туура катарда тизилген деп кабыл алсак дагы, кадимки бир реакциянын туш келди келип чыгуу ыктымалдыгы 106271ден бирди түзөт (1дин артына 6271 даана нөлдү жазуудан келип чыккан сан). Ааламдагы атомдордун санынын болжол менен 1080 экендигин эстесек, бул ыктымалдыктын нөлгө барабар экендиги анык.96

Бир реакциянын кокустан келип чыгуу ыктымалдыгы да «нөлгө» барабар. Бирок ошого карабастан, «бир фермент кокусунан пайда болгон» десек жана эч ыктымалсыз болгонуна карабастан, «бир реакция кокусунан ишке ашкан» деп кабыл алсак, анда ал ферментке тиешелүү маалыматтардын гендерге жазылып, кийинки урпактарга өткөрүлүп берилиши кайра эле ыктымалсыз болмок. Мунун туш келди ишке ашуу ыктымалдыгы төмөнкүдөй деп табылган.

Эволюционисттер «адам бир клеткалуу организмдерден, толугу менен кокустуктардын натыйжасында, эволюция аркылуу келип чыккан» дешет. Бир даана белок молекуласынын кокусунан өзгөрүү ыктымалдыгы 10243төн (1дин жанына 243 нөлдү жазуудан келип чыккан сан) бирге барабар деп табылган. Ал тургай, эгер жер жүзү тереңдиги бир миля болгон, ичинде 1033 даана бактерия жашаган бир океан менен курчалганда да, илимпоздордун ою боюнча, бир даана фермент пайда болушу үчүн 100 миллиард жыл талап кылынмак. Ал жаңы ферментти иштеп чыга турган бир ген пайда болсо да, «эң ылайыктуу өмүрүн улантат» деген механизм боюнча, ал ген түрлөргө тарашы үчүн алты миллион муун өтүшү керек болмок. Бул колдонууга жараксыз, катардагы бир фермент үчүн талап кылынган убакыт. (Ферменттер өзүнөн-өзү пайда болгон деп кабыл алсак, ушунча убакыт өткөн соң) Бир даана колдонууга жарактуу фермент пайда болушу үчүн, 300 миллион жыл талап кылынмак! Бул бир клеткалуу, толук кандуу бир организмдин кокусунан эч качан пайда болбой тургандыгын көрсөтөт. Эгер колдонууга жарактуу бир даана ферменттин пайда болушу үчүн ушунча кокустук жана ошончо көп убакыт талап кылынса, миллиарддаган клеткадан турган адамдын эволюция аркылуу пайда болушу үчүн канчалаган кокустуктун жана канчалаган кылымдын талап кылынаарын элестетип көрүңүз! Мунун кокустан ишке ашуу ыктымалдыгын эч ким эсептей албайт болушу керек. Бирок эволюционисттер дагы эле бизди буга ишендирүүгө аракет кылышууда.97

Ыктымалдуулук эсептөөлөрү «организмдер кокусунан пайда болгон» деген көз-караштын жараксыздыгын далилдөөдө. Ал ортодо, бул изилдөөлөрдү жүргүзгөн, буларды изилдеген жана булардын баарын кокусунан пайда болгон деген адамдардын денелеринде да миллисекундалардын ичинде сансыз реакциялар ишке ашууда. Бир секундада миңдеген реакция, кийинки секундада дагы миңдеген реакция... Бул ар бир организмдин денесинде, ар бир көз ирмем сайын, тынымсыз жана эч катасыз уланып келе жатат. Ар бир организмдин денесинде, ар бир секунда сайын, ар бир реакция белгилүү бир ылдамдык жана белгилүү бир кезек менен ишке ашып жатат. Бир организмдин денесинде эч качан бир фермент башка бир фермент менен чаташтырылбайт, башка түзүлүшкө таасир тийгизбейт, бир реакция башка реакциянын ылдамдыгына жетүүгө аракет кылбайт. Бир организмдин денесиндеги ферменттер эч качан багыттарынан жаңылышпайт, өз учурунда иштеп башташат жана өз учурунда токтошот. Мындан тышкары, бир организмдин денесиндеги ферменттердин ар биринин аминокислоталары белгилүү; алар туура тизилишкен жана баары өз ордунда жайгашкан. Организмдеги ферменттердин баарынын формасы үч өлчөмдүү, эч качан башка субстратка туташышпайт жана эч качан туура эмес реакцияга кошулушпайт. Организмдеги ферменттер акылдуу жана аң-сезимдүү; бүт кадамдарын пландаган бир адамдай иш-аракет жүргүзүшөт. Бир организмге өмүр сүрдүрүү үчүн болгон аракетин жумшашат.

Мына ушул жана ушул сыяктуу көптөгөн себептерден улам ферменттер кокусунан эч качан пайда болбойт. Аминокислоталар кокусунан чогулуп, туура тизмекти пайда кыла алышпайт жана кокусунан ферментте үч өлчөмдүү формадагы активдүү аймакты жасай алышпайт. Кокустуктар активдүү аймактарга туура келе турган субстраттарды пайда кыла албайт жана аларды белгилүү реакцияларга багыттай албайт. Кокустуктар бир ферментке кандайдыр бир жөндөм бере албайт, ага миллиондогон жылдык бир реакцияны секунданын ондон биринде жасап бүтүрө турган бир өзгөчөлүк тартуулай албайт. Кокустуктар бир ферментти организмдин денесине ылайыкташтыра албайт, ага ар дайым жигердүү иштөө касиетин бере албайт. Бир ферменттин организмдин денесинде абдан акылдуу иш-аракет жүргүзүшүн кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт.

Бир молекуланын организмдин денесинде акылдуу иштерди жасашы анын улуу бир Жаратуучунун чыгармасы экендигин көрсөтөт. Организмдин денесиндеги ар бир кыртыш, ар бир молекула – бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахтын чыгармалары. Ошондуктан бүт баары бири-бирине шайкеш келет жана баары бири-биринен көз-каранды. Бир организмди эң кооз келбетте жараткан, ага ар кандай өзгөчөлүктөрдү тартуулаган, ал өзгөчөлүктөрдөгү эң кичинекей бөлүктөрдү да укмуш комплекстүү кылган жана аларды түрдүү түрдүү кылып жараткан – бүт ааламдардын Жаратуучусу Аллах. Жаратылган эч бир жандык Аллах жараткан кереметтерге тең келе турган бир сулуулукту жасай албайт, Ал жараткан кемчиликсиз тартип жана шайкештикти пайда кыла албайт. Жер жүзүндөгү эч бир акыл, эч бир технология, эч бир күч Аллах тарабынан кемчиликсиз механизмдери менен жаратылган организм системасын жасай албайт. Тирүү организмдердеги бул кереметтер – Аллахтын чеберчилиги, Аллахтын жараткан чыгармалары жана Аллахтын теңдешсиз кудурети.

Асмандардагы жана жердегилердин баары, кааласа да каалабаса да, Аллахка сажда кылат. Эрте менен, кечинде көлөкөлөрү да (Ага сажда кылат). Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бири-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).»
(Рад Сүрөсү, 16)

Булактар

92. http://www.creationscience.com/onlinebook/ReferencesandNotes8.html

93. http://www.creationinthecrossfire.com/Articles/ChemistryRefutes1.html

94. http://www.creationinthecrossfire.com/Articles/ChemistryRefutes1.html

95. http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna02.htm

96.http://www.answersingenesis.org /docs/522.asp

97.http://www.russianjews.org/philosophy/q5.asp

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Кириш Сөз
  • Ферменттердин Кемчиликсиз Өзгөчөлүктөрү
  • Ферменттердин Түрлөрү
  • Кээ Бир Өзгөчө Ферменттер
  • Фермент Технологиясы
  • Ферменттер – Жаратуучунун Кереметтери
  • Жыйынтык
  • Кошумча Бөлүм: Эволюция Жаңылыштыгы