Фермент Технологиясы

Бүгүнкү күндө табиятты өрнөк алып, иштелип чыккан көптөгөн технологиялар бар. Көздүн өзгөчөлүктөрүн карап камера жана фотоаппараттар иштелип чыкса, ийнеликтердин түзүлүшүн өрнөк алып вертолеттордун долбоору түзүлгөн. Табиятта технологияга илхам болгон көп нерселер бар.

Бирок табияттагы кээ бир нерселерди күнүмдүк жашообузда түздөн-түз колдонобуз. Алардын бир мисалы – бул, ферменттер. Ферменттер табиятта бизге даяр түрдө тартууланган, жана өнөр-жайда түздөн-түз пайдаланылат. Кандайча десеңиз, мунун жообун алыстан издөөнүн кажети жок: күн сайын үйлөрдө колдонулган кир жуугуч порошок – ферменттер аркылуу иштелип чыккан бир өнөр-жай продукциясы. Кир жуугуч порошоктордо колдонулган ферменттердин башында протеазалар турат. Бул ферменттердин колдонулушунун себеби, белгилүү болгондой, протеазалар тамак сиңирүүдө белокторду ажыратышат. Ошондуктан кийимиңиздеги бир белок тагын оңой эле кетире алат. Көк чөп, кан, жумуртка сыяктуу тактарды ушул ферменттер аркылуу кетирүүгө болот. Мындай тактарды пайда кылуучу заттар көбүнчө кийимдердин жиптеринин арасына бекем жабышып калат. Бул ферменттер, бир желим функциясын аткарып, аларды ал жерден чыгарат.

Порошоктордо, ошондой эле, майларды ажыратуучу липаза ферменти да кызмат кылат. Булар болсо май тактарын кетиришет. Кийимдеги май молекулаларына туташып, аларды ажыратат да, аминокислота бөлүкчөлөрүнө айландырышат.

Ферменттер, ошондой эле, текстиль тармагында да колдонулууда. Пахта жана пахта аралашкан кездемелерди токууда кездемени түзө турган узун жиптер жабышчаак бир зат менен оролот. Мындагы максат токуу учурунда жиптердин үзүлүшүнө бөгөт коюу болуп саналат. Бул процессте крахмал жана крахмалдын туундулары колдонулат. Бирок токуу процесси бүткөн соң, кийинки этаптарда колдонуу үчүн кездемени крахмалдан тазалоо керек болот. Бул процессти негизи кислоталар, базалар, кычкылдандыргыч заттар сыяктуу күчтүү химиялык заттар менен жасоого болот. Бирок бүгүнкү күндө бул процесс, мындай заттарсыз эле, ферменттерди колдонуу аркылуу эч кыйынчылыксыз жасалууда. Амилаза ферменти кездемеге зыян тийгизбестен, кездемедеги крахмалды заматта ажырата алат. Бул процессте ферменттерди колдонуунун дагы бир артыкчылыгы, ферменттин айлана-чөйрөгө зыяны тийбейт. Бул процесстен келип чыккан калдык суулар айлана-чөйрөгө зыянсыз.

Текстильде, ошондой эле, кездемелерди жалтыратууда да ферменттер пайдаланылууда. Мында жиптин бетинде пайда болгон түкчөлөр, б.а. фибриндер ферменттер тарабынан майдаланып, жок кылынат. Мындан тышкары, бойолоордон мурда суутек пероксиди тарабынан агартылган кездемелерге каталаза ферменти колдонулат. Эсиңиздерде болсо, каталаза ферменти абдан ыкчам. Ошондуктан суутек пероксидин жок кылууга абдан аз өлчөмдөгү фермент да жетиштүү болот.

Ферменттер, мындан тышкары, кант, жаныбарлардын жеми, мөмө-чөмөлөрдүн ширеси, кагаз жана тери өнөр-жайы сыяктуу тармактарда да көп колдонулууда. Мисалы, мөмө ширесин (сок) жасоодо, өзгөчө алманын ширесин өндүрүүдө көптөгөн көйгөйлөр туулат. Бул көйгөйлөр атайын ферменттер тарабынан чечилүүдө. Алманын ширеси көп крахмал камтыган бир мөмө ширеси болуп саналат. Эгер тунук шире алууну кааласак, анда крахмалды ажыратуу зарыл. Бул маселе крахмалды ажыратуучу ферменттерди колдонуу аркылуу чечилет.

Бул ферменттер табияттан кантип алынат? Аллах табиятта бул үчүн абдан чоң бир мүмкүнчүлүк жараткан: микроорганизмдер. Бир микроорганизмде 1000ден ашуун фермент түрү бар. Бул адамзатка өнөр-жай тармагында тартууланган чоң бир белек. Илимпоздор ар түркүн фермент түрлөрүн алуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан ар түрдүү микроорганизмдерди чогултуп, аларды изилдешүүдө. Керектүү жумушту жасай турган фермент табылганга чейин микроорганизмдер боюнча изилдөөлөр улантылат. Керектүү фермент табылганда болсо, ал организм керектүү ферментти болушунча көп иштеп чыгышы үчүн генетикалык жактан өзгөртүлөт. Андан соң микроорганизмди ферменттөө аркылуу, бул ферменттер бөлүп алынат. Ферменттөөдөн келип чыккан калдыктар болсо жер семирткич катары пайдаланылат.91 Мындан тышкары, өсүмдүктөрдөн, бодо малдардын уйку безинен, тоок жана уйлардын тамак сиңирүү органдарынан да ферменттер алынууда.

Адам баласы илим-билимди жана технологияны колдонуп, бул ыкмаларды издеп табуу үчүн өтө көп эмгек коротту. Мисалы, бир эле крахмалды ажыратуу үчүн өтө оор шарттар талап кылынып, өтө көп өлчөмдө химиялык заттар колдонулган жана, ошого карабастан, өнөр-жай продукциясы каалагандай натыйжа бербей, калдык заттар да көбүнчө уулуу болгон. Ал эми ферменттер болсо, бир гана ушул жумушта адистешкен сыяктуу, керектүү жерден тиешелүү затты таап, аны толугу менен жок кылууда. Калдык катары аминокислоталарды жана башка майда заттарды калтырышат; алар болсо табиятка организмдердин курулуш материалы катары кайра кайтат. Эч бир адам, эч бир технология бир белокко бир гана затты көздөп, бир гана ошону ажыратуу касиетин бере албайт. Бир кездемеде бир гана май молекулаларына чабуул жасоо керек экенин үйрөтө албайт. Аны адамдардын муктаждыгына толук ыңгайлаштырып, белгилүү температура интервалында гана иштей тургандай кыла албайт. Кылган жумушунан бир гана пайдалуу калдыктар чыга тургандай кылып программалай албайт. Адам баласы белокту түзө турган аминокислоталарды белгилүү бир катар менен тизип, андан бир белокту да ала алган жок. Ошондуктан табиятта даяр турган, өздөрүнө жана башка бүт адамдарга кызмат кылуу үчүн жаратылган ферменттерди колдонууда. Аны микроорганизмдердин ичинен даяр абалда таба алат. Тереңирээк изилдеген сайын, дагы көптөгөн ферменттерди табат. Жашоону жеңилдете турган абдан маанилүү бир жардамчы, бүт тараптан эч кыйынчылыксыз табууга боло турган микроорганизмдердин ичине пакеттелип, адам баласына тартууланган.

Бул тартуу – Аллахтын белеги. Адамдарга акысыз тартууланган. Жеңилдик, жакшылык жана тартуу катары берилген. Аларды микроорганизмдерде жараткан да, аларга өзгөчө касиеттерди берген да, аларды илимпоздорго таптырган да, адамзатка аларды изилдөө жөндөмүн, илим-билимди, мүмкүнчүлүктөрдү берген да – Аллах.

Асмандардагы жана жердегилердин баары Ага тиешелүү, моюн сунуу-ибадат да (дин да) дайыма Аныкы. Ошондо да, Аллахтан башкалардан коркуп-тартынасыңарбы? Сый-жакшылык катары силерге келгендин баары Аллахтан, кийин силерге бир зыян жеткенде (кайра эле) бир гана Ага жалбарасыңар.
(Нахл Сүрөсү, 52-53)

Булактар

91. Bilim ve Teknik, Tubitak Yayınları, Ekim 1999, sf. 74-80