Киришүү

Отурган жериңизден айланага көз жүгүртүңүз. Бөлмөңүздөгү бүт нерсенин “жасалганын” көрөсүз. Дубалдар, төшөктөр, шып, отурган отургучуңуз, колуңуздагы китеп, столдун үстүндөгү чыны; санап бүткүс майда-бараттын баары... Бир даанасынын да өзүнөн-өзү пайда болуп бөлмөңүзгө келбегенин анык билесиз. Мисалы, эң жөнөкөй көрүнгөн бир килем чачысын дагы бирөө эмгектенип жасаган; ал чачы ал жерге өз чечими менен, кокустан келип жайгашкан эмес.

Колуна бир китеп алган адам дагы анын бир автор тарабынан белгилүү бир максатты көздөп жазылганын билет. Бул китеп кокустан пайда болуп калган дегендей пикир эч качан оюна келбейт. Ошол сыяктуу, бир айкелди караган бир адам анын бир скульптор тарабынан жасалганынан эч күмөн санабайт. Сансыз искусство эмгеги мындай турсун, үстү-үстүнө тизилген эки-үч кирпичтин дагы пландалып бирөө тарабынан коюлганын эч ким танбайт. Ошондуктан чоң-кичине болсун бир тартип бар жерде сөзсүз ал тартиптин бир куруучусу же сактоочусу болушу керек.

Бул чындыкты эске алып, айланабызды караганда болсо абдан маанилүү бир чындыкты көрөбүз. Биз көргөн аалам, андагы дүйнө жана дүйнөдөгү жандыктардын ар бири өтө кылдат тартиптүү. Баары жок дегенде бир айкелдей же бир сүрөттөй майда-бараттуу жана жок дегенде ошолордой эле “жасалган”.

Демек, денебизден баштап, өтө чоң ааламдын эң четтерине чейинки бүт бул жасалган нерселердин жана тең салмактуулуктардын да бир куруучусу жана жаратуучусу болушу керек. Андай болсо, бүт нерсени өтө кылдат жараткан бул Жаратуучу ким?

Ал ааламдын ичиндеги кандайдыр бир заттык нерсе эмес. Себеби Ал бүт ааламдан мурда бар болгон жана бүт ааламды кийин жараткан бир эрк болушу керек. Б.а. бүт нерсе Ал тарабынан жаратылган, бирок Анын Затынын башы менен аягы болбогон бир Жаратуучу...

Бар экенин акылыбыз аркылуу түшүнгөн бул Жаратуучу Өзүн бизге дин аркылуу таанытат. Ал бизге билдирген маалыматы боюнча, Жаратуучу – бул асмандар менен жерди жоктон жараткан Аллах.

Көпчүлүк адамдар болсо бул чындыктан кабарсыз жашашат. Чынында болсо бул чындыкты түшүнө ала турган логикага ээ. Бир пейзаж сүрөтүн көргөндө, эң алгач анын ким тарабынан тартылганын билгилери келет. Андан соң ал сүрөтчүнү тарткан сүрөтү үчүн көпкө макташат. Бирок көз чаптырган бүт жакта сансыз чыныгы сүрөттөрдү көрүп турушуп, бүт ал жаратуу мисалдарынын жалгыз ээси болгон Аллахты унутушат.

Адамды мындай караңгылыкка түрткөн эң чоң себеп болсо – бул ойлонуу жалкоолугу. Айланасындагы жаратуу далилдерине бейкапар болушунун себеби – аларды караганда акылын колдонбошу; б.а. жаратылгандарды карап Жаратуучунун бар экенин түшүнө албашы.

Ушул себептен бул китепчеде Куран көңүл бурган жаратуу далилдеринин өтө кичинекей бир бөлүгүн карап, аларды Куран көрсөткөн акыл менен жоромолдойбуз. (Бул китепте кыскача токтолгон темалар жөнүндө терең маалымат алууну каалаганда төмөнкү китептерге кайрылса болот: Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Hücredeki Mucize (Клеткадагы керемет) жана Düşünen İnsanlar İçin (Ойлонгон адамдар үчүн).)

Бул эмгекти окугандар жаратуу чындыгынын талашсыз далилдерин дагы бир жолу көрүп, бүт жандыктардын жаратылганына жана аларды жараткан Аллахтын бар экендигинин далилдери экенине күбө болушат.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Жаратуунун Ачык Далилдери
  • Адам Денесинен Жаратуу Мисалдары
  • Жандыктардан Кээ Бир Системалар