![]() |
![]() |
Фанаттардын өзгөчө согуш жана аялдар жөнүндөгү караңгы түшүнүгүн ахли китап, б.а. иудей жана христиандар жөнүндөгү көз-карашынан да көрүүгө болот. Канчалаган жылдан бери өзгөчө христиан менен иудейлерге карата катуу душмандык сезип келе жаткан мусулман элдер, албетте, кайра эле жалган хадистерден ууланышууда. Пайгамбарыбыз (сав) айткан деп жалаа жабылган мындай жалган хадистер себептүү мусулмандар Куранда макталган чын ыкластуу иудейлер менен христиандарды көрмөксөн болуп, иудей менен христиандарды мусулмандардын коргошу керек экенинен да кабарсыздай жашап келишти. Мындай туура эмес түшүнүктөн улам чын ниеттүү христиан жана иудейлер жөнүндөгү Куран аяттарын да четке кага турган абалга келишкен. Куран аяттарын четке кагуу болсо Ислам боюнча динден чыгуу деген мааниге келет; бирок бул кишилер буга да маани беришкен эмес.
Бул бөлүмдө фанаттар менен бир катар Исламга каршы чыккандар Исламдын ахли китапты «душман көрөөрүнө» далил келтирүүгө аракет кылган Куран аяттарынын чыныгы маанилери түшүндүрүлүп, тарых бою мусулмандарды иудей жана христиандарга каршы болууга үндөп келген жалган хадистердин туура эмес экени көрсөтүлөт. Төмөнкү маанилүү чындыкты эң башынан эске салуу керек: христиан дини менен иудей дини (иудаизм) Исламдан мурда жөнөтүлгөн акыйкат (Аллахтан келген) диндер, жана мусулмандар, Куран боюнча, бүт акыйкат диндерди жана акыйкат пайгамбарларды кабыл алууга милдеттүү. Аятта мындай деп айтылат:
Айткыла: «Биз Аллахка; бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуб жана урпактарына түшүрүлгөнгө, Муса жана Исага берилген жана пайгамбарларга Раббиңден берилгенге ыйман кылдык (ишендик). Алардын эч бирин башкалардан бөлбөйбүз жана биз Ага моюн сунганбыз.» (Бакара Сүрөсү, 136)
Албетте, бул акыйкат диндер да өзүнүн ичинен келип чыккан фанаттык түшүнүктөр тарабынан бара бара туура эмес чечмеленген жана мындай бурмалоолор китептерине да кошулуп кеткен. Бирок биз кыяматка чейин бурмаланбай, өзгөрбөй сактала турган Куранды караганыбызда, христиандык жана иудейлик диндеринин баштапкы жана чыныгы абалына ишенишибиз керек экенин түшүнөбүз жана ушул түшүнүктү негиз тутабыз.
Бул аятка жана Курандагы ахли китапты мактаган көптөгөн аяттарга карабастан, христиан менен иудейлерге карата катуу душмандык саясатын жүргүзгөн кээ бир мусулман элдер – албетте, ойдон чыгарылган фанатизм дининин өкүлдөрү, Куран мусулмандыгынын эмес.
Бул жаңылыштыкты кээ бирлери билип жасаса, кээ бирлери билбей жасайт. Бул китептин максаты – ушундай жаңылыштык кетиргендерди эскертүү жана фанатизмди Ислам деп ойлогон кээ бир Исламга каршы чыккандарга алар каршы чыккан диндин Ислам эмес экенин көрсөтүү.
Фанаттардын айткандарынын тескерисинче, Куран ахли китапка болгон душмандыкка каргыш айтат жана ахли китапты сүйүүгө чакырат. Эми мунун далилдерин карайлы:
Ахли китаптан (китеп берилгендерден) өзгөчө иудейлер канчалаган жылдан бери бир катар мусулмандардын аларга болгон душмандыгын түшүнө алышкан жок. Көбүнчө Куранда ушундай өкүм бар, ошондуктан мусулмандар ушундай кылышууда деп ойлоп келишти. Ушул себептен кээ бирлери дайыма Исламды айыптап келишти. Курандын иудейлерди душман көргөн кишилерге каргыш айтаарын эч билишкен жок.
Иудейлерге карата айтылган эки маанилүү нерсе бар: «иудейлер каргышка калган» жана «маймылдар жана доңуздарга салыштырылган» деген сөздөр (иудей бир туугандарыбызды аруулайбыз). Фанаттар бул сөздөрүн болсо Курандан алдык дешет. Эми бул сөздөрдүн жараксыз экенин жана чыныгы маанисин Курандын аяттары аркылуу түшүндүрөлү:
Куранда ахли китаптын (китеп берилгендердин) өзгөчө орду бар. Аллах чын ниеттүү иудей жана христиандарды мактап, аларга акыретте сыйлык берээрин кабар берген. Ахли китаптын баары мусулмандарга аманат кылынган. Бул аманат мусулмандар аларга боорукердик кылып, аларды жакшы көрүшү керек дегенди билдирет; ахли китап коргоого муктаж деген маанини эмес.
Кээ бир фанаттар өзгөчө иудейлерди душман көрсөтүү үчүн кээ бир Куран аяттарын да өздөрүнчө далил көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул кээ бир батыштык Исламга каршы чыккандардын да эң чоң көзүрү. Ал кишилер өздөрүнчө Курандан аяттарды көрсөтүп, иудейлерге каргыш айтылган, алар «маймылдарга жана доңуздарга» салыштырылган деп иудейлерге карата душмандыкты күчөтүшкөн. Бирок Куранды караганыбызда каргыш айтылгандар менен айбандарга салыштырылгандардын иудейлердин арасынан чыккан жана эки жүздүүлүк, зомбулуктарды кылган мушриктер экенин көрөбүз. Бул жөнүндөгү Куран аяттарын карайлы:
Маида Сүрөсүнүн 60-аятында Аллах «маймылдарга жана доңуздарга» айландырган кишилер жөнүндө айтылат. Мындан мурдакы аяттарды караганыбызда ал кишилердин «китеп берилгендердин», б.а. христиан менен иудейлердин арасынан чыккан бир топ экенин көрөбүз:
Эй ыйман келтиргендер, силерден мурда аларга китеп берилгендерден (ахли китаптан) диниңерди шылдың жана оюн кылып алгандарды жана каапырларды дос (вели, башчы) кылбагыла. Жана эгер ишенсеңер, Аллахтан коркуп-тартынгыла. (Маида Сүрөсү, 57)
Алар силер бир-бириңерди намазга чакырганыңарда аны шылдың жана оюн кылышат. Бул чынында алардын акыл жүгүртпөс бир коом болушу себептүү. (Маида Сүрөсү, 58)
Айткын: «Аллах Кабатында «анык бир жаза катары» мындан да жаманын кабар берейинби? Аллах каргыш айткан, каарданган жана аларды маймылдар менен доңуздарга айланткандар менен тагутка сыйынгандар; мына ушулар мекендери жаманыраак жана түптүз жолдон көбүрөөк адашышкан.» (Маида Сүрөсү, 60)
Бул аяттарда ахли китаптын (китеп берилгендердин) арасынан чыккан бир топ жөнүндө сөз болууда. Ал топтун өзгөчөлүгү, алар бузукулук кылып, «эскертүүгө карабай тыюу салынган нерселерди жасап баш көтөргөн» жана динди шылдың кылган «каапыр» кишилер болушкан. «Ахли китап» деген сөз мындай эки жүздүү адамдардын кайсы элдин арасынан чыкканын белгилөө үчүн гана колдонулган.
Маида Сүрөсүнүн 60-аятынан мурдакы аяттарды караганыбызда муну толук көрө алабыз. 57-аятта «силерден мурда аларга китеп берилгендерден (ахли китаптан) диниңерди шылдың жана оюн кылып алгандарды жана каапырларды дос (вели, башчы) кылбагыла» деп «силерден мурда», б.а. мусулмандардан мурда «китеп берилгендер», б.а. иудей менен христиандардан каапырдык кылып, динди шылдың жана оюн кылган кишилер жөнүндө айтылууда. Кайрадан белгилеп кетели; бул жерде иудей жана христиандар жөнүндө сөз болуп жаткан жок, алардын арасынан чыккан динсиз, б.а. атеист, ошондой эле зомбулукчу, башкаларды шылдыңдаган мүнафыктар (эки жүздүүлөр) жөнүндө айтылууда. Мындай кишилер бир эле мусулмандар үчүн эмес, иудей жана христиандар үчүн да кооптуулук пайда кылып, баштарына балээ болот.
Бул жерде жана төмөндөгү бүт аяттарда айтылган «каапыр (Аллахты жокко чыгарган)» сөзүн туура эмес түшүнбөө үчүн бир жагдайды белгилей кетели: бир адам бир динге ишениши же ишенбеши мүмкүн. Бул анын жеке укугу жана өз абийири менен каалаган жолун тандоодо эркин. Динчил бир адам динди кабыл албаган бир адамга эч качан өз пикирлерин таңуулай албайт. Таңуулоого Куранда тыюу салынган. Ал тургай, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, бир мусулман атеист бир адамды да өз жанын аябай коргогонго милдеттүү.
Бирок эгер ал киши динди шылдың жана оюн кылып, динчилдерге жана алардын баалуулуктарына залака келтирүүгө аракет кылса, сый-урматты унутуп душмандай мамиле кылса же кол салып баштаса, анда Аллах алдында кылмыш кылган болот. Көңүл бурулган болсо бул аяттарда мүнөзү ушундай, чектен чыккан каапырлар жөнүндө сөз болгон. Динчилдерге кыйынчылык чыгарып, эки жүздүүлүк кылганы себептүү Аллах мындай кишилерди маймыл жана доңузга салыштырып, басмырлаган.
![]() |
God reveals in verses that He will never allow sincere Jews and Christians who devoutly believe in Him to know fear. |
Көрүнүп тургандай, Маида Сүрөсүнүн 60-аятынан мурдакы аяттарды караганыбызда, басмырланган бул кишилердин кандай мүнөздүү адамдар экенин түшүнөбүз. Кийинки аяттарда болсо чыныгы иудей жана христиандардын Куран боюнча сыпаттары айтылган:
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер (иудейлер), сабиилер жана христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)
Бул аятта бир сүйүнчү айтылган. Жана бул сүйүнүчтүү кабар Аллахка ишенип, жакшы иштерди жасаган иудейлерге жана ошондой эле христиандарга айтылган. Б.а. Аллах иудей жана христиандардан Аллахка чын жүрөктөн ишенип, чын ыкластуу болгондорду эч качан коркууга салбайм деп сүйүнчүлөөдө. Бул аларга айтылган бир бейиш сүйүнчүсү. Себеби аларга Аллах эч кайгырбайсыңар деп убада берүүдө. Аллах аларды бийик даражага койгон. Аллах аларды жакшы көрөөрүн кабар берген.
Ошондой эле, алардан деңиз жээгиндеги шаарды(н абалын) сура. Алар ишемби (тыюусун укпай) чектен чыгышкан эле. «Ишемби күнү жумуш кылуу тыюусун угушканда», балыктары аларга ачык эле топ-топ болуп келишчү, «ишемби күнү жумуш кылуу тыюусун укпаганда» болсо, келишчү эмес. Биз бузукулук кылганы үчүн аларды ушинтип сынаганбыз. (Аьраф Сүрөсү, 163)
Алардын бир тобу: «Аллах кыйратууну же күчтүү азапка салууну каалаган бир коомго эмне үчүн насаат айтып жатасыңар?» дегенде «Раббиңерге бир себеп айтуу үчүн жана балким угушаар деп» дешти. (Аьраф Сүрөсү, 164)
Аларга эскертилгенди унутушканда болсо, Биз жамандыктан кайтаргандарды куткардык. Зулумдук кылгандарды бузукулугу үчүн абдан оор бир азап менен кармадык. (Аьраф Сүрөсү, 165)
Алар тыюу салынган «нерсени токтотпой жасап, баш көтөргөндө» аларга: «Басмырланган маймылдарга айлангыла» дедик. (Аьраф Сүрөсү, 166)
Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынан мурдакы аяттарды караганыбызда, Израил урпактары (еврейлер) жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз. Еврейлердин арасынан чыккан бир топ «ишемби тыюусун» укпай, аларга диндин атынан айтылган эскертүүлөрдү унутуп, ага маани бербей, тыюу салынган нерсени жасай беришкен жана Аллахка баш көтөрүшкөн. Ошондуктан ал кишилер өз диндерин четке кагышкан. Булар иудейлердин арасынан чыккан, сөз укпаган адамдар болушкан.
Бул аяттарды караганда, бир тарапта чын ыкластуу иудейлердин, экинчи тарапта болсо ал иудейлердин арасында жашаган, сөз укпаган каапыр кишилердин бар экенин көрөбүз. Мисалы, 164-аятта сөз укпаган бул кишилерге тынымсыз насаат айтып, туура жолго чакырган иудейлер жөнүндө сөз кылынган. Алар сөз укпагандарды туура жолго түшөөр, «балким тартынышаар» деп насаат айтышкан. 165-аятта болсо жамандыктан тоскон бул чын ниеттүү кишилердин кутулганы айтылган. Сөз укпаган жана чын ниеттүү иудейлерге кыйынчылык чыгарган каапырлар басмырланышкан.
Бул аяттардан мурдакы аятта Аллах чынчыл иудейлерди төмөнкүчө мактаган:
Мусанын коомунан акыйкат жолго баштаган жана аны менен адилеттик кылган бир топ бар. (Аьраф Сүрөсү, 159)
Мусанын коомунан, б.а. иудейлерден акыйкат жолго баштаган жана адилеттик кылган адамдарды бул иштери үчүн Аллах мактаган. Аллахтын бул аятты түшүрүшүндө өтө терең даанышмандыктар бар.
Чын ыкластуу иудейлерге (еврейлерге) бир мусулмандын көз-карашынын кандай болушу керек экенин бул жана башка аяттар эң сонун чагылдырган.
![]() |
Силерден убада алып, Турду үстүңөргө көтөрүп (мындай деген элек:) «Силерге бергенибизди бекем кармангыла жана коркуп-тартынуу үчүн андагы (өкүмдөрдү дайыма) эсиңерде туткула.» (Бакара Сүрөсү, 63)
Силер болсо ошондон кийин да жүз бурдуңар. Эгер Аллахтын силерге болгон берешендиги жана мээрими болбогондо, силер чындап азапка калгандардан болмоксуңар. (Бакара Сүрөсү, 64)
Ант болсун, силерден ишемби (күнү) тыюусун укпагандарды, албетте, билесиңер. Биз аларга: «Басмырланган маймылдарга айлангыла» дедик. (Бакара Сүрөсү, 65)
Белгилүү болгондой, ишемби тыюусу (Шабат) иудейлерге гана тиешелүү бир тыюу. Ошондуктан бул жерден аятта айтылгандардын иудейлердин арасынан чыккан адамдар экенин түшүнөбүз. Бул аяттан мурдакы Куран аяттарында чөлдө жашаган мөөнөт бою Аз. Мусага (ас) кыйынчылык чыгаргандар жөнүндө айтылат жана бул жердеги баян Тоороттогу баянга окшошот. Аз. Мусага (ас) өтө көп кыйынчылыктарды чыгарган ал топтун кылгандары баяндалган соң, ал топтон «Тоорот өкүмдөрүн дайыма эсинде тутуп, ага моюн сунаары» жөнүндө убада алынганы айтылууда, бирок ошого карабай алар жүз бурушкан. Ишемби тыюусун укпаган, б.а. Тооротко каршы чыккан ал топ Аллах тарабынан басмырланган.
Көрүнүп тургандай, ал кишилер убада алынганына карабастан, Тооротту укпаган адамдар болушкан. Б.а. иудей эмес, ыймансыз (каапыр). Ишемби тыюусун укпай койгону да муну тастыктоодо. Ал кишилердин өзгөчөлүгү, алар ыймансыз болгондон тышкары, Аз. Муса (ас) менен чын ниеттүү иудейлерге кыйынчылык чыгарышкан. Ошондуктан басмырланууга татыктуу болушкан.
Бул жерде көңүл буруу керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар: бул аяттардан мурдакы аятта да чын ыкластуу иудей жана христиандар макталып, аларга акырет жөнүндө сүйүнчү айтылган:
Күмөнсүз, ыйман кылгандар (менен) иудейлер (еврейлер), христиандар жана сабиилер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, салих (чын ыкластуу) иш-аракеттерди кылса, алардын Аллах Кабатында сыйлыгы бар. Алар коркушпайт жана алар кайгырышпайт дагы. (Бакара Сүрөсү, 62)
Көрүнүп тургандай, чын ыкластуу иудей жана христиандар Куранда мактоого татыктуу көрүлгөн. Аллахтын жакшы көргөнүн мусулмандар да жакшы көрүшөт. Бул мусулмандардын милдети, жана, ошондой эле, мусулмандардын жүрөгүндө өзүнөн-өзү пайда боло турган бир сезим. Ошондуктан Аллахтын Куранда көп жолу кайталанган бул аяттарынын негизинде мусулмандар иудей жана христиандарды жакшы көрүп, коргошу керек жана аларга боорукер мамиле кылышы зарыл. Апачык көрүнүп тургандай, Аллах бул аяттарында чын ниеттүү христиан жана иудейлерди чын ниеттүү мусулмандардан бөлгөн эмес. Бул аят ахли китапка болгон бүт душмандыктарды толугу менен жок кылат.
Эң биринчиден, «бүт иудейлер каргышка калган» деген сөз Аллахтын адилетине жана Аллах жараткан динге такыр туура келбейт. Биринчиси, иудейлик акыйкат бир дин жана мусулмандардын да бир пайгамбары болгон Аз. Мусага (ас) түшүрүлгөн. Аллах Куранда иудей дининин жана иудейлердин бар экенин белгилеп, чын ниеттүү иудейлерди мактаган жана Куран аркылуу мусулмандарга бүт ахли китапты жакшы көрүп, аларды коргоо милдетин жүктөгөн. Кээ бир Куран аяттарында Израил урпактарына жана ахли китапка түздөн-түз кайрылуу жасалган. Демек, иудейлер менен христиандардан да Куран окугандар жана Курандан насаат алгандар болот. Бирок бир фанаттын ою боюнча, бир иудей Куранды колуна да кармай албайт.
Экинчиси, бүт адамдар бул дүйнөгө сыноого келишкен. Сыноонун жыйынтыгына жараша акыреттеги абалдары аныкталат. Аллах бул дүйнө жашоосунун бир сыноо экенин аятында төмөнкүчө кабар берет:
Ал, амал (иш-аракеттери) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
Ошондуктан бир мусулман кандай сыналса, иудей да ошондой сыналат. Иудей бир үй-бүлөдө төрөлгөн, дүйнөдөн бейкапар бир баланы каргышка калган деп айтуу Аллахтын адилетине толук карама-каршы келет. Али сынала элек бир наристени, кандай болсо да, каргышка калган деп ойлоо, мындай адилетсиздикти Аллахтан күтүү (Аллахты аруулайбыз), Аллахтын адилетин, боорукердигин, мээримин түшүнбөө деген мааниге келет. Бирок «иудейлер каргышка калган» дегендер бул сөздү чоң-кичинесине карабай, бүт иудейлерге карата айтышууда. Андай болсо фанаттар «иудейлер каргышка калган» деген сөзүнө Курандан кантип далил келтирүүгө аракет кылышат?
«Биздин жүрөктөрүбүз тосулуу» дешти. Жок; Аллах ыймансыздыгы (ишенбегени) себептүү аларды каргышка калтырган. Ошондуктан өтө азы ыйман кылат. (Бакара Сүрөсү, 88)
Мындан мурдакы аяттарды караганыбызда, бул жерде Аз. Мусанын (ас) коомунан, б.а. иудейлердин арасынан чыккан бир топ жөнүндө айтылып жатканын көрөбүз. Бул жердеги кишилердин каргышка калуу себеби болсо апачык белгиленген: «ыймансыздыгы (ишенбегени) себептүү»...
Бул жерде айтылгандар иудейликке кыянаттык кылган, мурдакы аяттарда айтылышынча пайгамбарларды да өлтүрө турганчалык чектен чыккан, ыймансыз (каапыр) кишилер. Куранда мусулман элдердин ичинен чыккан, зомбулукчу ыймансыздарга каргыш айтылганы сыяктуу, иудейлердин ичинен чыккан зомбулукчу ыймансыздарга да каргыш айтылган. Ошондуктан бул аят боюнча, каргышка калгандар – бул баш көтөргөн ыймансыздар, иудей же мусулмандар эмес.
Анык убада бергени үчүн Турду үстүлөрүнө көтөрүп, аларга: «Бул эшиктен сажда кылып киргиле» дедик жана аларга: «ишембиде чектен чыкпагыла» деп да айттык. Жана алардан анык убада алдык. (Ниса Сүрөсү, 154)
Алар берген убадаларын бузганы, Аллахтын аяттарын четке какканы, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүргөнү жана: «жүрөктөрүбүз тосулуу» дегени үчүн (аларга каргыш айттык). Жок; Аллах ыймансыздыгы (ишенбегени) себептүү ага (жүрөктөрүнө) мөөр баскан. Алардын азынан тышкары, калгандары ишенишпейт. (Ниса Сүрөсү, 155)
Мурдакы аяттарда ахли китаптын арасынан чыккан ыймансыз бир коом сүрөттөлүп, канча жолу чектен чыкса да, Аллах тарабынан кечирилген ал коомдон алынган убада болсо Ниса Сүрөсүнүн 154-аятында айтылган. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятында болсо ал коомдун берген убадасын бузганы, ыймансыз болуп, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүргөнү кабар берилген. Ушул себептен каргышка калышкан.
Бул аяттардын уландысында да иудейлерден сөз кылынып, Аллах иудейлерден чыккан каапырлар менен терең ыймандууларды бири-биринен бөлүп караган:
Бирок алардан (иудейлерден) илимде тереңдегендер менен ыймандуулар сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурда түшүрүлгөнгө ишенишет. Намазды туптуура кылгандар, зекетти бергендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендер; мына ошолор, Биз аларга чоң бир сыйлык беребиз. (Ниса Сүрөсү, 162)
Иудейлерден каапыр болуп, чектен чыккандардын болсо өкүмү башка. Мусулмандардын арасындагы каапыр жана чектен чыккандардын өкүмү башка болгон сыяктуу. Аллах аятта чын ниеттүү иудейлерди өзүнчө туткан жана аларга «чоң бир сыйлык берээрин» кабар берген. Аллах сыйлык берем деген, бейиш менен сүйүнчүлөгөн жана мактаган иудейлерди ким, кантип каргышка калган эл кылып койо алат? Аллах аларды мактаганына карабай, бир адам кантип «бүт иудейлер каргышка калган, алардын баарын өлтүрүү керек» дей алат? Фанаттардын маселеси мына ушунда: алар Аллахты билишпейт, Куранды түшүнүшпөйт жана алдыда карала турган бул жөнүндөгү жалган хадистердин тузагына түшүшкөн.
Бул жерде маанилүү бир жагдайга кайрадан көңүлүңүздү буралы: бир адам бул дүйнөдө ыймансыз (атеист) болушу мүмкүн, бирок эки жүздүүлүк кылбай, адамдарга кыйынчылык чыгарбай, башкалар менен сый мамиледе болуп, чынчылдык менен өмүр сүрсө, дайыма мусулмандардын коргоосунда болот. Бул Куранда мусулмандарга жүктөлгөн бир жоопкерчилик. Жогорудагы аяттарда каргыш айтылгандар болсо – өз элинин арасындагы динчилдерге кыянаттык кылган, б.а. эки жүздүүлүк кылган, ал тургай, пайгамбарларды өлтүргөн, чектен чыккан кишилер. Аллах алардын пайгамбарларды өлтүрүшүн каргышка калуу себеби катары көрүп, аларды «убадасын бузган», б.а. эки жүздүү мүнафыктык кылган, ыймандууларга арттан сокку урган кишилер катары сүрөттөгөн. Ал адамдар Аз. Муса (ас) менен динчил иудейлерге да коркунуч туудурушкан. Б.а. ал ыймансыз кишилер иудейлердин арасынан чыкканы же ыймансыз болгону үчүн гана эмес, Аллахтын алдында кылмыш кылганы үчүн Аллахтын Кабатында каргышка калышкан. Ортодогу бул айырманы жакшылап түшүнүү керек.
![]() |
God makes a distinction for sincere Jews in verses and reveals that He will give them a great reward. How can anyone curse a Jewish community that God says He will reward, that He praises and on whom He will bestow paradise. |
Көбүнчө фанаттар жана Батыштагы кээ бир Исламга каршы чыккандар тарабынан иудей жана христиандарга каршы бир далилдей көрсөтүүгө аракет кылынган Куран аяттарынын бири Маида Сүрөсүндө:
Эй ыймандуулар, еврейлерди жана христиандарды дос (вели) кылбагыла; алар бири-биринин досу. Силерден аларды ким дос кылса, албетте ошолордон болот. Эч күмөнсүз, Аллах заалымдар тобуна хидаят бербейт (туура жолго салбайт). (Маида Сүрөсү, 51)
Аятта «дос» деген сөз эки жолу айтылган. «Еврейлерди жана христиандарды дос (вели) кылбагыла» деген сүйлөмдөгү «достор» деп которулган сөздүн арапчасы «эвлийау». Бул сөздүн чыныгы маанилери төмөнкүчө: «коргоочулар, мыйзам алдында жооптуулар, олуялар, мырзалар, кожоюндар, башчылар». «Силерден аларды ким дос кылса» деген сүйлөмдөгү «дос» деп которулган сөздүн арапчасы болсо «йетевеллехум». Бул сөздүн мааниси болсо мындай: «багууну мойнуна алуу, башчы болуу, башкарууну колго алуу». Арапча маанисин караганыбызда бул аятта айтылган «дос» деген сөздүн чындыгында «башкаруучу» маанисине келээрин оңой эле түшүнө алабыз. Бул жерде мусулмандарга иудей жана христиандардын башкаруусу астына кирүүсүнө тыюу салынган. (Prof. Dr. Bayraktar Bayraklı, Kuran Meali (проф. Байрактар Байраклы, Куран маанилеринин котормосу))
Мунун максатын түшүнүү болсо кыйын эмес. Бул диндер Аллахтын жалгыздыгына ишенип, бирдей негиздерге таянганы менен, ар бир диндин өзүнө тиешелүү ибадаттары жана өкүмдөрү бар. Ошондуктан бир иудейдин же бир христиандын башкаруусу астындагы мусулмандын ибадат жана өкүмдөрдү орундатууда кыйынчылыкка түшүү ыктымалдыгы өтө жогору. Бул кыйынчылыктын алдын алуу үчүн аятта ушундай өкүм берилген.
![]() |
Такия «коргонуу, жашынуу» деген маанилерге келген бир сөз. Куранда бул сөз төмөнкү аятта кездешет:
«Ким ыйманынан соң Аллах (жөнүндө) ыймансыздыкка адашып, -жүрөгү ыйманга толуп туруп, кысымчылыкка алынып мажбурлангандан тышкары- каапырдыкка жүрөгүн ачса, мына ошолорго Аллахтын каары келет...» (Нахл Сүрөсү, 106)
Бул аятта өзгөчө бир жагдай сүрөттөлгөн: бир адам ыймандуу болгонуна карабастан, кысымчылык астында калганда, андан кутулуу үчүн убактылуу «Аллах жок» деп айтууда же ыйманын жашырууда. Куранда «такиянын» мындан башка мааниси жок.
Бирок «такияны» учурда кээ бир туура эмес Ислам түшүнүгүндөгү адамдар башкача колдонушууда жана бир катар Исламга каршы чыккандар да туура эмес түшүнүшүүдө. Туура эмес Ислам түшүнүгүндөгү кээ бир кишилер «такияны» бүт тарапта колдонулчу бир эки жүздүүлүк ыкмасы катары көрүп, өмүрүнө эч бир коркунуч туулбаган кезде да Исламга сыйбаган иштерге барышууда жана жалган хадистер себептүү «душман» жарыялаган кишилерге роль ойноп, достой мамиле кылышууда.
Бир катар Исламга каршы чыккандар же радикалдардан улам Исламга күмөн менен карагандар болсо муну жалпылаштырып, эч бир мусулмандын тынчтык жана сүйүү жөнүндөгү сөздөрүнө ишенбеш керек, аягында чоң бир согуш үчүн баары роль ойношот дешет. Алар мусулмандар Курандагы «такияны» ушундай түшүнөт жана негизи согушту сабырсыздык менен күткөн мусулмандар роль ойноп, тынчтык жана сүйүүнү жактагандай көрүнүшөт дешет. Ошондуктан бул кишилердин ою боюнча, сүйүү жана тынчтыктан сөз кылган ар бир мусулман негизи калп айтып жаткан болот.
Бул жерде, албетте, эки тараптын тең эң чоң маселеси – эки тарап тең Курандан кабарсыз.
Эң биринчиден, Куранда айтылган «такия» сөзүндө маанилүү бир шарт бар: «жүрөгү ыйманга толуп туруп, кысымчылыкка алынып мажбурлангандан тышкары»... Аятта айтылган «такия» боюнча, мусулман киши кысымчылык же коркутуу астында, б.а. оор абалда калганда, кысымчылыктан кутулуу үчүн ыйманын жашыра алат; душмандыгын эмес. Улуу Аллах Куранда фараондун үй-бүлөсүнөн ыйманын жашырган бир кишини кабар берген:
«Фараон үй-бүлөсүнөн ыйманын жашырган бир адам мындай деди: силер бир кишини «Раббим Аллах» дегени үчүн өлтүрөсүңөрбү...» (Момун Сүрөсү, 28)
Ыйманын жашырган бул киши өтө кооптуу чөйрөдө жашаган. Фараон деген өз доорунун эң заалым өкүмдарынын жанында жашап, өлүм коркунучу болгону себептүү ыйманын жашырган, б.а. «такия» кылган. Бул Курандагы «такия» шартына толук туура келет. Ал киши олуттуу коркунуч астында болгону үчүн ыйманын жашырып жашаган. «Такиянын» Куранда бир гана ушундай мааниси бар.
Учурдагы бир катар туура эмес Ислам түшүнүгүндөгүлөрдүн «такия» деген ат менен кылып жаткандары жана алардын кылганын Исламга туура келет деп ойлогон кээ бир Ислам душмандары Курандан алыс болгону үчүн тынчтык менен сүйүүнүн да жолун тосушууда. «Такияны» Курандагыдан башка мааниде түшүнүү жана колдонуу дүйнөдөгү азыркы согуш жана кагылышууларга колдоо көрсөтүүдө. Бул аркылуу адамдардын аң-сезимине эч качан тынчтык келбейт, массалык кыргындар, согуштар уланат деген түшүнүк сиңирилүүдө.
Мындай түшүнүк Куранга да, акылга да карама-каршы келет. Элестетип көрсөңүз, бир мусулман Аллахтын ыраазылыгы үчүн бүт өмүрүн тынчтыкка, бир туугандыкка, адамдарды достоштурууга арнап, ал үчүн согушту каалагандардын, радикалдардын коркутуп-үркүтүүлөрүнө туш болуп, өмүрүн коркунучка салат, исламофобиянын кыйратуучу таасирине карабай христиан жана иудейлерди дос болууга ынандырат, бул достук үчүн убактысын, акчасын, мүмкүнчүлүгүн жана жаштыгын сарптайт... Аягында болсо канчалаган кыйынчылык менен ынтымакка алып келип, адамдардын арасында сүйүү биримдигин курган соң бир күнү аларды өлтүрүүнү чечет! Бул өтө туура эмес бир көз-караш. Бир адам эгер шайтандык түшүнүктө болсо жана сөзсүз адамдарды өлтүрүүнү кааласа, бул көп кыйынчылык туудурбайт. Бул түшүнүгүн ансыз да ар кандай шартта турмушка ашыра алат. Эгер муну динди жамынып жасагысы келсе, ансыз да динди колдонуп адамдарды өлтүрүп жаткан кишилер толтура.
Мусулман алдамчылык менен жашабайт, буга тыюу салынган. Чыныгы мусулман дайыма Куранга карап жашашы керек. Куран аяттары боюнча мусулмандар бул дүйнөгө сүйүү алып келүүгө милдеттүү (Мариям Сүрөсү, 96), бүт дүйнөдө тынчтыкты орнотууга милдеттүү (Бакара Сүрөсү, 208), биримдикти жана ынтымакты орнотууга милдеттүү (Анфал Сүрөсү, 73). Ыймансыздарды да коргоп, керек болсо ал үчүн өз жанын рискке салууга буюрулган (Тообо Сүрөсү, 6). Куранда өзгөчө орду болгон ахли китап менен болсо бир тууган, дос, жакын курбу болууга милдеттүү. Аларды өлтүрүү үчүн эмес, аларды мажбурлап Исламга киргизүү үчүн эмес; аларды жакшы көргөнү үчүн, Аллахтын буйругу экенин билгени үчүн, баары чогуу «Аллах жалгыз» дегени үчүн алар менен жакын мамиледе болууга милдеттүү. «Такия» сөзүн атайылап башка мааниде колдонуп, мусулмандыкты согуш дининдей көрсөтүүгө аракет кылгандардын мындай тымызын планы ишке ашпайт. Себеби тымызын план дайыма бузулат. Канчалаган согуш сценарийлерине карабастан, үч диндин өкүлдөрү бул дүйнөгө тынчтыкты орнотушат. Себеби Аллах сөзсүз акыйкатты үстөм кылат, сүйүүнү жана тынчтыкты каалайт. Адамзатты жана бүт ааламды сүйүү үчүн жараткан.
Курандан фанаттар жана Исламга каршы чыккандар иудей душмандыгына далил келтирүүгө аракет кылган Куран аяттарынын чыныгы маанилерин карап чыктык. Эми фанаттар иудейлерге (еврейлерге) болгон душмандыкты жайылтуу үчүн колдонгон жана эч нерсеге карабай ишенген жалган хадистерди карайлы:
Атийат аль-Куразий мындай деди: «Курайза согушу күнү Расулуллах саллАллаху алейхи ва саллам көбөйүү органын колдонгон еврейлердин баарын өлтүргүлө деп буйруду. Мен анда али колдоно элек элем. Менин абалымды Расулуллахка айтышты. Расулуллах саллАллаху алейхи ва саллам мени койо берди.» (Ebu Davud, Tirmizi, Nesei, İbn Mace, İbn Hibban)
Бул жалган хадис аркылуу бойго жеткен еврейлердин баарын өлтүргүлө деген буйрук берилүүдө. Ислам дини күнөөсүз жерден адам өлтүрүүнү эң чоң күнөө деп эсептеген, чын ыкластуу иудейлерди чоң сыйлык менен сүйүнчүлөгөн, адамдарды сүйүү жана боорукердикке чакырган бир дин. Бир адамды «эч күнөөсүз жерден» -негизи кылмыш кылган болсо да ал кишини кечирүү керек- еврей болгону үчүн гана бойго жеткенде өлтүрүү өкүмү Исламдай бир тынчтык дининде эч качан болушу мүмкүн эмес. Куранда, албетте, мындай өкүм жок; бул Куранга жана Улуу Раббибиздин бул сонун динине карата айтылган бир жалган жалаа. Бул Куран боюнча бир кылмыш. Чын ыкластуу болуп, бирок сабатсыздыгынан улам ишенгендерден тышкары, мындай жасалма хадисти өкүм катары алып турмушка ашырган бир киши мусулман эмес, киши өлтүргүч болот. Аллах чын ыкластуу иудейлерди мактаганына карабай, аларды кандай болсо да өлтүргүлө деп буйруган бир өкүмгө ишениши фанаттардын канчалык сабатсыз экенин көрсөтөт.
«Кыямат күнү мусулмандар үстүндө тоолордой болгон күнөөлөрү менен келишет, Аллах (ж.ж) алардын баарын кечирип, еврейлердин үстүнө жүктөйт.» (Ramuz el-Hadis )
Бул жалган хадиске Куран менен жооп берели:
Үстүндө тоолордой болгон күнөөлөрү менен келген бүт мусулмандар өз күнөөлөрүнөн, бүт иудейлер да өз күнөөлөрүнөн суракка алынат. Эч ким өзүнүн мойнундагы күнөөсүн башка бирөөгө жүктөй албайт, өзүнүн күнөөлөрүнө гана жооп берет. Аллах Куранда муну апачык кабар берген:
Ким хидаятка жетсе (туура жолго түшсө), өзү үчүн хидаятка жетет; ким адашса өз зыянына адашат. Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт... (Исра Сүрөсү, 15)
Башка бир Куран аятында Аллах өз күнөөсүн бир күнөөсүзгө жүктөөгө аракет кылгандын өкүмүн да апачык билдирген:
Ким бир ката же күнөө кылып, анан аны бир күнөөсүзгө жүктөсө, чындап ал бул жалганды жана апачык бир күнөөнү өз мойнуна үйөт. (Ниса Сүрөсү, 112)
Ар бир адам акыретте өз кылгандарына жооп берет. Аллах кабар бергендей, «Аллахка кайтып бара турган күндөн корккула. Анан ар бир адамга акысы толугу менен төлөнөт жана аларга адилетсиздик кылынбайт.» (Бакара Сүрөсү, 281) аятына ылайык эч кимге акыретте адилетсиздик кылынбайт. Эч ким акыретте, Раббибиздин Кабатында «менин күнөөлөрүмдү тигил мойнуна алды, ошондуктан күнөөсүзмүн» дей албайт, бул дүйнөдө уялбай айтып жүргөн бул түшүнүгүн ал жерде айта албайт. Себеби негизи бул сөздүн бир алдамчылык экенин бүт адамдар ичинен билишет.
![]() |
While God praises sincere Jews in the Qur'an, the fanatics believe in a so-called commandment that states they should be killed without question. |
«Эгер Израил урпактары болбогондо, тамактар бузулбай, эттер жыттанмак эмес.» (Cami-üs Sağir)
Жалган хадистердин кандай түшүнүктөн келип чыкканын түшүнүү жана алардын калп экенин далилдөөдө бул жалган хадис өтө маанилүү. Китептин башынан бери айтылып келе жаткан жалган хадистер мына ушундай түшүнүктөн келип чыккан. Эгер иудейлер болбогондо, тамактар бузулмак эмес жана эттер жыттанмак эмес деген бир түшүнүктөн аялдар, жаныбарлар, искусство жана бүт коомдук жашоо жөнүндө үрөй учурарлык көз-караштардын келип чыгышы, албетте, таң калыштуу болбойт. Бул жалган хадис, ошол эле учурда, иудейлерди басмырлап, душман көрсөткөн хадистердин да ойдон чыгарылгандыгынын маанилүү бир далили. Куранда аты аталып, макталган жана Аз. Мусанын (ас) урпактары болгон бир элдин бар болушу тамактардын бузулушуна жана эттердин жыттанышына себеп болот деген бир ишеним системасынын бир акыйкат динде болушу, албетте, мүмкүн эмес. Ошондой эле, Раббибиздин Куранда Маида Сүрөсүнүн 5-аятында мусулмандарга иудейлердин жана христиандардын тамактарын адал кылганын да эске салуу керек. Бул жердеги көз-караш Куранга туура келбеген жана фанаттык бир көз-караш. Бул жердеги тантык көз-караш фанаттардын бузук түшүнүгүн толугу менен көрсөтүүгө жетиштүү болот.
![]() |
A belief system that maintains that the presence of a community mentioned and praised in the Qur'an and descended from the Prophet Moses (pbuh) causes food to spoil and meat to go bad can never be part of a Divine faith. |
«Расулуллахтын акыркы сөздөрүнүн бири (Аллах еврей жана христиандарды жок кылсын. Арап жерлеринде эки дин калбасын) эле.» (Beyheki)
Бул жалган хадис да Пайгамбарыбызга (сав) айтылган чоң бир жалаа. Улуу Аллах Куранда христиандык жана иудейлик диндеринин бар экенин белгилеп, Курандын бул эки акыйкат динди тастыктоочу катары жөнөтүлгөнүн кабар берген. Куран бул эки диндин өкүмдөрүн жокко чыгарбайт, бул диндерди тастыктайт. Курандын көптөгөн аятында бул маанилүү маалымат берилген, алардын бири төмөнкүдөй:
Ал сага Китепти акыйкат жана андан мурдакыларды тастыктоочу катары түшүрдү. Ал Тооротту жана Инжилди да түшүргөн. (Али Имран Сүрөсү, 3)
Ошондой эле, Куран жер жүзүндө иудей жана христиандардын болоорун жана жогоруда айтылгандай, алардын бир бөлүгүнүн чын ыкластуу жана Аллах тандаган бир коом болоорун белгилеген. Аллах Куранда мусулмандарга христиан жана иудейлерге үйлөнүүгө, алардын дасторконунда тамак жегенге уруксат берген, б.а. адал кылган (муну төмөндө тереңирээк карайбыз). Ошондой эле, Улуу Раббибиз мусулмандарга жакшы көрүү жагынан «христиандардын» эң жакын болоорун белгилеген. Аллах мактап, сыйлык тартуулап, бар болоорун кабар берген бул элдер жөнүндөгү «Аллах еврей жана христиандарды жок кылсын» деген сөздүн Пайгамбарыбызга (сав) тиешелүү эмес экени анык. Муну Пайгамбарыбыздын (сав) сөзү деп жайгандар бул чоң жалаанын күнөөсүн моюндарына үйүшөт. Бул жалган хадис Курандагы ахли китап жөнүндөгү мактоо сөздөрү жана Пайгамбарыбыздын (сав) ахли китапка болгон мамилеси тарабынан толугу менен калпка чыгарылат. Бул жөнүндөгү Куран аяттарына жана Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттерине бир аздан кийин токтолобуз.
![]() |
Arab lands are holy places where the three faiths co-existed and were protected by our Prophet (pbuh). It is obvious that our Prophet (pbuh) would never say that Jews and Christians, of whose existence God speaks and whom He praises, should be destroyed. Those fabricated hadiths are all slanders against our Prophet (pbuh). |
«Бир киши башка бир кишиге (эй еврей) десе, ага 20 балак ургула.» (Tirmizi)
«Кимдин жакырга берээрге акчасы жок болсо, еврейге наалат айтсын, бирдей соопко ээ болот.» (Deylemi, İbn-i Adiyy)
Бул жалган хадистерде да «еврей» деген сөз бир акараттай көрсөтүлүп, иудейге наалат айтуу сооп деп айтылган жана ушундайча иудейлерге болгон душмандыкты жайылтуу максат кылынган. Фанаттардын эмне үчүн мынчалык башка бир динде жашаганы белгилүү. Чын ниеттүү иудейлердин акыретте сыйлык алаарын белгилеп, чын ыкластуулугун мактаган Куран фанаттардын дүйнөсүнөн такыр алыс.
Иудей жана христиандарга болгон жек көрүүнүн жайылышына ушундай тантырак сөздөр себеп болууда. Фанаттар жөнүндөгү арыздарын Исламга каршы чыгуу аркылуу жайылтууга аракет кылгандар мына ушуга өтө көңүл бурушу керек. Чыныгы Исламга жана чын ыкластуу мусулмандарга каршы чыгуу аркылуу, фанаттык түшүнүктү жойо турган бирден бир, негизги куралды жок кылууга аракет кылып, өздөрүнө кайтып келе турган бир балээни даярдашууда.
![]() |
If someone who regards himself as a Muslim shoots a Jew behind a tree on the grounds that “the tree told me to do it,” on the basis of what the false hadiths say, the Jew who is killed may go to paradise, but unless that Muslim repents, he will be punished in the hereafter for having committed murder. |
«Абу Хурайрадан (ра) Пайгамбардан (сав) угуп риваят кылынганы боюнча, Расулуллах сав: «Еврейлер менен христиандарга (жолукканыңарда) биринчи болуп силер салам бербегиле. Алардын бирөөсүнө бир жолдо жолугуп калсаңар, аны жолдун тар тарабына кыскыла» деп айткан.» (Muslim, Buluğu’l Meram cilt 4, CİHÂD BAHSİ, Cizye Ve Hüdne Babı»1335/1125- ([246]))
Сүйүүгө, сылыктыкка жана эң башта ахли китапка карата сый мамиле кылууга үндөгөн акыйкат бир диндин өкүмдөрүнө каршы ойлоп чыгарылган бул хадис олуттуу бир жапайылык жана Пайгамбарыбызга (сав) карата айтылган бир жалаа. Куран өкүмдөрүнө ылайык иудей жана христиандарга өтө боорукер мамиле кылып, аларды жакшы көргөн Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттерине толук карама-каршы келген бир түшүнүк бул жалган хадисте Пайгамбарыбыздын (сав) сөзү катары айтылууда.
«Еврейлер таштардын жана дарактардын артына жашынышат, бирок дарак менен ташка тил кирип «Эй муслим! Эй Аллахтын (ж.ж.) кулу! Кел, кара менин артымда еврей бар, бул жерге жашынды, менин артымда, кел аны жазаландыр.» дейт. Бир гана «гаргад» дарагы мындай дебейт, себеби ал еврей дарагы» деп айтылат. (Kitab-ul Fiten H. 2239)
Еврейлерге душмандыкта балким эң көп колдонулган хадис гаргад дарагы жөнүндөгү ушул жалган хадис болушу керек. Бул хадис боюнча таштын же дарактын артына бир иудей жашынганда өлтүрүлүшү керек. Бул акылсыз логика боюнча, ал иудей күнөөсүз киши болушу мүмкүн, иудей бир жаш бала болушу мүмкүн, динчил, жакшы адам да болушу мүмкүн. Бирок бул жалган хадис боюнча, дарактын артында кандай болсо да бир иудей жашынганда, таш менен дарактар мусулман кишиге муну кабар берет жана ал иудейди сөзсүз өлтүрүү керек болот. Жаш бала болсо дагы...
![]() |
Бирок, Куран боюнча бул кылмыш болуп саналат. Өзүн мусулманмын деп ойлогон бир киши жалган хадистерге ишенип, «дарак мага буйрук берди» деп дарактын артындагы иудейди аткан болсо, өлтүрүлгөн иудей бейишке кирип, өзү болсо тообо кылбаса, акыретте кылган кылмышынын жазасын алат. Болгондо да, бул ушунчалык үрөй учурарлык бир система; себеби мындай жалганга ишенгендер «таш мага буйрук берди» же «дарак мага кабар берди» деген сыяктуу калптарды шылтоо кылып, адам өлтүрүүгө барышы мүмкүн. Эмне себептен киши өлтүрдүң дегенде, таштан буйрук келди деп койо алат. Бул системада аларды эч ким суракка да ала албайт. Ансыз да алардын системасы Курандан таптакыр алыс. Алардын системасы адам өлтүрүүнү, адамдарды басмырлоону, жолдун четине кысууну кадимки көрүнүштөй көргөн бир система. Аллах Куранда алардын мындай жалганчы системасын басмырлаган:
Силерге эмне болуп жатат, кандай өкүм берип жатасыңар? Эч насаат алып-ойлонбойсуңарбы? Же силердин апачык бир далилиңер барбы? Эгер туура айтып жатсаңар, анда китебиңерди алып келгиле. (Саффат Сүрөсү, 154-157)
Эми иудейлер менен христиандар жөнүндөгү ойдон чыгарылган бул хадистердин Куран жана Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттери тарабынан кантип жокко чыгарылаарын көрөлү:
![]() |
Muslim men can marry members of the People of the Book. Food prepared by them is lawful for Muslims, and food prepared by Muslims is lawful for them. |
Мусулмандар ахли китапка үйлөнө алышат, алардын тамактары мусулмандарга, мусулмандардын тамагы аларга адал:
Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды. Китеп берилгендердин (иудей жана христиандардын) тамагы силерге адал, силердин тамагыңар да аларга адал. Ыймандуулардан эркин жана намысын сактаган аялдар менен силерден мурда китеп берилгендерден (иудей жана христиандардан) эркин жана намысын сактаган аялдар да, намыстуу, ойноштук кылбаган жана башкалар менен тымызын достошпогондору –аларга акыларын (мехирлерин) төлөгөнүңөрдө- силерге (адал кылынды). Ким ыйманды тааныбай, каапырдыкка (ыймансыздыкка) адашса, албетте, анын кылгандары текке кетет. Ал акыретте азапка туш болуучулардан болот. (Маида Сүрөсү, 5)
Бул аят маанилүү мисалдар менен ахли китаптын мусулмандардын алдындагы кадыр-баркын көрсөткөн бир аят. Бул аяттын өкүмү боюнча, бир мусулман эркекке ахли китаптан аялдарга үйлөнүү уруксаты берилген. Бул маанилүү бир уруксат, себеби Курандын «Жаман аялдар жаман эркектерге; жаман эркектер жаман аялдарга; жакшы жана таза эркектер жакшы жана таза аялдарга (жарашат)...» (Нур Сүрөсү, 26) буйругуна ылайык мусулмандар таза жана жакшы адамдар менен үй-бүлө курууга милдеттүү. Бул өкүм аркылуу иудей жана христиандардын таза, жакшы адамдар экенине маанилүү бир ишарат берилүүдө.
Ошондой эле, бул аятта маанилүү бир жагдай белгиленген. Бир мусулман иудей же христиан аялды жубайы кылып, ага «жубайым, түгөйүм, сүйүүктүүм» деп кайрылып, аны менен үй-бүлө куруп, бүт өмүрүн аны менен бирге өткөрөт, ал тургай, акыретте түбөлүк жашоосун аны менен бирге өткөрүүгө ниет кылган болот. Ал инсан өмүр бою бүт кыйынчылыктарын, кубанычтарын бөлүшкөн жалгыз адамына айланат. Ооруганда экөө бири-бирин карап, экөө бири-бирине ишенет.
Фанаттардын түшүнүгү боюнча, бир адам «сүйүүктүүм» деген, өмүрүн бирге өткөргөн, өз жанын аманат кылган, өз балдарынын энеси болгон бир адамды христиан же иудей болгону үчүн бир күнү душман көрүп, аны каргышка калган деп жарыялайбы? Бүт өмүрүн аны менен өткөргөн соң бир күнү «мобул дарак мага кабар берди, аялым иудей, анын артына жашынып алыптыр» деп аны өлтүрүүнү чечеби? Бир адам психикалык жактан оорулуу болсо гана мындайга барышы мүмкүн. Куран менен жашаган, акылы ордунда бир мусулман үчүн иудей жана христианды жакшы көрүүнүн критерийи бул аятта айтылган.
Аятта, мындан тышкары, мусулмандарга ахли китаптын тамагынан жегенге да уруксат берилген. Бул маанилүү бир критерий, себеби, белгилүү болгондой, мусулмандар жей турган тамагында белгилүү тыюуларды карашы керек; чочконун эти менен Аллахтын атына союлбаган бир жаныбардын эти мусулмандарга арам. Иудей жана христиандардын тамактарынын мусулмандарга адал кылынышы бул кишилердин ишенимдүү экенине кепилдик берет. Ушул эле критерий иудей жана христиандарга да тиешелүү, жана аяттын өкүмү боюнча мусулмандардын тамактары аларга адал кылынган.
Бул жердеги достук мамилеге да көңүл буруу керек. Ахли китап менен мусулмандар бир дасторконго отуруп, бири-бирине конок болуп, бири-бирин коноктой алышат. Бул жерде бир достук мамилеси сүрөттөлгөн. Бири-бирин жек көрүп, өлтүрүү эмес; сүйүү, достук, бир туугандык мамиледе болуу керек экени сүрөттөлгөн.
Бул аяттагы өкүмдөрдү бир фанат эч качан кабыл албайт. Куранда берилген бул уруксатка фанаттардын дүйнөсүндө тыюу салынган жана фанаттар муну үрөй учурарлык нерседей көрүшөт. Бир фанатка ахли китаптан бир адамга үйлөнүүгө же анын үйүндө конок болууга болобу деген суроо узатылса, ачуулануу менен «болбойт» деп жооп берет. Апачык көрүнүп тургандай, фанаттардын өкүмдөрү Курандан алынган эмес, себеби алар өкүмдөрдү Курандын койоорун кабыл алышпайт.
![]() |
The fact that food prepared by Jews and Christians is lawful for Muslims is a guarantee that these people can be trusted. That same criterion also applies for Jews and Christians, and according to what the verse says, food prepared by Muslims is also lawful for them. |
Ахли китаптын ордун көрсөткөн мындан башка аяттар да бар. Аллах Куранда бир катар ахли китапты мактаган. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүчө:
Мусанын коомунан акыйкат жолго баштаган жана аны менен адилеттик кылган бир коом бар. (Аьраф Сүрөсү, 159)
Алардын баары бирдей эмес. Ахли китаптан бир коом бар; түнкүсүн тик туруп Аллахтын аяттарын окуп саждага жыгылышат. Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана жакшылык иштерде жарышышат. Мына ошолор чын ыкластуулар (салихтер). Алар эмне жакшылык кылган болсо, албетте, анын сыйлыгын алат. Аллах муттакилерди (Аллахтан корккондорду) билет. (Али Имран Сүрөсү, 113-115)
Күмөнсүз, ахли китаптан (китеп берилгендерден) Аллахка, силерге түшүрүлгөнгө жана өздөрүнө түшүрүлгөнгө –Аллахка терең урмат көрсөтүп- ишенгендер бар. Алар Аллахтын аяттарын аз бир наркка алмашышпайт. Мына ушулардын Раббилери Кабатында сыйлыктары бар. Күмөнсүз Аллах эсепти өтө бат жасоочу. (Али Имран Сүрөсү, 199)
Мындан (Курандан) мурда Биз китеп бергендер буга ишенишет. Аларга окулганда: «Биз ага ишендик, чындап ал Раббибизден келген бир акыйкат, эч күмөнсүз, биз мындан мурда да мусулмандар элек» дешет. (Касас Сүрөсү, 52-53)
Бирок алардан (иудейлерден) илимде тереңдегендер менен ыймандуулар сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурда түшүрүлгөнгө ишенишет. Намазды туптуура кылгандар, зекетти бергендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендер; мына ошолор, Биз аларга чоң бир сыйлык беребиз. (Ниса Сүрөсү, 162)
Күмөнсүз, ыйман кылгандар (менен) иудейлер (еврейлер), христиандар жана сабиилер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, салих (чын ыкластуу) иш-аракеттерди кылса, алардын Аллах Кабатында сыйлыгы бар. Алар коркушпайт жана алар кайгырышпайт дагы. (Бакара Сүрөсү, 62)
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер (иудейлер), сабиилер жана христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)
...Алардан ыймандууларга сүйүү жагынан эң жакын катары: «христиандарбыз» дегендерди көрөсүң. Бул аларда (бир катар) поп жана кечилдердин болушу жана алардын чындыгында текебердик кылбашы себептүү. Элчиге түшүрүлгөндү укканда, Акыйкатты таанып, көздөрүнөн жаш төгүлгөнүн көрөсүң. «Раббибиз ишендик, бизди күбөлөр менен бирге жаз. Раббибиздин бизди чын ыкластуулардын катарына кошушун үмүт кылып жатканда эмне үчүн Аллахка жана бизге Хакктан келгенге ишенбейт экенбиз?» дешет. Ошентип Аллах айткандарына сый катары ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди берди. Бул жакшылык кылуучулардын акысы. (Маида Сүрөсү, 82-85)
Ант болсун, Аллах Израил урпактарынан сөз (убада) алган эле. Алардан он эки ишенимдүү-көзөмөлчү жиберген элек. Жана Аллах аларга: «Чынында Мен силер менен биргемин. Эгер намазды кылып, зекетти берип, элчилериме ишенип, аларды жактап-колдосоңор жана Аллахка сонун бир карыз берсеңер, албетте, силердин жамандыктарыңарды жаап, силерди чындап астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. Мындан кийин силерден ким каапырдык кылса, чынында түптүз жолдон адашкан болот.» (Маида Сүрөсү, 12)
Аяттардан апачык көрүнүп тургандай, чын ыкластуу жана чын ниеттүү иудей жана христиандар Куранда жакшы сөздөр менен макталып, Аллахтын бир сыйы менен сүйүнчүлөнгөн. Аллах бул инсандарды бейишине киргизээрин кабар берген. Бул Аллахтын аларга болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Аллах сүйгөн, бейишинде сыйлаган, ыраазы болгон бир адамга бир мусулман кантип душман боло алат? Куран боюнча, боло албайт. Куран боюнча, мындай душмандык күнөө, кылмыш болот. Ошондуктан, фанаттар Куран аяттарына карабай, жалган хадистерди жол башчы кылып, ахли китапка карата душмандыкты жайуу менен Ислам боюнча кылмыш кылышууда.
![]() |
Араларынан зулумдук кылгандарынан тышкары, ахли китап менен эң жакшы жол менен гана күрөшкүлө. Жана айткыла: «Бизге жана силерге түшүрүлгөнгө ыйман кылдык; биздин Кудайыбыз да, силердин Кудайыңар да бир жана биз Ага моюн сунганбыз.» (Анкебут Сүрөсү, 46)
Айткын: «Эй ахли китап, биз менен силердин араңардагы орток бир сөзгө (тавхидге) келгиле. Аллахтан башкага кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик кошпойлу жана Аллахты коюп, бир бөлүгүбүз (башка) бир бөлүгүбүздү кудай кылып албайлы.» Эгер ошондо да жүз бурушса, айткыла: «Күбө болгула, биз чындап мусулмандарбыз.» (Али Имран Сүрөсү, 64)
Бул аяттардан көрүнүп тургандай, мусулмандардын милдети – ахли китапты жамандоо, четке түртүү, аларды жаман көрүү, ал тургай, аларды өлтүрүү эмес; аларды сылык сөз менен Аллахтын жалгыздыгына чакыруу гана. Тавхид ишеними (Аллах жалгыз деген ишеним) үч диндин тең негизги ишеними. Мусулмандар ахли китап менен жолугуп сүйлөшөт, аларга динди баяндап, аларды Аллахтын Жалгыздыгына жана түшүрүлгөн Акыйкат китептердин баарына ишенүүгө чакырат. Ортолорунда достук мамиле болот. Куран боюнча, бир мусулман бир иудейди же бир христианды көргөндө, жолдун четине кысып түртүүгө эмес; аны менен өтө сылык сүйлөшүп, аны сылык жол менен Аллахтын жалгыздыгына чакырууга милдеттүү.
Аллах силер менен дин жөнүндө согушпаган, силерди мекендериңерден сүрүп-чыгарбагандарга жакшылык кылуудан жана аларга адилеттүү мамиле жасоодон силерди тоспойт. Себеби Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. (Мүмтехине Сүрөсү, 8)
Жогоруда да айтылгандай, иудей, христиан же мусулман, кайсы элден болбосун, дин жөнүндө ыймандуулар менен согушуп, кыйынчылык чыгарган, ыймандууларды өлтүргөн жана ыймандууларды жашаган жеринен сүргүн кылууга аракет кылган бузуку адамдар дайыма Куранда жекирилип, басмырланган. Бирок булардан тышкары, зулумдук кылбаган адамдарга болсо мусулмандар сөзсүз адилеттүү мамиле кылууга милдеттүү. Кээде адилеттик адамдын өзүнүн зыянына болуп калышы да мүмкүн. Өзүнүн зыянына болсо да адилеттикти сактоо бир эрдик болот. Мусулмандар мындай эрдикти Аллахтын буйругу болгону үчүн орундатышат. Бул жоопкерчилик башка бир аятта төмөнкүчө белгиленген:
Эй ыймандуулар, өзүңөрдүн, ата-энеңердин жана жакындарыңардын зыянына болсо да, Аллах үчүн күбө болуп адилеттикти сактагыла... (Ниса Сүрөсү, 135)
Бул өкүмгө ылайык, мусулмандар кээде өз кызыкчылыгын бир тарапка коюп, иудей жана христиандардын укугун, ал тургай, атеисттердин укугун да жактаганга милдеттүү. Ошондуктан Курандагы адилеттик системасы «иудейге каргыш айткан сооп алат» деген бузуку фанаттык түшүнүккө толугу менен карама-каршы келет.
Куранда ахли китаптын орду ачык белгиленген. Бул бөлүмдө мисал келтирилген жалган «хадистер» Куранга толук карама-каршы келет. Муну Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттеринен жана Пайгамбарыбызды (сав) өрнөк алган бүт башка мусулмандардан апачык көрүүгө болот:
![]() |
![]() |
Мусулман адам жөнөтүлгөн пайгамбарлардын баарына жана жөнөтүлгөн акыйкат китептердин дагы баарына ишенүүгө милдеттүү. Пайгамбарлардын эч бирин башкасынан бөлбөө мусулмандыктын Курандагы бир шарты жана бул өкүмдү укпаган адам аятты укпаган болот жана динден чыгат. Ошондуктан мусулмандар катары Аз. Мухаммед (сав) кандай биздин пайгамбарыбыз болсо, Аз. Иса (ас) менен Аз. Муса (ас) да биздин пайгамбарларыбыз. Биз Мухаммед (сав) пайгамбарды ээрчиген сыяктуу, Иса (ас) пайгамбарды да, Муса (ас) пайгамбарды да угабыз. Бул мусулмандыктын негизги шарттарынын бири.
Куранда иудейлер жана христиандар жөнүндө да, Тоорот жана Инжил жөнүндө да айтылат. Аллах бул акыйкат (Аллахтан келген) китептерди Куранда мактаган. Жогоруда да айтылгандай, Курандын түшүрүлүү себеби бул акыйкат китептердин өкүмүн жокко чыгаруу эмес, аларды «тастыктоо». Бул китептерде убакыттын өтүшү менен туура эмес чечмеленип кеткен бөлүмдөр болгону менен, Куранга туура келген бөлүмдөрү Куран аркылуу тастыкталган. Бул өкүм Курандын көп аяттарында ачык айтылган: «Ал сага Китепти акыйкат жана андан мурдакыларды тастыктоочу катары түшүрдү. Ал Тооротту жана Инжилди да түшүргөн.» (Али Имран Сүрөсү, 3)
Ошондуктан биз мусулмандар Куранды жол башчы тутуп, бул акыйкат китептердин Аллахтан келгенине ишенишибиз керек. Куран аркылуу тастыкталган ар бир өкүм, ар бир иш-аракет жана сөз мусулмандар үчүн бир жол башчы болуп эсептелет.
Куран мактаган акыйкат китептерди бир фанаттын жалган хадистерди далил көрсөтүп, жараксыз деп эсептеши Исламга туура келбейт. Чыныгы мусулмандардын жол башчысы – Куран, жана Куранда Тоорот менен Инжилдин өкүмү төмөнкүчө айтылган:
Айткыла: «Биз Аллахка; бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуб жана урпактарына түшүрүлгөнгө, Муса жана Исага берилген жана пайгамбарларга Раббиңден берилгенге ыйман кылдык (ишендик). Алардын эч бирин башкалардан бөлбөйбүз жана биз Ага моюн сунганбыз.» (Бакара Сүрөсү, 136)
Чындыгында, Биз Тооротту ичинде бир хидаят (туура жол) жана нур кылып түшүрдүк. Моюн сунган пайгамбарлар еврейлерге аны менен өкүм беришчү. Аалым-башчылар (раббанийун) менен жогорку аалымдар (ахбар) да Аллахтын Китебин коргоого милдеттүү болгондуктан жана анын үстүндө күбөлөр болгондуктан (аны менен өкүм беришчү). Демек адамдардан коркпогула, Менден корккула жана аяттарымды аз бир кызыкчылык үчүн сатпагыла. Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм бербесе, мына ошолор каапыр болот. (Маида Сүрөсү, 44)
Алардын (пайгамбарлардын) артынан жандарындагы Тооротту тастыктоочу кылып Мариям уулу Исаны жөнөттүк жана ага ичинде хидаят жана нур болгон, алдындагы Тооротту тастыктоочу жана такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана насаат болгон Инжилди бердик. (Маида Сүрөсү, 46)
Мындан мурда болсо бир жол башчы (имам) жана бир мээрим катары Мусанын Китеби бар. Бул болсо зулумдук кылгандарды эскертүү жана садака кылгандарга бир сүйүнчү катары (өзүнөн мурдакы китептерди) тастыктоочу жана арап тилиндеги бир Китеп. (Ахкаф Сүрөсү, 12)
![]() |
Based on the Qur'an, Muslims believe that all the Divine Books have come down from the Presence of God. For Muslims, every commandment, practice and word confirmed by the Qur'an is a means of guidance. |
Ал сага Китепти (Куранды) акыйкат жана өзүнөн мурдакыларды тастыктоочу катары түшүрдү. Ал Тооротту жана Инжилди да түшүргөн. Мындан (Курандан) мурда (алар) адамдар үчүн бир туура жол (хидаят) эле. Туураны туура эместен ажыраткан (Фуркан)ды да түшүрдү... (Али Имран Сүрөсү, 3-4)
Инжил ээлери Аллахтын анда түшүргөндөрү менен өкүм кылышсын. Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор бузукулар болот. (Маида Сүрөсү, 47)
Мына ушул (Куран) алдындагыларды тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен айланасындагыларды эскертишиң үчүн түшүргөн куттуу Китебибиз. Акыретке ыйман кылгандар буга ишенишет. Алар намаздарын (өтө так) сакташат. (Энъам Сүрөсү, 92)
Алар: «Аллах адамга эч нерсе түшүргөн жок» деп айтуу менен Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө алышкан жок. Айткын: «Муса адамдарга бир нур жана хидаят катары алып келген жана силер болсо (бөлүк бөлүк) кагаздарга жазып (бир бөлүгүн) айтып, көпчүлүгүн таштап койгон Китепти ким түшүрдү? Силер менен ата-бабаңар билбеген нерселер силерге үйрөтүлгөн.» «Аллах» де. Анан аларды жөн кой, ичине «чумкуган болбогон иштери менен» алаксып-турушсун. (Энъам Сүрөсү, 91)
Сага болсо (Эй Мухаммед,) алдындагы Китеп(тер)ди тастыктоочу жана ага «бир күбө-байкоочу» кылып Китепти (Куранды) түшүрдүк. Демек алардын арасында Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кыл жана сага келген акыйкаттан адашып, алардын каалоолорун укпа. Силердин ар бириңер үчүн бир шарият жана бир жол-ыкма белгиледик. Эгер Аллах каалаганда, силерди жалгыз үммөт кылмак; бирок (бул) бергендери менен силерди сыноо үчүн. Эми жакшылыктарда жарышкыла. Баарыңар Аллахка кайтып барасыңар. Талашкан нерселериңерди силерге кабар берет. (Маида Сүрөсү, 48)
Жана эгер алар Тооротту, Инжилди жана аларга Раббилеринен түшүрүлгөндү (Куранды) карманганда, албетте үстүлөрүнөн жана буттарынын астынан (сансыз сый-жакшылыктарды) жешмек. Араларында чектен чыкпаган (мутадил) бир үммөт бар. Алардын көпчүлүгүнүн кылгандары болсо кандай жаман! (Маида Сүрөсү, 66)
Ант болсун, алгачкы урпактарды кыйраткандан кийин Мусага адамдар үчүн (көздөрдү хикмат менен ачып, нурлантуучу) парасат, хидаят (туура жол) жана мээрим катары китеп (Тоорот) бердик. Сабак алып-ойлонушсун деген үмүт менен. (Касас Сүрөсү, 43)
Айтышты: «Эй коомубуз, чындыгында биз Мусадан кийин түшүрүлгөн, өзүнөн мурдакыларды тастыктаган бир китепти тыңдадык; акыйкатка жана туура жолго багыттап-жеткирет.» (Ахкаф Сүрөсү, 30)
Күмөнсүз, ахли китаптан (китеп берилгендерден) Аллахка, силерге түшүрүлгөнгө жана өздөрүнө түшүрүлгөнгө –Аллахка терең урмат көрсөтүп- ишенгендер бар. Алар Аллахтын аяттарын аз бир наркка алмашышпайт. Мына ушулардын Раббилери Кабатында сыйлыктары бар. Күмөнсүз Аллах эсепти өтө бат жасоочу. (Али Имран Сүрөсү, 199)
«Менден мурдакы Тооротту тастыктоо жана силерге арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн Раббиңерден бир аят менен келдим. Эми Аллахтан коркуп мага моюн сунгула.» (Али Имран Сүрөсү, 50)
(Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)
Куранда Аллах Тооротту «бир нур жана хидаят (туура жол)», «баам-парасат жана мээримге жеткире турган бир жол башчы» деп сыпаттаган. Куранда Аллах Инжилди «ичинде хидаят жана нур бар, алдындагы Тооротту тастыктоочу жана такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана насаат» деп сүрөттөгөн. Сахих (ишенимдүү) Тоорот менен Инжил нур жана туура жолго баштоочу деп макталган. Бул Курандын өкүмү. Мындан башка өкүм чыгаргандар жана өз ойлорунда бул акыйкат китептерди жараксыз кылгандар, апачык көрүнүп тургандай, калп айтышууда.
Муну Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттеринен да көрүүгө болот:
Муслим мындай риваят кылган: «Абу Хурайранын жанында Аз. Пайгамбардын (сав) айтканын риваят кылган; «Мурда Аз. Мухаммед (сав) айтты, ахли китаптар Тооротту иврит тилинде окушчу, жана мусулмандар үчүн арап тилине которушчу.»» (Mişkatu’l Masabih, 1. Kitap, 6. Bölüm, s. 42)
«Аль-Хафыз эль-Зехеби жазат, еврейликтен Исламга кирген Абдуллах Ибн Салам Аз. Пайгамбарга (сав) келип, ага «(Кечээ түнү) Куранды жана Тооротту окудум» деди. Ал мындай деп жооп берди, «Муну бир түнү оку жана экинчисин болсо башка бир түнү оку».» (al-Thalabi, Al-İman al-Thalabi Tathkarar al-Huffadh, 1 Cilt, s. 27)
«Аз. Мухаммеддин (сав) жакын чөйрөсүнөн Абдуллах Ибни Амр көп Тоорот окучу экен. Бир түнү түшүндө бир колунда бал, экинчисинде болсо май кармап турганын, кээде бал кармаган колунан, кээде май кармаган колунан жеп жатканын көрөт. Абдуллах Ибни Амр түшүн Аз. Мухаммедге (сав) айтып берет. Аз. Мухаммед (сав) Абдуллахтын түшүн эки Китеп, б.а. кээде Тоорот, кээде Куран окушу менен жоруйт.» (Buhârî, Sahîh-i Buhârî, 6. cilt, 987. hadis, s. 439)
Абу Саид аль-Худриден: Пайгамбарыбызга (сав): «Эй Аллахтын Пайгамбары! Израил урпактарынан маалымат алып колдонсок болобу?» дедик. Мындай деди. «Ооба Израил урпактарынан да алсаңар болот, анын зыяны жок. Алардан бир нерсе алып башкаларга айтсаңар, билип койгула, алардын жанында андан да кызыктуу маалыматтар бар.» (Hanbel, Müsned, 111/12, hadis no:11034)
Көбүнчө бир катар мусулман элдер Куран аяттарын билбегендиктен жана Ислам жөнүндө өтө сабатсыз болгондуктан, иудейлерди Ыйык жерлерден сүрүп чыгабыз же ал жердеги Израил мамлекетин картадан өчүрөбүз деген сыяктуу опузаларды айтышат. Бирок ал кишилер бул иш-аракети менен Куранга каршы чыгып жатканын билишпейт.
Куран боюнча, Ыйык жерлерде жашоо – иудейлердин акысы. Бул жөнүндөгү Куран аяттары төмөнкүдөй:
Муса коомуна (мындай) деген эле: «Эй коомум, Аллахтын силерге болгон жакшылыгын эстегиле; араңардан пайгамбарлар чыгарды, силерден башчылар кылды жана ааламдардан эч кимге бербегенин силерге берди.» «Эй коомум, Аллах силер үчүн жазган (киргиле деп буйруган) ыйык жерге киргиле жана артка бурулуп кайтпагыла; антпесе жоготууга учурап кайтасыңар.» (Маида Сүрөсү, 20-21)
Жана андан кийин Израил урпактарына: «Ал жерде (мекенде) жашагыла, акырет убадасы келгенде баарыңарды жыйнап-чогултабыз» дедик. (Исра Сүрөсү, 104)
Куран аяттарынан апачык көрүнүп тургандай, иудейлер Тоорот боюнча да, Куран боюнча да Ыйык жерлерде жашашы керек. Иудейлердин Ыйык жерлерде жашашы бир кооздук жана чыныгы мусулмандарды кубантуучу нерсе. Аллахтын 3000 жылдык убадасынын ишке ашканын көрүү, Аз. Ибрахимдин (ас), Аз. Мусанын (ас) кабар бергендеринин турмушка ашканына күбө болуу өтө маанилүү бир куш кабар. Аллах «иудейлер ал жерлерде болушат» деп миңдеген жыл алдын ала кабар берген жана биз бул кереметтин ушул күндө ишке ашканын көрүүдөбүз. Бул мусулмандарды толкундантып, кубандыра турган бир окуя.
Бул жерде өтө маанилүү бир жагдайды белгилөө керек. Аллах Куранда да, Тооротто да чыныгы ыймандууларга бир шарт койгон: «тынчтык». Ыйык жерлерде иудейлер болот, мусулмандар менен христиандар да болушат жана ал аймакта баары чогуу тынчтыкты жана сүйүүнү орнотушат. Бир туугандай жашашат. Ал аймактын жери бүт баарына ашыгы менен жетет. Эч ким эч жерден сүрүлбөйт, үйүн мекенин таштабайт, мындай көрүнүштөр болбойт. Аллах баарыбызга дайыма тынчтык каалайт.
Тынчтык орношу үчүн жер талашуулар бүтүп, душмандыктар жоюлуп, фанатизмдин туура эмес түшүнүгү жок кылынышы керек. Бул үчүн акыйкат диндерге, дин адеп-ахлагына, динчилдерге жана Куранга муктаждык бар. Жер талаштан же идеологиялык себептерден келип чыккан уруштар ар дайым күчөп, өтө кооптуу абалга жетет. Муну жоюу үчүн Курандагы чыныгы дин түшүнүгүн көрсөтүп, таалим берүү керек. Мындай таалим бүт туура эмес түшүнүктөрдү жок кылып, бүт душмандыктарды кетирет. Аң-сезими өзгөргөн бир адам душмандык же согуш үчүн эч кандай себеп таба албайт. Мунун бир гана жолу бар: таалим берип, окутуу.
![]() |
Jews, as well as Christians and Muslims, will be present in the Holy Land, and together they will make peace and love reign in the region. That is what God wants from us and what we must strive for. |