![]() |
The main reason why Islamic communities soon began to degenerate after the time of our Prophet (pbuh) is that they abandoned the Qur'an. |
Мурдакы бөлүмдө каралгандай, Куранды эмес, өздөрүнүн караңгы түшүнүктөрүн диндин негизи катары кабыл алган фанаттар өзгөчө аялдарды Курандан, ибадаттан, пикирдик күрөштөн, динди адамдарга жеткирүүдөн алыс кармоо үчүн миңдеген эрежелерди ойлоп табышкан. Ислам элдеринин Пайгамбарыбыздын (сав) доорунан көп өтпөстөн бузулуп башташынын эң негизги себеби ушундай кишилердин Курандан алысташы жана натыйжада өзгөчө аялдар жөнүндө акараттарды ойлоп чыгарышы болгон. Мындай туура эмес көз-караштан улам Ислам элдери артка кеткен; бирок артка кетүүдө экинчи бир себеп да дайыма өз таасирин тийгизген: фанаттардын искусствону жек көрүшү.
Фанаттардын искусствого болгон жек көрүүсүнө өтүүдөн мурда фанаттык түшүнүктүн негизин түзгөн нерсени кайра эске салалы. Аятта Раббибиз «адалдарды арам кылган адамдардын бар экенин» кабар берген:
Тилдериңер менен калптарды чыгарып, бул адал, тигил арам дебегиле. Себеби Аллахка карата жалган чыгарган болосуңар. Күмөнсүз, Аллахка карата жалган чыгаргандар кутулууга жетишпейт. (Нахл Сүрөсү, 116)
Бүгүнкү күндө, албетте, арамдарга (тыюуларга) өздөрүнчө эч маани бербеген, адал санаган, Аллахтан коркпогон адамдар бар. Бирок аятта айтылган, Аллах адал кылгандарды «динди жамынып» арам кылгандар өзүнчө бир категория. Мындай адамдар Куранда уруксат берилген нерселерге тыюу чыгарышып, эркиндикти чектеп, адал нерсеге тыюу салышууда. Китептин башынан бери далилдеп көрсөтүлгөндөй, негизи алар өздөрүнчө Курандагы динди жактырбай (Куранды аруулайбыз), жаңы бир динди чыгарууга аракет кылышууда.
Бул адамдар Куранда макталып, жактырылган, бир сый-жакшылык катары жаратылган кубаныч, азил (тамаша), искусство сыяктуу түшүнүктөргө да өз ойлорунда тыюу салышкан:
![]() |
Fabricated hadiths clearly show how people with a fanatical mindset are deprived of the blessing of happiness and humor and laughter, one of human beings' greatest needs. |
Абу Абдуллах мындай деди: «Каткырып күлүү шайтандан.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1068)
Абу Абдуллах мындай деди: «(Ашыкча) тамашалашуудан, азилден алыс болгула; себеби ал адамдын жүзүнүн суусун кетирет.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1068)
Имам мындай дечү: «Тиштериңер көрүнө тургандай күлбөгүлө.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1067)
Абу Абдуллах мындай деди: «Көп күлүү жүрөктү өлтүрөт.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1067)
Ибрахим б. Михзем ага айтып берген бирөөдөн риваят кылат. Абуъл Хасан аль-Аввал (Муса б. Жафар) мындай деди: «Яхья б. Закария (ас) ыйлачу, күлчү эмес. Мариям уулу Иса (ас) болсо кээде күлчү, кээде болсо ыйлачу. Иса (ас)дын кылганы Яхья (ас)дын кылганынан жакшыраак (туурараак) болгон.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1070)
Хасан б. Кулейб риваят кылат: Абу Абдуллах мындай деди: «Ыймандуу адамдын күлүшү жылмаюу менен гана чектелет.» (İman ve Küfür Kitabı / Usul-u Kafi kitabı / El-Kuleyni, S.1067)
Негизи бул жалган (мавзу) хадистер фанаттардын дүйнөсүнүн канчалык коркунучтуу жана супсак экенин өтө мыкты сүрөттөйт. Эсиңизде болсо, китептин башында фанаттардын караңгы дүйнөсү бүт тарапта көрүнөт, сырткы дүйнөдө эле эмес, өздөрүнүн ичинде, үй-бүлөлөрүндө, аялга, гүлгө, бир мышыкка болгон көз-карашында да көрүнүп турат деген элек. Бул жалган хадистер алардын бактылуулуктан, адамдын эң табигый өзгөчөлүгү жана эң негизги муктаждыктарынын бири болгон күлүүдөн, азил деген сонун бир сый-жакшылыктан кантип алыс калганын апачык көрсөтүүдө. Күлүүгө тыюу салган бир системада, бул жалган хадистерден пайгамбарлар да күлгөн эмес деген жалааны үйрөнүп, ушундай фанаттык дин менен жашаган адамдардын кандай абалга келээри айтпаса деле түшүнүктүү.
Ал эми Курандагы дин болсо мусулмандарга кайгырууну тыюу салган. Мусулман дүйнөнүн эң бактылуу адамы. Себеби Аллахка тобокел кылууну (таянууну), сабыр кылууну, шүгүр кылууну билген, Аллахка моюн сунган адам болот. Келечек жөнүндө тынчсызданбайт, башына келген кыйынчылыктардын бир жакшылык менен жаратылганын, бүт нерсенин тагдырда белгилүү экенин билет жана өлүмдү бүт нерсенин бүтүшү эмес, Аллахка жана түбөлүк жашоого жетүү деп билет. Куранда Аллах ыймандууларды бейиш менен сүйүнчүлөгөн. Булардын баары негизи мусулмандар сүйүнүшү үчүн кабар берилген. Аллах биздин дүйнөдө да бейиштегидей кулк-мүнөздө болушубузду каалайт. Себеби ошондой мүнөздү жактырат.
![]() |
What believers need to do at this time when great efforts are being made to spread and legitimize sadness is to usher in peace, together with joy. |
Демек кылгандарынын жазасы катары аз күлүп, көп ыйлашсын. (Тообо Сүрөсү, 82)
«Раббибиз, бактысыздыгыбыз бизди жеңип кетти, биз адашкан бир коом экенбиз.» дешти. (Мүминун Сүрөсү, 106)
Көрүнүп тургандай, Куранда бактысыздык ыймансыздардын мүнөзү катары айтылган. Аятта айтылгандай, бул кишилер акыретте жолдон адашышынын себеби катары «бактысыздыкка жеңилип калганын» көрсөтүшүүдө. Ошондуктан Аллах бактысыздыкты каалабайт. Куранда ыймансыздардын бактысыз, ыймандуулардын болсо бактылуу болоору айтылган.
Ошондой эле, аяттарда Аллах бактысыз болгону үчүн Курандан насаат алуудан качкандарды кабар берген:
Аллахтан «ичи титиреп корккон» сабак алып, ойлонот. Бактысыз болсо андан качат. (Аъла Сүрөсү, 10-11)
Жана Улуу Аллах бүт мусулмандарга кайгырууну тыюу салган:
Алсырабагыла, кайгырбагыла; эгер (чындап) ыйман келтирген болсоңор, эң жогору (жеңүүчү) боло турган силерсиңер. (Али Имран Сүрөсү, 139)
Фанаттар Аллахтын бул аяттарынын өкүмүн жалган хадистерди шылтоо кылып, өздөрүнчө жокко чыгарууга аракет кылышат. Аллах ыймансыздарга ылайык көргөн кайгы-капаны мусулмандарга ылайык көрүшөт. Рухтун, дененин эң негизги муктаждыгы болгон бакыт-кубанычты жок кылууну көздөшөт. Бирок Аллах мындайды каалабайт. Аллах бейишти кубанычтын мекени кылып жараткан.
![]() |
Аллах Өзү жактырган, сүйгөн жашоону түбөлүк мекенибиз болгон бейиште жараткан. Ошондуктан бейиште Раббибиз мактаган жана жактырган жашоо биз үчүн идеалдуу жашоо болуп саналат. Аллах бейиштеги адамдардын «кубаныч ичинде» болоорун кабар берет:
Ошентип ыйман кылып, чын ыкластуу (жакшы) иштерди жасагандар; алар бир бейиш бакчасында кубаныч ичинде сыйланышат. (Рум Сүрөсү, 15)
Фанаттар жалган хадистер аркылуу бейиште «кубаныч ичинде» жашаган мусулмандарды дүйнөдө бейиш кубанычынан ажыраткысы келет. Кайгыруунун чыныгы маанисин билишпейт дагы. Бир окуяга кайгыруу «ушул окуя болбогондо аттиң» деген мааниге келет. Бул болсо, адам кабыл алса да, албаса да, билип кылса да же билбей кылса да, тагдырга баш көтөрүү болуп саналат. Фанаттар кайгырууга уруксат берүү аркылуу Аллахтын өкүмүнө жана Аллах жараткан тагдырга каршы чыгып жатканын билүүлөрү зарыл.
Аллах бир адамга бере турган эң чоң сый-жакшылыктардын бири – бул ыйман. Ыймандуу бир адам дүйнөнүн байлык-бийлик жана ушул сыяктуу бүт сый-жакшылыктарына жетпей, эң оор кыйынчылыктар менен сыналып, бүт шарттар анын зыянына болуп жаткандай көрүнсө да, ыймандан келип чыккан жүрөгүндөгү бейпилдик жана бакыт сезими баарынан өйдө болот. Аллах Өзүнө кайрылгандын жүрөгүнө бейпилдик жана тынчтык, рухуна бакыт берет. Аллахка кайрылбаган бир адам, бактылуумун десе да, чыныгы мааниде эч качан бактылуу боло албайт. Аллах сыноонун бир шарты катары андай адамга да дүйнөдөгү сый-жакшылыктардан бериши мүмкүн; ал киши сырттан караганда молчулук, бардарчылыкта, бакубат жашап жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Убактылуу кубанып-сүйүнүшү мүмкүн. Бирок руху тынымсыз эңсей берген түбөлүктүү бактылуулукка, б.а. ички бейпилдикке жете албайт. Аллах Курандын Рад Сүрөсүнүн 28-аятында «Булар ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер. Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет.» деп билдирет. Аллах менен байланышта болуу аркылуу гана жүрөк бейпилдикке жетип, ыраазы боло алат.
Ошондуктан чындап Аллахка ыйман кылган бир адам чындап бактылуу болот. Ансыз да, бактылуу болуу – адамдын табиятына эң туура келген, адамдын ден-соолугун чың кылган, дайыма энергия берген жашыруун бир сыр. Клеткалар адам бактылуу болгондо чың болот. Мунун себеби адамдын табиятына туура келген нерселердин дайыма Аллах адамдарды үндөгөн сонун нерселер болушунда. Аллах күлүүнү, кубанычты жана бакытты ансыз да эң сонун сезимдер болгону үчүн жараткан. Кайгыруу болсо адамдын психологиясына жана денесине өлүмгө чейип алып бара турган олуттуу терс таасирлерди берет.
Азилге тыюу салуу темасына бул жерде өзүнчө токтоло кетүү керек. Ийгиликтүү азил-тамаша бир чеберчилик болуп саналат. Муну мыкты жасаган адамдар көбүнчө акыл менен чеберчиликти бириктирип, мыкты чыгармаларды пайда кылышат. Азил аркылуу кээде адамдарга күлкү тартууланса, кээде сындоо мүмкүн болбогон нерселерге кыйытма түрдө, көңүлгө тийбей сын айтылат. Адамдарды күлдүрүп, насаат бере турган жана ошол эле учурда жүрөккө таасир бере турган азил-тамашалар көп жакшылыктарга себеп болот. Искусствонун бүт тармактары сыяктуу, азил дагы адамдардын түшүнүгүн кеңейтип, элдерди сый-урматка, сылыктыкка үндөйт. Азил демократиянын да бир көрсөткүчү. Фанаттар ушундай жакшылыкты да өздөрүнөн түртүп, эч сылыктыкты билбеген, орой жана супсак жашоого бет алышат.
Фанаттардын кубаныч, каткыруу жана азил жөнүндөгү бүт терс пикирлерин, жогоруда айтылгандай, Куран жокко чыгарат. Пайгамбарыбыз (сав) менен сахабалары да Курандын рухуна шайкеш болушуп, ыйман тартуулаган кубанычты сезип, бактылуу жашашкан:
![]() |
All fanatics' negative claims concerning joy, laughter and humor are refuted by the Qur'an. Our Prophet (pbuh) and the Companions lived in a state of great happiness, in line with the spirit of the Qur'an. |
Аз. Айша (р.а.) айтып берген; сапарларынын бирөөсүнө Расулуллах (с.а.в.) менен бирге чыктым. Расулуллах (с.а.в.) сахабаларга: «Алга жүрө бергиле» деди. Алар алга кетишти. Андан соң: «Кел, сени менен жарышалы» деди. Аны менен чуркап жарышып, андан өтүп кеттим. Мага бул жөнүндө эч нерсе деген жок... Дагы бир сапарга Расулуллах (с.а.в.) менен бирге чыктым. Ал сахабаларга кайра: «Алга жүрө бергиле» деди. Алар алга кетишти. Мага: «Кел жарышалы» деди. Аны менен чуркап жарыштык. Бирок бул жолу ал менден өтүп кетти. Күлүп баштады, анан: «Сен буга татыктуу болдуң» деди. (Beyhakî, Sünenu'l-Kubra, X/18; İmam Ahmed, Musnsd, VI/264)
Абу Усама: «Аны менен тамашалашчу» деген. (Ebu Davud, Sünen, kitabu'l-edeb, bab: 91; Tirmizî, Sünen, 192, 1992, 3828; İmam Ahmed, Taberanî, Tirmizî, Ibn Asakir)
Абу Хурайра (р.а.) мындай деди: «Расулуллах (с.а.в.) Аз. Алинин баласы Хусейинге тилин чыгарып, бала анын тилин көргөндө кубанганынан талпынчу.»
Абдуллах Ибнуъл-Харис Ибн Жезъ (р.а.) мындай деди: «Расулуллахтан (с.а.в.) тамашакөйүрөөк эч кимди көргөн жокмун.»
Аз. Айша мындай деди: Расулуллах (с.а.в.): «Мен тамашалашам, бирок чындыкты гана сүйлөйм» деди. (Taberanî, Mu'cemu'l-Kebir, Xll/391; Heysemî, Mecmau'z-Zevaıd, IX/17; Aclunî, Keşfu'l-Hafa, I/572).
Ибн Аббас мындай деген: «Пайгамбардын (с.а.в.) тамашакөйлүгү бар болчу.»
Анас (р.а.): «Пайгамбар (с.а.в.) адамдардын эң тамашакөй жана азилкечтеринен эле» деген.
Кады Абу Бакир Ибнуъл Араби Ахкамуъл Куранында Абдуллах бин Мубарак жана Имам Малик Аз. Анастан риваят кылган бир хадисти жеткирет: «Ким бир музыка кечесинде бир ырчы кыз ырдаган ырды укса, акырет күнү анын кулагына ээриген коргошун куюлат.»
«Силерден бирөөнүн ичинин кусунду менен канга толушу ырга толушунан жакшыраак болот.» (M. Mesabih, 4/4809)
Музыка уккан бир кишиге бейиште руханийлерди угууга уруксат берилбейт. (Kurtubi, 14/53)
Ыр жүрөктө эки жүздүүлүктү пайда кылат. (Ebu Davud)
Аллах ырга, аны алып-сатууга, акчасына, аны үйрөтүүгө жана угууга тыюу салган. (Muhammed Gazali, Nebevi Sünnet)
Бүт бул жалган хадистердин тескерисинче, Куранда музыкага, бийге жана көңүл ачууга тыюу салган бир дагы өкүм жок. Аллах бактылуулукту, кубанычты, ырахатты мусулмандарга адал кылган. Бий – ритм, гармония. Аллах бүт ааламды бир ритм менен жараткан. Канаттуулар, курт-кумурскалар, көпөлөктөр да бийлешет. Чымчыктар жагымдуу үн жана ритм менен бири-биринен кооз ырдашат. Аларды угуу өзүнчө ырахат. Деңиздин үнү, табияттын шуудураган үнү, дарактардын кыймылы да дайыма ритмдүү болот. Аллах ритмди, бийди, музыканы, кооз үндү жакшы көрөт. Бейиш да ушундай ритм менен жаратылган. Бейиште бүт дарактар, гүлдөр, жаныбарлар бийлешет. Муну кабар берген бир хадис төмөнкүдөй:
Абу Муса аль-Ашъариден (р.а.) алынган риваят болсо мындай: Ал Басра минбарында мындай деди: «Аллах бейиш элине кабар жөнөтүп суратты: «Аллах силерге берген сөзүн аткардыбы?» Ошондо алар өздөрүнө берилген зыйнаттарды, кийимдерди, мөмөлөрдү, таптаза жубайларды, дарыяларды айландыра карашып, мындай дешет: «Аллах бизге берген сөзүн аткарды. Периште толук үч жолу «Аллах силерге берген сөзүн аткардыбы?» деп сурайт, алар өздөрүнө убада кылынган бүт нерсенин толук аткарылганын көргөндө, «Ооба!» дешет. «Дагы бир нерсе калды» деп айтат периште. Себеби Аллах Таала кулдарына көрүнүп, көздөрүнөн парданы алып салып, Аны көрүшкөндө, бүт дарыялар толкунданат, дарактар чайпалып үн чыгарат, бүт сарайлар, жалындар үн чыгарат, булактар шаркырап ылдамыраак агат, сонун жыт короолорду жана сарайларды каптайт, бүт тарапта жыпар жана камфара жыты сезилет. Чымчыктар сайрашып, ур кыздар супсулуу болуп көз жоосун алат. (Ölüm, Kıyamet, Diriliş, İman Şarani, s. 370)
![]() |
Аллах бейиштин сулуулугу менен бейиштеги гармониялуу музыка ырахатын Пайгамбарыбызга (сав) мына ушундайча илхам кылган. Аллах бейиште жаратып, мактаган бир сый-жакшылык адамдарга эмнеге тыюу салынышы мүмкүн? Албетте, тыюу салынган эмес.
Түркиянын бүт тарабында фольклор бар, бий бар. Салттык, улуттук бий оюндары бар. Дүйнөнүн бүт тарабында адамдар бийлешет. Музыка менен бийге тыюу салынган бир дүйнө адамдын табиятына туура келбейт. Буларга тыюу салынса, адамзаттын жашоосу өтө супсак болуп калат. Улуу Раббибиз мактап, жакшы көргөн бир сый-жакшылыкка тыюу салууга аракет кылуу Аллахты жана Анын улуу чеберчилигин түшүнбөө деген мааниге келет.
Бул жерде фанаттардын чыныгы жашоосун да карап көрүү керек. Куранда жок жасалма тыюуларды чыгарганы үчүн мындай адамдардын көпчүлүгүнүн күнүмдүк жашоосу карама-каршылык жана алдамчылыктарга толо болот (чын ниеттүүлөрдү аруулайбыз). Тагыраак айтканда:
- «Музыка арам (күнөө)» дегендер көбүнчө музыка каналдарын дайыма көрүп, музыка уккан, ал тургай, ага кошулуп ырдап-бийлеген адамдар болушат.
- Мындай кишилер күнүмдүк жашоосунда тойлорго барып, бийлеп, тойлордо ырдашат.
- Мындай кишилердин машиналарынын радиолорунда көбүнчө музыка каналдары тандалган болот.
Дайыма музыка угуп, тойлордо бийлөөнүн эч зыяны жок, тескерисинче, булар Жараткандын сый-жакшылыктары. Бул жерде биз мындай кишилердин динди колдонуп эл көзүнө эле музыкага тыюу салып, чындыгында эки жүздүүлүк кылып жатканын сындап жатабыз. Диндин атынан тыюуларды чыгаргандардын чыныгы жүзүн билүү керек. Алардын абалы Куран аяттарында сүрөттөлгөн. Курандын сыртынан өздөрүнө дин чыгарып алгандардын абалын Улуу Раббибиз төмөнкүчө сүрөттөйт:
...(Ойлорунан) Чыгарган кечилдикти болсо Биз аларга жазган жокпуз (буйрук кылган жокпуз). Аллахтын ыраазылыгы үчүн (ойлоп чыгарышты), бирок аны да чындап аткарышкан жок. Биз алардан ыйман келтиргендерге соопторун бердик. Алардын көпчүлүгү бузукулар. (Хадид Сүрөсү, 27)
Аллах бул аятында ойлоп чыгарылган жасалма диндин Аллахтын дининде жок экенин жана бул динди чыгаргандардын өздөрүнүн да чыгарган өкүмдөрүн аткарбай турганын белгилөөдө. Бул аяттар аркылуу биз мындай адамдардын эки жүздүү дүйнөсүн Курандан биле алабыз. Алардын жеке жашоосу Куранда кабар берилген бул чындыкты дайыма тастыктайт. Көп адамдар ал кишилерди чындап эле ушунча көп тыюуларды аткарып, өтө такыба жашайт деп ойлошу мүмкүн. Араларында чындап буга ишенген адамдар болсо да, иш жүзүндө мындай болбойт. Ансыз да чын ниеттүүлөр аягында Курандагы чыныгы мусулмандыкты түшүнүп, Куран менен жашаган адамдарга айланат. Бир адамдын чын ниеттүү болуп туруп, жасалма динде жашашы мүмкүн эмес. Себеби Аллахтын убадасы бар:
Оо, ыйман келтиргендер. Эгер Аллахтан корксоңор, силерге туураны туура эместен ажырата турган нур жана илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси. (Анфал Сүрөсү, 29)
Аятта айтылгандай, чын ниеттүү ар бир адам туураны туура эместен ажырата турган түшүнүккө да сөзсүз ээ болот.
![]() |
There is folklore and folk dance all over the world. Dance is a form of entertainment that people feel the need for. A world in which music and dance are banned is incompatible with human nature. |
![]() |
Музыка да, бий да Исламда адал кылынган бейиш жакшылыктарынан. Музыканы, ырларды, музыкалык аспаптарды, кооз кийимдерди, зыйнаттарды, бийди жана кооз нерселердин баарын Аллах жараткан. Аллах булардын баарын адамдарга сүйдүрүп, адам рухун бул кооздуктардан ырахат ала турган кылып жараткан.
Тооротто Аз. Давуд (ас)дын лира, арфа, дап, шылдырак коштоосунда забур ырдап Аллахтын алдында бийлегени баяндалат. Ал тургай, Аз. Давуд (ас)дын бул бийине көз арткан адамдардын да болгону айтылат. Азыр да мусулман элдерде адалды арам кылууга аракет кылгандар болгон сыяктуу, ошол кезде да иудейлер арасында музыка менен бийге өздөрүнчө тыюу салганга аракет кылгандардын болгонун Тоороттон көрүүгө болот. Ал кишилер Аз. Давуддай (ас) бир пайгамбардын иш-аракеттерине да өздөрүнчө сын айтышкан.
...Ал ортодо Давуд менен бүт Израил эли да Теңирдин алдында лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп болгон күчү менен бул окуяны куттуктап жатышты... (Тоорот, 2-Шамуел, 6:5)
Буладан токулган эфод кийген Давуд Теңирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Давуд менен бүт Израил эли Теңирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып көтөрүп келе жатышты. Теңирдин келишим сандыгы Давуддун шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Теңирдин алдында БИЙЛЕП ЖАТКАН Давуд падышаны көрүп, аны кемсинтти. (Тоорот, 2-Шамуэл, 6:14-16)
•Шабулдун кызы Михал Аз. Давуддун жубайларынан болгон
Давуд өз үй-бүлөсүнө бата берүү үчүн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел өпкө адамдай болуп, өз күңдөрүнүн, кулдарынын көз алдында жылаңачтанган Израил падышасынын бүгүн кадыры укмуш артты го!» – деди. Ошондо Давуд Михалга мындай деди: «Теңирим мени сенин атаңдан, анын бүт тукумунан артык көрүп, Теңирдин эли Израилге мени жол башчы кылып бекиткендиги үчүн Теңирдин алдында шаттанамын да бийлеймин. Мен мындан да төмөн болуп, өзүмдү санда жок киши кылам, бирок сен айткан күң аялдардын алдында даңкка бөлөнөм». (Тоорот, 2-Шамуэл, 6:20-22)
Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты. Давуд менен бүт Израил эли Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып куттуктап жатышты. (Тоорот, 1-жылнаама, 13:7-8)
Ошентип, бүт Израилдиктер Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти. Теңирдин келишим сандыгы Давуддун шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Давуд падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти. (Тоорот, 1-жылнаама, 15:28-29)
Көрүнүп тургандай, ошол доордо Аз. Давуддун (ас) өзүнүн жубайы да Аз. Давуддун (ас) адамдар арасында кубанып бийлешине каршы чыгып, аны өзүнчө кемсинткен. Ал эми Аллах болсо алардын минтип кубанып бийлегенин Тооротто мактоо менен баяндаган. Албетте, Аз. Давуд (ас) да Аллахтын музыка жана бий жөнүндөгү өкүмдөрүнүн негизинде эң туурасын кылган. Бирок сырттан карагандар, Аз. Давуддун (ас) пайгамбарлыгына ишене албагандар жана өздөрүнчө бир фанаттык динди чыгарууга аракет кылгандар аны сындашкан.
Пайгамбарларга карата айтылган мындай сын-пикирлер учурда чыныгы Куран мусулмандарына да айтылууда. Курандагы диндин ордуна фанатизмди тандоо ансыз да тарых бою эң чоң балээлердин бири болгон. Аял, музыка жана бий мунун эң даана мисалдарынан.
Аз. Давуд (ас) сыяктуу, биздин Пайгамбарыбыз (сав) да Аллахтын бир сый-жакшылыгы болгон музыка жана бийди өтө жакшы көргөн. Пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде бийлеген сахабалардан сөз кылынат, ал тургай, Пайгамбарыбыздын (сав) бийлеп көңүл ачкандарды колдогон сөздөрү да бар. Куранга туура келгени үчүн төмөндө бир канчасы мисал келтирилген бул хадистердин сахих болуу ыктымалдыгы жогору:
Амир б. Саъддан алынган: «Бир той себептүү Караза б. Каъб жана Абу Масуд аль-Ансаринин жанына бардым. Кичинекей бир кыз ырдап жаткан эле. Мен: «Силер Расулуллахтын (с.а.с.) достору жана Бедир асхабынан болуп туруп, силердин жаныңарда буларды (кантип) кылышууда?» дедим. Алар: «Кааласаң биз менен каласың, кааласаң кете бересиң. Бизге тойдо көңүл ачууга уруксат берилди.» дешти. (İbn Hacer, Metâlib, II, 54; Cüdey’, Ehâdîs-ü Zemmî’l-Gınâ, s., 50)
Селеме б. Эквадан риваят кылынган: «Пайгамбар (сав) менен бирге Хайбарга жолго чыккан элек. Түнкүсүн баратканбыз. Кербенден бир киши Амир б. Эквага –Амир акындыгы менен белгилүү бир киши эле. «Бизге билгендериңден бир нерселерди ырдап бер, угалы.» деди. Амир төөсүнөн түшүп мындай деп ырдап баштады: «Эй Аллахым! Сен болбогондо биз хидаят таба алмак эмеспиз. / Садака берип, намаз кыла алмак эмеспиз. / Бүт нерсебиз сага курман болсун, бизди кечир. / Душманга жолуксак, буттарыбызды бекем кыл. / Ичибизге бейпилдик жана ишеним бер. / Биз чакырылганда барабыз. / Чакырылганда жардамга жетебиз.» Пайгамбар (сав) «Ким бул башчы?» деди. «Амир б. Эква» дешти. Пайгамбар (сав) «Аллах аны коргосун.» деди. (Beyhakî, Şuab, 5112)
Айша (ра) риваят кылат: Расулуллах САВ бир тойдо ансар аялдарына жолукту. Алар ырдап жатышкан эле... (İbni Mace, Nikah: 21, Buhari, Nikah: 48, Megazi:12)
...Муаввиз б. Афранын кызы эр-Рубей келин болгондо, тойго Пайгамбарыбыз (сав) да барып, анын жанына отурган эле. Ал ортодо кээ бир кыздар дап кагып Бедир күнү шейит болгондордун баянын ыр түрүндө ырдап башташкан эле... (Buhari, Nikah, 49/1, VII/25, Tirmizi, Nikah, III/399)
Ошондой эле, Аз. Айша (ра) бир аял менен ансардан бир кишини үйлөндүргөн эле. Пайгамбарыбыз (сав): Эй Айша, силердин жаныңарда дап каккан, ырдаган ырчыларыңар жокпу? Себеби ансар бийди жана көңүл ачканды жакшы көрөт.» деди. (Buhari, Nikah 64/1, VII/28)
Расулуллах (сав) Мединага бир жерге жолукканда дап кагып, ырдап жаткан жаш кыздардын мындай дегенин угат: «Биз Бани Нажжар кыздарыбыз, Мухаммед кандай сонун (сүйкүмдүү) кошуна». Анда Расулуллах (сав) «Аллах билет, албетте, мен да силерди жакшы көрөм» дейт. (İbni Mace, Nikah, 21/1899, I/612)
![]() |
![]() |
Тозокто эң оор азапка туш боло тургандар – сүрөтчүлөр. (Buhari-Tesavir, 89)
Расулуллах (сав) мындай деди: «Ким сүрөт тартса, Аллах аны кыямат күнү тарткан сүрөтү себептүү аларга рух үйлөгөнгө чейин азаптайт. Эч качан рух үйлөй алышпайт.» (Buhârî, Tâ’bir)
Аллахтын жанында азабы эң оор адамдар – сүрөтчүлөр. (Müslim, 6:369)
Сүрөт тарткандар кыямат күнү азап тартышат жана аларга тарткан сүрөттөрүңөргө жан бергиле деп айтылат. (Müslim, 6:368)
Ичинде сүрөт турган үйгө периштелер кирбейт. (Buhari, Libas 91)
Сүрөтчүнүн баары тозокто. Сүрөтчү тарткан ар бир сүрөткө кыямат күнү Аллах жашоо берет жана ал тирүү сүрөт тозокто аны тартканды азаптайт. (Müslim, 6: 370)
Мына ушул жалган хадистер аркылуу фанаттар мусулмандарга сүрөт жана айкел искусствосуна да тыюу салышкан. Ал тургай, кээ бир ойдон чыгарылган хадистерде сүрөтчүлөр акыретте эң чоң азапталуучу адамдар арасында болушат деп айтылууда. Бул туура эмес түшүнүк боюнча, сүрөтчүлөр Аллахтын жараткандарын туурап, өздөрүн кудайдай көргөн болушат. Бирок, бир сүрөтчүнүн же бир скульптордун бир искусство чыгармасын жасашы менен «мен кудаймын» дештин ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн? Бир сүрөтчү же скульптор эгер ушундай сөздү айтса, анда бул анын жасаган чыгармасы себептүү эмес, акылы ордунан жылып кеткени себептүү гана болушу мүмкүн. Ар кандай кесиптеги ар кандай адам мындай жагдайга түшүп калышы ыктымал.
![]() |
Табияттагы бүт кооздуктар Улуу Раббибиздин искусство чыгармасы. Биз бир искусствонун канчалык кереметтүү боло алаарын Раббибиздин ушул чыгармаларына карап түшүнөбүз. Дүйнө жүзүндөгү дээрлик бүт технологиялар Аллахтын жараткандарын тууроо аркылуу иштелип чыккан. Технология үчүн Аллахтын жараткандары өрнөк болууда. Мисалы, учак жасоодо адамдар Аллах жараткан канаттууларды жана кээ бир чымын түрлөрүн туурашат. Учактар бир жандыкка окшоштурулуп жасалганы үчүн учуу жана маневр жөндөмдөрү өтө жогору болот. Бул аларга артыкчылык берет, себеби табиятта ага чейин эле жаратылган жана кемчиликсиз иштеген бир өрнөк бар. Ал өрнөк Аллахтын бүт инженерлерге бир модель катары берген белеги. Учурдагы технологиялуу дүйнө, жашообузду жеңилдеткен жана бизге комфорт тартуулаган илимий ачылыштардын баары табияттагы искусство чыгармаларынын копиялары болуп саналат. Аллах табияттагыларды да, технологиялык копияларын да бизге бир жакшылык катары жаратат.
Фанаттардын айкел искусствосуна каршы чыгышы негизи илгертен келе жаткан бир салт себептүү гана. Илгери путпарасттык кеңири тараган доорлордо кээ бир башкаруучулар эл арасынан кээ бир адамдар путтарды (идолдорду) жасабашы үчүн айкел жасоого карата ар кандай чараларды көрүшкөн. Ошондой шартта алынган мындай чаралар, Куранда эч кандай өкүм болбогонуна карабастан, диндин бир тыюусундай жайылтылган. Бул дагы кээ бир адамдардын Курандын ордуна үрп-адат, салттарды кабыл алышынын эң чоң зыяндарынын бири.
Межусилер (отпарасттар) отко, индустар уйга, кээ бир элдер күнгө сыйынып жатат деп, уйларды өлтүрүп, отсуз же күнсүз жашай албашыбыз сыяктуу эле, путка сыйынган путпарасттар бар деп бүт айкелдерге тыюу салуу да өтө чоң акылсыздык болот. Бул жерде буюмдарды, жандыктарды кудай кылуу туура эмес болот жана аларды кудай кылып алгандар күнөө кылган болушат, буюмдардын өзү эмес.
Фанаттар мусулмандарга тыюу салууга аракет кылган сүрөт жана айкел искусствосуна мусулмандардын жол башчысы болгон Куранда эч тыюу салынган эмес. Аллах искусствону жакшы көрөт жана кулдарына да сүйдүргөн; бүт ааламды искусство менен жараткан. Куранда сүрөт жана айкел сыяктуу чеберчиликтерге тыюу салган бир аят жок. Тескерисинче, Куранда искусство эмгектери жөнүндө мактоо менен сөз кылынган.
![]() |
The technological world and all forms of scientific progress that make life more comfortable for us are all copies of works of art in nature. God creates the originals in nature and technological copies of them as blessings for us. |
Аз. Сулаймандын (ас) сарайында турган жана укмуштуу салтанатынын бир көрсөткүчү катары макталган айкелдер жана искусство чыгармалары Куранда төмөнкүчө айтылат:
Ага каалагандай мунаралар, айкелдер, көлмөдөй көлөмдөгү идиштер жана ордунан жылдыра алгыс казандар жасашчу. «Эй Давуд үй-бүлөсү шүгүр кылып иштегиле.» Кулдарымдан шүгүр кылгандар аз. (Саба Сүрөсү, 13)
Бул Куран аятына карабай, искусствого тыюу салган фанаттар сарайында укмуш кооз айкелдер жасаткан Аз. Сулайман (ас) жөнүндө кандай ойдо экенин да айтышы керек.
Бул калптарды ойлоп чыгарган кишилер Ислам элдерине өтө чоң зыян тийгизишти. Ислам дүйнөсүндө айкел жана сүрөт искусствосу караңгы түшүнүктөр жайылган соң эч өнүгө алган эмес. Искусствосун өнүктүрө албаган элдер супсак, рухсуз жана түнт болуп калышат. Жаңычыл нерселерден алыс болушат. Жаратуучулук жана иштерди жөнөкөйлөштүрүү жөндөмүн, майда-бараттарды көрүү түшүнүгүн бара бара жоготушат. Супсактык жана кополдук маанайларына, жашаган чөйрөлөрүнө, бири-бирине болгон мамилесине да чагылат. Искусстводон алыстаганы үчүн фанаттардын капкараңгы дүйнөсүндө сылыктык жана назиктик жоголуп, супсактык жана жагымсыздык өкүмчүлүк кылат.
![]() |
![]() |
Расулуллах (сав) бир аз жибек алып оң колуна салды, анан бир аз алтын алып сол колуна салды да: «Мобул эки нерсе үммөтүмдүн эркектерине арам (тыюу салынган)» деди. [Тирмизи жана Насаиде Абу Мусадан келген башка бир риваятта; «Үммөтүмдүн эркектерине жибек кийим жана алтын арам кылынды (тыюу салынды), аялдарына адал кылынды (уруксат берилди)» деп айтылган.]
Фанаттар эркектерге алтын менен жибекти да тыюу салып, бул үчүн ушул сыяктуу көптөгөн хадистерди ойлоп чыгарышкан. Ал эми Куранда болсо алтын менен жибекке тыюу салынганы жөнүндө бир дагы аят жок. Тескерисинче, алтын да, жибек да Куранда көптөгөн аяттарда бейиштин сый-жакшылыктары катары айтылган:
Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 31)
Эч күмөнсүз Аллах ыймандууларды жана чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). (Хаж Сүрөсү, 23)
Адн бейиштери (алардыкы); ал жерге киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат. Жана ал жерде алардын кийимдери жибек(тен болот). (Фатыр Сүрөсү, 33)
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорунда да жибек кездемелер колдонулганы жөнүндө хадистер бар:
(Абдуллах б. Саъд б. Осмондун) Атасы Саъддан риваят кылынган; ал мындай деген: Бухарада ак бир качырга минип, (башынын) үстүндө жибектүү кара чалмасы бар бир кишини көрдүм. «Муну мага Расулуллах (с.а.в.) кийгизди» деди. (Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi, Şamil Yayınevi: 14/112)
Абу Давуд мындай деди: Расулуллахтын (с.а.в.) сахабаларынан жыйырма киши же андан да көбү жибек кийген. Анас менен Бера б. Азиб ошолордон. (Buhâri, eşribe 6. Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi, Şamil Yayınevi: 14/112-113)
![]() |
Мусулмандардын кооз кийиниши жана кооздуктарга ылайык экени, көрүнүп тургандай, Пайгамбарыбыздын (сав) сүннөтүндө да бар.
Пайгамбарыбыздын (сав) сүннөтүндө албетте бар, себеби Куранда макталган бир жакшылыкты Пайгамбарыбыз (сав) да жакшы көрөт жана башкаларды да ага чакырат. Бул жердеги жалган хадистин ойдон чыгарылганын көрсөткөн эң чоң далилдердин бири – бул Куранда эч айтылбаган нерсеге Пайгамбарыбыздын (сав) өкүмү менен тыюу салынган деп айтылышы. Мындай болушу такыр мүмкүн эмес.
Алтын бир зыйнат, б.а. жасалга буюму. Жана, буга чейин айтылгандай, Аллах Куранда зыйнаттардын кооздугун мактап, «Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды (жасалгаларды) тагынгыла...» (Аьраф Сүрөсү, 31) деп аятта айтылгандай мусулмандарды кооз зыйнаттарга үндөгөн.
Ошондой эле, Аьраф Сүрөсүндө дүйнөдө да зыйнаттардын аял же эркек деп бөлбөстөн, бүт адамдарга адал кылынганы кабар берилген:
Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган (тыюу салган)?» Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. (Аьраф Сүрөсү, 32)
Мечитке келе жатып атыр себинген аял үйүнө кайтып, жунуб болгону үчүн толук жуунгандай жуунмайынча, Аллах Кабатында анын намазы кабыл болбойт. (Avnül Mabül, 11/230)
Имам Жафари Садык (а.с): «Эч бир аял үйүнөн сыртка чыгып жатканда кийимине атыр себинбеши керек.» (El-Kafi, C.5, S.519)
Улуу Пайгамбар (с.а.а): «Бир аял күйөөсүнөн башка бирөө үчүн атыр себинсе, жунубдуктан жуунгандай жуунуп ал жытты денесинен тазаламайынча, намазы кабыл болбойт.» (Men La Yahzurh-ul Fakih, C.3, S.440)
Улуу Пайгамбар (с.а.а): «Аялдын күйөөсүнөн башка бирөө үчүн атыр себиниши от менен басмырланууну сатып алышы деген мааниге келет.» (Nehc-ül Fesaha, C.1, S.36)
![]() |
Татуировка жасаган жана жасатканга, бетиндеги түктөрдү алдырган жана сулуулук үчүн тиштерин суюлткан аялдарга Аллахтын каргышы болсун. (Sahih-i Buhari)
Парик кийген, кийгизген, каш терген, каштарын тердирген, татуировка жасаган жана татуировка жасаткан каргышка калган. (Ebu Davut, Tereccul, 5)
Улуу Пайгамбар (с.а.а) кызы Аз. Фатимага (с.а) кайрылып мындай деген: «Эй Фатима, кайсы бир аял кооз жасанып, кооз кийим кийинип үйүнөн чыгып адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, өзүнө каратса, жети асмандын жана жерлердин периштелери ага каргыш айтат жана өлүп тозокко киргенге чейин Аллахтын каарына калат. (Албетте, тообо кылып артка кайтса жана кайра кайталабаса анда башка.)» (Şehab-ül Ahbar)
Имам Садык (а.с): «Бир адам басмырланып уят болушу үчүн анын атын чыгара турган (б.а. башкалардын көңүлүн буруп, сөөмөйлөп көрсөтчү абалга алып келе турган) бир кийим кийиши жетиштүү болот.» (Bihar-ül Envar, C.78, S.252)
Аз. Али (а.с) мындай дейт: «Калың (денени көрсөтпөгөн) кийимдерди кийгиле; себеби кийими жуканын дини да жука болот (бекем болбойт).» (Bihar-ül Envar, C.79, S. 298)
Бир хадисте мындай деп айтылат: «Аллах Пайгамбары (с.а.а) аялдарды сыртка чыкканда башкалардын көңүлүн бура турган кийимдерди кийүүдөн жана үн чыгара турган тагынчыларды тагуудан тоскон.» (Müstedrek-ül Vesail, C.14, S.280)
«Бейишти карадым, бейиш элинин эң азын аялдар түзөөрүн көрдүм. Анан: «Аялдар кайда?» деп сурадым. Бейиштин башчысы (хаазини) мага мындай деп жооп берди: «Аларды эки кызыл, б.а. алтын менен бойолгон кийимдер бейиштен алаксытты.»
![]() |
«Жакшы кийиндирбей коюу аркылуу аялдарга жардам бергиле.»
Бул жерде фанаттардын ойдон чыгарылган дининде аялдардын кантип басмырланып, канчалык акылсыз, туруксуз, маанисиз көрүлөөрүн көрсөтүү үчүн аялдардын өзүн каранышы жөнүндөгү жалган хадистерди катары менен бердик. Курандын эч кайсы жеринде кездешпеген бул өкүмдөр ушул жалган хадистер аркылуу диндин бир бөлүгүндөй көрсөтүлгөн. Жана натыйжада аялды сулуулугунан эле ажыратпастан, аялдын акылын, кулк-мүнөзүн да тебелеген бир коом модели иштелип чыккан. Андан соң супсак, түнт, сүйүүдөн жана сулуулуктардан алыс жашагандардын жашоосу барган сайын караңгылыкка малынды. Дүйнөнүн эң чоң сый-жакшылыктарынын бири болгон аялдын сулуулугу жок кылынган соң, өздөрүнүн маанайы да, коом түшүнүктөрү да барган сайын чөктү. Мурдакы бөлүмдө терең сөз кылынгандай, курч жана кылдат ойлонуп, маселелерге чара көргөн жана көп тарабынан эркектин акылынан түшүнүгү алда канча терең болгон аялдын акылын четке кагып, аялдардын пикирлерине бут тоскону үчүн мындай коомдор өнүгүүдөн артта калышты. Эң кызыгы, мындай коомдордогу аялдар да бул жасалма динге ишенип, өздөрүн экинчи катардагы адамдай көрүүнү кадыресе нерседей кабыл алышкан. Натыйжада мындай коомдордогу аялдар көбүнчө өздөрүн каранбаган, көрүнүшү жагынан эркектерден айырмасыз, эч нерсе жөнүндө ой жүгүртө албаган, сабатсыз, чечимдердин баарын эркекке жүктөгөн жана эркектердин моюнтуругу астында болууну кадыресе көргөн жандыктарга айланышкан.
Бирок, жогоруда да айтылгандай, Аллах аятында кооздуктарга жана жакшы азыктарга тыюу салгандар жөнүндө кабар берген. Мындайлар Куранга каршы чыккан болушат:
Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган (тыюу салган)?» Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. (Аьраф Сүрөсү, 32)
Жогоруда да айтылгандай, Куран боюнча аял бир кооздук, кадыр-барктуу зат; аялдын сулуулугу бир сый-жакшылык, аялдын акылмандыгы элдерди алдыга жылдырат. Аллах мындай мыкты касиеттерди аялга берип, аялзатын өтө кылдат коргоого алган жана аны мактаган. Жогорудагы жалган хадистерде айтылган калптар Куран тарабынан четке кагылган.
Муну унутпаш керек: сулуулуктарга жана Аллах жакшы көргөн сый-жакшылыктарга тыюу салганга аракет кылгандар – бул фанаттар. Ошондуктан фанаттардын дүйнөсүн чыныгы Ислам деп ойлоп, билбегени үчүн чыныгы Исламга каршы чыккандар менен күрөшүү чоң жаңылыштык болот. Кооздук жана сулуулуктарга тыюу салгандар эмес, булардын Аллахтын бир сый-жакшылыгы экенин билгендер чыныгы Куран менен жашагандар болушат.
![]() |
![]() |
If the prohibitions of the peddlers of nonsense regarding painting and sculpture were implemented in daily life, there would be no pictures, paintings or statues anywhere in the world, no advertising posters, court art or visual media. |
Эми фанаттардын бул тыюулары боюнча, чындыгында кандай дүйнөнүн аларды күтүп жатканын бир карайлы. Алардын сүрөткө жана айкелге болгон тыюулары эгер турмушка ашырылганда, дүйнөнүн эч бир жеринде живопись, сүрөт же жарнак-жарыя тактайлары болмок эмес. Ошондуктан,
· Ыйман, дин жөнүндө китеп жазганда сүрөт колдоно алмак эмеспиз.
· Окуу китептеринде темаларды түшүндүрүүдө сүрөт колдонула алмак эмес.
· Акча банкноталарында сүрөт болмок эмес.
· Сарайлардагы кооз сүрөттөр, живописьтер, дубалдардагы оймолор болмок эмес.
· Анатомияда адамга керектүү, адам денесин көрсөткөн сүрөттөр болмок эмес.
· Көркөм өнөр академиясы сыяктуу искусство окуу жайлары болмок эмес.
· Сүрөтү бар гезит, журнал, китеп, интернет болмок эмес. Телевизор негизинен толугу менен сүрөттөрдөн турганы үчүн, аны көрүүгө тыюу салынмак.
· Медиага (массалык маалымат каражаттарына) тыюу салынып, медианын миңдеген пайдаларынан да ажырамакпыз. Мындан тышкары, адамдарга эң жакшы адеп-ахлакты түшүндүрүү, Курандын бир талабы болгон адамдарды жакшылыкка чакыруу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдөн да ажырамакпыз.
Мусулман, албетте, өзүн каранып жашайт, таза болот, сулуу болот. Себеби сулуулук, өзүн карануу, искусстводон ырахат алуу Аллах жактырган сыпаттардан жана жогорудагы аятта айтылгандай, өзгөчө ыймандууларга берилген бир сый-жакшылык. Куранда мусулман аялдардын макияж жасашына жана өзүн каранышына тыюу салган бир өкүм жок. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар көчөгө дайыма супсулуу болуп, жасанып чыгышкан. Ошол кезде да аялдар макияж жасашкан, ал тургай, Пайгамбарыбыз (сав) баш болуп ал доордун эркектери да көздөрүнө сурма коюшкан. Бир куттуу хадисте мындай деп айтылат:
Айша (ра) риваят кылат: Расулуллах орозо кармаган абалында сурма сүрттү. (İbni Mace, Sıyam, 17)
![]() |
Ал доордо мусулман аялдар эндик (румяна), сурма, ооз бойок колдонушуп, колдорун жана тырмактарын кына менен бойошкон. Пайгамбарыбыз (сав) башкаларды чачтарын бойогонго үндөп, ал тургай, өзү да бойогон.
Көп хадис китептеринен орун алган бир риваят боюнча, Үммү Хабибанын атасы Абу Суфйан өлгөндө үч күн аза күткөн соң, беттерине «халюк» (шафран жана башка заттардын аралашмасынан алынган, кызгылт-сары өңдүү зат) сүрткөнү айтылган. (Belazuri, 1987:184-185) («халюк» кызгыл-сары өңүнөн улам эндик (румяна) кызматын аткарат.)
Бул жөнүндөгү башка кээ бир хадистер болсо төмөнкүдөй:
Таберанинин бир риваятында: «Чачтардын түсүн өзгөртүп чоочундардын (эажим) кылганынын тескерисин кылгыла» деп буйрулган. (2111)
Аз. Абу Хурайра (радыйаллаху анх) айтат: «Расулуллах (алейхиссалату вассалам) мындай деди: «Еврейлер менен христиандар (чачтарын) бойошпойт. Силер алардын тескерисин кылгыла.» [Buhârî, Libâs 67, Enbiya 50; Müslim, Libâs 80, (2103); Ebû Dâvud, Tereccül 18, (4203); Nesâî, Zînet 14, (8, 137); Tirmizî, Libâs 20, (1752).]
Бухари жана Муслимде Аз. Анастан келген бир риваятта мындай деп айтылат: «Аз. Абу Бакир жана Аз. Умар (ра) (чачтарын) кына жана «кетем» менен бойошкон.»
Сухайбуъи-Хайр радыйаллаху анх айтат: «Расулуллах алейхиссалату вассалам мындай деди: «(Агарган чач жана сакалдарыңарды бойоодо) колдоно турган эң мыкты бойок, албетте, мобул кара болот. (Себеби кара бойок себептүү) аялдарыңар силерди көбүрөөк барктайт, душмандарыңар да силерден көбүрөөк тартынып калат.» (Ebu Davud, Libas 18, (4064), Tereccül 19, (4210); Nesai, Zinet 17, (8,140). Buhari, Libas 66, Menakıb 23; Müslim, Fedail 100-105, (2341); Ebu Davud, Tereccül 18, (4209); Nesai, Zinet 17, (8,140, 141))
Пайгамбарыбыздын (сав) эң көп сары чачты жактырганы да хадистерде айтылган:
Ибну Аббас (радыйаллаху анхүма) айтат: «(Чачтарын) кына менен бойогон бир киши келди. Аз. Пайгамбар (алейхиссалату вассалам): «Бул кандай кооз!» деп мактады. (Бир аздан соң) кына жана «кетем» менен бойогон бирөө келди. «Бул жанагыдан да кооз!» деди. Анан (чачтарын) сарыга бойогон дагы бирөө келди эле: «Бул тигилерден да кооз!» деди. [Ebü Dâvud, Tereccül 19, (4211); İbnu Mâce, Libâs 34, (3627).]
Ахмед ибну Ханбалдын бир риваятында ансардан улгайып, сакалдарын ак баскан бир карыялар тобуна жолукканда: «Эй ансарлар (чачтарыңарды) кызылга бойогула, сарыга бойогула!» деп кеңеш берген.
(Сахаба жана табииндердин) көпчүлүгү сарыга бойоону туура көрүшкөн. Аз. Али, Ибну Умар, Абу Хурайра ж.б. да алардын арасында. Кээ бирлери кына жана «кетем» менен, кээ бирлери шафран менен, кээ бирлери кара бойок менен бойошкон. Караны тандагандардын арасында Аз. Усман, Аз. Хасан, Аз. Хусайин (б.а. Аз. Алинин эки баласы), Укбе Ибну Амир, Ибну Сирин, Абу Бурда жана башкалар айтылат.»
Аз. Ибну Умардан (радыйаллаху анх) бир риваят боюнча, сакалын «суфра» деген сары бойок менен бойоп, мындай дечү: «Мен Расулуллахты (алейхиссалату вассалам) көрдүм, сакалын ушуну менен бойогон эле, эң жакшы көргөн бойогу да ушул эле. Муну менен кээде кийимин да бойочу.» [Ebû Dâvud, Libâs 18, (4064), Tereccül 19, (4210); Nesâî, Zînet 17, (8, 140)]
Абу Катаде (ра)дан «Ал Пайгамбарга (сав): «Далыма чейин жеткен (коюу) чачым бар, тарасам болобу?» деди, «Ооба, аны жакшы кара!» Абу Катаде Пайгамбардын (сав) бул «Ооба, аны жакшы кара» деген сөзүнөн улам көбүнчө чачтарын күнүнө эки жолу майлачу. (Büyük Hadis Külliyatı, Cem’ul Feaid er-Rudani, 2. Baskı, İst, 2009)
Абу Зардан (ра): Аллах Расулу (сав) мындай деди: Ак чачтарды бойочу эң жакшы нерсе – кына менен «кетем».
Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда аялдардын лактын ордуна колдору менен тырмактарын кына менен бойогону жана Пайгамбарыбыздын (сав) да аялдарды буга үндөгөнү көп риваяттарда айтылат:
Колунда Расулуллахка кат алып келген бир аял парданын артынан ишарат кылды (колун созду), Расулуллах колун кармап (катты албастан кайра тартып алып): «Бул эркектин колубу, же аялдын колубу билбейм?» деди. Аял: «Аялдын колу» деди. Расулуллах (сав): «Эгер сен аял болгонуңда тырмактарыңдын (өңүн) кына менен өзгөртмөксүң» деди. (Ebu Davud, 1992)
Айша (р.а)дан риваят кылынганы боюнча: Хинд Бинти Утбе: «Эй Расулуллах, менин биатымды (моюн сунуумду) кабыл кыл» деди. Расулуллах (сав); «Колдоруңдун (өңүн) өзгөрткөнгө чейин сенин биатыңды кабыл кылбайм...» деди. (Ebu Davud, 4165)
![]() |
Women must be attractive and wellgroomed, and they must always behave in a classy manner. That is what quality means, and that leads to other people showing them respect. |
Аялдар, албетте, өтө сулуу болуп, өзүн каранып, кыймыл-аракеттеринде өтө асыл жана акылман болушу керек. Бул сапат деген мааниге келет; сапат башка адамдардын аны сыйлап-урматташына себепчи болот. Ал үчүн өтө сулуу жана бай болуу шарт эмес, эң негизгиси адамда Курандын рухундагы тазалык, сулуу жана жарашыктуу көрүнүү каалоосу болушу керек. Мусулман жүзүндөгү нурун толукташы үчүн өзүн каранып, жарашыктуу болуп, өзүнүн сапатын, кадыр-баркын көтөрөт. Дүйнөдөгү ар бир адам кадыр-барктуу, маданияттуу жана өзүнө ишенген бир мусулман аялды көргөндө абдан таасирленет. Бул Аллах каалаган, жактырган нерсе.
Макияж – өзүн каранып, сулуу көрүнүүнүн бир жолу жана Аллахтын сый-жакшылыгы. Аллах сулуулуктун баарын жакшы көрөт. Ошондуктан аялдар, гүлдөр, дарактар, көпөлөктөр, канаттуулар кооз, сулуу жаратылган. Көпөлөктөрдөгү түстөрдүн гармониясы, кереметтүү симметрия, кооз сүрөттөр дайыма таң калтырат. Аллах мындай сулуулукту жакшы көрөт, ошондуктан аларды кооз кылып жаратат. Аялдар дагы дүйнөдөгү ушул кооздуктун бир бөлүгү, ал тургай, эң сулуусу. Көпөлөк кандай Раббибиз тарабынан назик кылып жаратылса, аял да назик кылып жаратылган. Ага сый-жакшылык катары берилген макияж аркылуу сулуулугу артып, кадыр-баркы көтөрүлөт. Өзүн каранбаган, өзүн барктабаган бир аялдын, албетте, кооз, жагымдуу, көздү жана жүрөктү жылыткан сулуулугунун да бир баркы калбайт.
Макияжга тыюу салууга аракет кылгандар көбүнчө сулуулуктан ырахат алуу сезиминен ажыраган адамдар болушат. Алардын караңгы дүйнөсүндө искусство, ырахат, бакыт, кубаныч, сулуулук болбогону үчүн, жана өз ойлорунда аялдарды чүмкөп, камап, жок кылуу керек болгон бир жандыктай көргөнү үчүн, аялдын сулуу болушун эмес, көрксүз болушун каалашат. Анда мындай суроо узаталы: дүйнөдөгү кайсы прогрессивдүү, заманбап жана маданияттуу адам же коом аялды кадыр-барксыз жана көрксүз кылган бир динди кабыл алат? Кайсынысы бул диндин өкүлү болгусу келет? Кайсынысы мындай динди жактайт?
Бир катар Батыш элдери ушул себептен фанатизмге каршы болушууда, бирок бул диндин атын Ислам деп ойлоп жаңылыштык кетиришүүдө.
![]() |
Пайгамбарыбыз (сав) жана анын жанындагы сахабалар өз доорунун эң сапаттуу, көрүнүшү жагынан эң заманбап жана эң таза инсандары болушкан. Пайгамбарыбыз (сав) азыр жашаганда, албетте, азыркы доордун эң сапаттуу инсаны болмок. Доорубуздун эң заманбап жана эң мыкты кийимдерин кийип, эң заманбап жана кооз үйлөрүндө жашап, эң заманбап жана эң мыкты машиналарын колдонмок. Бүт адамдар арасында асылзаттыгы менен өзгөчөлөнүп турмак. Хадистерде Пайгамбар Мырзабыздын (сав) өз доорунун эң тандамал жана эң мыкты кийими болгон алтын менен кооздолгон кафтан кийгени төмөнкүчө айтылат:
«Үстүнө алтын менен кооздолгон бир кафтан кийип чыгып, мындай деди: Эй Махреме! Мына ушуну сага сактап койгом...» (Büyük Hadis Külliyatı, Cem’ul-fevaid, Min Cami’il-usul ve Mecma’iz-zevaid, İmam Muhammed Bin Muhammed Bin Süleyman, Er-Rudani, İz Yayıncılık/2. Baskı İstanbul 2009, Sayfa 257-261-262-265-271-272-273)
Ойлоп чыгарылган нерселерден турган адат-салттарын динге айлантууга аракет кылгандар көбүнчө өздөрүнө кооздуктарды ылайык көрбөгөндүктөн жана көбүнчө басынуу сезими менен жашагандыктан, кооз, сапаттуу, бренд кийимдерди, кооз үйлөрдү жана машиналарды да өздөрүнө жана мусулмандарга ылайык көрүшпөйт. Башка адамдардын эң люкс үйдө жашап, эң люкс жана кооз машина айдашына жана эң кооз кийимдерди кийишине каршы чыгышпайт. Бирок бир мусулман мындай кылса, катуу жинденишет. Бул алардын басынуу сезимин күчөтүп, ачуулантат. Мындай кишилер башкаларды эле эмес, мусулмандарды да жек көрүп башташат.
![]() |
Those who seek to make a religion out of traditions consisting of nonsense do not generally regard themselves as worthy of beauty and generally act out of deeply-rooted feelings of inferiority. They do not regard attractive designer clothing or fine homes and cars as befitting themselves or other Muslims. |
Мусулмандар, албетте, болгон күчү менен кыйналып жаткан адамдарды коргоп, Аллах ыраазылыгы үчүн колунан келген бүт аракетин жасайт. Бирок бул үчүн өзүн каранбай, балит жашоо шарт эмес. Мусулман көрүнүшү менен эле канча адамдарга динди тааныта алат. Көрүнүшү канчалык таза, сапаттуу, маданияттуу, модерн болсо, канчалык сылык, адамгерчиликтүү, ачык-айрым болсо, чыныгы Исламды ошончолук жакшы тааныткан болот. Албетте, адамдарга динди жеткирип жаткан кезде эле эмес, дайыма ушундай болушу керек. Мусулмандар Куран боюнча ансыз да ушундай жашаганга милдеттүү жана мындай жашоодон ырахат алышат.
![]() |
People will be more influenced by an image of a peace-loving, high-quality Muslim rather than that other life style dominated by squalor. When they see that, they will begin feeling love rather than fear. And that is what is compatible with the Qur'an. |
Адамдар мындай караңгы, түнт жашоонун ордуна, сапаттуу, тынчтыкчыл Ислам көрүнүшүнөн таасирленишет. Муну көргөндө, Исламдан коркпой, аны жакшы көрүп башташат, Курандын талабы да ушул. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Пайгамбарыбыздын (сав) укмуш сапаттуу, тамашакөй жана модерн мамилеси жана көрүнүшү көргөндөрдү дайыма катуу таасирленткен. Пайгамбарыбыздын (сав) чет элдик элчилер менен жолугушканда, дайыма Византия чапанын жана өз доорунун эң сапаттуу кийимдерин кийгени белгилүү. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) Исламды башка элдерге таанытуу үчүн ар кандай зыяраттарга Аз. Дыхйени (ра) жөнөткөн. Аз. Дыхйе укмуш жарашыктуу болгон жана Исламды таанытуу үчүн барган жерлеринде дайыма өтө кымбат жана сапаттуу кийимдерди кийген. Көрүнүшү жана сапаты менен Аз. Дыхйе барган жерлеринде элдин баарын көчөгө чыгарып, баарын суктандырган. Мындагы максат Исламдын эң сонун жана сапатка маани берген бир дин экенин адамдарга көрсөтүү болгон.
Пайгамбарыбыздын (сав) мусулмандардын жакшы кийинип, сапаттуу болушу жөнүндөгү кээ бир хадистери төмөнкүдөй:
Абул Ахвастан, ал болсо атасынан (ра): «Эски кийимдеримди кийип алып Пайгамбар (сав)дын жанына бардым. Мындай деди: «Мал-мүлкүң барбы?» «Ооба.» «Эмне мал-мүлкүң бар?» «Аллах мага тартуу кылган төө, уй, кой, ат сыяктуу ар түркүн мал-мүлкүм бар.» «Аллах сага мал-мүлк берген болсо, анын чыгармасы жана жоомарттыгы үстүңдө көрүнсүн» деди.» (Büyük Hadis Külliyatı, Cem’ul-fevaid, Min Cami’il-usul ve Mecma’iz-zevaid, İmam Muhammed Bin Muhammed Bin Süleyman, Er-RUDANİ, İz Yayıncılık/2. Baskı İstanbul 2009, Sayfa 257-261-262-265-271-272-273)
Жабирден (ра): «Анмар согушуна Пайгамбар (сав) менен бирге чыктык. ... Эй Аллахтын Пайгамбары, Мединадан бир досубуз бар. Аны да даярдадык, биздин артыбыздан келип бизди коргойт. Ал ортодо ал киши үстүндө жыртык эки кийими менен келип калды. Пайгамбар (сав) аны көрүп сурады: «Бул эки жыртык кийиминен башка кийими жокпу?» «Куржунунда кий деп берген дагы эки кийими бар.» «Чакырып ошол кийимди кийгиз.» Аны чакырдым, кийимдеримди кийди. Ал киши бурулуп кетип жатканда, Расулуллах мындай деди: «Эмнеге (жаңы кийимдери туруп эскилерин кийет), бул ал үчүн жакшыраак го?» Ал киши муну угуп: «Эй Аллахтын Пайгамбары! Аллах жолунда жихад кылып жатканда да жаңы кийим кийейинби?» «Ооба, Аллах жолунда жихад кылып жатканда да.» деди. (Büyük Hadis Külliyatı, Cem’ul-fevaid, Min Cami’il-usul ve Mecma’iz-zevaid, İmam Muhammed Bin Muhammed Bin Süleyman, Er-RUDANİ, İz Yayıncılık/2. Baskı İstanbul 2009, Sayfa 257-261-262-265-271-272-273)