Эбжед эсептөөсү Куран түшүрүлгөндөн мурда эле Арабтарда колдонулган бир ыкма болгон. Бул эсептөө бойунча, Арабча ар бир тамга белгилүү бир санга туура келет: мисалы, элиф тамгасы – 1; бе – 2; жим – 3; дал – 4; син – 60 ж.б. Белгилүү бир сөздөгү же сүйлөмдөгү тамгалардын эбжеддеринин суммасы кандайдыр бир жылды көрсөтөт. Арабдар кээ бир тарыхый окуяларды ушунун негизинде жазышкан. Ал эми Куранда болсо, Акыр заман, Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас)га ишарат кылган көптөгөн аяттардын эбжеддери Пайгамбарыбыз (сав)дин хадистеринде да айтылгандай, Мехди (ас)дын келиши жана Ислам ахлагынын дүйнөгө өкүмчүлүк кылышынын (Алтын кылымдын) абдан жакын экендигин көрсөтүүдө. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Биз (ага): «Коркпогун сөзсүз сен (алардан) жогору (боло)суң дедик.» (Таха Сүрөсү, 68)

Эбжед: 1956-жыл

Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, «Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарчылыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (элчи) келгенде (1), сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» - деп убада алды жана: «Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?» деди. Алар: «Макул болдук» дешти. (Анда Аллах): «Күбө болгула, Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын (2)» - деди. (Ал-и Имран Сүрөсү, 81)

Эбжед (1): 1956-жыл
Эбжед (2): Хижри 1416, Милади 1994-жыл

Биз болсо жерде зулумдук көргөн адамдарга (1) жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана мураскорлор кылууну (2) каалайбыз. (Касас Сүрөсү, 5)

Эбжед (1): 1996
Эбжед (2): ...алдыңкылар... жана мураскорлор кылууну: 2021

Биз сени (бейиштен) кушкабар, (тозоктон) коркунучтуу кабар берүүчү кылып гана жибергенбиз. (Фуркан Сүрөсү, 56)

Эбжед: 1981
(Мындан тышкары, сүрөнүн катары (25) х аяттын катары (56) = 1400 (Милади 1981)

Мына ушинтип, Биз жер жүзүндө Юсуфка күч-кубат жана мүмкүнчүлүк (бийлик) бердик. Ал жерде (Мисирде) каалаган жерде жашады. Биз кимге кааласак рахматыбызды насип кылабыз жана жакшылык кылгандардын сыйлыгын текке кетирбейбиз. (Йусуф Сүрөсү, 56)

Эбжед: 2017

(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө. Эми (оо, инсандар) силерге Менден бир туура жол көрсөтүүчү келет; Ким менин жолума (хидаятыма) ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт. (Таха Сүрөсү, 123)

Эбжед: 1982

Айткын: «Баарыбыз күтүүдөбүз. Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп, (адашпай) баратканын билип аласыңар. (Таха Сүрөсү, 135)

Эбжед: 2023

Биз аларды Өз буйругубуз менен хидаятка (туура жолго) баштоочу имамдардан (алдыңкылардан) кылдык жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу. (Анбия Сүрөсү, 73)

Эбжед: 1984

Алиф. Лам. Мим. Рум (аскерлери) жеңилүүгө дуушар болду. (Рум Сүрөсү, 1-2)


Эбжед: 1980


Бир нече жыл ичинде. Мындан мурун да, кийин да буйрук Аллахтын колунда. Жана ал (Рум жеңген) күн момундар сүйүнүшөт. (Рум Сүрөсү, 4)

Эбжед: 2010

Ант болсун, Биз Зикирден кийин Забурда да: «Шек жок, Жерге Менин салих пенделерим мураскор болушат» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)

Эбжед: 2051


Эгер Биз кааласак, аларга асмандан бир аят (моожиза) түшүрөбүз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат. (Шуара Сүрөсү, 4)

Эбжед: 2022

Бул абалкы эскертүүчүлөрдүн бири. (Нажм Сүрөсү, 56)

Эбжед: 2031

Албетте Аллах жана Анын периштелери Пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла жана толугу менен баш ийген абалда салам айткыла. (Ахзаб Сүрөсү, 56)

Эбжед: 1986

Чынында, Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (Пайгамбар) өткөн. (Фаатыр Сүрөсү, 24)

Эбжед: 1983

Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаарлар арасында (бири экинчисинен) көрүнө турган шаарлар жараттык жана ал жерде жүрүү (мүмкүнчүлүктөрүн) бердик: «Ал жерлерде түнкүсүн жана күндүз бейпилдик ичинде кыдырып жүргүлө» (дедик). (Сабаа Сүрөсү, 18)

Эбжед: 2023


(Биз) китеп бергендер (адамдар) аны (пайгамбарды) өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. Буга карабастан, алардын бир бөлүгү чындык билип туруп, жаап-жашырышат. (Бакара Сүрөсү, 146)

Эбжед: 1959

Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин ар нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?! (Фуссилат Сүрөсү, 53)

Эбжед: 1990


Жана адамдардын Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көргөнүңдө, Ылдам Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура. Чынында Ал тооболорду кабыл кылуучу. (Наср Сүрөсү, 2-3)

Эбжед: 2016

Жана Биз менин атак-даңкыңды көтөрбөдүкпү? (Шарх (Инширах) Сүрөсү, 4)

Эбжед: 2009

Жана эч шек жок, Биздин аскерлерибиз гана жеңүүчүлөр! (Саффат Сүрөсү, 173)

Эбжед: 1994

Ал Өзүнүн элчилерин туура жол жана акыйкат дин менен жиберет.  Ал динди (Исламды) бардык диндерден үстөм кылат. Мушриктер жаман көрсө да. (Сафф Сүрөсү, 9)

Эбжед: шаддасыз 2021


Аны Мисирде сатып алган киши (падышанын вазири) аялына айтты: «Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө (бакма) бала кылып алаарбыз». Мына ушинтип Биз Юсуфту – түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн – (Мисир деген) жерге мекендештирип койдук. Аллах Өз ишинде Жеңүүчү. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишпейт. (Юсуф Сүрөсү, 21)

Эбжед: Милади 2014

Жана ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат), Албетте Аллахтын жамааты гана жеңүүчү. (Маида Сүрөсү, 56)

Эбжед: 2055

Аллах – асмандардын жана жердин Нуру (1). Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы (2). Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт (3). Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах ар нерсени Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)

Эбжед (1): 1959
Эбжед (2): 2037
Эбжед (3): 1980

Раббиңдин нээматтарын (жакшылыктарын) тынбастан баянда. (Зухаа Сүрөсү, 11)

Эбжед: Хижри 1376, Милади 1956


Ант болсун, аларга өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) бир элчи келди, бирок аны «жалганчы» дешти. Анан аларды заалым болуп турган абалда азап кармады. (Нахл Сүрөсү, 113)

Эбжед: 2007

Сага ант берген адамдар, чынында Аллахка ант беришти. Аллахтын Колу алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса, ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса, ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет. (Фатх Сүрөсү, 10)

Эбжед: 2025

Эмне, такыбаа болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн өзүңөрдүн араңардан силерди эскертип коркута турган бир (жөнөкөй) адам аркылуу бир зикир (Китеп) келгенине таң калып жатасыңарбы? (Аьраф Сүрөсү, 63)

Эбжед: Хижри 1433, Милади 2011

«... Чындыгында Аллах силерге (падыша кылып) аны тандады жана анын илим жана дене күчүн көбөйттү...» (Бакара Сүрөсү, 247)

Эбжед: Хижри 1418, Милади 1996

Кийин, алардын артынан силерди жерде орунбасар кылдык. Кандай амал кылышыңарды (сынап) көрүү үчүн. (Юнус Сүрөсү, 14)

Эбжед: Милади 2048


Албетте, Раббиң сага (сен) ыраазы болгон нээматты (сыйлыкты) берет,
анан сен ыраазы болосуң. (Зухаа Сүрөсү, 5)

Эбжед: Милади вавды атыф менен 2015, вавды атыфсыз 2009

Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акырында убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксаага) кирүү үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу пенделер жөнөтөбүз). (Исра Сүрөсү, 7)

Эбжед: Милади 2019


Чынында, Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр. (Саффат Сүрөсү, 173)

Эбжед: Хижри 1410, Милади 1988 (шаддалуу)

Каапырларга моюн сунба жана аларга (Куран менен) чоң жихад (күрөш) кыл. (Фуркан Сүрөсү, 52)

Эбжед: Хижри 1400, Милади 1979

Оо Раббибиз, алардын арасынан аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу бир элчи жибер...
(Бакара Сүрөсү, 129)

Эбжед: Милади 1980


Анан сен жүрөгүндө (мунафыктык) ооруусу бар адамдардын: «бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз» деп араларында аракет кылып жүргөнүн көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо Өз тарабынан бир буйрук берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат. (Маида Сүрөсү, 52)

Эбжед: Милади 1996


Жана силер жакшы көргөн нерсе (нээмат) да бар: Аллахтын жардамы жана жакында келе турган бир жеңиш. Ыймандууларга сүйүнчүлө. (Сафф Сүрөсү, 13)

Эбжед: Хижри 1402, Милади 1981


Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарга убада кылган: Шек жок, мурдагы (ушундай) кишилерди халифа кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүндө халифа (орун басар) кылат. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка аламштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду): «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)

Эбжед: Милади 2013


Раббиң сени мына ушинтип тандап алат, сага сөздөрдүн маанисин билдирет жана мурунку аталарың Ибрахим жана Исхакка толук бергени сыяктуу, сага жана Якуб үй-бүлөсүнө нээматын толуктап берет...
(Юсуф Сүрөсү, 6)

Эбжед: Хижри 1443, Милади 2020 (шаддасыз)

Аларга пайгамбары айтты: «Аллах силерге Таалутту падыша дайындады (жөнөттү)...» (Бакара Сүрөсү, 247)

Эбжед: Хижри 1420, Милади 1998


Чынында Биз ага жер бетинде улуу салтанат – бийлик жана ар бир нерсенин себептерин (жол), мүмкүнчүлүктөрүн бердик. (Кахф Сүрөсү, 84)

Эбжед: Хижри 1440, Милади 2017 (шаддалуу)

Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп койушту. Балык болсо деңизге бет алып, себеттен чыгып кеткен. (Кахф Сүрөсү, 61)

Эбжед: Хижри 1405, Милади 1984

Айтты: «Раббим мага берген нерсе (күч, нээмат, мүмкүнчүлүк) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин.
(Кахф Сүрөсү, 95)

Эбжед: Хижри 1409, Милади 1987 (шаддасыз)

Алар (каапырлар) Аллахтын нурун (динин) ооздору менен өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллах, каапырлар жаман көрүшсө да, Өз нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкага ыраазы болбойт. (Тауба (Тообо) Сүрөсү, 32)

Эбжед: Хижри 1423, Милади 2002

Же болбосо, алар: «(Элчи) Аллахка карата жалган нерсе ойлоп чыгарды» дешеби? Эгер Аллах кааласа сенин (элчинин) да жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт жана Өз сөздөрү менен акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү. (Шувра Сүрөсү, 34)

Эбжед: 2014

Эстегин, Мариямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «Оо, Исрайил урпактары, мен чындап Аллахтан силерге жиберилген бир элчимин (пайгамбармын). (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон элчи жөнүндө сүйүнчү кабар айтамын. Бирок (качан) ал (элчи) аларга анык далилдерди алып келгенде, «бул анык сыйкыр го» дешти. (Сафф Сүрөсү, 6)

Эбжед: 2011

Шек жок Ал (Ыйса) – Кыяматтын белгиси. Силер андан эч шек санабагыла жана Мага баш ийгиле. Туура жол – ушул.
(Зухруф Сүрөсү, 61)

Эбжед: Милади 2026

Аларды жер жүзүндө бекем орноштуруп, бийлик берсек, намаздарын толук окушат, зекет беришет, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Иштердин акыбети Аллахтын колунда. (Хаж Сүрөсү, 41)

Эбжед: Хижри 1400, Милади 1979

Биз жараткан калктардын арасында Акыйкат менен Туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар (үммөт) бар. (Аьраф Сүрөсү, 181)

Эбжед: 1987

Жок. (Күндүз) сиңип, (түнкүсүн) айланган (жылдыз)дарга ант ичем, бир агым ичинде (өз) ордун алгандарга... (Таквир Сүрөсү, 15-16)

Эбжед: Хижри 1459, Милади 2036

(Пайгамбарлар) жеңиш сурашты, ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга учурап, жок болду.
(Ибрахим Сүрөсү, 15)

Эбжед: 1993

Ал адамдар сабатсыз (үмми) кабар алып келүүчү (неби) болгон элчиге (расул) баш ийишет (ээрчишет). Ал ушундай элчи: (яхудийлер менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (келээри) жазылуу экенин табышат. Ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ага (элчиге) ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар. (Аьраф Сүрөсү, 157)

Эбжед: 2025

Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу) (1). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады (2), элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн (3). Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар – Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла. Ал не деген жакшы Кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы Жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)

Эбжед (1): 1911
Эбжед (2): 2034
Эбжед (3): 2026